“УЯДАН ЭМНЕНИ КӨРСӨ…” БАЛДАР КЫЛМЫШЫНА АТА-ЭНЕ ЖООПКЕР
- 26.02.2026
- 0
Окуучусунан таяк жеп, ооруканага түшкөн мугалимдин окуясы коомчулукта резонанс жаратып, кызуу талкуу али басыла элек. Андан мурда окуучуну сабаган мугалимдин жүрүм-туруму коомчулукка жем таштап, эки жикке бөлүнүүгө да жетиштик. Балким, буга чейин деле ушуга окшогон фактылар болсо да көмүскөдө “кол сынса жең ичинде” калып келсе келгендир, арийне, бүгүн биз санарип доорунун биздин турмушубузга биз күткөндөн да батыл аралашуусунан улам күнүмдүк жашообуздун оң жана терс жактарын күзгүдөй көрүп калдык. Окуучуну таяктаган мугалим да, мугалимине кол көтөргөн окуучу да өз жазасын алары анык. Кеп төркүнү кайсы тараптын келтек жегенинде эмес, ошондой окуялардын эмнеден улам көбөйүп жатканы мугалимдерди, ата-энелерди жана жалпы эле коомчулукту кейиштүү ойго салып, тынчын алып келүүдө.
Эне укугунан ажыраган энелер, тагдыры талкаланган балдар
КР Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр катышкан кылмыштын саны 2025-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 11 пайызга өскөн. Анын ичинде 10 — адам өлтүрүү, 44 – ден соолукка зыян келтирүү, 869 – уурулук, 224 – тоноочулук жана 51 учурда каракчылык кылмыш жасаган өспүрүмдөр жоопко тартылган. Жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар да көңүл жубатарлык эмес. Анын ичинде 11 – адам өлтүрүү, 26 – ден соолукка залал келтирүү, 132 – зордуктоо, 395 уурулук, 140 тоноочулук жана 14 каракчылык кылмыштарын жасаган адамдар кармалган. Мектеп рэкети да жоюлуп кете элек. Билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасындагы рэкетчилик боюнча 2024-жылы сегиз факты катталса, 2025-жылы 30 факты аныкталган. Эң көп мектеп рэкети Жалал-Абад облусунда орун алган, бул облуста 17 учур катталган.

КР ИИМинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын координация жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова жаш өспүрүмдөргө байланыштуу өсүп жаткан кылмыштар милиция тарабынан профилактикалык жумуштар жүргүзүлбөй жатканын билгизбей турганын белгиледи.
— Жогоруда аталган кылмыштардын дээрлик 85 пайызы милиция тарабынан аныкталган кылмыштар болуп саналат. Эгерде, биз баары жакшы деп жаап-жашырып жүрө берсек, анда коопсуз билим берүү системасын эч качан өнүктүрүп, жаркын келечекти түзө албайбыз. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин позициясы — бардык кылмыштарды жана укук бузууларды аныктап, аларга бөгөт коюу. Жаш өспүрүм болобу же башка жаран болобу, жоопкерчилиги сөзсүз каралып, кылмыштардын жана укук бузуулардын келип чыгуу себептери тыкыр аныкталган соң, ага жараша иш-чаралар уюштурулат. Былтыр бир жыл ичинде ар түрдүү укук бузган 3 миң 851 жаш өспүрүм каттоого алынган. Балдарга карата профилактиканы күчөтүп, укук бузууларды болтурбоо үчүн социалдык бөлүмдөргө 497 материал жөнөтүлгөн. Анын ичинде, ата-энелерге чара колдонуу үчүн 1 миң 297 материал, өспүрүмдөргө карата 7 миң 200 материал жөнөтүлгөн. Натыйжада, 12 ата-эне ата-энелик укуктан ажыратылган, — дейт полковник.
Ата-энелик укуктан ажыратуу — бул жөн гана ырайымсыз чечим эмес, бул бир үй-бүлөдөгү бир нече адамдын жарык дүйнөдө тынч жашоо укугунан ажыратуу дегендик эмеспи? Тогуз ай боорунда көтөрүп жарык дүйнөгө алып келип алпештеген баласынын келечегине кайдигер караган энелер, уурулук, талап-тоноочулук, мушташты айтпай эле коелу, адамдын эң баалуу байлыгы болгон өмүрүнө кол салууга чейин барган өспүрүмдөр кайдан чыкты деген суроо бүгүн укук коргоо кызматкерлерин эле эмес, жалпы коомчулукту терметип, үй-бүлө институту деген бүтүндүк туш-тушунан сөгүлүп турат. Балдардын билимине жоопкерчиликти мектепке, мугалимге, тарбияны укук коргоо кызматкерлерине жүктөп, биз бүгүн ата-эненин, үй-бүлөнүн милдетин чектеп алган жокпузбу деген суроо туулат.
Окуучунун мугалимге кол көтөргөн кечээки окуясы соцтармактарда ачакей пикирлерди жаратып жатканы эмнеден кабар берет? Бир даары окуучунун өтө эле ээнбаш жүрүм-турумун ата-энесинин таасирдүү кызматта иштегенине байланыштырса, кай бири милиционердин уулу болсо керек, ошол үчүн жазасыз каларына ишенип жанагындай ишке барган деп болжолдошууда. Арийне, көбү кинени ата-энесине коюп жатат. Бул туура, себеп дегенде эң ириде эне-ата жооптуу.
Нуржан Адылованын айтымында, ал бала толук үй-бүлөдө өскөн жана азыркы учурда ага карата бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Ал коомдогу терс көрүнүштөрдүн баары чоңдордун коомдогу кайдигер мамилесинен улам орун алып жатканын кошумчалады.
— Эң биринчи орунда үй-бүлөдөгү тарбия турушу керек. Баланын мугалимине, болгондо да чоң атасындай болгон адамга кол көтөрүшү акылга сыйбаган жорук. Азыр бул окуя боюнча териштирүү иштер жүрүп жатат, анын жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алынат. Мыйзам баарына бирдей, укук бузган ар бир жаран жасаган кылмышына жараша жоопко тартылууга тийиш, — деди Нуржан Адылова. Ал өз сөзүндө баланын ата-энеси укук коргоо тармагында иштебей тургандыгын тастыктады.
“Дүрбөлөң баскычы”
Кийинки учурда коомдогу оң-терс көрүнүштөрдүн чагылгандай терс тарашына интернет айдыңындагы социалдык тармактардын жардамы кандай тийсе, азыркы санарип доору укук коргоо кызматкерлеринин иликтөө иштерин жүргүзүүгө ошондой эле жардам берип жатканын белгилей кетүү керек. Ички иштер министрлиги “Коопсуз өлкө” баскычына өткөндөн бери өлкө аймактарында адам жүзүн таанууга, ар түрдүү окуяларга ыкчам реакция берүүгө жардам берген беш миң даана акылдуу камера иштеп жатат. Жакынкы арада көзөмөл камераларынын саны 20 миңге жетиши күтүлүүдө. Мындан сырткары, Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 562 мектепке “Дүрбөлөң баскычы” деген аталыштагы система ишке киргизилген. Анын максаты – мектеп окуучуларына террордук кылмыштуу кол салуулар, окуучулар катышкан массалык мушташтар же дагы ушул сыяяктуу терс көрүнүштөр кокус орун алган болсо, дүрбөлөң кнопкасы басылган учурда, милициянын күзөт кызматы кыска убакыт аралыгында барып, окуяга бөгөт коет.
Былтыр январь айында Министрлер Кабинетинин жетекчилиги менчигинин түрүнө карабастан бала бакчаларга, мектептерге камераларды орнотуу тапшырмасын койгон. Бул тапшырманын негизинде жалпы республика боюнча 440 мектепке 656 көзөмөл камералары орнотулду. Камералар ИИМдин Ыкчам башкаруу борборуна туташтырылып, коопсуздукту координациялоо жумуштары күнү-түнү жүргүзүлүп турат.
Агартуу министри Д.Кендирбаева жана Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев биз жогоруда сөз кылган окуяга байланыштуу жабыркаган мугалимден кабар алганы барган учурда мектеп окуучуларынын арасындагы агрессиянын деңгээлин төмөндөтүү жана ушундай окуялардын алдын алуу максатында ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечимин кабыл алышканы, коопсуздук чараларын күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде видео байкоо системаларын кеңейтүү боюнча бир катар пландарды мерчемдешкени маалым. Мэрдин айтымында, мэрия былтыр борбор калаанын мектептеринде видео байкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөн. Адистер мына ушундай көзөмөл камераларын эл чогулган жайлардын баарына орнотуунун натыйжасында коомдук тартип бузууларды толук ооздуктоого болорун белгилешүүдө. Коомдук жайлардагы көзөмөл камераларынын жардамы аркылуу 16 миң 495 жаш өспүрүмдүн укук бузган адаттан тышкаркы адепсиз жүрүм-туруму аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилген.
Өспүрүмдөр менен иштөө кызматынын кызматкерлери окуучулар арасында орун алган ар түрдүү кемсинтүүлөр, бири-бирин мазактоолор, басмырлоолор, башкача айтканда буллинг жана кибер-буллинг фактыларын алдын алуу максатында 28 миң 353 семинар, кереге кеңеш, жолугушууларды өткөрүп, “Өспүрүм”, “Камкордук”, “Мектеп”, “Рэкетке каршы”, “Зомбулук” аталыштарындагы рейддик иш-чараларды байма-бай жүргүзүп турат.
Тилекке каршы, мындай иш-чараларга көпчүлүк ата-энелер көңүл кош мамиле жасагандыгынын кесепетинен бул иш-аракеттер ар дайым эле өз максатына жете бербейт. Мугалимдер мектепте өткөн жыйналыштарга да ата-энелер пассивдүү катышарын белгилешет. Мектеп, мугалим, окуучу звеносунун ортосундагы оркойгон ажырым балким мына ушундан улам болуп жүрбөсүн?
Уюлдук телефондун зыяны жана пайдасы
Мектеп жашындагы балдардын 98 пайызында уюлдук телефон бар. Албетте, уюлдук телефон аркылуу ата-эне балдарынын абалына көзөмөл жүргүзүп, кайда жана ким менен жүргөнүнөн кабардар болуп турат. Ошол эле учурда ата-энелер мобилдик телефондор балдарга өтө терс таасир тийгизип жатканын белгилеп, балдар интернеттеги оң жана терс көрүнүштөрдү аңдоосуз, иргөөсүз көрүп жатканына бушайман болушууда.

Бишкек шаарынын тургуну Бегимай Болотова уюлдук телефонсуз балдар тургай улуулардын да жашоосу токтоп калчудай абалга кептелерин, андыктан тыюу аркылуу эмес, пайдалуу жагын алууга басым жасоо аркылуу кырдаалдан чыгууга болорун белгилейт.
— Азыр балдардын колунан телефонду алып салуу менен маселе чечилбейт. Анын үстүнө балдар үй тапшырмаларын телефон аркылуу алып жатпайбы. Демек, таптакыр тыюу сала албаган соң, анын пайдалуу жагын издешибиз керек деп ойлойм. Мисалы, мен неберелеримдин телефондон жалаң гана пайдалуу нерселерди көрүшүн көзөмөлдөп турам. Туура, азыр али кичинекей болгондуктан аларды көзөмөлдөө жеңил. А бирок жакшы адаттарды балага кичинекейинен калыптандыруу оңой экенин эсибизден чыгарбайлы. Интернетте өтө көп маалыматтар бар эмеспи, биз чочуркабай эле ошол маалыматтарды иргеп, балдарыбыздын жаш курактарына жараша кызыктырсак болот. Мен беш жаштагы неберемдин телефондогу жол эрежелерине кызыгып жатканын байкадым да, ошол теманы көбүрөөк ачып бере баштадым. Азыр ал жол эрежелерин кыйла эле жакшы ажыратып калды. Мына ушундай жол менен баланын көңүлүн башка пайдалуу темаларга бурса болоруна көзүм жетти, — дейт.
Ырас, интернет айдыңында эмнелер гана жок, анын барактарынан издегениңдин баарын табууга болот. Балким чын эле телефондун зыян эмес, пайдалуу баскычын басып, тартип сакчылары жүргүзүп жаткан рейддерди түрдүү оюндар аркылуу кызыктырып жүргүзсөк, балдарга сиңимдүү болуп, балдардын дүйнө таанымы менен бирге таалимин да жолго салууга неге болбосун.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер