ЖҮРӨКТӨН ЧЫККАН ЖЫЛУУ СӨЗДҮН ЭЭСИ
- 27.03.2026
- 0
Ар бир адамдын тагдыры – өзүнчө бир китеп. Ал эми ошол китепти мазмундуу, маанилүү, көркөм кылган нерсе – адамдын эмгеги, тандаган жолу жана артында калтырган изи. Кесиптешибиз Айнагүл Кашыбаева 60 жылдан бери ошондой жакшы китеп жазып келе жаткан адамдын бири.

Айнагүл Супатаевна 1966-жылдын 28-мартында Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдын жупуну турмушу, табияттын тазалыгы жана чоң ата, чоң энесинин мээрими анын мүнөзүнүн калыптанышына, жөнөкөйлүк менен эмгекчилдикти жашоосунун негизги принциптерине айландыруусуна өбөлгө түзгөн.
Ал 1973-жылы Тентике Өмүралиев атындагы сегиз жылдык мектепке кирип, андан соң Мукаш Өмүралиев атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Бишкек шаарындагы №10 кесиптик-техникалык окуу жайынан секретарь-машинистка адистигин алып чыккан.
Эмгек жолун 1984-жылы ошол кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде катчы болуп иштөөдөн баштаган Айнагүл эже өзүнүн чыныгы багытын дал ошол чөйрөдөн тапты. Журналистика дүйнөсүнө болгон кызыгуусу аны кайрадан студенттик аудиторияга алып келип, 1986-жылы журналистика бөлүмүнө окууга кирип, 1991-жылы ийгиликтүү аяктайт.
ЖУРНАЛИСТИКАГА КЕТКЕН ДАРКАН ЖОЛ
Айнагүл эженин ошондон тарта журналистика дүйнөсүнө болгон жолу ачылды. Бул жол даркан болду. Ар кайсы жылдары “Мугалимдер газетасында”, “Дыйкандар гезитинде”, “Чүй баяны” басылмасында, ошондой эле “Сары-Өзөн” телерадио компаниясында эмгектенип, кабарчыдан баштап бөлүм башчы, редактордун орун басары сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалады.
Анын журналисттик ишмердиги бир гана маалымат жеткирүү менен чектелбейт. Коомдогу актуалдуу маселелерди көтөрүп, билим берүү, тил, маданият багытындагы темаларды терең изилдеп, окурмандардын ишенимине ээ боло алды. Айнагүл эже портреттик очерктердин чыныгы чебери. Ал адамды жөн гана сүрөттөп койбойт, анын ички дүйнөсүн, мүнөзүнүн өзөгүн, жашоосунун маңызын сөз аркылуу жандандыра билет. Анын калеминен жаралган ар бир очерк – тирүү образ, ар бир окурмандын жүрөгүнө жеткен чыныгы чыгарма. Ал каармандарынын жан дүйнөсүнө аяр мамиле жасап, алардын тагдырын терең сезип, сөз менен көркөм сайма түшүргөндөй кылып баяндайт. Мына ушундай көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет жана коом тарабынан жогору бааланып, ал Кыргызстан Журналисттер союзунун, мамлекеттик жана коомдук мекемелердин бир катар Ардак грамоталарына ээ болгон. Мындан тышкары, “КР Билим берүүсүнүн мыктысы”, “Мыкты журналист”, “Кыргыз тили” төш белгилери, Ички иштер министрлигинин 100 жылдык юбилейлик медалы жана башка сыйлыктар анын эмгегинин күбөсү болуп турат.
Айнагүл Кашыбаева котормочулук тармагында да өзүн сынап, тил билгичтигин жана кесипкөйлүгүн көрсөтүп келет. Ал Гүлнара Нуркулованын “Турсун” чыгармасын, ошондой эле Клара Орузбаева-Даниярова жана Асел Даниярованын “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу” аттуу эмгегин кыргыз тилине которуп, улуттук маданиятка салым кошкон. Ошону менен катар эл аралык долбоорлордо – ЮСАИДдин OSC, КШАП, ОКИБ программаларында котормочу болуп эмгектенген.
Бүгүнкү күндө Агартуу министрлигинин “Кут Билим” медиа борборунда мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн редактору катары эмгектенип, билим берүү тармагына чоң салым кошуп келет. Ошону менен катар Санжарбек Данияровдун коомдук фондунда котормочу болуп иштеп, коомдук иштерге да активдүү катышууда. Анын ысымы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата жарык көргөн “100 журналист” китебине киргизилиши да бекеринен эмес.
Айнагүл эже – бир гана кесипкөй журналист эмес, ал – мээримдүү эне, камкор чоң эне. Бир уулду тарбиялап, бүгүн эки неберенин сүйүктүү чоң энеси болуп олтурат. Үй-бүлө менен кесипти айкалыштыра билген анын өмүр жолу көптөргө үлгү.

АДАМГЕРЧИЛИКТИН, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮН СИМВОЛУ
Кээ бир адамдар бар – аларды кызмат орду же наамы менен эмес, адамдык касиети, жылуулугу, айкөлдүгү менен тааныйсың. Алар бар жерде сөз да салмактуу, мамиле да таза, чөйрө да жарык болот. Айнагүл эже – дал ушундай асыл сапаттардын ээси. Мен аны эже-курбум деп коём. Ал – менин дайыма ишенген кеңешчим. Жашоомдо кандайдыр бир кыйынчылык жаралса же башыма бир иш түшсө, эң биринчи болуп ага кайрылам. Ал ар дайым туура багыт көрсөтүп, адашкан жолдон түз жолго салууга аракет кылат. Анын ар бир сөзүндө акылмандык, ар бир кеңешинде чыныгы жан тартуу сезилип турат. Бирок аны өзгөчөлөнтүп турган нерсе – бул анын адамдык бийик сапаттары.
Айнагүл эже – өтө ак көңүл, кең пейил, дайыма жардам берүүгө даяр инсан. Кесиптештеринин арасында ал жөн гана журналист эмес, ишенимдүү дос, акылман кеңешчи катары бааланат. Жаштарга багыт берип, тажрыйбасын аябаган, ар кимге жылуу сөз таба билген мындай адамдар чанда кездешет.
“Эже ар дайым колдоого даяр, идеяга бай адам. Анын сабырдуулугуна, акылмандыгына, көрөгөчтүгүнө суктанам жана үлгү тутам. Эженин адамдык бийик сапаты – бул жөнөкөйлүк. Ал кандай кырдаал болбосун өзүн сабырдуу, жөнөкөй кармап, ар бир кесиптешке көңүл бурат. Ачуулануудан качат, туура эмес болсо кечирим суроого даяр, ката кетирсе мойнуна алат. Башкалардын ийгилигине чын жүрөктөн кубанат, кыйын учурда колдоо көрсөтөт. Ошон үчүн анын жанында иштегендер өзүбүздү коопсуз жана ишенимдүү сезебиз – бул чыныгы адамгерчиликтин белгиси деп ойлойм, — дейт кесиптеши Элвира Какиева.
Айна эженин сабырдуулугун, ар дайыма позитивдүү жүргөнүн студенттик кезден бери чогуу жүрүп, достуктан тайбай келе жаткан курдашы Гүлмайрам Учугенова да баалайт. Экөө кырк жылдан ашуун убакыттан бери ынак достордон.
– 1986-жылдары КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканатында момун, сары кыз секретарь-машинистка болуп иштечү. Ал орусча-кыргызча абдан сабаттуу сүйлөп, машинканы шыпылдата, карабай эле катасыз басчу. Биз ошол кезде жаңыдан студент болуп келген элек. Кийинки жылы эле баягы сары кыз журналистиканын күндүзгү бөлүмүнө которулуп, биз менен бир топто окуп, жатаканада бир бөлмөдө жашап калды. Мүнөзү токтоо, сабырдуу, адамга тике карап катуу сүйлөбөгөн, бир нерсе жакпай калса акырын гана кыйытып билдирген, тамашакөй, кең пейил, маданияттуу бул кыз башкаларга караганда мага көбүрөөк жакчу. Ошондон тарта экөөбүз жан курбу болуп, кайда болсо чогуу жүрдүк, турмуш куруп, ар кайсы жерде жашап калсак да, ынак достугубузду сактап келебиз. Университетти беш кыз бүтүргөн болсок, арабыздан жалгыз Айнагүл 1991-жылдан бери үзгүлтүксүз өз кесиби менен эмгектенип келет. Ден соолугуна байланыштуу бутуна эки жолу операция жасалганына карабай, таягын сүйрөп алып да ишин токтоткон жок. Айнагүл досум, табиятынан сабырдуу, позитивдүү адам. Адамдардын ийгилигин даңазалап жазуудан тажабайт. Ал бирөөлөрдү сындоого же талкуулоого шашылбайт, талаш-тартыштан, ызы-чуу менен интригадан алыс жүргөн журналист, — дейт курбусу.

60 жаш – бул жыйынтык чыгарчу эмес, тескерисинче, тажрыйба менен акылдын жаңы бийиктигине жеткен курак. Айнагүл Супатаевнаны жалпы жамааттын атынан 60 жаш мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз Сизди ак көңүлдүгүңүз, кең пейилдигиңиз, дайыма жардам берүүгө даяр турган адамгерчилигиңиз үчүн өзгөчө баалайбыз. Жамаат ичинде Сиздей жылуу мамиле түзө билген, акылман кеңеш бере алган, жаштарга жол көрсөтүп, тажрыйбасын аябаган инсандын орду өзгөчө. Ушул кутман куракта Сизге чың ден соолук, узун өмүр, үй бүлөлүк бакыт-таалай, жакындарыңыздын сый-урматына бөлөнүп, неберелердин кубанычын көрүп, ар дайым эл ичинде кадыр-баркыңыз арта берсин демекчибиз.!
Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Эл агартуу” журналынын башкы редактору
Комментарийлер