УЛУТТУК КАЙРА ЖАРАЛУУНУН БАГЫТЫ – ЖАШ МУУНДУН ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТҮЗҮҮСҮ…

  • 27.01.2026
  • 0

Адам становится настоящим человеком через воспитание…

Нужно по капле выдавливать из себя раба…

УЛУТТУК КАЙРА ЖАРАЛУУНУН БАГЫТЫ – ЖАШ МУУНДУН ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТҮЗҮҮСҮ...Жаңы 2026-жылдын кирип келиши менен кыргыз коомчулугунун алдына улуттук руханий баалуулуктарга байланышкан бир катар маанилүү маселелер күн тартибине коюлду. Кыргызстанда өтүүсү белгиленип жаткан саясый, экономикалык, коопсуздук  чөйрөлөрүндөгү глобалдуу маселелерди айтпаганда да, коом турмушунун маданий, руханий баалуулуктарына  байланыштуу өткөрүлүүчү ар кандай форумдар мерчемделүүдө. Мына жакынкы күндөрү КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев мырзанын демилгеси менен сунушталып жаткан чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенцияынын республикалык форум 4 баскычта февраль-март айларында өтөөрү  белгиленип жатат. Ошого улай эле июнь айында үч күндүк мөөнөттө Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата дүйнөлүк  маданий, чыгармачыл, илимий, коомдук интеллектуалдардын катышуусу менен Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун өткөзүүгө кызуу даярдактыр көрүлүүдө. Ушул форумдардын алкагында айтылуучу маселелер эмнеде жана форумдардын негизги максаты кайсы деген соболдор негизги маселе катары коомчулукту кызыктырууда.

Арийне, менин түшүнүгүмдө бул форумдардын башкы максаты – “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”. Уңгужол Жарлыгынан келип чыккан улуттук идеологиялык багытты көздөгөн Жаңы Кыргызстандын руханий, ыйман-парасаттык, адеп-ахлактык негизин, дөөлөттөрүн,  баалуулуктарын жайылтуу, сактоо, өнүктүрүү, ал үчүн улуттук демди ойготуу, ага дымак берүү, улуттук өзөк Уңгужолго түшүү, ал аркылуу дүйнөлүк бийиктикке умтулуу, ушуларга жетүү үчүн коомдун интеллектуалдык мүмкүнчүлүк-жөндөмүн  бириктирүү, Жаңы Кыргызстандын улуттук маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалын  дүйнө коомчулугуна сунуштоо жана көрсөтүүгө аракеттенүү…

Мында эмнеге таянабыз, таянычыбыз барбы, бар болсо ал бекемби…? – Бар, таянычыбыз. Ал биздин ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу, жашаган турмушу, өмүрдөн да ыйык, тутуп карманган туюмдары, агедилдик, акыйкаттык сезимдери, найза учундагы, кылыч мизиндеги ар-намыстуулугу, элин-жерин, мекенин өз жандарынан артык сүйгөндүгү, ушундай руханий дөөлөттөрү.

Арийне, Байыркы Чыгышта отурукташкан Кытай, Индия, Байыркы Батыштагы Грек, Рим цивилизациялары, алар менен мезгилдик жактан да, мейкиндик жактан да аралашпаган, алардан кескин обочолонгон көчмөн, жарым көчмөн Кыргыз ата-бабаларыбыз – байыркы “жээрде сакал, көгүш көз сары чачтуу, нур жүздүү” (В.К.Шотт) кыргыздар түзгөн цивилизация аалам тарыхынын, дүйнө маданиятынын улуу мурасы экендиги бүгүнкү күндө кашкайган чындык: “Алтай – прародина турков, а кыргызы – основоположники алтайской цивилизации” (В.В.Путин). Мурунку муун өз миссия-милдетин толук аткарды десек болот, анткени алар Кыргыз мамлекттүүлүгүн түптөдү, өнүктүрдү, бизге өткөзүп берди. А бүгүнкү, өзгөчө жаш муун өкүлдөрү, эртең келчү муун көчмөндөр маданиятын жараткан, Кыргыз мамлекетин түптөгөн, өнүктүргөн муундун урпагы, мураскери катары ошолордун изин изге кошуп, жолун жолго улап, мейкиндик менен мезгилди туташтыруучу, жалгаштыруучу муун экендигибизди түшүнө алабызбы, алардын жолун улантууга, улантып гана эмес өркүндөтүүгө, бийиктетүүгө кудурет-күчүбүз, акыл парасатыбыз, аң-сезим-туюмубуз, рух-духубуз, улутмандык намысыбыз, таалим-тарбиябыз жетеби деген суроону мен Жаштарга, Жаш Муундун Өкүлдөрүнө жая салгым келет. Анткени мен – улуу муундун өкүлүмүн, жаштар чоңоюп калыптанган шартты, чөйрөнү жараткан муундун өкүлүмүн, жаштардын “тигиндей” же “мындай” болуп өсүшүнө менин да үлүшүм бар – же күнөөлүмүн, же күнөөсүзмүн. Улуу муун менен жаш муундун, “ата” менен “баланын” ортосундагы кайчылык – бул ар бир тарыхый учурдун, тарыхый шарттын көрүнүшү, объективдүү жагдай. Ушул өңүттөн караганда акыркы 20-30 жылдык абал үчүн улуу муун – биз көбүрөөк күнөөлүбүз деп ойлойм.  Ошондуктан жаштар “мындай”, жаштар “тигиндей” деген сымал кине коюп, доомат артаардан мурда, башканы кой, мен өз балдарымда ушул тарыхый шартта, тарыхый учурда  кандай тарбияладым, аларга эмне бере алдым деп бир саам ойлонсок. Мен ачык эле сурайын: ата баласын тарбияладыбы, эне кызын тарбияладыбы, ошо ата-эне өздөрү тарбиялуу болуштубу? Бул чоң суроо. Мурунку муун дегенибиз абстрактуу түшүнүк эмес, конкреттүү  адамдарыбыз, аталарбыз, энелерсиздер. Уул-кызды тарбиялаганды кой, үйбүлөө тарбиясыз калбадыбы, үйбүлөө институту талкаланбадыбы. Албетте, ага социалдык-экономикалык жагдай түрткү болду дечи, бирок бул негизги себеп эмес. Негизги себеп кырдаалга  шылтоолоп үйбүлөө, ата-эне балдарыбызга татыктуу таалим-тарбия бере албадык, аларды соткадагы, интернеттеги батыштык контенттер тарбиялады. Демократия дегенди балдар түгүл, ата-энелер, биз – улуу муун өкүлдөрү туура эмес түшүнүп албадыкбпы. Демек, мүчүлүштүк, кемчилик – жаштарда эмес, улуу муун өкүлдөрү – бизде. Бул кашкайган чындык. Муну моюндашка биз милдеттүүбүз. “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат”, каршкырча боло албадык, “бөлтүрүктөрүнө баш тоголотуп көндүргөн”. Бул – бир жагдай.

УЛУТТУК КАЙРА ЖАРАЛУУНУН БАГЫТЫ – ЖАШ МУУНДУН ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТҮЗҮҮСҮ...

Экинчи жагдай мыкты жаштарга байланыштуу. Ачык айтсак, креативдүү, жаңычыл, билимдүү, тарбиялуу, улутман, сезимтал, мекенчил, мамлекетчил жаштарыбыз да аз эмес. Ошон үчүн Президентибиз Садыр Нургожоевич ушундай жаштык демге, улутмандык ар-намыска, мекенчилдик духка, улуттук нарк-насилге, адеп-ахлакка, ыйман-парасатка таянуу аркылуу Жаңы Кыргызстанды түзүү идеасын туу катары көтөрүп, жанүрөп жанталашып атат. Мына ушул жаштар, алардын жолун жолдоп, идеасын колдогон жаңы муундун өкүлдөрү Жаңы Кыргызстан түзүүчүлөрү болууга милдеттүү. Буга саясый эрктик, экономиялык мүмкүнчүлүктүк, укуктук-нормативдик база, эң негизгиси, нарк-насилдик,  улутмандык атуулдук, жарандык аң-сезим, уруулук эмес, улуттук иденттүүлүктүн негизи түзүлүп жатат. Саясый идеологиялык капкан, чынжырдан бошогонубузга 35 жыл болгон…

Арийне, муну турмушка ким ашырат, кандай жол менен ашырат. Негизги маселе – ушунда. Менин жеке баамымда муну үлгүлөө, өрнөктөө жолу аркылуу коомчулук, коомчулуктун таалим-тарбиялуу, илим-билимдүү, маданияттуу, мекенчил, мамлекетчил бөлүгүнүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз аракети турмушка ашырат. Ошондуктан, жогоруда айтылгандай, дүйнөлүк интеллектуалдардын, улуттук чыгармачыл биримдиктердин, илимий интеллигенциянын, жаштар коомчулугунун өкүлдөрүнүн республикалык форумун өткөрүү маселеси көтөрүлүп жатпайбы. Бул – бүгүнкү күндүн турмуштук зарылчылыгы, талабы.

Эмнени үлгүлөйбүз, эмнени өрнөктөйбүз, кимге теңелүүгө, эмнени жасоого бет алабыз…?

Биз алыста калган Барсбек каган, 100 жылдык мезгил Монголия, Алтай, Енисей кеңири аймакты ээлеп жаткан Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзгөн Тапу Алп Сол, элдин башын бириктирүүгө жанүрөгөн Мукамбет Кыргыз атыккан Тагай бий сыяктуу бабаларыбызды айтпай, кечээки эле  1922-жылы Тоолу Кыргыз Автономиясын түзөлү деп, ал ишке ашпай калганда, 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономдуу облусун түзөлү деп Москвага маселе койгон Эшенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Садыков, Абдыкадыр Орозбеков, Юсуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов ж.б., ж.б.у.с. аталарыбыздын эң улуусу 40ка чыгып-чыга элек, кичүүсү 21 жаштагы азаматтардан эле. Албетте, булардын ичинде улутмандык, мекенчилдик дүрмөт күчтүү болгон, кыргыз элине, кыргыз жерине болгон сүйүүлөрү артык болгон, андан калса мезгил, тарыхый  кырдаал буларды эрте жетилтип, эрте курчуткан, кулчулук психологиядан эрте кутулушкан, буларды ушундай кылып тарыхый мезгил жараткан, тарбиялаган…

Бүгүн биз жашап жана иштеп жаткан мезгил андан драмалуу, андан кыйчалыштуу, андан ыкчам, бирок бир катар артыкчылыгы да бар, ал – эң биринчи кезекте – көзкарансыздыктын, маалыматтык технологиянын алаканына салынып турганы. Демек, бүгүнкү күндүн мууну ушул мүмкүнчүлүктү, ушул артыкчылыкты туура пайдалануу аркылуу тымызын, жең ичинен жүргүзүлүп жаткан, чүмбөттөлгөн, “кой-терисин жамынган бөрүлөрдүн” митаам саясый жүрүштөрүнө  туруштук бериши зарыл. Антпесе Жаңы Кыргызстан түзө алабызбы, өйдө жакта саналган аталдардын кылган кызматын, жасаган иштерин  жаштарга өрнөктөй, үлгүлөй алабызбы. Мына, мамлекеттик катчынын добулбас кагып, интеллектуалдардын форумдарын өткөзөлү, жаштардын иштерине өзгөчө маани берели, аларды Каралаев, Айтматов, Океев, Миңжылкыев, Рыскулов, Чокморов, Бейшеналиевалардын өрнөгүндө, алар калтырган мурастардын негизинде тарбиялайлы, буларды жараткан кыргыз элинин уучунан XXI кылымда жаштар арасынан булардай болгон, булардан ашкандар чыксын деген аракети. 

Мен бүгүн Россиянын телеканалындагы Кузичев менен Лосеванын “Время покажет” программасынан бир сюжетти көрүп, биздин жаштар ушундай  кырдаалда кантет эле деп түйшөлдүм: Американын президенти Трамп Гренландияны сатып алам, басып алам деп баскынчылык кылып атат, бир кишиге миллион доллар сунуштап атса, буга силер кандай жооп бересиңер деген өңүттө журналист суроо узатса, бир карапайым эле гренландиялык жашоочу ага жооп берип атпайбы: “Эгер Даниягабы же Америкагабы деген маселе болсо, мен Данияны тандайм. Американын бизге кереги жок, эгер акчага сатып алам десе, мага акчасынын кереги жок, мен тилимди, эгемендигимди миллион долларга алмашпайм, биздин кыялыбыз, үмүтүбүз – эгемендик. Гренландия эгемен өлкө болушу керек, кичине экенине карабай”. Эмне деген жооп! А бизчи, эгемендигибиз колубузда турса айрым бир жанагы үч кыргыз жексур блогер, дагы бир генерал сөрөй сыяктуулар тилибизди, тилибиздин конституциялык Мыйзамын шылдыңдап Америкага, анын тилине “тизе бүгүп” сатылып атпайбы. Мына ушул өңдүү маңкурттарды тарбиялап, жалпы жаштарга интеллектуалдарды  өрнөктөп үлгүлөйлү, ошолордун мисалында жаштарыбызга, жалпы элибизге таалим-тарбия тартуулайлы деген кыязда ураан ташталып атпайбы. Менимче, ушундай форумдарга жаштарды көбүрөөк  тартып, аларды аралаштырып дымагын ойгото тарбияласак, максатыбыз натыйжалуу болобу деп ойлойм…

Демек, жаштарды, биринчиден, элибиздин эчен доорлорду басып, өзүн өзүнчө эл катары тааныткан, элди бириктирип,  башкалардан айырмалап, мен ушумун – мен кыргызмын деген психологиялык эс тутумду жараткан адеп-ахлактык, нарк-насилдик, ыйман-парасаттык, каада-салттык руханий дөөлөттөрүбүздү, бабалардан калган мурастарыбызды өрнөктөп, үлгүлөп тарбиялоого таянсак, экинчиден,  эркиндик, күнкорсуздук, эгемендик, пассионардык түшүнүктөрү менен байланышкан улуттук ички туюм, аң-сезим, өзүн-өзү тааныган, өзүн-өзгөлөргө тааныткан күчтүү духка, кубаттуу демге, дымакка негиздеп өрнөктөп, үлгүлөп тарбиялоого таянышыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө сунушталып жаткан  форумдар, иш чаралар, аракеттер ушул таянычтарды мерчемдеп, Жаңы Кыргызстанды түзүүгө багытталып жүргүзүлүүсү натыйжалуу болот деп ойлойм…

Академик Сыртбай Мусаев,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

КР Улуттук илимдер академиясынын

Болот Юнусалиев атындагы Тил илими

институтунун деректири

Бөлүшүү

Комментарийлер