Заманбап китепкана: 12 жылдык билим берүүгө ишенимдүү кадам
- 22.01.2026
- 0
Кыргызстандагы билим берүү системасы жаңы окуу жылынан тартып олуттуу жаңыланууга кадам таштады. Өлкөбүздө 12 жылдык билим берүү моделине өтүү башталып, мектептерде заманбап талаптарга жооп берген өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылууда. Бул реформалардын алкагында мектеп китепканаларынын ишмердүүлүгү да жаңы деңгээлге көтөрүлүп, санариптик башкаруу системасына активдүү өтүүдө.
Мектеп китепканачылары “Окуу китеби” – “Басма үйү” мекемеси менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, okuukitebi.edu.kg электрондук системасын сентябрь айынан баштап колдонууга алышты. Бул платформа китеп фондун так жана ачык башкарууга, отчеттуулукту жеңилдетүүгө жана убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.
Системада төмөнкү негизги бөлүмдөр ишке киргизилген:
- Башкы бет
- Класстарды башкаруу
- Китептердин фонду
- Таратуу / кабыл алуу
- Отчёттор
- Отчёт жөнөтүү
- Төлөмдөр
- Профиль
- Техникалык колдоо
Бул бөлүмдөр аркылуу китепкана иши толугу менен санарип форматта жүргүзүлүп, китептердин кыймылы так көзөмөлгө алынууда.
Жаңы окуу жылында мектеп китепканачылары да доор талабына ылайык өз ишин жаңылоонун зарылдыгын терең түшүнүп, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө аракет кылып келишет. Анткени биздин башкы максат — илимдүү-билимдүү, акылы тунук, мекенин сүйгөн жаңы муунду тарбиялоо. Таалим-тарбия берүүдө жаңы тажрыйбаларга таянуу бүгүнкү күндүн башкы талабы болуп саналат.
“Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык окутуу тутумуна трансформацияланып жаткан учурда, билим берүү мазмуну да жаңыланууда. Учурда “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасынан чыккан жаңы муундагы окуу китептери мектептерге жеткирилди. Атап айтканда:
- 1–12-класстар үчүн:«Табигый илимдер – Мен жана Дүйнө», «Математика»
- 2–12-класстар үчүн:«Табигый илимдер – Мен жана Дүйнө», «Математика»
- 3–4-класстар үчүн:«Англис тили»
- 5-класс үчүн:«Математика», «Англис тили»
- 6-класс үчүн:«Англис тили»
- 7-класс үчүн:«Математика», «Англис тили», «Орус тили»
- 8–9-класстар үчүн:«Англис тили»

Бул китептер райондон алынып келинип, ар бирине мектептин мөөрү басылып, электрондук Д-10 отчётуна так жана иреттүү түрдө киргизилүүдө. Андан соң окуучуларга бөлүштүрүлүп, алардын билим алуусуна чоң өбөлгө түзүлүүдө.
Бул жооптуу жана талыкпаган иштердин баары мектеп китепканачыларынын зор эмгеги менен ишке ашууда. Алар билим берүү реформаларынын көрүнбөгөн, бирок өтө маанилүү тиреги болуп, жаңы билим берүү моделине ишенимдүү салым кошуп келишет.
Заманбап китепкана — сапаттуу билимдин негизи
Мына ушундай аракеттер аркылуу мектептерибиз келечек муунду тарбиялоодо бекем кадам таштап, билим берүүнүн жаңы дооруна ишенимдүү өтүп жатат.
Асангулова Эркайым, Тоң районун Кызыл-Туу айылына караштуу Жумаев Мырзабек мектебинин китепканачысы
Комментарийлер