Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

  • 11.02.2026
  • 0

“Заманбап мугалим” долбоорунун алкагында быйыл Чүй облусундагы 12 мектепте 46 жаратман 8773 окуучуга билим берүүдө. Жаратмандар магистратурада алган инструменттерди, анын ичинде жасалма интеллектке негизделген ассистенттерди активдүү колдонууда. Мектептерден алынган кайтарым байланыш окуучулардын кызыгуусу жана сабакка катышуусу өскөнүн көрсөтүүдө.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Айдина Смаилова -экинчи топтун жаратманы. Ал Панфилов районундагы Кум-Арык айылындагы мектепте 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларга тарых сабагынан берет. Мектептеги жалгыз тарых мугалими. Жаратман мугалим балдарды сабакка кызыктыруу үчүн күн сайын изденип, иштеп келет.

Ал 2024-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин социология бөлүмүн аяктап, бирок бир жыл тыныгуу алган соң гана магистратурага тапшырууну пландаган. Ошентип Москваны көздөй бет алган. Айтымында, “Заманбап мугалим” программасы тууралуу бир жыл мурда укканда, анчейин маани берген эмес. Кийинки жылы кабыл алуу башталганда атайын программаны тереңирээк карап чыгып, катышуучулардын иштерине суктанган. Ошондо гана катышуу чечимин чыгарып, атайын Кыргызстанга учуп келген.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Мен университетте активдүү студент болдум. Адам университетти бүтөрү менен өзүнчө бир боштукка туш болот экен: «Эми эмне кылам? Кайсы жолду тандайм?» деген суроолор тынчтык бербей, ар ким өзүн издей баштайт. Бир жыл эс алам деп чечип, ошол аралыкта чет өлкөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрдү издей баштадым. Тааныштарымдын сунушу менен Москвага кеттим, жумуш жакшы, айлык акы жогору, шарттары да жетиштүү эле. Бирок жан дүйнөмдө бир нерсе жетпей жаткандай сезим болду. Өзүм анализдеп, университеттеги агайларымдын: «Биз силерге билим бердик, аны иштетпей, башка жакка кетип калсаңар – бул коом үчүн чоң жоготуу» – деген сөзү жүрөгүмдү өйүп келгенин түшүндүм. Программанын эки туруна онлайн катышып, үчүнчүсүнө чакыруу алдым. Офлайн форматтагы тандоо мага абдан чоң таасир калтырды. Ал жерге жогорку деңгээлдеги, мыкты даярдыгы бар, чет өлкөдө билим алган, тажрыйбалуу жаштар чогулган экен. Башында өзүмдүн деңгээлиме ишенбей, “Мен өтөмбү?” деген коркуу сезими да болду. Ал күндөрдү азыр өзгөчө жылуулук менен эстейм. Жайкы институтка катышып, Токмок шаарында бир ай интенсивдүү окуудан өттүк. Менимче, мындай окуудан биз эбегейсиз тажрыйба топтой алдык. Эгерде дароо мектепке келсек, бат эле сынып калмакпыз, — деди мугалим.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

“Заманбап мугалим” долбооруна бакалавр даражасына ээ болгон адамдар катышып, педагогиклык багытта магистратурада билимин улантышат. Бир гана окуу менен чектелбейт, мугалимдер методисттер менен тынымсыз байланышта болушат: сабактарын жиберип, кайтарым байланыш түзүлөт. Кураторлор күнү-түнү иш алып барат. Айдина Смаилованын айтымында, практика менен теория айкалышканда магистрдик сабактар сиңимдүү болот. Беш айда өзүндө чоң өсүү болду. Башында билим берүү системага жаңылык киргизип, өзгөртөм деп келип, азыр өзгөрүшүң керек экенин түшүндү.

Мугалимдин айтымында, жаратман мугалимдер чоң даярдыктан өтүп келсе дагы адаптация процессине бир аз убакыт талап кылынат. “Туура эмес тандоо жасап алдымбы?” деп ойлонгон башында. Кийин мектепти бүтүп кеткен окуучулар менен сүйлөшкөндө, алар: “Силер келгенде мектеп кадимкидей кызыктуу болуп баштады. Биз мурда мектепке баргыбыз келчү эмес. Бир эле жыл окуп калганыбызга өкүнөбүз” деген сөздөрүн укканда шыктана түшкөн.

 

Кыйынчылыктарсыз болбойт, анткени бул программа ички миграцияны, жогорку жүктөмдү талап кылат: бир жагынан окуу, экинчи жагынан иш, жаңы чөйрө, жаңы шарттар. Мунун баары айрым учурларда абдан оор сезилет. Ушундай учурда кураторлордун ролу өзгөчө чоң. Айына бир жолу жолугушуп, тажрыйба бөлүшүп, эс алып, руханий жактан кайрадан күч алып келебиз. Күчүбүз калбай, ресурстарыбыз түгөнгөн учурларда дал ушул жолугушуулар бизге дем-күч берет. Мен үчүн программанын негизги таянычы — кураторлор менен методисттердин туруктуу колдоосу, — дейт ал.

 

Ошондой эле мугалим окуучуларына сабакты анализ аркылуу түшүндүрүп, ой жүгүртүүгө үйрөтүүгө аракет кылат. Заманбап сабак берүү ыкмаларын колдонуп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык окутууга умтулат. Мурда “балдар менен иштөө” дегенде жөн гана окуучуларды элестетсе, иш жүзүндө бул процесс ата-энелер менен кошо тыгыз иштешүүнү, ар бир баланын ички дүйнөсүн, оюн, кыялын, муктаждыгын түшүнүүнү талап кыларын билгенин айтат.

 

 

Программага келгендеги негизги максатым — өзүмдү өнүктүрүү, инсандык жана кесиптик жактан өсүү болчу. Бүгүнкү күндө ошол максаттарыма акырындап жетип жатам. Социология — коом жөнүндө илим болсо, менин бүгүнкү коомум — бул балдар, окуучуларым. Убакыт өткөн сайын окуучулар менен бири-бирибизди түшүнүп, ишенимдүү мамиле түзө баштадык. Биздин негизги максатыбыз — балдар үчүн коопсуз, эркин, ишенимдүү чөйрө түзүү жана ар бир баланын дараметин ачуу. Мурда “тентек” деп эсептелген балдардын энергиясы ашып-ташып турганын, туура багыт берилсе, алардан чоң жетишкендиктерди күтүүгө болорун түшүндүм. Ал эми тынч, унчукпаган балдардын ичинде да чоң потенциал жатканын аңдайсың. Ар бир баланын ичинде ачыла элек мүмкүнчүлүк бар, мугалимдин башкы милдети — ошол мүмкүнчүлүктү табуу жана өнүктүрүү, — дейт Айдина Смаилова.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Ал кичинекей кезинен эле мугалим болууну жакшы көрүп, балдарга сабак берип ойночу. Бул кесипти сүйүүсүнө мугалимдери чоң таасир берген. Себеби мектеп, лицей, кийин университетте окуп жүргөндө мыкты мугалимдерге туш болуп, алар дараметин ачып, инсан катары калыптанышыма зор салымын кошушкан. Бир кезде мигранттын кызы болуп, моралдык жактан колдоого муктаж болгон учурда да мугалимдеринен өзгөчө камкордукту сезе алган. Ошол себептен ал да окуучуларына мээримин төгүп, түшүнүү менен мамиле кылууга аракеттенет. Жөнөкөй социолог Айдинадан мугалим Айдинага айланткан программага ыраазычылыгы чексиз экенин билдирет.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Менин балдарым жок болсо да, окуучуларымды биринчи балдарымдай. Балдарды кандайча жакшы көрүп калганымды өзүм да байкабай калдым. Алар да мага абдан жакын болуп, кээде чарчап турсам “эже” деп чуркап келип кучактап, өз колдору менен жасаган белектерин беришет. Ушундай мамилелерден кийин мугалимдик кесиптин чыныгы маңызын сезесиң. Бул программа аркылуу чоң трансформациядан өттүм. Кулап кайра тургандай эле болдум, бирок бул дагы өсүүнүн белгиси экенин түшүндүм. Бүгүн мени бул кесипте кармап турган негизги күч — балдар. Алардын эмпатиясы, жылуу мамилеси, колдоосу мага чоң дем берет. “Бизде эле калып калыңызчы” деп айтышканы, эки жылдык мөөнөткө капаланышканы — мугалим үчүн эң чоң баа, — деп сөзүн жыйынтыктады жаратман мугалим.

Глобалдуу өзгөрүүнүн бир бөлүгү

Долбоорго педагогикалык тажрыйбасы бар мугалимдер да катышат. Алардын бири — Бактыяр кызы Айзирек. 2020-жылы Эл аралык Кувейт университетинен аяктап, 2025-жылы англис тили филологиясы боюнча магистратураны бүтүргөн. Буга чейин М.Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинде бир жыл англис тили мугалими болуп иштеген. Учурда Бухара айылындагы мектепте орус тилчи катары ишин улантууда. Айтымында, долбоор тууралуу бир жыл бою социалдык тармактар аркылуу байкап жүргөн. Катышуучулардын ишмердүүлүгү, өзгөчө контенттери жана долбоордун жандуу атмосферасы аны өзүнө тартып, өзгөчө кызыгуусун жараткан. Биринчи толкундагы жаратмандар тууралуу угулган жакшы пикирлерден кийин, ал да долбоорго катышууну чечкен. Долбоордун Начало формыКонец формыДолбоордун өзгөчөлүгү — жаңы мугалимдерге чоң колдоо көрсөтүлгөндүгүндө. Себеби көп мектептерде жаш мугалимге керектүү учурда туура багыт берип, жардам көрсөтүлбөйт. Ошол себептен суроолор жаралып, кыйналган учурлар көп болот. Өзү да мындай этаптан өткөн.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Мен бакалавр даражасын эл аралык мамилелер багытында алып, башында дипломат болууну кыялдангам. Магистратурам — англис тили филологиясы. Бирок долбоордун талабына ылайык, мектепке бир англис жана бир орус тилчи керек болгондуктан, кесиптешим англис тилин алып, мен орус тили сабагын өтө баштадым. Билим берүү тармагына болгон кызыгуум дайыма күчтүү болгон. «Өзгөртүү керек» деп айтабыз, бирок көп учурда өзүбүз аракет кылбайбыз. Ал эми бул долбоор аркылуу мен, кичине болсо да, коомго өз салымымды кошуп жатканыма кубанам. Бул жөн гана программа эмес, глобалдуу өзгөрүүнүн бир бөлүгү болгондуктан, мен үчүн өзгөчө мааниге ээ, — дейт мугалим.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Жаш мугалимдиндин айтымында, окуучулар жаратман мугалимдер менен абдан ачык мамиледе. Өзүнүн маанайын да жашырбай, окуучулар менен бөлүшүп, алардан да ачык болууну суранат. Мунун натыйжада класста ишенимдүү, жылуу атмосфера түзүлөт. Эгерде өзү кээде адилетсиз мамиле жасап алса, сөзсүз кечирим сурайт. Айтымында, көпчүлүк мугалимдер катасын моюнга алуудан тартынышат. Бирок жаңыдан такшалып келе жаткан мугалим катары каталардын болушу табигый көрүнүш экенин жашырбайт. Өз убагында методисттерге кайрылып же өз алдынча изилдеп, кемчиликтерди оңдоого аракет кылат.

Окуучулар биздин жаныбызда өздөрүн эркин сезишет. Алар эмоцияларын жашырбай, сүйүүсүн да, таарынычын да ачык билдиришет. Биз да аларга болгон жылуу мамилебизди ачык көрсөтөбүз. Башталгыч класстын окуучулары тартынбай кучактап кетишсе, жогорку класстагылар: «Эже, кучактасак болобу?» деп сурашат, — дейт ал.

Заманбап мугалим: «СИЗДЕР КЕЛГЕНДЕН КИЙИН МЕКТЕП КЫЗЫКТУУ БОЛУП КАЛДЫ» 

Айзирек окуу менен ишти айкалыштыруу айрым учурларда татаал экендигин жашырбайт. Дедлайн, сессиялар убагында «автопилот» режиминде иштеген күндөр да болот дейт. Көп учурда куратордук жолугушууларда ачык баарлашып, эмоциялык жактан жеңилдеп, кайра ишке жаңы дем менен киришерин айтат. Ошондой эле долбоор катышуучулар үчүн бардык шарттарды түзөт: керектүү окуу материалдары, техникалык камсыздоо, материалдык колдоо, психологдор менен иштөө мүмкүнчүлүгү каралган. Бул мугалимдердин сапаттуу иш алып барышына чоң көмөк көрсөтөт.

Албетте, биз да адамбыз — чарчайбыз, эс алгыбыз келет. Айыл жеринде кээде электр жарыгы өчүп, суу болбой калган учурлар болот. Мындай мезгилде «эмне үчүн ушул жолду тандадым?» деп ойлонуп кетем. Бирок окуучулардын жылмайган жүзүн, кучагын эстеп, кайрадан күч алып, «менин балдарым мени күтүп жатат» деген ой менен ишимди улантам. Жаратмандар менен бир багытта иш алып баргандыктан, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, — деген мугалим өзүн ушул кесиптен тапканын баса белгиледи.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер