УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ  

  • 19.01.2026
  • 0

«Дагы бир адамдар бар билими мол,

Билими жалпы журтка көрсөтөт жол.

Кадырлап, сыйлуу болгун алар менен,

Азбы-көппү билимин алгының сен.

Жаман менен жакшыны билет алар,

Ак жолду ажыратып баарын табар.

 

Билими даанышмандын элге жарык,

Жарык болсо түндө да жолуң анык.

Илими андайлардын сага керек,

Ак жолуңду адашпас айтып берет».

Жусуп Баласагын “Кут алчу билим”

Кыргыз педагогика илиминин көрүнүктүү өкүлү, залкар окумуштуу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асаналиевна Асипованын шакирти болуу педагогика илиминин кудугун ийне менен казууга белсенген бардык эле изденүүчүнүн бактысына туш келген эмес. Бул жагынан алганда анын билим-тажрыйбасын, устаттык улуу жолун уланткан ар бир шакирти өзүбүздү бактылуубуз деп эсептейбиз.

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

Жаш адамдын өз турмушунда туу туткан, идеал деп эсептеген, жан бүткөнгө теӊегис, рухун тазарткан, шам чырак сымал жарыгын чачып, жылуулугун тартуулаган, барар багытын аруулаган инсаны болот тура. Көбүнчө адамзат жашоосундагы эң кымбат адамы катары келечек жашоо турмушуна жол ачып, билим-тажрыйбасын үйрөткөн, асыл максаттарды ишке ашырууга шыктандырган, ийгиликке жетелеген, кесиптик чөйрөдө саяпкердей таптаган, коомдук азан-казан жашоодо өзүн кумга сиңген суудай ордун таппай калуудан сактаган улуу мугалими, турмушта көзүн ачкан устаты эсептелет. Карт тарыхтын саргайыңкы барактарынын кайсы бүктөмүн ачып карабайлы буга мисалдар ого эле арбын. Мыкты устатка туш келген адам жашоодо абдан жолдуу болору анык. Анткени анын кийинки турмуш жолу ошого жараша аныкталары калетсиз.

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

Теӊир-Тоонун сыймыктуу кызы

Кыргыз педагогика илиминин тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылган, феноменалдуу окумуштуу, кайталангыс талант Асипова Нурбүбү Асаналиевна — Теӊир-Тоонун сыймыктуу кызы. Ал – Ата-Мекендин намысына жаралган атактуу педагог, абройлуу илимпоз, чыныгы устат, шакирттердин сыймыгы, аялзатынын эталону.

Нурбүбү Асипова 1946-жылы 3-февралда Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси көрөгөч, билимди баалаган адамдар болгондуктан, кичинесинен чыйрак өскөн, тиригарак кызынан келечегинде мыкты инсан чыгаарына тереӊ ишенип, 1956-жылы 4-класска келгенде Фрунзе шаарында жаңы ачылган №1 мектеп-интернатына орноштурушкан. Ушул мезгилден тартып Нурбүбү эже турмуштун чоң даңгыр жолуна түшкөн. Ошол жерден өзүнүн  алгачкы досторун тапкан. Алардын жакын мамилеси али күнчө уланып келет. Ал эми ошол окуучулук курактан бир класста билим алып, кийин соңу өмүрлүк жары болуп калган жан шерик жолдошу, адамгерчилик бийик сапаттарга сугарылган улуттун мыкты уулу Салморбек байке экөөнүн ортосундагы сый мамиле, тунук сезимдер ошол эле бойдон сакталып калган.

Турмушта бала кезинен жылдызы туура келип, оту күйүшкөн кыргыздын эки залкарынын 80 жаштын белесин багындырган мезгилдин мерчеминде быйыл экөөнүн мектепти аяктаганына туптуура 70 жыл толушу дагы адамзат тарыхында сейрек кездешүүчү узак жана бактылуу үй-бүлөлүк тагдырдын бар экенин күбөлөндүрөт. Себеби биз сөз кылып жаткан элибиздин эки сыймыгынын өмүр агымы 10 жашынан баштап бир дайрага бириккен.

Нурбүбү Асаналиевна менен Салморбек Асиповичти мектепте кыргыздын кеменгер  окумуштуусу, чыгаан устат Исак Бекбоев математика сабагынан окуткан. Көрсө, ошол кезде эле келечегинде мугалимдик кесипти тандап, педагогика тармагынын дыңын бузган изилдөөчүнүн сапарын алууга улуу устаттан бала кезинен туура багыт алган экен.

Кичине кезинен өз алдынчалыкка тарбияланган Нурбүбү Асаналиевна, үйдүн улуусу катары кичүү бир туугандарын да бутунан тургузуу милдетин өз мойнуна алып, жаштайынан түйшүкчүл болуп чоңойгон. Ушул шарттар аны кийинки тагдырында жалпынын жүгүн көтөрө  билген жоопкерчиликтүүлүккө, максатка жетүүдөгү өжөрлүккө, тырышчаактыкка, тыкандыкка, сарамжалдуулукка, баарына жетише билген убакытка болгон сараңдыкка, камкорчулдукка калыптандырса керек.

Кыргыздын лидер аялзаты

Нурбүбү эженин балалык курагынан  дегдеп, эңсеп сүйгөн кесиби — мугалим болуу эле. Болгондо да чет тили мугалими болуу. Дал ушул асыл максаттар менен мектеп-интернатын аяктаган соң, 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) чет тилдер факультетине келип тапшырган. Жаштайынан тил үйрөнүүгө өтө шыктуу, сезимтал, зээндүү студент 1969-жылы университетти дагы эң мыкты деген баалар менен аяктап, көксөгөн тилегине жетүү максатында алгачкы эмгек жолун окуу жайдын жолдомосу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын №4 орто мектебине чет тили мугалими болуу менен баштайт. Мектеп босогосун аттаган күндөн тарта окуучуларынын сүймөнчүлүгүнө татыган эжейге айланат. Барган сайын аны иштеп жаткан кесиби ого бетер арбап, балдарга болгон педагогдук сезими күч ала берет.

Бирок үй-бүлөлүк турмуш-шартка байланыштуу арадан бир жарым жыл өткөн соң борбор калаага кайтууга туура келет. Нурбүбү эжейдин кесиптик сапарындагы экинчи жашоосу мына ушул жерден башталат. Шаарга келген соң, ал өзү билим алган Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасына кирип, мугалимдик кесибин эми изилдөөчүлүк чыгармачылык эмгек менен айкалыштырууну чечет. Чындыгында мугалимдик түйшүктүү кесип чыгармачылык эмгек менен коштолушу керектигин астыртан сезген, жаштайынан кыраакы педагог илим жолунда да кыргыз билим берүүсүндөгү алгачкы окумуштуу кыздардын катарында өзүн татыктуу алып кете алды. Ушундан тарта улуу устаттары катары кыргыз педагогика илиминин чолпон жылдыздары А.Э.Измайлов, М.Р.Балтабаев, А.Я.Арет, Г.Т.Токтаров, И.Б.Бекбоев, И.С.Гершун ж.б. мектебинен таалим алып, изденүүчүлөрдүн чөйрөсүнө аралашкан жаш илимпоз өзүнүн чыныгы устаты, бир туугандан артык эжеси, санаалашы, кыйналса камкору, өйдө болсо өбөгү, ылдый болсо жөлөгү, акылчысы, кеңешчиси болгон кыргыз педагогикасынын Курманжан даткасы Нуриля Имаевага жолугат. «Эжени көрүп, сиӊди өсөт» демекчи, илимий жетекчиси Нуриля Имаевнадан кайраттуулукка, бекемдикке, чечкиндүүлүккө, чапчаңдыкка, өжөрлүккө, жалпыны алып кете алган лидерликке үйрөнөт.

1976-1979-жылдары Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун алдындагы күндүзгү аспирантурада окуп, аны 1980-жылы аяктаган соӊ, профессор Нуриля Имаевнанын жетекчилиги астында «Взаимосвязь интернационального и нравственного воспитания в школах с несколькими языками обучения» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Демек, жаш окумуштуунун келечегинен көптү үмүттөндүрөрү ошол кезде эле ириде адамды туура калыптандыруу, ага татыктуу тарбия берүү маселесин илимий өӊүттө изилдөөдөн баштагандыгынан эле көрүнөт. Илимий ишинде негизги жыйынтык катары интернационализм жөнүндөгү “Бүткүл дүйнөнүн пролетариаттары бириккиле” деген калыптанып калган лозунгдун, таптык интернационализмдин ордуна ар улуттун өкүлдөрүнүн арасындагы өз ара адамгерчилик мамиле, кызматташтык, түшүнүүчүлүк, сый-урмат, кайрымдуулук сыяктуу жалпы адамзаттык, адеп-ахлактык баалуулуктарга ширелишкен эл достугун тарбиялоо керектиги тууралуу көз карашты алып чыккан.

Ал эми 1998-жылы Казакстан Республикасынын Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинен 13.00.01 — жалпы педагогика, педагогиканын теориясы жана тарыхы адистиги боюнча «Научно-педагогические основы формирования культуры межнационального общения школьников» аттуу докторлук диссертациясын чет элдик окумуштуулардын зор кызыгуусу жана колдоосу менен ийгиликтүү коргогон. Себеби маселени тереңинен көрө билген, дасыккан окумуштуу өз изилдөөсүндө КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп улуттар аралык баарлашуу маданиятын калыптандырууда ар бир өсүп келе жаткан инсанды өз улутунун маданий өзгөчөлүктөрүн алып жүрүүчү субъект катары кароо аркылуу ар улуттун өкүлдөрү ортосундагы бири бирине карата терең сый мамилелерди жалгаштырууну жалпы адамзаттык жана этникалык баалуулук катары кабыл алуунун илимий-теориялык негиздерин аныктап, маданияттаануучулук парадигмага негизделген педагогикалык шарттарын иштеп чыккан.

Натыйжада окумуштуу тарабынан жүргүзгөн изилдөөлөр өзүнүн социалдык жактан актуалдуулугу, илимий фундаменталдуулугу, методологиялык оригиналдуулугу менен айырмаланып, барган сайын дүйнөлүк педагогикада изилдөөчүлөр арасында өз маанисин арттырууда. Себеби Н.А.Асипованын илимий тыянактары бүгүнкү ааламдашуу дооруна мүнөздүү көп улуттуулук, көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук шартында келечек муундун адеп-ахлактык түшүнүктөрүн улуттук маданий иденттүлүктүн алкагында калыптандыруу маселелерин чечүүгө багытталган.

“Изденген ийгилик жаратат” демекчи, Нурбүбү Асипова чарчап-чаалыкпастан,  дамаамат чыгармачылык менен айкалышкан кумурскадай талыкпаган эмгектин натыйжасында илимдин бийик чокуларын багындырып, 1999-жылы педагогика илими боюнча профессор илимий наамын алса, 2000-жылы Москвадагы Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, академик наамына ээ болгон.

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

(Мугалимдер күнү. Ж. Баласагын атындагы КУУ, 2025)

 Окумуштуунун педагогдук тагдыры

“Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, окумуштуунун педагогдук өмүрүнүн дээрлик бардык бөлүгү өзү окуган куттуу билим бешиги — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен байланыштуу. Башта белгиленгендей, ал аталган окуу жайдын жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында эмгек жолун адегенде лаборанттыктан баштап (1971-1973), андан кийин ассистент, мугалим (1973-1981); 1981-1989-жылдары доценттин милдетин аткаруучу; 1989-1998-жылдары доцент; 1998-жылдан бүгүнкү күнгө чейин профессор катары эмгектенүүдө.

Нурбүбү эже өзү окумуштуу катары жетилген бул кафедрада далай жылдары жетекчилик кызматты да аркалаган. Ал жетекчилик кылган жылдары кафедранын жалпы деӊгээли бир кыйла көтөрүлүп, көптөгөн илимий долбоорлор менен иш алып баруу да жолго коюлган. 1996-жылы биринчи жолу Кыргызстандагы окуу жайлардын тарыхында анын демилгеси жана жеке салымы менен кафедра «Жогорку мектептин педагогикасы» деген аталышка өтүп, өзүнүн статусун жогорулаткан. Ошол мезгилдерден тартып аталган кафедра жогорку билим берүү системасындагы бирден-бир жетектөөчү кафедралардын башкы сабында турат. Бүгүнкү күндөгү педагог-окумуштуулардын көпчүлүгү ушул кафедрада илимпоз-окумуштуу катары калыптанышкан. Мына ушундай өз иштеген жерин гүлдөй асырап турган чакта, көптөгөн талапкердин ичинен жалгыз Нурбүбү эженин педагогдук ишмердиги жактырылгандыктан, атайын чакыруу менен 2001-жылдан тартып 2016-жылга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы илимий педагогикалык деӊгээлин көтөрүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү миссиясы менен педагогика бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалып, бул окуу жайда дагы көрүнүктүү көзгө басар жетекчи-окумуштуу катары 15 жыл эмгектенип келген.

Нурбүбү Асаналиевна — “Ж. Баласагын атындагы КУУнун эң мыкты лектору» ардактуу наамынын ээси. Учурда ал Улуттук университетте ири окумуштуу, ардактуу профессор катары студенттерге «Жалпы педагогика», “Жогорку мектептин педагогикасынын негиздери”, «Билим философиясы жана тарыхы», «Социалдык тарбия», «Өнүгүү жана окутуу» ж.б. дисциплиналар боюнча лекция жана семинардык сабактарды өтүү менен магистранттардын илимий иштерине жетекчилик кылат.

Эже менен бир катар окуу жайларда дээрлик жаштайынан чогуу иштешип келген кесиптеши катары кыргыз этнопедагогикасын калыпка салган, таалим-тарбия илиминин белгилүү өкүлү, профессор Aкматали Алимбеков: “Нурбүбү Асаналиевна жөн эле окумуштуу педагог эмес, сөздүн кеңири маанисиндеги интеллектуалдык маданияты жогору инсан. Ал педагогикалык иште болобу, илимде болобу – моралдык жоопкерчиликти жогору койгон, ички эркиндикке ээ, маданиятка кызмат кылган, диалогго жана сынчыл ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, социалдык милдетин биринчи орунга койгон инсан. Ал кулк мүнөзүндө ушундай сапаттарды ыраатуу өнүктүрүп олтуруп,  өзүнөн аялзатынан чыккан   чыгаан  илимпоз педагог,  инсан идеалынын образын жарата алды. Нурбүбү Асаналиевна студентттерге жөн эле билим берген окутуучу эмес, алардын руханий дүйнөсүн, инсандык сапаттарын, шаардык же айылдык чөйрөсүнө карабай өзүнө болгон ишенимин жогорулаткан, өз элинин маданиятын дүйнөлүк маданияттын өрнөк үлгүлөрү менен  жуурулуштуруп, балдарды билим жана маданият чөйрөсүнө баштоочу “гид”,  устат” – деп, улуу педагогокумуштуу тууралуу өзүнүн терең баасын берген.  

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

 (Кафедра мүчөлөрү менен)

 Илимдеги изги жол

Нурбүбү Асипова өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн коомдук иштер менен да ийгиликтүү айкалыштыра билген инсан. Ал 2002-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча диссертациялык кеӊештин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулар кеӊешинин, илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү болуу менен бирге өлкөдөгү илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн абалын талдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы Билим берүү  жана илим, азыркы  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин эксперти болуп болуп саналат. Илимий-педагогикалык милдеттерди чечүүдө окумуштууга тереӊ компетенттүүлүк жана чыгармачылык мамиле, ар бир жаӊы ишти баштоого карата чечкиндүүлүк, демилгечилдик жана аны аягына чейин так аткарууга болгон чоӊ жоопкерчилик сыяктуу сапаттар мүнөздүү.

Нурбүбү Асаналиевнанын илимге арнаган өмүр жолун кыргыз педагогикасынын көрүнүктүү өкүлү, залкар окумуштуу Назаркул Ишекеев “илимдеги парасаттуу тагдыр” деп атап, өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө билим берүү менен тарбиялоонун төрт парадигмасын жетекчиликке алып келе жаткандыгын мындайча белгилейт: “1) билим берүүнүн, тарбиялоонун максат-маанисин так жана даана айкындай билет; 2) билим берүүнүн мазмунун фундаменталдуу негизде уюштурууга ар дайым жана тынымсыз маани берет; 3) билим берүүнүн методикасы менен технологиясы инновациялык дөөлөткө, касиетке ээ болуп турушуна үзгүлтүксүз жана дамамат умтулат; 4) билим берүүнүн натыйжасын баалоодо академиялык чынчылдык үстөмдүк кылып турушун пир тутат. Дал ушул уңгулуу педагогикалык өрнөктөр эженин профессордук бейнеси менен портретин аныктап турат”, — деп сыпаттайт. Анын баамында, берген баасында “Н.А. Асипова — Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун, маданиятынын, экономикасынын, билим берүүсүнүн өткөнүнүн, бүгүнкү күнүнүн жана келечегинин көйгөйлөрүн окумуштуу катары аналитикалык талдоого алып, ишенимдүү, кынтыксыз аргументтер менен эркин ой чайкаган кыргыздын көрүнүктүү кыздарынын бири”.

Агартуу ааламынын Айчүрөгү атанган, илимде Нурбүбү Асаналиевнаны үлгү туткан, педагог-окумуштуу А.Т.Калдыбаева эженин илимдеги изги жолун мындайча корутундулайт: “Есть люди, чья жизнь становится частью истории – не только личной, но и истории целой отрасли, поколения, страны. К таким личностям относится доктор педагогических наук, профессор Нурбубу Асаналиевна Асипова – женщина, которая посвятила всю свою жизнь служению образованию, педагогической науке и формированию нового поколения исследователей и педагогов. Путь Асиповой в науке – это путь постоянного труда, самосовершенствования и подвижничества. Педагогика стала её жизненным стержнем, делом, которому она была верна без остатка. Ырасында эле, эмгекчилдиктин, изденүүчүлүктүн, максатка жетүүдө өжөрлүктүн символу болгон, билим жана илимди пир тутуп, ага жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген зор кызыгуусу, берилгендик сезими аркылуу баш-оту менен киришкен Нурбүбү эже тууралуу айтылган бул ойго “адамды тарбиялоо” илими менен алектенген ар бир окумуштуу кошулат.

Белсенген ашат белести  

Бүгүнкү күндө Нурбүбү Асаналиевна Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө педагогика багытындагы белгилүү адис, белдүү окумуштуу.

Илимий-теориялык жана практикалык бай тажрыйбанын ашташкан жеринен келип чыккан изилдөөлөрдүн натыйжалары профессор Н.А.Асипованын 260тан ашык илимий-методикалык эмгектеринде, монографияларында жана окуу китептеринде чагылдырылган. Алардын арасынан: “Мектеп окуучуларынын этностор аралык маданиятын калыптандыруунун илимий-теориялык негиздери” (1994); “Социалдык тарбия” (2004); “Билим философиясы жана тарыхы” (2010); “Маданияттар аралык коммуникация жана көп маданияттуу билим берүү” (2015); “Студенттик жаштарды тарбиялоонун жана окутуунун актуалдуу көйгөйлөрү” (2016-жыл); “Заманбап билим берүү парадигмалары” (2019); “Көп маданияттуу билим берүү” (2022); “Педагогикалык психология” (2023); “Окутуу жана өнүгүү” (2024), “Кыргызстандагы коомдук жана гуманитардык илимдердин абалы жана өнүгүүсү” (2025) ж.б. окуу китептерин жана окуу куралдарын, SCOPUS басылмаларындагы 15тен ашык, РИНЦке кирген көптөгөн макалаларын белгилөөгө болот.

Н.А.Асипованын эмгектери атамекендик жана чет элдик көрүнүктүү окумуштуулар менен жаш изилдөөчүлөр арасында чоң кызыгууну жаратып келгендиги, анын эмгектерине методологиялык таяныч катары көп кайрылып, өз изилдөөлөрүндө аларга берилген шилтемелерден ачык көрүнүп, эженин окумуштуулук рейтингинин бийик экендигин тастыктап турат. Учурда окумуштуунун Н-индекси 10ду түзөт.

“Белсенген ашат белести” демекчи, Нурбүбү Асаналиевна өзүнүн көп жылдык талыкпаган, үзүрлүү эмгеги үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (1987), КРнын эл агартуусунун отличниги (1989), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси (2019); Кыргызстан педагогдор коомунун “Педагогиканын каарманы» ардак наамы (2020-жыл), илим жана билим чөйрөсүндөгү көп жылдык эмгеги үчүн КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2020-жыл), КРнын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (2021-ж.), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер ардак наамы (2022) менен сыйланган.

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

(Диссертациялык кеңеш)

Кыргыз педагогикасын дүйнөгө тааныткан окумуштуу-педагог

«Канча тил билсеӊ, ошончо  жолу инсансыӊ» демекчи, улуттук жана расмий тилдерди эсепке албаганда да англис, түрк тилдерин мыкты билүү менен төрт тилде илимий көз карашын таамай чагылдыра алган окумуштуу, дүйнөлүк аренада чоӊ кызыкчылыкты жаратуу менен 1997-жылы АЙРЕКС программасынын грантын утуп алып, АКШнын Индиана университетинде конок окутуучу катары чакырылып, иштеп келген.

2007-жылдын мартынан 2009-жылдын аягына чейин НАТОнун гуманитардык өнүгүү программасы  боюнча КМШ өлкөлөрү боюнча көз карандысыз эксперт катары тандалып алынып, серепчилик милдет аткарган. 2012-жылы АКШ тарабынан негизделген эл аралык Фулбрайт программасынын грантынын жеңүүчүсү катары Американын Огайо штатындагы Кент Стейт университетинде тогуз ай изилдөөчү окумуштуу катары эмгек өтөгөн. Мунун өзү профессор Н.А.Асипованын дүйнөлүк деңгээлдеги профессионал адис экендигинен кабар берет.

Чет өлкөлөргө барып иштөө, алардын тажрыйбасын үйрөнүү, чет элдик окумуштуулар менен жолугушуу, баарлашуулар Нурбүбү Асаналиевнанын билимин, тажрыйбасын байытууга жол ачты. Жаңычыл педагогдун чет мамлекеттерден алган тажрыйбасы учурдун талабына ылайык болгон Болонья процессине кирүүгө, жогорку билим берүү системасынын педагогика багытында көп баскычтуу бакалавр, магистратура, докторантура программаларын иштеп чыгууга илимий-практикалык өбөлгө түздү.

Окумуштуунун эмгектери Россия, АКШ, Канада, Польша, Түркия, Казакстан сыяктуу ж.б. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Анын илимпоз катары кыраакылыгы өзгөчө белгилеп көрсөтүүгө арзыйт. Анткени ал өзү изилдеген маселелердин өзөгүн көрүү менен анын өнүгүү тенденциясын аныктай билет. Ошол эле мезгилде илимий чыгармачылыгын бир нече тилде бирдей алып бара алган артыкчылыкка ээ.

Профессор Н.А.Асипова түзгөн илимий мектеп

“Адам өмүрүнүн чыныгы баалуулугу анын артында калтырган изи менен өлчөнөт. Коомго билим, илим, акылмандык жана руханий дөөлөт тартуулаган инсан улуу мурас калтырат. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асаналиевна Асипова мына ушундай залкар инсан. Ал акылмандыктын, руханий гармониянын жана устаттык мээримдин булагы. Анын жарык жолу келечек муундарга дем берип, кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө дагы узак жылдар бою багыт көрсөтө берет”  деп, залкар педагог-окумуштуу Абакир Мамытов белгилегендей, Н.А.Асипова Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары мамлекеттерде кеңири таанылган жана белгилүү окумуштуу, илимий мектептин жетекчиси болуп саналат. Ал өзүнүн 55 жылдан ашык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө республикада кеңири таанылган академиялык мектепти түзө алды. Окумуштуунун педагогика илимине кошуп келе жаткан салымын эске алып, 2025-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда “Профессор Н.А. Асипованын илимий мектеби” расмий түрдө ачылган. Ал педагогика илимдеринин 3 докторун (Г.Т. Карабалаева, Р.Т. Сулайманова, М.А.Сатыбекова), 30 кандидатын жана бир канча PhD докторлорун даярдап чыгарды. Учурда алар Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Н.А.Асипованын эмгектери гуманитардык жана студентке багытталган билим берүүнүн ар кандай аспектилерин, педагогикалык маселелерди изилдөөдөгү жаңы парадигмаларды, жаңы муундагы мугалимдерди даярдоону, заманбап технологиялык талаптарга жооп бере турган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоого арналган. Ал жалпы педагогика, билим берүүнүн теориясы жана тарыхы боюнча жогорку квалификациялуу эксперт катары 60тан ашык кандидаттык жана доктордук диссертациялардын расмий оппоненти, эксперти жана рецензенти катары көптөгөн жаш окумуштуулардын тушоосун кести. Учурда Н.А.Асипованын илимий мектеби өзүнүн өнүгүү жолунда республиканын билим берүү уюмдары, мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен тыгыз байланышта болуп, башка өлкөлөрдүн окумуштуулары менен кызматташтыкты үзбөй келет.

Профессор Н.А.Асипованын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү анын илимий мектептин негиздөөчүсү катары чет мамлекеттерде кеңири таанылган. Мунун анык мисалы катары ага 2015-жылдын 10-ноябрында Россиянын Табигый илимдер академиясынын (РАЕН) чечими менен «Илимий мектептин негиздөөчүсү» наамынын ыйгарылгандыгын айтууга болот.

Профессор Н.А.Асипова ар кандай илимий-практикалык долбоорлорго да жигердүү катышып келет. Алардын ичинен эң маанилүүсү катары батыш моделинин үлгүсүндө педагогика илимдери боюнча PhD докторлорун даярдоонун илимий-методикалык негиздеринин иштелип чыгышын белгилөөгө болот. Долбоордун жыйынтыгы менен педагогика илимдери боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде PhD докторлор даярдала баштады. Натыйжада 2024-жылы Кытай Эл Республикасынан келген сегиз PhD докторант диссертациялык иштерин жакташты. Учурда бул программада Кытай, Казакстан жана Кыргызстандан 60 докторант билим алышууда.

Иш дегенде ичкен ашын таштай жүгүргөн, кыргыз үчүн, анын билим берүүсүнүн, илиминин өнүгүшү үчүн өмүрүн арнаган, кара жанын карч уруп, маңдай тер төгүп, түйшүк тарткан, элибиздин намыска бек, сыймыктуу, мекенчил кызы Нурбүбү эженин дал мына ушундай талыкпаган эмгегин, илим жолундагы устаттык беделин, көрөгөчтүгүн  бийик баалаган кесиптештеринин бири Э.Лайлиева төмөнкү ойду берет: Нурбубу Асипова — личность, которая посвятила подготовке достойных учеников, продолжателей своей научной школы всю свою профессиональную деятельность.  Эже, несмотря на годы, очень востребована как педагог, как руководитель научной школы, как ученый. Нурбубу Асаналиевна относится к плеяде национальной интеллигенции, которая совершила цивилизационный скачок от маленькой айылдык кыз до крупного ученого, признанного в Центральной Азии, при этом сохранив традиции и обычаи своего народа. Это дорогого стоит!

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

(Илимий мектепке келген коноктор, шакирттер)

Адамдык аруулукту туу туткан өтөлгөлүү өмүр

Нурбүбү Асипованы башкалардан өзгөчө айырмалап турган сапаты — бул анын адамга тиешелүү бардык ийгиликтерге жетише билгендиги. “Ийгиликке жеткиң келсе, деңиздеги сууга эмес, мээнетиңден аккан терге чөмүл” деген сөз бар. Анын сыңарындай,  эженин өз өлкөсүнүнүн илим жана билим берүү тармагына арнаган талыкпаган эмгеги менен жетишкен ийгиликтери жалпы кыргыз жаштарын туура жолго багыттап, “саргара жортсоң, кызара бөртө” турганыңдан кабар берет. Дал ушул сапаттары менен  ал коомдо, жумушта, илимде, замандаштарын, шакирттеринин арасында үлгү тутарлык инсан.

«Өз өмүрүӊдү сүйсөӊ убакытыӊды бош өткөрбө, себеби убакыт өмүрдүн так өзү» деген даанышман ой корутундунун негизинде Нурбүбү Асаналиевна убакытка өтө сараӊдык менен мамиле кылат. Ал кайсы иш болбосун, кандай учур келбесин милдетти аркалоодо, алдыга койгон максатты ишке ашырууда башкалардан мурда алгач өзүнүн алдына талапты катуу кое билген адам. Алдына койгон турмуштук туура позициясынын негизинде ушул сапаттары анын шакирттерине чоӊ үлгү. Себеби ал курулай акыл, кеӊеш менен эмес, өз аракети, тажрыйбасы аркылуу турмушка туура багыт берип келет. Эӊ негизгиси, максатка умтулууда адам алгач өз күчүнө гана ишениши керек деген пикирди ар бир аракети аркылуу бекемдейт.

Нурбүбү эже шакирттерин окуучусу катары эле эмес, өз баласындай көрөт. Алар ийгилик жаратса көңүлү толкуп сүйүнөт, жабыркап турса жүрөгү менен күйүнөт… бирок ар дайым аны колдоп, эч качан кароосуз калтырбайт. Өзү кыйналышы, чайналышы мүмкүн, бирок шакирти үчүн кандай кыйынчылыктар болсо да, аска-зоодой тирек болуп туруп берет. Ал ошонусу менен күчтүү, ошонусу менен асыл, ошонусу менен бийик. Эженин ар бир шакирти ага башкаларына караганда жакын болгусу келет. Антсе да, устаттык жолундагы алгачкы шакирттери катары бизди өзгөчө жакын сезет деп түшүнөм, тагыраагы, жеке менин өзүмө карата эженин мамилеси ушундай сезилет. Мен эженин колдоосун, мага карата түйшөлүүсүн, чыныгы энелик мээримин ийгиликтүү иштеримде да, кыйналган учурларымда да жүрөгүм менен сезе алдым.  Нуска сөзү, насаат кеби гана эмес, АПАлык караанынан дем-күч алдым. Анын бийик адамгерчилигинен, сыртынан караганда кол жеткис көрүнгөнү менен ички жан дүйнөсүндө турмуш сабактарын жакшы түшүнгөн жөнөкөй мүнөзүнөн ак менен караны, жакшылык менен жамандыкты, оң менен терсти, ачуу менен таттууну, ийгилик менен көрө албастыкты, адамдарды бири-биринен ажыратууну үйрөндүм. Мен эжеден “Адегенде адам бол, андан кийин адис бол” деген педагогикалык философияны кабылдадым.

Улуу устат катары ушунусу менен ал менин жүрөгүмдүн төрүнөн орун алды. Мен ЭЖЕге өмүр бою ыраазымын жана карызмын. Башкаларды баса белгилеп  айтпаганда да, эженин жеке мен үчүн жасаган эмгегине баа жеткис. Мына ушундай түйшүк менен ал ар бирибизди бутубузга тургузду, турмуштан туура жана татыктуу орун таап берди, илим жолуна салды. Анткени ал адамдын дараметин астыртан байкап, Толубай сынчы сымал, көрөгөчтүк менен идиреги бар шакиртине ишеним артат, аны алдыга сүрөп, ийгиликти жаратууда ыкчам кыймылдаганга дымак берет, өзүнө ишенбестик,  камырабастык  сезимдерди түп-тамыры менен жоюп, жакшы иштерди жаратууга канат байлатат.

Мугалим окуучуга билим, тарбия берүү менен эле чектелбестен, аны турмуш жолуна туура багытташ үчүн сөзсүз түрдө ага өзүнүн бүтүндөй өткөргөн өмүрү менен өрнөк боло алышы керек деген ойду айткым келет. Дал мына ошол өрнөктүү өмүр менин ардактуу устатым, аздектеп барктаган инсаным, улуу мугалимим Асипова Нурбүбү Асаналиевнага таандык.   

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

(Шакирттер менен илимий мектептин ачылышында)

Бир коломтодон бүтүндөй бир коомдун отун тутанткан кош жылдыз

Азыркы кыргыз педагогикасынын атасы, алдыга салса ак жолтой, аркада жүрсө сан колдой болгон улут даанышманы, улуу устат Эсенбек Мамбетакунов белгилегендей: “Салморбек менен Нурбүбү бири-бирине төп келишкен, бири-бирин сыйлап-урматтаган, замандын талабын эрте түшүнүп, коюлган максатты ишке ашырууда бири-бирине арка-бел, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон үлгүлүү жубайлар. Адилеттүүлүктүн маңызын туура түшүнгөн адам гана адилеттүү боло алат, адамгерчиликтин күчү менен гана адамгерчиликтүү боло алат”, — деп полк башкаруучу Советтер Союзунун баатыры Бауржан Момуш уулу айткандай, Нурбүбү Асаналиевна менен Салморбек Асипович чыныгы адамгерчиликтүү жана  адилет адамдар”.

Үлгүлүү жубайлардын адамгерчилиги, үй-бүлөлүк гармонияда жуурулушкан жылуулугу менен жарыгы бири-бирин гана эмес, бир тууганды, досторду, жакындарын бакытка балкытып, аларды бооруна кысып, өз кучагында сактап, аярлап кастарлаганы астейдил аракеттеринен сезилип турат. Турмуш кемесинде бир багытты көздөп, бир бүтүндүккө айланган сапарлаштардын ушул жашоо тагдыры башкалар үчүн өрнөк.

“В человеке должно быть все красиво, и лицо, и одежда, и душа, и мысли” – деп,  орустун улуу жазуучусу А.П.Чехов айткандай, биз сыймык менен сөз кылып жаткан Устатыбыздын жашоосу бардык жерде жипке тизген шурудай кооз, иреттүү жана көркөм. Ушул татынакай турмушту өмүрлүк жолдошу Салморбек байке экөөлөп түзүп алган.

Өрнөктүү өмүр тарыхын өздөрүнүн талбас эмгеги, аракети, кайрат-күчү аркылуу өздөрү жазган инсандар. Алар мээримин төгүп чоӊойткон эки кыз, бир уулу да турмушта өздөрүнүн татыктуу ордун табышкан. Бүгүн үйдүн куту, жароокер жар, мээримдүү эне, чоң эне, тайэне Нурбүбү эже өмүрлүк жолдошу экөө 7 небере, 3 чөбөрүнүн кубанычына бөлөнүп, турмушка талпынтып жаткан учуру.

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

 (Өмүрлүк жолдошу Салморбек байке, уул-келини менен)

 Нурбүбү Асипованы жашоосунда устат туткан инсандар

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, п.и.д., профессор Сартбекова Нуржан Коодоевна: Улуу муун менен жаштардын көпүрөсү профессор Н.А. Асипова — бир нече муун окумуштууларды жана педагогдорду бириктирген интеллигент жана акылман инсан. Анын кеңешин угуу ар ким үчүн сабак, сүйлөшүү — рухий жоопкерчиликке чакыруу. Профессор Н.А.Асипованын өмүр жолу менен чыгармачыл ишмердүүлүгү мен үчүн, жана илимге, билимге умтулган ар бир адам үчүн, терең таасирдүү сабак болуп саналат. Анын өмүрү — педагогикалык чынчылдык менен кесиптик берилгендиктин жандуу үлгүсү. Ал ар бир ишинде жоопкерчиликти, тактыкты жана адамга болгон терең урматты айкалыштырып келет. Мен үчүн Нурбүбү Асаналиевна — педагогиканын илимий мектебин гана эмес, адамдык бийиктик менен кесиптик адептин мектебин да жараткан чыгаан устат, жогорку маданияттын, жөнөкөйлүктүн жана илимий тактыктын үлгүсү. Анын акылмандыгы менен жөнөкөйлүгү кесиптештерине жол көрсөткөн маяк сыяктуу”.

Декан факультета педагогического образования Бишкекского государственного университета имени Кусеина Карасаева, доктор педагогических наук, профессор Мураталиева Мира Алымбековна: “Есть люди, чьё имя становится больше, чем имя. Оно превращается в эпоху, в школу, в меру профессиональной и человеческой высоты.
Таким именем для педагогической науки Кыргызстана стало имя
Нурбубу Асаналиевны Асиповой. Ее жизненный путь — это путь служения. Служения науке, университету, студентам, идее воспитания личности, где знание неотделимо от нравственности, а педагогика — от культуры сердца. Она сумела соединить строгость научной мысли с подлинной человечностью, принципиальность учёного — с мудростью наставника, а личную скромность — с масштабом научного влияния. Для многих поколений учеников она стала точкой опоры и ориентиром того, каким должен быть настоящий педагог и исследователь. Созданная ею научная школа — это живое продолжение ее личности. В трудах учеников, в их профессиональной честности и уважении к науке продолжается ее педагогическая философия. 

Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору, Колдошев Мисирали: Илим жаатында болобу, инсан катары да, айтор, эжей жаш чактан тарта дайыма калыбынан, сынынан жазбай келе жаткандай туюлат мага. Кыйла жылдан бери эжейди сыртынан байкап, өзүмө өрнөк, медер тутуп келем. Нурбүбү Асаналиевнадагы бийик илимий көрөңгө менен асыл адамдык касиеттин гармониялуу айкалышканы, асыресе педагогика багытында илим жасоого белсендерге, илимий ишмердүүлүктү аркалагандар үчүн үлкөн үлгү боло беришине менин ишенимим чоң”.

Педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Айдарова Мисилимкан Довлатовна: Асипова Нурбүбү Асаналиевнанын кесиптик жолу ырааттуулук, максатка умтулуучулук жана илимий маданияттын жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт. Ал илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүктү ийгиликтүү айкалыштырган окумуштуунун үлгүсү катары кийинки муундарга калтырылуучу мурас десек туура болот.  

Шакирттердин ой толгоолору

Чыгыш даанышманы Улукбектин “Адамзат үч нерсеге: жашоо берген ЭНЕге, жарык берген КҮНгө, билим-тарбия берген МУГАЛИМге карыз” деген таасын ойлорундай, бул жагынан алганда, биз, залкар окумуштуу-педагог Асипова Нурбүбү Асаналиевнанын шакирттери усатыбызга түбөлүктүү карыздарбыз… Нурбүбү Асаналиевнан алгачкы аспиранты, алгачкы докторанты, илим жолунда окуучуларынын көч башы, илимий мектептин тун кызы  Гульмира Карабалаеванын сөзү менен айтканда: “Жизненный путь Нурбүбү Асиповой — пример стойкости, преданности делу и постоянного стремления к знаниям.  Я горжусь тем, что именно она стала моим научным руководителем. Ее личность — это пример трудолюбия, справедливости, дисциплины и искренней заботы о людях.  Благодарю ее за пример искренней преданности своему делу, за любовь к педагогике и науке. Пусть ее мудрость и дальше вдохновляют новых ученых и педагогов, а ее добросердечность и тепло продолжают служить опорой для всех, кто ее знает». Ооба дал ошондой. Ар бир шакирти ушул ойдо.

Устатын даңазалап, ага өз ыраазычылыгын, ички сезимдерин билдирген шакирттердин катары калың. Төмөндө алардын айрымдарынын пикирлерине токтолобуз:

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Майрам Сатыбекова: Асипова Нурбүбү Асаналиевна менин гана эмес, көптөгөн шакирттердин жүрөгүндө өчпөс из калтырган улуу инсан. Ар бир шакирти үчүн ал жөн гана мугалим эмес — тагдыр жолунда жол көрсөтүүчү чыныгы устат, адамдык жылуулугу менен жан дүйнөнү жубаткан, акыл-насааты менен жашоонун маңызын түшүндүргөн акылман аял. Анын ар бир айткан сөзүндө терең маани, ар бир ишинде берилгендик жана ар бир кадамында улуулук бар. Устаттын өмүр жолу — чыныгы эмгектин, ак ниеттик менен берилгендиктин, билимге жана элге кызмат кылуунун үлгүсү.

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Адылбек кызы Гулназ: “Нурбубу Асаналиевна илимий салттардын негиздөөчүсү жана сактоочусу, педагогикалык кесипте чыныгы кызматтын үлгүсү. Ал өмүрүн илимге, билимге жана жаш муундарды тарбиялоого арнаган, жогорку кесипкөйлүгү, акылмандыгы жана адамгерчилиги менен терең сый-урматка ээ болгон улуу устат. Анын илимий жетекчи катары көрсөткөн камкордугу, сабырдуулугу жана терең билими биз үчүн баа жеткис байлык болуп саналат. Биз үчүн ал мыкты окумуштуу-педагог гана эмес, ошондой эле илимий изилдөөнүн татаал жолунда шыктандыруу, колдоо жана жетектөө үчүн сейрек белеги бар акылдуу насаатчы. Анын эмгеги, педагогикалык маданияты, бийик адеп-ахлактык позициясы, адамгерчилиги,  биз үчүн кесиптик жана инсандык калыптануунун өрнөгү жана үлгүсү.

Кыргыз Республикасынын Агартууу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, улуттук тренер Кенжеке Эсеналиева: “Нурбүбү Асаналиевна — мээримдүү насаатчы, учурдун талабына ылыйык, актуалдуу билимдин, илимдин булагынын көзүн ачууга жана компетенттүүлүктѳрдү калыптандырууга багыттаган, жогорку педагогикалык чеберчиликтеги күжүрмѳн эмгеги тажрыйбасы менен белгилүү фасилитатор, сырдаш, эже-сиңди, кадырлуу кесиптеш, үлгүлүү инсан”.

Заслуженный работник образования Кыргызской Республики, кандидат педагогических наук, доцент Челпакова Сабийра Мусилимовна: “Школа Н.А. Асиповой – это школа мысли, культуры диалога, уважения к личности и веры в созидательную силу образования. Она щедро делится знаниями, вдохновляет, поддерживает и учит ответственности за слово, мысль и поступок. Нурбубу Асипова – ориентир, пример служения науке и образованию, источник вдохновения и человеческого тепла.

Баялиева Айсулу — педагогика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун  жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы: “Асипова Нурбүбү Асаналиевна — жөн гана илимпоз эмес, ал — насаатчылыктын, инсандык жана кесипкөйлүктүн үлгүсү. Анын жетекчилигинде иштеген ар бир жаш окумуштуу илимий ишке болгон сүйүүнү, тактыкты жана жоопкерчиликти өздөштүрөт. Анын кеңештери дайыма негиздүү жана адилеттүү. Ал өзүнүн окуучуларынын илимий ийгилигине жүрөктөн кубанып, ар бир жетишкендигин өз жетишкендиги катары кабыл алат. Ушул сапаты аны чыныгы педагогикалык мектептин негиздөөчүсү жана илимий лидер катары көрсөтөт”.

Карыбекова Нургул Муратбековна – педагогика илимдеринин кандидаты, шакирти: «Н.А. Асипованын кыргыз илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы катардагы эмгек эмес, бүтүндөй муундардын аң-сезимине, дүйнө таанымына жана моралдык баалуулуктарына терең таасир тийгизген улуу мурас».

 Асыл устатым, Нурбүбү Асаналиевна!

Кыргыз эли бүгүнкү күнү улуттун уңгусу, улуу журттун чыгаан кызы катары Сиздин 80 жылдык мааракеңизди сыймыктануу менен белгилеп олтурат!

 УСТАТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ   

Сизди жалпы кыргыз журту билим берүүнүн күжүрмөнү, Умай Энеси, бүтүндөй өмүрүн агартуу тармагына, таалим-тарбия илимине арнаган, улуттук педагогиканын үлгүсүн түзгөн “АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН АПАСЫ”  катары тааныйт.

Сиз билимдин мазмунун жакшыртууну биринчи орунга койгон элдик мугалимсиз! Адамды тарбиялоо, инсанды калыптандырууну башкы маселе катары караган, педагогика илиминде бул жаатка өзгөчө камкордук менен мамиле жасаган таланттуу окумуштуу катары атыңыз кыргыз билим берүү тармагында гана эмес, чет элдик окумуштуулар арасында да чоң үлгү. Илимий мектебиңизди калыптандырууда, мугалимдик ыйык жолуңузда, акылмандык менен көрөгөчтүктү, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, илим-билимдеги алдыңкы тажрыйбаны колдонуп, убакытты, мүмкүнчүлүктү рационалдуу пайдаланып, ийгилик сырларын эң мыкты өздөштүргөн гениалдуу улуу устатсыз! Андыктан дасыккан жетекчи катары педагогика илиминин, жогорку билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашырып келесиз. Илимий мектебиңизди түзүп, андагы Сиз жетекчилик кылган жаш илимпоздорду өстүрүүдө баа жеткис эмгек өтөдүңүз.  

Сиз ички жан дүйнөсүндө оргуп-ташыган ээ-жаа бергис энергияга ээ, эмгекчилдиги менен тубаса талант-шыгы айкалышкан, өзгөчөлөнгөн феноменалдуу педагогсуз. Сиздин сүйлөгөн сөзүнүзгө кылган ишиңиз ар учурда төп келип, жаштарга узун сабак өрнөк болуп, алдыны эчен убак эрте көрө билген даанышмандыгыңыздан кабар берип турат.

Кадырлуу Нурбүбү Асаналиевна, Сиз мекендин сыймыктуу, чыгаан кызысыз! Сиздин кылган ар бир иш-аракетиңизден жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, жаштарга, илимге болгон сүйүү сезимиңиздин ашып-ташып тургандыгы баамдалат.  

Сиздин агартуу айдыңынын Акыл Карачачы катары таанылган өрнөктүү өмүрүнүздөн ар бир кыргыз атуулу сабак алса, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдыгер карабаган адам болуп калыптанат. Калайык калың калкыңыз мына ошол келечектин ээлерин эли-журтун, улут намысын коргоого калыптаган, УЛУТТУН УЛУУ УСТАТЫ катары жасаган ак эмгегиңиз бул чыныгы баатырдыктын жеткен чеги деп түшүнөт.

Шакирттериӊиз сиз менен ар убак сыймыктанат! Мааракеңиз кут болсун, менин УЛУУ МУГАЛИМИМ, АСЫЛ УСТАТЫМ!

Рахат СУЛАЙМАНОВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Пайдаланылган адабияттар:

Замандаштардын, кесиптештердин, шакирттердин Н.А. Асипова тууралуу пикирлери төмөнкү китептерден алынды:

  1. И 40 ИЙГИЛИК САПАРЫ – ПУТЬ К УСПЕХУ:  Био-библиографиялык очерк  / Түзүүчү авторлор: Н.А. Асипова, Р.Т. Сулайманова. – Б.: Фаст принт, 2016. – 191 б.
  2. БИЗ ТАНДАГАН  ЖОЛ:  Био-библиографиялык очерк  / Түзүүчү авторлор: Н.А. Асипова, Р.Т. Сулайманова. – Б.: Ж. Баласагын атындагы КУУ, 2026. – 172 б.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер