ҮЙҮН «УНУТКАН» МУГАЛИМ

  • 06.03.2026
  • 0

Акыркы учурларда билим берүү тармагындагы жаңылыктар коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Ал жаңылыктардын көбү мугалимдер менен байланышкан. Анын баарын бул жерде кайталап отуруунун кажети деле жоктур. Бирок ушул жаңылыктардан кийин мугалимдин коомдогу орду баарыбызды болбосо да көпчүлүгүбүздү терең ойго салууда. “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген сөздүн учур үчүн канчалык маанилүү экендиги бүдөмүк бойдон калууда. Жаштар билимдүү болсо өлкөбүз күчтүү болот деп келебиз. Ал эми ошол жаштарга билим берип аткан мугалимдин абалы кандай? Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнү сыяктуу өз ишине берилген, балдарыбыз билимдүү болсо экен деп жан дили менен күйгөн мугалимдерибиз чындап эле азбы? Же такыр эле жокпу? Жок, андай эмес экен. Дүйшөндүн жолун жолдогон мугалимдерден уучубуз куру эмес экен. Өзүн жарнама кылбастан ишин кылып, балдарыбызга арип таанытып, жазганды, окуганды үйрөтүп, арабызда эле биз менен аралашып жүрүптүр. Редакциябыз менен ата-энелер байланышып, өз ишинин фанаты, окуучуларым дегенде үй-бүлөсүн, үйүн да унутуп койгон мугалим бар экендиги тууралуу маалымат беришкенде азыркы заманда кантип эле ушундай болсун деп ишенип-ишенбей аталган каарманыбыз менен жолугушууга жөнөдүм.

Каарманыбыз Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан №88 жалпы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Саякбаева Аида Шабданбековна менен өзүнүн классында жолуктум. Ага чейин телефон аркылуу байланышып, жолугуу тууралуу макулдашканбыз. Каарманыбыз классында жалгыз эмес экен. Кийин белгилүү болгондой практиканттарына өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп аткан учурда кириптирмин. Өзүмдүн келген максатым тууралуу, маалыматты кимдерден алганымды айтсам, практикант кыздар: “Сиз каникул учурунда келип албадыңызбы, эженин сабагына катышып, сабакты кантип өтөөрүн өз көзүңүз менен көрсөңүз жакшы болмок” дешти. Ушул айтылган сөз Аида Шабданбековнанын өз кесибин сүйгөн, өз ишинин кесипкөй экенин далилдеп тургансыды.

ҮЙҮН "УНУТКАН" МУГАЛИМ

Каарманыбыздын эмгек жолу 1992-жылы Ак-Талаа районундагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектепте музыка мугалими катары башталса, кийин турмушка чыгып, Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп уланат. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келишип, ошондон бери Көк-Жар жаңы конушундагы №88 орто мектепте иштөөдө.

Балдарды окутууда инновациялык методдорду колдонуу менен иш алып барат. Көрсөтмө куралдарын бүт өзү даярдайт. Окуучуларына гана сабак өтпөстөн алардын ата-энелери менен иш алып барууну да колго алып, алар менен тыгыз иштешүүнү адатка айланткан. Ата-энелерге да сабак өтөт. Ал сабактары көбүнчө балдарды тарбиялоого багышталып, аларга болгон кеп-кеңешин айтуудан тажабайт. Жакында эле өткөн сабагы “Ата – аска-зоо, эне анын боорундагы булак” деп аталып, ата-энелер абдан активдүү катышкан. Ата-энелер чогулушуна баардыгы келишет. “Мугалим-окуучу-ата-эне уч бурчтугу так иштемейин жыйынтык чыкпайт да мугалимге эле күч келип калат. Ата-эне тарбия берүүдө балага үлгү болушу керек. Тарбия – бул баланын жүрүм-туруму эмес, тескерисинче – ата-эненин үлгүлүү жүрүм-туруму. Бала ата-энесинин кыймыл-аракетин, алардын бири-бирине, айланасындагыларга болгон мамилесин көрүп, ошолорду туурап тарбия алат” — дейт өз сөзүндө. “Менин классым мектеп боюнча үлгү аларлык класс. Окуучу кыздарым жайы-кышы дебей бүт аппак бантик тагынып келишет сабакка” деп сыймыктануу менен кошумчалай кетти.

“Мен кесибимди абдан сүйсөм керек. Минтип айтып жаткан себебим, астма болуп абдан катуу ооруп, ошого байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. Анан эле ушул оорум үйгө барсам күчөйт, мектепке келип балдар менен иштеп баштасам басылып, жыргап калам. Түшкө чейин окуучуларыма кадимкидей сабак өтсөм, түштөн кийин Кудайдын куттуу күнү онлайн сабак өтөм. Кээде кечкисин да онлайн окутуп калган учурларым болот. Азыр гана каникул учуру болуп, балдар эс алсын деп токтотуп койдум. Керелди кечке мектепте болом. Кичүү кызым Луиза: “Апам бизди эмнеге эркелетпейт десек, көрсө Сиз окуучуларыңызды эркелетет турбайсызбы. Муну мен мугалим болуп иштеп баштаганда билдим” деп айтып атпайбы. Луиза мени менен ушул класста үч жыл чогуу иштеп, былтыр гана кетти. Бир уул, үч кызым бар — төртөө тең мугалим” деген Аида Шабданбековнанын жүзүнөн балдарына болгон сыймыкты, ишеничти, сүйүүнү көрдүм.

Окуучулары менен ар кандай иш-чараларды уюштуруп, алардын ички туюмун таба билүүгө аракет кылып келет. “Келгиле, ата-энелерге айтпай сырдашабыз,” деп окуучулары менен атайын анонимдик кат жазышуу уюштурган. Бул ыкма окуучуларга абдан жаккан. Эки барактын бир бетине “Атама кат”, бир бетине “Апама кат” деп аталган. Окуучулар ичиндеги катып жүргөн сырларын, алдыга койгон максаттарын жазышып, болгон буктарын чыгарышкан. Ата-энелердин чогулушунда бул каттарды таратып бергенде, окуп алышып кээ бири кадимкидей ыйлашкан. Бул психологиялык ыкма окуучулардын гана эмес, ата-энелердин да бири-бирине болгон мамилесин өзгөртүп, балдардын окуудагы жетишкендиктерине бир топ эле таасирин тийгизген. Ата-эненин каты балдарга кандай таасир этерин билүү максатында ушундай эле анонимдик катты ата-энелерге да жаздырууну пландап койгон. Окуучуларга, балдарга эле талап кое бербестен, алардын ичинде эмне болуп жаткандыгын, кандай сыры, кыялдары бар экендигин билүү – ийгиликтин негизги ачкычы деген принципти карманып келет.

“Башталгыч класстын мугалими – балдар үчүн билим алуудагы фундаментпиз. Ошол фундамент башында кандай бекем болсо, кийинки дубалы, чатыры да бекем болот эмеспи. Мугалим – балага билим берүүдө чекесине да чертпестен, тескерисинче аларды кызыктырып, жан дүйнөсүнө ачкыч таба билиши керек” деп эсептейт. Жаш мугалимдерге окугула, үйрөнгүлө, изденгиле деп айтуудан, тажрыйбасы менен бөлүшүүдөн тажабайт. Өзү да дайыма изденип, билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды табууга, аларды күнүмдүк ишинде колдонууга тынымсыз аракет кылып келет.

Балдарга билим берүүдөгү тынымсыз эмгегин ар тараптан колдогон жолдошу Сааданбаев Уланбек Мурзабекович экөө 31 жылдан бери чогуу түтүн булатып, бир уул, үч кызды татыктуу тарбиялап өстүрүшкөнүн сыймыктануу менен белгилейт.

ҮЙҮН "УНУТКАН" МУГАЛИМ

Балдарга билим берүүгө өмүрүнүн көп жылын арнаган Аида Шабданбековнага ары олуттуу, ары жоопкерчиликтүү ишинде албан ийгиликтерди каалап, алдыда келе жаткан Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап кетмекчибиз.

Саякбаева Аида Шабданбековна 1973-жылы 17-июлда Бишкек (мурунку Фрунзе) шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Шабданбек Саякбаев ветврач, апасы Жаркынбү Бузурманкулова башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Жети жашына чейин чоң ата-чоң энесинин колунда тарбияланган. 1980-жылы Ак-Талаа районунун Ленин атындагы орто мектебине 1-класска кирип, 1990-жылы орто билимге ээ болуп чыккан. Ошол эле жылы Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайга тапшырып, аны 1992-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1992-жылы туулуп-өскөн айылындагы Ленин атындагы №1 орто мектепте музыка сабагынан мугалим болуп баштаган. 1997-жылдан башталгыч класстардын мугалими. Үй-бүлөлүк абалына байланыштуу Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун улайт. Учурда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №88 жалпы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенүүдө. Нарын Мамлекеттик университетинен жогорку билимге ээ болгон. Үй-бүлөлүү бир уул, үч кыздын бактылуу энеси.

Нурлан Кыдыков “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер