УЛУТТУК ТАРБИЯ – ЗАМАНБАП БИЛИМ

  • 08.02.2024
  • 0

Мекен… Мекенчилдик… Мекенчил инсан…  Өз тилин, маданиятын,  тарыхын, адабиятын, наркнасилин ыйык туткан инсанды тарбиялоо… Азыркы ааламдашуу процессинин таасири дүйнөнүн туш тарабына тез жетип, адамдын аң-сезимин ар түрдүү көз караштардын, диний жана саясий агымдардын күчтүү агымына кабылган ушундай бир учурда бул сөздөр курулай сүрөөн, жөн эле популисттердин сөзү катары сезилип калгандай.  Келечек муундун жашоодо максаты акча, байлык, жыргалчылык көздөп калган ушундай заманда бул сөздүн чыныгы маанисин, адамдын ички дүйнөсүнө сиңирүү бул – мен, сиз сыяктуу адабиятчы мугалимдин милдети. Бул милдетти аткарууда баланы асыл нарктарга, гуманисттик идеяларга, мекенчилдикке тарбиялоонун биздеги бирден  бир куралы – кыргыз адабияты.

УЛУТТУК ТАРБИЯ – ЗАМАНБАП БИЛИМ

“Адабият – атомдон  күчтүү, бирок анын күчүн отун жарууга сарптоого болбойт” (А. Каххар). Мына ошол атомдон күчтүү адабият сабагын бүгүн кандай деңгээлде өтүп жатабыз? “Атомдон күчтүү адабият отун жарууга да жарабаган супсак, таасирсиз, курук фактылар менен курчалган сабакка айланып калган жокпу?” деген ойлор ар бир сабагымдан кийин көп түйшөлтөт. Акын жазуучунун өмүр баянындагы  факталогиялык цифралар менен курчалып калган бала, кийинки сабакка кандай маанайда келет? Мындай сабактарыбыз менен баланы адеп-ахлакка, рухий тазалыкка, көрөңгөсү бийик мекенчил  инсан  болууга тарбиялоо ордуна,  эсине (память)  маалыматтар киргизилген роботко айлантып жаткан жокпузбу?  Канткенде биз баланы адабиятка кызыктырып, биздин сабагыбыздан кийин адабий чыгармага кызыктыра алабыз деген маселе түйшөлтүп келет.

Адабият – адам жанын жыргатчу да, кууратчу да, кайгы-капасына ортоктош болуучу да бир кумарлуу нерсе. Эгер бала адабиятка жакын болсо, анда ал ошол сыйкырдуу дүйнөдөн баарын табат. Ал дүйнө бейиш багындай жайнаган мөмөлөрү да, гүлдөрү да суулары бар ажайып бир мекен жай. Ал дүйнөдө “үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” Бакайлар бар, “ичин карап олтурсаң жер жүзүнөн кең болгон, ак калпак кыргыз элине Ала-Тоодой бел болгон” Манасы, Эр Табылдысы, Эр Төштүгү бар жомоктордун,  эл үчүн жанын берген Касым Тыныстанов, Таластан космоско чейин чыйыр салган Чыңгыз Айтматов, “кылым кезген кыргыз атын, кылыч менен зоого жазган” Төлөгөн Касымбеков сыйган кенчтердин сыйкыр ааламы. Ошол дүйнөгө баланы кызыктырып, сыйкырлап алып кирип кетүү адабият мугалиминин милдети эмеспи.

Ушундай  жоопкерчиликти  мойнуна алган мугалим катары окуучуларды адабият ааламына алып келүү, китепке кызыктыруу – бүгүнкү  санариптешкен доордо оңойго турбаган иш экенин жон терим менен сезип жаткан учурум. Бир гана санарип эмес, өз тилинде сүйлөө кыйынга туруп калган окуучуларды кыргыз тилинде китеп окууга алып келүүгө болгон күчүмдү жумшоого туура келүүдө. Ошентсе да көөшөрүп отуруп балага кыргызча бир чыгарма окутуп алып, анын мазмунун талкууласам өзүмдү бактылуу сезип кетем.

Биздин Ош мамлекеттик университеттин алдында уюшулган “Билим” лицейинин миссиясында белгиленгендей,  “улуттук тарбия – заманбап билим” берүүгө салым кошуу биринчи кезекте кыргыз тили жана адабияты мугалими катары милдетим деп эсептейм. Биздин мектепке туулгандан тартып бала бакча, башталгыч класс, жогорку класста орусча окуган, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден окуучулар 7-8-9-10-11-класстарга келип кирет. Айрым ата-энелер “кыргыз кылып тарбиялап бергиле” деп алып келишет. Мына ошол окуучуларды “кыргыз кылуу” – биздин,  кыргыз тилчилердин, улуттук тарбия (лицейде атайын К.Исаковдун демилгеси менен киргизилген) предметинен берген мугалимдердин, түздөн-түз милдети. Кыргыз тили жана адабияты мугалими катары бул багытта баланы акырындап китепке кызыктырып, кыргыз тилинде китеп окутуу максатында  “Бугу-Эне”, “Эрте келген турналар” чыгармаларынан тартып, “Сынган кылыч” романына чейин окутууга атайын программа түзүп чыкканбыз.  9-класстын окуучусу Чыңгыз Айтматовдун аңгемелери, К.Сактановдун “Маркумдар үнү”  чыгармасын окуп чыгышат. Ал эми Ч.Айтматовдун повесттерин окуп бүтүргөн 10-класстын окуучулары арасында 12-декабрда — Улуттук адабият жана Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата адабий кече, чыгармалардын мазмуну боюнча акыл-таймаш уюштуруу салтка айланган. Ар ай сайын  бир чыгарманын негизинде окуучулар арасында китеп окуу сынактары уюштурулуп турат. Албетте, бардык эле окуучу мыкты окурман болуп, китепке кызыгып кетти дегенден алыспыз. Колуна телефондон башка нерсе кармабай чоңоюп келе жаткан муунду дароо эле китепке кызыктырып, окутуп жиберүү кыйын иш. Ошондуктан шарт коюуга, милдеттендирүүгө,  жазалоого туура келет. Бир чейрек ичинде көлөмүнө жараша эки же андан ашык чыгарма окуп чыкпаган окуучуга чейректик баасы төмөндөтүлөт деген сыяктуу шарт коюлат. Бул 8-9-класстын жана өздөштүрүүсү начар окуучуларга коюлуучу шарт. Айрым идиректүү окуучулар пландан да ашыкча окуп, дагы жаңы чыгарманын аталышын сурап, китепке кызыгып кеткен учурларды көрүп кубанбай койбойсуң. Бир чыгарманы окуп бүткөндөн кийин сабакта ошол чыгарма боюнча талкуулар уюштурулуп турат. Кээде ата-энелер: “Колунан телефону түшпөгөн баламды сыйкырлап, колунан китеп түшпөс адамга айлантып койдуңар”, — деп тамашалап калышат. Бул, албетте, биз үчүн өтө жагымдуу.

Ал эми кыргыз тили сабагына адабият сабагынан алган билимдери чоң жардам берет. Балдарда кыргыз тилинен сөздүк дептерлер ачылат. Ал дептерде кыргыз тилинин көөнө сөздөрүн маанилери менен жазышат.  Менин жеке тажрыйбамда бул иштер начар жыйынтык берген жок. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептен 10-класста келип, 11-класста окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн окуучулар арасында республикалык олимпиадага чыккан, ЖРТны кыргыз тилинде тапшырып, жогорку упайга, “Алтын сертификатка” чейин жетишкен окуучулар болду.

Ошентсе да, көйгөйлөрдөн биротоло арылдык дегенден алыспыз. Интернет желесине курчалган санарип окуучуларды китепке, адабиятка кызыктырууда жыл санап көйгөйлөр көбөйүп барат. Патриоттук чыгармаларга сугарылган, мекенчил даарыгер, экономист, программист, менеджерлерди даярдап чыгууда  алдыбызда дагы чоң-чоң ашуулар  турат.

Жапон өлкөсүнүн өнүгүүсүндө улуттук баалуулуктарга сугарылган билим берүүнүн таасири чоң болгондугу баарыбызга маалым. Биздин билим берүүнүн багытын улуттук баалуулуктар айкалышкан, заманбап билимге сугарылган инсандарды тарбиялоого багытоонун мезгили алда качан келди го дейм. Келечекте өлкөнүн мекенчил жаштары өсүп келе жатат деп жакшылыктан үмүт кылып, мекенчил мекендештердин көбөйүүсүнө талыкпай салым кошо берели, урматтуу кесиптеш!

УЛУТТУК ТАРБИЯ – ЗАМАНБАП БИЛИМ

Айгүл МАМАШОВА, Ош МУнун  “Билим” лицейинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими, усулдук бирикменин башчысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер