XXI КЫЛЫМДЫН КӨНДҮМДӨРҮ, ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУК ЖАНА STEAM БИЛИМ БЕРҮҮ
- 19.02.2026
- 0
Бусурманкулова Ж.,
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу
педагогикалык кадрлардын
квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо
борбору
Иманалиева Р.,
Нарын райондук билим берүү бөлүмү
Аалам, адамзат, жашоо дайыма өзгөрүүдө болуп турат. Өзгөрүү — бул
бир абалдан экинчи абалга өтүү. Кааласак, каалабасак да жашоо-
тиричиликте, климатта, аба ырайында, экономикада ж.б. укмуштуудай
өзгөрүүлөр болууда. Өзгөрүүлөрдүн абдан жакшы жактары жана ошол эле
учурда укмуштуудай кооптуу жактары болууда. Кооптуу өзгөрүүлөрдү
жараткан айрым маселелер: мөңгүлөрдүн азайышы, муздардын эриши,
суу каптоолор, жер кыртышынын начарлашы, жан-жаныбарлардын,
өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн жоголуп жатышы, оорулардын ар
кандай түрлөрүнүн көбөйүшү, суу ташкындары, элдин жакырланышы, терс
адаттардын пайда болушу ж.б. Айлана-чөйрөнүн, адамдын, табигый
ресурстардын абалынын жана экономикалык-социалдык өнүгүүнүн
кескин начарлашы — учурда жашап жаткан адамзат жана кийинки муундар
үчүн өтө кооптуу. Өнүгүү — бул өзгөрүүгө байланыштуу. Өзгөрүү туура жүрүп
жатса, өнүгүүгө алып келет. Туура өзгөрүү үчүн туура багыттар, туура
маалыматтар жана туура түшүндүрмөлөр керек. Өнүгүү
кыйынчылыктарды жеңүүнү, бир кыйла билим, билгичтиктерге ээ болууну,
биримдикти, ынтымактуулукту ж.б. көптөгөн аракеттерди талап кылат.
Жогоруда маселелерди чечүү жалгыз мамлекеттин колунан келбейт.
Мында ааламдашуу зарылдыгы туулат. Биз бүгүнкү күндө
ааламдашпасак болбойт. Ааламдашуу-бүт дүйнөдөгү адамзаттын
кызыкчылыгы, келечек муундун татыктуу жашоосу. Биз биргелешкенде
гана татыктуу жашоону алып келе алабыз. Учурда жашап жаткан
адамзаттын жана кийинки муундардын керектөөсүн эске алуу менен
адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоо, айлана-чөйрөнүн,
адамдын, табигый ресурстардын абалынын жана экономикалык-
социалдык өнүгүүнүн кескин начарлашын алдын-алуу ааламдашуу
аркылуу ишке ашат.
Өнүгүү деген эмне? Өнүгүү — биз жашап жаткан мамлекеттин бардык
жактан цивилизациянын агымынан артта калбай алга жылууга болгон
аракеттенүүсүнүн натыйжасы.
Туруктуу өнүгүү деген эмне? Туруктуу өнүгүү — коомдук өнүгүүнүн
учурунда жашап жаткан адамзаттын керектөөсүн камсыз кылуу менен кийинки муундардын керектөөсүн эске алган концепциясы.
Бул аныктамалар БУУнун эл аралык комиссиясынын ишинин
жыйынтыгынын натыйжасында келип чыккан. Комиссия БУУнун алдында
1983-жылы айлана-чөйрөнүн, адамдын, табигый ресурстардын абалынын
жана экономикалык-социалдык өнүгүүнүн кескин начарлашынын
натыйжасына байланыштуу түзүлгөн. БУУнун Генералдык Ассамблеясы
экологиялык проблемалар глобалдык мүнөзгө ээ экендигин таанып,
туруктуу өнүгүү саясатын иштеп чыгууда дүйнөдөгү дээрлик баардык
мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгына жооп берерине көңүл бурушкан.
Туруктуу өнүгүүдө адамзаттын жашоо шарты мүмкүн болушунча
жакшырып, айлана-чөйрөгө тийген таасир биосферанын өзүн-өзү
калыбына келтирүү чегинен чыкпоого тийиштиги каралган. Башкача
айтканда, адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоонун
зарылдыгы тастыкталган. Туруктуу өнүгүүнүн концепциясынын негизинде
туруктуу өнүгүүнүн максаттары аныкталган.Туруктуу өнүгүүнүн
максаттары жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоого жана бардык
адамдардын тынчтыкта гүлдөп өсүшүн камсыз кылуу үчүн иш аракет
кылууга чакыруу болуп саналат. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары келечек
муундардын туруктуу түрдө жашоо шарттарын жакшыртуу, азыр туура
чечим чыгаруу үчүн өнөктөштүк жана прагматизм (иш аракет) руху менен
иштешет. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары — бул эл аралык коомчулуктун
алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты
жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын
өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын
татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17
максаттардын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу
өнүгүүнүн үч негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү,
социалдык интерграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу
прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт. Алар
глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат.
Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууда Кыргыз
Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын
негизинде Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн
мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, туруктуу өнүгүүнүн
максаттарына ылайык жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары,
милдеттери жана баалуулуктары белгиленген.
Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттарына ылайык окуучуларды XXI
кылымдын көндүмдөрүнө калыптандыруу зарылдыгы турат. XXI
кылымдын көндүмдөрүнө калыптандыруунун негизги багыттарынын бири
— STEAM багытында билим берүү. STEAM багытында билим берүүнүн
зарылдыгы эмнеде? Дүйнөдө эң зор ачылыштар болуп жатат. Бүгүнкү
күндөгү окуучулар эртеңки күнү азыркы учурдагы жок технологиялар
менен иштеши мүмкүн. Анткени техникалык инновациялык прогресс
ушунчалык тездик менен өнүгүп жатат. Демек, ошол өнүгүү деңгээлине
туруштук берген, сынчыл ой жүгүртүү менен ошол технологиялык прогресстин шартына кирип кете ала турган жаштарды тарбиялап
чыгуубуз керек.
Эски билим берүү системасы менен эч убакта бул маселелерди
аткара албайбыз. Жаңы билим берүү системасы, жаңы билим берүү
технологиясы керек. Демек, ааламдык өзгөрүүлөр билим берүү
системасын өркүндөтүү боюнча шашылыш чечимдерди талап кылат.
Алар системанын алдына жаңы максаттарды коюу, ошондой эле
максаттарды жана аларга жетишүү ыкмаларын жаңылоо жана оңдоп-
түздөө үчүн кудуреттүү системаны түзүү зарылчылыгын пайда кылат.
Аны жаңы абалга шайкеш келтириш үчүн канчалаган негиздүү
өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Эң алгач билим берүүнүн мазмуну
өзгөрүлүшү, окуу программалары, окуу китептери, окуу усулдары
жаңыланып чыгышы зарыл.
Андан кийин педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра
даярдоо, алардын аң-сезимин өзгөртүү, жаңы абалга карата алардын
даяр болуусун камсыз кылуу маселеси келип чыгат. Педагогдор өзүлөрү
өзгөрмөйүнчө алардын колдонгон ыкмалары да эски боюнча кала берет.
Мында мектеп өз окуучуларын турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларда
мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүгө
тийиш. Азыркы этапта башкысы: тандоо, жасоо, ресурстарды натыйжалуу
пайдалануу, теорияны практика менен салыштыруу жөндөмдөрүн
калыптандыруу жана тез өзгөрүп жаткан коомдо жашоо үчүн зарыл
болгон көптөгөн башка жөндөмдөр талап кылынат. Натыйжада,
компетенттүүлүк моделине негизделген жаңы муундагы жалпы билим
берүүнү ишке ашыруу талабы коюлууда. Компетенттүүлүк моделине
негизделген жаңы муундагы жалпы билим берүүнү ишке ашырууда эки
учурга көңүл буруу абзел.
Кечээ: “Маанисин билбей куру жаттоо” — репродуктивдик окуу. Мында
мазмундун маанисин түшүнбөй эле жаттап айтып берүү, курулай
фактыларды келтирүү, мазмунду айтып берүү. Бүгүн: “Чыгармачылык
мамиле” — чыгармачылык окуу. Мында алган маалыматты түшүнүү талап
кылынат, аны интерпретациялоо, баалоо, жаңы маани түзүү. Түшүнүүнү
калыптандыруунун систематикасы: “Сезип-туюу — кабыл алуу — элестетүү —
ой толгоо — ой кортундулоо — түшүнүү”. Демек, предмет же кубулуш
жөнүндө реалдуу чындыкты таанып-билүү үчүн анын өзүн, аны атаган
терминди сезип-туюп-кабыл алып-элестери пайда болгондон кийин, ал
жөнүндө ойлонуп ( анализ жасап, салыштырып ж.б.) ойлонуудан туура
жыйынтык (синтез) чыгара алса, анда ошол предметти же кубулушту
түшүнөт же анын аң-сезиминде ошол предмет, кубулуш жөнүндө түшүнүк
пайда болору далилденген. Демек, чыгармачылык мамиле,
чыгармачылык окуу бүгүнкү күндө өтө маанилүү. Чыгармачылык окууну
ишке ашырууда жалпы билим берүүнүн негизги максаттарынын жана баалуулуктарынын бири болгон функционалдык сабаттуулук актуалдуу.
Функционалдык сабаттуулук — бул адамдын азыркы шарттарга жакшылап көнүүсүнө , өмүр бою үйрөнүүсүнө мүмкүндүк берүүчү билимдер менен көнүгүүлөрдүн жыйындысы жана азыркы коомдогу адамдын өзүн-өзү ишке ашырышы үчүн керек болгон билимдер менен көнүгүүлөр. Функционалдык сабаттуулук окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн базалык деңгээл боло алат. Көйгөйлөрдү чечүүгө, анын ичинде турмуш-тиричиликтин көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Конкреттүү жагдайда билинет жана белгилүү бир кырдаалда адамды мүнөздөйт. Стандарттуу жана стереотиптүү тапшырмаларды ачуу менен байланышкан. Баалоо катары колдонулат. Функционалдык сабаттуулуктун негизи катары функционалдуу окууну билүү маанилүү. Функционалдуу окуу — бул конкреттүү маселелерди же тапшырмаларды аткарууда маалымат издөө максатында окуу. Функционалдык окууда көрүп окуу жана аналитикалык окуу ыкмалары колдонулат (Маанилүү сөздөрдү бөлүп чыгуу, цитаталарды тандоо, схемаларды, графиктерди , таблицаларды түзүү).
Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруунуннегизи — STEM билим берүү. STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM-билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулук ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт. STEM-билим берүүнүн максаты – балдарды келечекте эн көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди
колдонуу менен окуу процессин түзүү. STEM — бул табигый билимдердин
интеграциясы. Балдар колу менен жасап жаткан нерселерден сырткары, эмне кылып жаткандыгы боюнча түшүнүк алышы керек. Аларга жаңы гана модель жасап коюу кызык болбостон, кылган эмгегинин натыйжасын көрүү маанилүү болушу керек. STEM-билим берүү инженердик ойлоп табуучулукту арттыруу максатында табигый билимдерди талапка ылайык окутуу. Айрым педагогдор STEM-билим берүүнү табигый билимдер үчүн гана керек деп түшүнүшөт. Окуучулардын комплекстүү ой жүгүртүүсү үчүн ар бир предметти талапка ылайык өздөштүрүүсу зарыл. Ар бир педагог
STEM-билим берүүнү ишке ашырууда функционалдык сабаттуулукка көңүл буруусу абзел.
STEM-билим берүү жана функционалдык сабаттуулукка карата иш аракеттерди аткарууда окутуунун жаңыча ыкмалары да зор мааниге ээ. Функционалдык сабаттуулук, STEM-билим берүү жаңы парадигмага ылайык теориялык билимге гана ээ болбостон, жашоодогу турмуштук компетенттүүлүккө ээ болууга зарыл болгон түшүнүктөр болуп эсептелет. Жогоруда түшүнүктөр менен катар компетенттик негизде билим берүүнү ишке ашырууда ар бир сабактын этаптарына маани берүү зарыл. Сабактын этаптарын эл аралык тажрыйбага ылайык окуучулардын илимий көндүмдөрүн арттыруу максатында 5Е илимий окутуу моделине негиздеп окутуу заман талабына ылайык келет.

5Е илимий окутуу модели:
1. Кызыктыруу
2. Изилдөө
3. Түшүндүрүү
4. Түзүү
5. Баалоо
5Е илимий окутуу моделинде окуучулардын дүйнө таанымын өстүрүүгө
басым жасалат. Айлана-чөйрөдө болуп жаткан кубулуштарга,
процесстерге илимий ой жүгүртүү аркылуу окуучулардын дүйнө таанымы
артат. Илимий көндүмдөрүн калыптандыруу ар бир предметти окутуу
процессинде ишке ашырууга болот. Ар бир предметти окутууда 5Е илимий
окуу моделин колдонуу учур талабына ылайык окутуунун негизи боло
алат. Ар бир сабак окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталып,
мугалимден чыгармачылыкты, изденүүнү талап кылат. 5Е илимий окутуу
моделинде суроолор жана тапшырмалар маанилүү. Демек, илимий ой
жүгүртүү жогорку деңгээлдеги фундаменталдык суроо-тапшырмалар
аркылуу, башкача айтканда, суроо-талаптын негизинде окутуу аркылуу
ишке ашат. Суроо-талаптын негизинде окутуу мугалимдерден
чеберчиликти, изденүүнү, чыгармачылыкты талап кылат.
XXI кылымдын көндүмдөрүнө калыптандырууга, STEAM, STEM — билим
берүүгө, функционалдык сабаттуулук түшүнүктөрүнө негизделген,
суроолор жана тапшырмалар менен коштолгон сабактардан
фрагменттерди белгилеп өтсөк:
Кыргыз тили сабагынан “Сүйлөм” деген теманы өтүүдө дүйнө таанымды
арттыруу, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга ой жүгүртүүгө карата сабактын
фрагменти: Алгач окуучуларга сөздөрдү берүү. Сөздөрдү кураттыруу.
Эмне пайда болгондугун суроо. Окуучуларга эреже чыгартуу. Сүйлөм
түшүнүгүнүн эрежеси менен тааныштыруу жана өздөрүнүн чыгарган
эрежеси менен салыштыруу, талдоо жүргүзүү. Сүйлөм эмнелерден куралат? Сөздөрдү кандай кураганда, кандай сөздөр менен алмаштырганда сүйлөм уккулуктуу, көркөмдүү болору жөнүндө талдоо жүргүзүү. Илимий дүйнө таанымын жогорулатуу жалбырак деген сөздү катыштырып каалагандай сүйлөм түздүрүү.

Мисалы:
1-топ: Жалбырак ар кандай түстө болот.
2-топ: Жалбырак күзүндө жерге түшөт.
3-топ: Жалбырактар катыйт, сынат.
4-топ: Жалбырактын өңү жашыл болот. ж.б.
Кийинки кадам:
1-топ: Жалбырак эмне үчүн ар кандай түстө болот?
2-топ: Жалбырак эмне үчүн жерге түшөт?
3-топ: Жалбырак кандайча катыйт?
4-топ: Жалбырактар эмне үчүн жашыл түстө болот деген суроолорго
экиден сүйлөм түздүрүү ж.б.
Мында окуучулар “Сүйлөм” түшүнүгү боюнча ой жүгүртүү менен
турмушка туура сүйлөгөнгө багыт алып жатат жана жалбырактын өзгөрүү
процессине ой жүгүртүп, жаратылыштагы бир кичинекей процессти
таанып жатат.
Адабият сабагында Ч.Айтматовдун «Жамила» чыгармасын
функционалдык окуунун талабына ылайык фактуалдык маалыматты
(тема) эске алуу менен Бүгүнкү өтө турган тема “Жамила”, кандай
ойлойсуңар, эмне үчүн тема ушундай аталган деген суроолорду берүү
менен окуучулардын темага карата ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, берилген
материалга көңүл бурууга чакыруу жана божомол (гипотеза) түзүүгө
болгон жөндөмүн арттыруу болуп саналат. Концептуалдык маалыматты
(негизги ой) эске алуу менен чыгарманы окуп чыккандан кийин
төмөндөгүдөй суроолорду берүү комплекстүү ой жүгүртүүгө түрткү боло
алат:
Чыгарманын негизги өзөгү эмнеде?
Автор бул чыгармада эмнени айткысы келген?
Жамила Даниярды эмне үчүн ээрчип кетти?
Жамиланын Даниярды ээрчип кеткени кыргыздын менталитетине туура
келеби?
Даниярдын сага жаккан жана жакпаган мүнөздөрү ж.б.
Данияр буудай салынган чоң капты көтөрүүдө эмне үчүн кыйналды?
Канча килограмм көтөрүш керек эле? Чоң каптагы буудайдын салмагы
канча килограмм болушу мүмкүн?
Кыйналбай көтөрүп чыгышы үчүн кандай болушу керек эле?
Ошол учурдагы арабалар түзүлүшү кандай болгон жана араба кандай
тетиктерден турган ж.б.
Тексттин алдындагы маалыматтын (сөздөр менен белгиленбейт, көркөм
сөз каражаттары) негизинде окуя кандай сүрөттөлөт? Жамиланын мүнөзү
кандай эле, Данияр менен Сейиттин мүнөзүндөгү айырмачылыктар,
арабаны сүрөттөп бергиле, ошол кездеги аба ырайын кандай сүрөттөй
аласыңар деген суроолорду берүү жана көркөм сөз каражаттарын
колдонуп суроолорго жооп берүүнү талап кылуу. Жогоруда иш-аракеттер окуучулардын текст менен иштей билүү көндүмүн, башкача айтканда,
текстти туура баалоо, тексттин түзүмүн тез түшүнүү, баалуу жана керектүү
болгон нерселерди ыңгайлуу формада белгилеп алуу көндүмдөрүн
өнүктүрөт.
Математикада «Пифагордун теоремасы» деген темада адатта
эрежени, формуланы жаттатып, ага карата эсеп чыгарууну көрсөтүп
жана теореманы кайталатып айтууну, чыгарылган эсептерге окшош
мисалдарды чыгартуу, бул адаттагы көрүнүш. Бул теманы өтүүдө
функционалдык ой жүгүртүү окутууда алгач ар бир окуучуга ар түрдүү тик
бурчтуу үч бурчтук сыздыруу керек. Андан соң үч бурчтуктардын
гипотенузасын (узун жагын) ченеп, квадратка көтөрүүнү талап кылуу
керек. Экинчиден, үч бурчтуктун катеддерин (кичине жактарын) ченетип,
квадратка көтөртүп жана алардын суммасын эсептөө сунушталат. Ушул
этап бүткөндө кандай жооп алдыңар деген суроо берүү жана ага жооп
алуу, андан кийинки этапта эмнени байкадыңар деген суроонун алкагында
талкуу жүргүзүү менен божомол айттыруу, кийинки кадамда
божомолдорун теорема менен салыштыруу жүргүзүү үчүн кайсы
маалымат жетишсиз, эмне ашыкча деген суроолор менен талкуу жүргүзүү
мааниге ээ. Андан кийин теореманы толук түшүнүү үчүн Пифагор эмнени
айткысы келген, эмнени аныктаган деген суроолор менен теманы
жалпылоо жана практикага өтүү зарыл. Практикалык иштер аткарылып
бүткөндөн кийин тең жактуу үч бурчтуктун жактарынын бирин табууда
Пифагордун теоремасын колдонууга болобу, Пифагордун теоремасы
турмушта кайда колдонулат, чийүү, технология, сүрөт, география, тарых,
адабият, тарых, аскерге чейинки даярдык сабактары менен байланышы
барбы, Пифагордун теоремасы далилденгенге чейин тик бурчтуу үч
бурчтуктун белгисиз жагын кантип эсептешкен эле, бул теманы билүүнүн
курулушта эмне мааниси бар ж.б.
Биологияда “Диффузия” деген теманы өтүүдө кызылча салатын
жасоодо кубулуш жүрөбү, кантип билдиңер, жүрсө бул кайсы кубулуш,
кызылча салатынын пайдалуулугу эмнеде, кызылча салатында
витаминдер жөнүндө айта аласыңбы, кызылчанын өңү эмне үчүн кызыл,
картошка кандай жерде өсөт, кардын эриши диффузия кубулушу болобу
же болбойбу, эмне үчүн, өтө муздак жерлерде диффузия кубулушу жүрөбү,
өтө муздак жерлер жер шаарынын кай тарабында, жалбырактын
саргайышы диффузия кубулушуна мисал боло алабы, суунун ысышы
кубулушпу ж.б. “Мезгилдик кубулуштар” деген темада кубулуш деген
эмне, кубулуштар кандай болуп бөлүнүшү мүмкүн, жалбырак эмне үчүн
саргаят, кубулуш жүрбөгөн жер барбы ж.б. суроолорду берүү менен
комплекстүү ой жүгүртүүсү өнүгөт.
Андан материалды окуп түшүнгөндөн кийин жооптору менен салыштыруу
керек ж.б.
Физикада кайталоо сабагында: Гитаранын сүрөтү көрсөтүлөт. Гитара
боюнча физикалык чакан аңгеме жазуу же айтып берүү керек. Ушул эле сүрөттү математикалык тил менен көркөмдөп айтып берүү үчүн окуучуларга тапшырма берилет. Гитара стандарттуу эмес фигура, ал бир нече фигуралардан куралган. Кылдары бирдей узундуктагы параллель кесиндилер, тулкусу жалпак фигуралардын биригүүсүнөн турат. Кулактарын 30, 45, 60, 90 ж.б градуска буруу менен күүнүн ыргагы жөнгө салынат ж.б. Технология сабагында: Гитаранын тулкусу, кылдары, бурамалары кандай материалдан жасалат? Эмне үчүн? Гитаранын жыгачтарын ошол формага кантип келтирет? Гитараны башка формада жасаса болобу ж.б. суроолорду берүү менен комплестүү ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзсө болот. Физикада: Телевизордун сүрөтү боюнча аңгеме түзүү. Телевизор пластмассадан, экраны айнектен жасалган катуу зат. Телевизор негизинен физикалык прибор болуп эсептелет. Антенналары металлдан жасалат. Телевизорду ток менен туташтырганда экран аркылуу жарык берилип, сүрөттөр кыймылга келет. Үн чыгат. Башкача айтканда, үн жана жарык толкундары абага тарайт. Күч аракет этүү менен ар кайсы каналдарга которобуз. Телевизор массалык маалымат каражаты болуп эсептелет. Ошондой эле телевизор физикалык кандай элементтерден, кандай бөлүктөрдөн турат билип, ал бөлүктөр, ал элементтер эмне кызмат аткарат ж.б. жазып чыкса болот. Балдарды бир сабактын чегинде чектебестен комплекстүү ой жүгүртүү, тездик менен өзгөрүлүп жаткан инновациялык прогресске даярдоо жана компетенттүүлүктөргө калыптандырууга карата айрым иш аракеттер боюнча ой жүгүртүүбүздү баяндап өттүк.
Комментарийлер