Заманга шайкеш билим: №98 лицей — сулуулук жана IT тармагындагы алдыңкы тажрыйба борбору
- 27.02.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейи сулуулук жана IT тармагында алдыңкы тажрыйба борбору катары таанылып, заман талабына ылайык тынымсыз өнүгүү жолунда. Акыркы жылдары окуу жайда окуу процессин жаңылоо, заманбап технологияларды киргизүү жана тарбия иштерин күчөтүү багытында бир катар алгылыктуу иштер аткарылууда.

Бүгүнкү күндө лицейде графикалык дизайн, системалык администратор, веб-разработчик, компьютердик дизайн, чач тарач, визажист, маникюр адистиктери боюнча 350 окуучу билим алууда. Акыркы эки жыл ичинде мода жана IT багытында окуу-методикалык колдонмолор иштелип чыгып, заманбап санариптик платформалар окуу процессине активдүү киргизилди. Ошондой эле Scaffold программасынын негизинде окуу программалары түзүлүп, сабактарда кеңири колдонулууда.
IT адистиги боюнча устат Виктор Владимирович иштеп чыккан оюн форматындагы платформа окуучулар үчүн сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүгө шарт түздү. Аталган система аркылуу окуучулардын катышуусу, кечигүүсү, үй тапшырмалары жана активдүүлүгү көзөмөлдөнөт. Жыйынтыгында топтолгон бонус баллдар тест жана экзамен учурунда колдонулат. Мындай ыкма окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, атаандаштык духун калыптандырат.

— Платформа аркылуу сабак өтүү окуучулар үчүн абдан кызыктуу. Бул ыкма дисциплинага үйрөтүп, окууга болгон активдүүлүктү жогорулатат. Окуучулар бири-бири менен атаандашып окушат, — дейт окуу жайдын директору Чынара Сагынбекова.
Мындан тышкары, лицейдин 1-курсунун окуучулары 140 команда катышкан республикалык хакатондо алдыңкы он команданын катарына кирсе, 2-курстун окуучулары беш мыкты команда катары таанылышты.

Директордун айтымында, лицейдеги дагы бир өзгөчөлүк — бардык окуу программаларынын «Кыргыз жараны» концепциясынын негизинде түзүлгөндүгү. Бул багытта кыргыз тилин, маданиятын, нарк-насилди, каада-салтты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Лицейде билим алган окуучулардын басымдуу бөлүгү орус тилдүү мектептерден келгендиктен, кыргыз тилин үйрөтүүгө жана улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө өзгөчө басым жасалууда. Натыйжада, башка улуттун өкүлдөрү да кыргызча эркин сүйлөп, улуттук маданиятка кызыгуу көрсөтө башташты.
— Окуу жайга кыргызча жакшы билбеген окуучулар көп келет. Алар кесипти мыкты өздөштүргөнү менен, тарбия жагынан да аксап калбашы үчүн өзгөчө көңүл бурабыз. Практикалык сабактардан кийин өнөктөштөрдөн кайтарым байланыш алып турсак, айрым окуучулардын тартипке байланышкан кемчиликтери айтылчу. Азыр бул багытта олуттуу жылыштар бар, — дейт жетекчи.

Лицейде мугалимдер менен устаттардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу негизги багыттардын бири. Жылына орто эсеп менен 15ке жакын семинар жана тренингдер уюштурулуп, жаңы билим берүү ыкмалары өздөштүрүлүүдө.
— IT жана сулуулук тармактары күн сайын жаңыланып турат. Бул тик тоого чыгууга окшош: чокуга жетпейсиң, бирок токтогонго мүмкүн эмес. Биз артта калууга акыбыз жок, — дейт директор.
Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 10 пайызы жогорку окуу жайларга тапшырса, калган бөлүгү жумуш менен камсыз болууда. Айрым студенттерге практика учурунда эле иш берүүчүлөр тарабынан жумуш сунуштары түшөт. Бирок жетекчилик окуу процессине тоскоолдук жаралбашы үчүн алгач билимге басым жасоону туура көрөт.
— Кээ бир ата-энелер балдарынын акча таап баштаганына сүйүнүшөт. Бирок окуучулардын азыртан эле каражатка ашыкча кызыгып кетишин каалабайбыз. Алар үчүн эң негизгиси — сапаттуу билим алуу, — дейт жетекчи.

Эмгек рыногунун талабына жараша лицейде кыска мөөнөттүү курстар да уюштурулат. Видео көзөмөл, мобилография, санариптик дизайн сыяктуу багыттар өзгөчө актуалдуу. Жылына миңге жакын жаран бул курстардан өтөт. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн жасалма интеллект боюнча окутууларды уюштуруу пландалууда.
— Жасалма интеллект ишти жеңилдетет, бирок ага толук көз каранды болуп калуудан сак болуш керек. Окуучуларды өз алдынча ой жүгүртүүгө, анализ жүргүзүүгө үйрөтүү зарыл. Жасалма интеллектти акыл-эси токтолуп, анализ жүргүзө алган, көз карашы бар адамдар колдонсо болот. — деп белгилейт.
Мода индустриясы да жаштар арасында суроо-талап жогору тармак. Мурда бул кесиптерге көбүнчө кыздар кызыкса, азыр эркек балдардын арасында да чач тарач, визажист болууну каалагандар арбын. Жакында эле лицейдин эки окуучусу дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышкан Казакстандагы чемпионатта 2-орунду багындырышты.
— Чач тарачка окуган окуучулар өндүрүштүк окуу учурунда көчөдөгү кишилерге эле «Чачыңызды бекер кесип беребиз» деп алып келип же же туугандарын чакырып, тажрыйба топтошот. Бош болсом, кээде өзүм манекен болом. Башында жетекчи дегендей көп батына алышчу эмес. Азыр ортодогу барьерди жеңишти. Чач кыркуу менен кардар менен иштөө эки башка нерсе, — дейт директор.

№98 кесиптик лицейинин директору Чынара Сагынбекова билим берүү тармагында 25 жылдык тажрыйбага ээ. Ал буга чейин жогорку окуу жайларда, Республикалык илимий-методикалык борбордо жана Агартуу министрлигинде эмгектенген. Анын айтымында, жетекчи да, коллектив да тынымсыз өнүгүп турбаса, окуу жай ийгиликке жете албайт.
— Сын пикир — өсүүнүн негизги булагы. Ошондуктан тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, кеңеш алып турам. Биз тууралуу маалымат көрсөңүздөр, туура болсо колдоп, туура эмес болсо багыт берип коюңуздар, — дейт ал.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер