УСТАТ МЕНЕН  БААРЛАШУУ

  • 06.12.2024
  • 0

Чүй облусундагы баатыр И.Панфиловдун ысымын алып жүргөн райондогу Тельман айылында К.Жумагулов атындагы мектеп бар. Ошол жерде кыргыз тили мугалимдерине арналган “Улуу «Манас» эпосун мектепте окутуунун абалы, милдеттери жана көйгөйлөрү” темасындагы облустук семинарга белгилүү публицист-жазуучу, адабият изилдөөчү, педагог-окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев катышты.

Бала кабарчы, бала манасчы жана болочок окумуштуу

Баам салсак, белгилүү педагог Советбек Байгазиевдин ысымы «Манас» эпосу менен удаа аталып, бири-бирине чырмалышып, бири-бирин толуктап келатканынан бери оголе көп мезгил өтүптүр. Агай өзү да аны тастыктап “Менин студент болушума «Манас» эпосу жардам берген, кирүү экзаменинде шартылдатып «Манас» айтып киргенде, агайлар бир ооздон “беш” деген баа коюп, окууга кабыл алган” деп эскерет.

А чынында ал кишинин Манас менен байланышы тээ оромпой тепкен балалык баёо кезинен, ата-энесине «Манас» эпосун адегенде китептен окуп, анан оозеки жаттап айтып бергенинен башталганы да чындык. Эс тартканы ырга шыктуу, көркөм адабият дегенде жантыгынан жата калып окуган идиректүү өспүрүм келечекте журналист болом деп кыялданчу. Кыялында эле эмес, чынында эле райондук, облустук, республикалык “Кыргызстан пионери” гезиттерине байма-бай жазган активдүү элеттик окуучунун чөнтөгүндө штаттан тышкаркы кабарчы деген үч күбөлүгү бар эле. Ал аз келгенсип “Советская Киргизия” деген республикалык гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы катары таанылган.

УСТАТ МЕНЕН  БААРЛАШУУ

Жолугушуунун каарманы өзүнүн басып өткөн өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналган ачык сабакта толкунданып, эргүү алып эргип олтурганы анын дайыма эле ачыла бербеген, бардык эле жерде айта бербеген балдай таттуу балалыгын баяндаган аңгемелеринен байкалып турду. Тээ чаң ызгытып чыбык минген балалык кезинен коомдогу көрүнүштөргө кайдигер карабаган “чымыны бар” кичинекей кабарчынын биринчи каарманы райондун борборундагы “Чайнаядагы” ашпозчу болгонун, анын “кымтып-кытып” алган өнөрүн чымчып райондук гезитке “Чайканадагы албуут” деген аталышта сын макала жазганын, колхоздун коюн баккан атасына жардамчы болуп кой кайтарганын, ошол учурда үйдө чалкалап эс алып жаткан атасына арнап жазган шакаба ырын, айылындагы жаңы салынган интернаттын курулушу токтоп турганына кайдигер карабай, бригадирин гезитке жазарын жазып, андан коркконунан мектепке кыр менен барып жүргөнү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Устат балалык кезинен көкүрөгүндө тынчтык бербей туйлаган, табият тартуулаган улуу өнөрү аны улам өргө жетелеп акын, жазуучу, окумуштуу даражасына алып келгенин элеттик мугалимдер менен эзилишип чер жазыша баяндап берди.

– Атам раматылык колхоздун коюн бакчу. Мен ага жардам берип, жайында жайлоого чыкчубуз. Чындыгында атам боз үйдө калат, койду мен кайтарам, мени Келбилек деген итибиз ээрчип алат. Жайлоодо кой кайтарып жүрүп жашы 70ке келип калган Дадабай деген аксакалды көрөр элем, ал биздикине кыр ашып кымыз уулап келип калчу. Бир күнү кой кайтарып жүрүп атама арнап мындай ыр жаздым:

“Жайлоодо болдум быйыл жай,

Жегеним болду каймак-май.

Күнүгө койду кайтарам,

Келбилек итти айдактай.

Ата, жатасың үйдө керилип,

Койду такыр карабай,

Кой кайтарат күнүгө,

80ге чыккан Дадабай.

Ырымды апама окуп берсем, ал аябай күлүп, кечинде атама көрсөттү. Ал аябай кенен, жайдары киши эле, үйгө келгендерге окутуп, жыргап күлүп калчу. Бир күнү Дадабай аксакал келгенде ага да окуп беришти. Ал: “Менин уул-келиним үйдө жатат, мен болсо карыганыма карабай минтип кой кайтарып жүрөм, мага да бир баракка көчүрүп бергиле, балдарыма окуп берейин” — деп үйүнө алып кетти. Кийин кыштакка келсек, ал ырым элге жайылып кетиптир, — деп, ал бала кездеги чыгармачылык өнөрүн айтып берип, баарын күлдүрдү.

УСТАТ МЕНЕН  БААРЛАШУУ

Бул тамаша иретинде жазылган ырдын тарбиялык мааниси кыйла тереңде экенин мугалимдер да баамдаса керек. Чындыгында адегенде күлкүлүү сезилгени менен уңгусу өтө олуттуу болуп турбайбы, бул бир жагынан баланын атасына кой бакканга кол кабыш кылганы, көрсөткөн көмөгү, колдоосу болуп жатса, экинчи жагынан атасы баласын эмгекке тарбиялаганы, ошол тарбияны сөз менен эмес, иш менен тастыктоосу. Ошол эле учурда 80ге чыккан Дадабай аксакалдын карылыкка моюн сунбай жаштар менен бирге жарышып иштеп жүргөнү, экинчи жагынан анын үйдөгү жалкоо уул-келинине каккан коңгуроосу, кыргыздын тээ илгертен келаткан “керегем сага айтам, келиним сен ук” тариздеги тарбиясы, кулак кагышы, керек болсо турмуштук философиясы. Ушундан улам Советбек Байгазиев өзүн али толук аңдай элек өспүрүм кезинен эле агартуучулук милдетин аркалай баштаган тура деген ойго муюдум.

Билим берүү жагына келгенде, айылындагы мектеп-интернаттын жаңы курула баштап токтоп калган, күнгө какталып, жаанга эзилип урап бараткан имараты, ага кайдигер караган курулуш бригадири, бир нече айылдан келип окуган балдардын келечеги ошол кезде эле бала кабарчыны түйшөлтүп, гезиттин күчү, колундагы калеми, көкүрөгүндө бүрдөп өнүп келаткан талантынын дарамети аркылуу тиешелүү жетекчилерге атын айтып түз эле кайрылып жаткан эрдигин караңыздар:

Интернаттын дубалы,

Жабылбай үстү урады.

Курулуштун башчысы

Качкынтаев Жумалы,

Көрсө да болбой көрмөксөн,

Көңүлдү буга бурабы?

Же чоңдорунан райондун

Чоң жардам күтүп турабы?

Мына, өзү оозунан эне сүтү кетелек окуучу болсо да, көкүрөк тушундагы күбөлүктүн күчү менен колундагы калемин дүрбөт кылып түз эле “чоңдорго” кайрылып жатканы! Бул жолу да калеминин күчү менен жогорудагы чайканадагы ашпозчуну кызматтан алып түшкөндөй, мектептин курулушунун аякташына чоң жардам бергени, ошонусу менен коомдогу терс көрүнүштөргө каршы эр жүрөктүгү менен таамай күрөшкөндүгүнүн айкын далили ушул да…

УСТАТ МЕНЕН  БААРЛАШУУ

«Манас» эпосу –
кыргыздын хан Те
ңир тоосу

Ал эми Манаска келсек, «Манас» эпосу тууралуу канча айтсак да, канча жазсак да, түгөнбөгөн кенч эмеспи, аны ким канча айтса да аздык кылат го, айрыкча Советбек Байгазиев сыяктуу аалымдардын ар бир айтканы мына ушуга окшогон жолугушуудай эле кийинки муундарга, айрыкча агартуу майданында эмгектенген элеттик мугалимдерге таберик, баа жеткис байлык, кенч.

– «Манас» эпосу – мазмуну жана көлөмү боюнча дүйнөдө теңдеши жок эпикалык классика, кыргыздын хан Теңир тоосу. Биз бүгүн Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраеванын демилгеси менен атайын чогулуп, Манасты мектепте окутуунун абалын талкуулап отурабыз. Манас мектепке тарыхый документтер боюнча 1932-жылы башталгыч класска кыргыз тили, кыргыз адабияты предметинин программасына үзүндү түрүндө кирген. Андан кийин репрессия башталып, четке сүрүлүп калган. 1942-жылы кайра программага киргизилген, анткени согуш башталганда Сталин ар бир элге кайрылып, ата-бабаңардын, баатырларыңардын эрдиктерин даңазалагыла, элди жеңишке, патриотизмге үндөгүлө деп кайрылуу жасаган.

«Манас» эпосун калыбына келтирүүдө Карим Рахматулин деген окумуштуунун эмгеги чоң. Ал адам Кыргызстан басмасынын биринчи директору болгон. Автордун “Улуу Манас укмуштуу эпос” деген китеби 1942-жылы эки тилде жарык көргөн. Ошол китепте кыргыз эли байыртан келаткан баатыр эл экендигин, Манас башка элде жок баатыр болгонун даңазалап образдарга кенен токтолгон. Рахматулин ошол кездеги көзү тирүү манасчылар менен жолугушуп, өз оозунан жазып алган дагы бир китеби бар. Тилекке каршы, Рахматулиндин ошол эки китеби кайра басылбай алигүнчө архивде
жатат…

Мен 1990-жылдары Педагогика институтунун Кыргыз тили жана адабияты секторунун башчысы болуп иштеп жүргөндө эки томдук Кыргыз совет адабиятынын тарыхын жазганга катышкам. Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, кыргыз адабиятынын тарыхын жаңыртуу маселеси коюлган кез эле. Себеби анда теңи эле орус адабияты болуп, кыргыз адабиятынан саясатка туура келген чыгармалар гана кирген. Ал эми океандай болгон Манаска төрт гана саат, Семетейге үч саат, Сейтекке эки саат берилиптир. Натыйжада Манасты 15 саатка, Семетейге 12 саат, Сейтекке 8 сааткө көбөйтүп, бардыгын 50-60 саатка жеткиргенбиз. Эми 12 жылдыкка байланыштуу кайра дагы өзгөрүүлөр кирсе керек деп ойлойм, — дейт манас таануучу.

Окумуштуудан омоктуу сунуш

Манас таануу боюнча окуу китебин жазып, жогорку окуу жайларда атайын курс өтүп келген Советбек Байгазиев алигүнчө Манас боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, Манас таануунун мектептердеги окутуу абалына, материалдык жактан жабдылбаганына жаны кейип, кабатырланып келет.

– Мен жогорку окуу жайларда Манас таануу боюнча 34 саат курс өтүп жүрдүм. Ар жылы 1-курска келген студенттерден анкета алчумун, ошондо шаар эмес, айылдан келген жаштар да Манасты билбей турганына ынандым. Кээ бири ачык эле “Мен Манасты угуп жүрөм, бирок окуй элекмин” — деп айтат. Филология факультетинде 4-курста окуган студенттерге социологиялык изилдөө жүргүзгөндө, 45 студенттин бирөө да Манасты толук окуп чыкпаганына кейидим. Көрсө, «Манас» эпосу мектепке арналып даярдалган эмес экен.

Демек, биз Манасты мектепте окутууга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Ушул кезге чейин ал кыргыз адабиятынын курамында гана окутулуп келатканы өкүнүчтүү. Манас таануу предметин мектептин программасына киргизип, анын методикасын иштеп чыгуу жана Кыргыз билим берүү академиясында Манасты окутуунун технологиясы деген лаборатория ачуу керек. Ошол жерден көрсөтмө куралдарды даярдап чыгарып, бир системага киргизүү зарыл, — дейт Советбек Байгазиев.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер