УЛУТТСУЗ, ТАМЫРСЫЗ КОСМОПОЛИТИЗМДЕН ТАРБИЯНЫН ПАТРИОТТУК КОНЦЕПЦИЯСЫНА КАРАЙ
- 25.03.2026
- 0
Бүгүнкү ааламдашкан дүйнө бир жагынан технологиялык өнүгүүнүн туу чокусуна чыкса, экинчи жагынан рухий кризистин тереңдеши, диний экстремизм, терроризм, кандуу согуштар, кибербулинг жана кастык тилинин каптап кетиши менен бетме-бет келди. Мындай татаал кезеңде мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муунду кандай тарбиялайбыз? Улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, ошол эле учурда заманбап илим-билимге кантип сугарылышыбыз керек? Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу дал ушул суроолорго жооп издеп, таалим-тарбия, билим, илим жана маданиятты өнүктүрүүнүн жаңы стратегиялык багыттарын аныктады. Кечээ жакында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан «Уңгу жолдун» алкагында мектеп окуучуларын элдик рухий-адептик нарктарга жана каада- салттарга тарбиялоонун концепциясы” жазылып, долбоор катары кабыл алынды. Улуттук баалуулуктарды заманбап тажрыйбалар менен айкалыштырган жаңы концепция бизди глобалдык коркунучтардан сактап кала алабы? Улуттук нарк кризисин кантип жеңебиз жана кандай кечиктирилгис чараларды көрүүбүз парз? Бул маанилүү суроолордун тегерегинде аталган концепциянын түзүүчүсү, белгилүү окумуштуу, Кыргыз эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек БАЙГАЗИЕВ менен маек курдук.
-Советбек Орозканович, «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизинде мектеп үчүн концепция түзүпсүз? «Уңгужолдун» Республикабыз үчүн стратегиялык маанисине токтосоңуз?
—Улуу акын Арстанбек айткандай, бүгүнкү «устаранын мизинде оодарылган» заманда, глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин этносторду, майда улуттарды ассимиляциялап, оп тартып кетүү коркунучунун шарттарында, кубаттуу державалардын, глобалдык геосаясий күчтөрдүн, күчтүү постиндустриялдык цивилизациялардын кучагына жутулуу опурталдуулугунун кырдаалында, улуттук бир чоң стратегияны карманып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү, тилибизди, тарыхыбызды, салтыбызды, маданиятыбызды, улуттук иденттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо, коргоо, чыңдоо, бекемдөө, өнүктүрүү – бул биздин улуттук жетектөөчү эң башкы генералдык идеябыз, жалпыбыздын жарандык стратегиябыз деп айтмакчымын. Ырасында эле, Кыргызстан үчүн бүгүн мындан ашкан, мындан кымбат жана мындан ыйык стратегия барбы? Кыргыз мамлекети ушул улуттук жетектөөчү генералдык идеяны, мекенчил стратегияны өз муундарынын, жарандарынын алдында туу кылып көтөрүүгө, жылдыздай жаркыратып, маяк кылып кармоого тийиш. Бүгүнкү глобалдашуу заманында эгемендүү жаш Кыргызстандын таалим-тарбия ишинин негизинде дал ушундай философия, патриоттук концепция жатышы керек. Тилеке жараша, «улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу дал ушундай зор максатка кызмат кыла турган идеологиялык документ.
-Демек, сиздин сөзүңүздөн улам мектеп үчүн өзүнчө бир жолбагыт, жолчырак пайда болду десек болот тура. Айтсаңыз, «Уңгужолго» чейин кризистүү Кыргызстандын шартындагы мектеп тарбиясы кандай абалда болуп келди? Сиздин бул түзгөн концепцияңыздын кандай мааниси бар?
—Кыскасын айтканда, улуттук баалуулуктарга негизделген таалимтарбия багыттамасы мамлекеттик деңгээлде документтештирилип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыктан улам өлкөдө келип чыккан ваакуумду массалык маданияттын арзан стандарттары жана стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, урпактарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп келди. Бүгүн кыргыз жаштарынын бири Хизбут-Тахир болсо, экинчиси христианин, үчүнчүсү буддист, төртүнчүсү баптист, дагы бири иоговдук сектанын мүчөсү, дагы бири диндик экстремисттик уюмдун катарында. Адабиятыбызда төмөндөгүдөй ыр саптары бекеринен жаралган жок:
Аскарбегиң ары жок,
Башка динге өттүбү?
Байкесин ээрчип Батмакан,
Баптизмге көчтүбү?
Сарыгул балаң арабдын,
Сакалын барып өптүбү?
Мойнуна крест тагынган,
Паранжыны жамынган,
Улут безер уул-кыз,
Уу жуткузуп кеттиби?
Чынар болот дегендин,
Чырагы минтип өчтүбү?»
Биздин соода жайларыбыз жана базарларыбызда өспүрүм балдарга «Антология ужасов», «Наемные киллеры», «Канибалы», «зомби мертвецы», «Людоеды», «Кровожадные вампиры», «Серийные маньяки», «Кошмары», «Чудовишный страх», «Ужасный хит», «Жестокие дети», «Резня без разбора», «Дети убийцы», «Девушки вампиры», «Тюремные боевики», «Кровавые ужасы», «Дьявольские ужасы» деген сыяктуу фильм — дискилер он жылдап ээн-эркин сатылып жатты. Мындай «ужас» фильмдерди көргөндө бала эмес, чоң кишинин да психикасы бузулбайбы. Эми ал тасмалар кол телефонго өтүп, интернет аркылуу эң жеткиликтүү шарт түзүлдү. Балдар сабагын даярдагандын ордуна ушундай “ужастарды” көрүп чоңоюуда. Мындай абал улутубузду сактоо кызыкчылыгынан алганда, өлкөбүздүн келечеги үчүн коркунучтуу.
Мына ошондуктан дагы бир жолу басым коюп белгилейли, улуттук баалуулуктардын, нарк-дөөлөттөрдүн негизинде мекенчил, улутман, патриот жарандарды, Манас рухуна сугарылган атуулдарды тарбиялоо мүдөөсүн туу кылган педагогикалык стратегияны мамлекеттик деңгээлде кабыл алуу жана ишке чегүү бүгүнкү күндө аба менен суудай зарыл болуп турат. Мындай максатты аркалаган стратегия — муундарды социалдаштыруунун жол көрсөткөн маягы болмокчу. Биздин түзгөн концепция мына ушундай абалда асыл максатка кызмат кылат.
—Улуттук нарк- ааламдашуу доорундагы коопсуздуктун калканы боло алабы?
-Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган улуттук баалулуктарга негизделген тарбия стратегиясы жана программасы, бул багытта изден тайбай жүргүзүлгөн ишмердик, педагогикалык саясат улутсуз космополитизм, тарыхый тамырларга карата нигилизм, маңкурттук, «көзкаманчылык», рухсуздук ооруларынын кесепеттеринен, чет өлкөлүк миссиялар сээп жаткан «вирустардан» калкыбызды, муундарыбызды коргогон, сактаган патриоттук калкан боло аларына ишеним артып турам. Болгону тарбия тармагында эң таасирдүү иштер жүргүзүлүшү парз деп ойлойм.
-«Уңгужолдун» жоболорун жүзөгө ашыруунун шартында мугалимдин миссиясы кандайча өзгөрүп жатат?
—Мугалим буга чейин көп учурда жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын» тарбиялап келди. Азыр мугалим жалпы адамзаттык дөөлөттөргө гана эмес, улуттук баалуулуктарга ориентация жасашы керек. Мугалимдин миссиясына кеңири карап, төмөнкүнү айткым келет: Кыргыз Ата, Манас Ата баштап калтырган улуттук рух казынабызда эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата- журт ыйык, аскасы бийик Алатоо-мекен ыйык. Атажурттун, ак калпак калктын азаттыгы, эркиндиги, эгемендүүлүгү ыйык. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы деген Кыргыз элинин биримдиги, баш кошкондугу, ынтымагы ыйык. Ата-журттун алдындагы атуулдук парз ыйык. Калк үчүн каруусун казык, башын токмок кылган уулдук ак мээнет ыйык. Элим-жерим деп күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, саргара жорткон, кызара бөрткөн эмгек ыйык. Апа ыйык, ата ыйык. Айлана-тегерекке, алыс-жакынга агынан жарылып ачылган достук ыйык. Жаратылыш менен жуурулушкан биримдик ыйык. Жандүйнөнүн айкөлдүгү, адамдык асылзат нарк-насил ыйык. Ата-бабалардан келе жаткан салт ыйык. Эне тил ыйык. Үч кылдуу комуз ыйык ж.б.
Кыскасын айтканда, өйдөтө саналган идеялык-рухий ыйык дөөлөттөр — кыргыз элинин жүрөгү. Улутубуздун көөдөнүндө ушул «жүрөк» дүкүлдөп согуп турганы үчүн ак калпак калкыбыз тарыхыбыздын бороон-бурганактарында буюгуп жоголуп кетпей, бүгүнкү күнгө жеткен жана мындан ары да журтубуз тарыхтын бороондоруна, кыйын-кезең сыноолоруна ушул «жүрөк» менен туруштук бермек жана жеңмек. Ушул улуттук «жүрөктүн» нур-жарыгынын убайын өлкөбүздүн ичиндеги боордош калктар да көрмөк. Элибиздин социалдык-маданий генетикасындагы ушул ыйык нарктар, асыл рух дөөлөттөр — улут жүрөгү бүгүнкү мектепте дүкүлдөп согуп турушу зарыл. Кыргыз мектеби, мугалим жаш муундарды мына ушул элдик жүрөк менен жашай билүүгө үйрөтө алса, патриоттук миссиясын Кыргыз элинин улуттук жаңылануусунун, кайра жаралуусунун, анын өз алдынча парасаттуу улут катары келечегинин башаты мектепте. Демек, улуттун болочогу — урматтуу мугалим, сиздин колунузда.
-Концепциянын максат, мүдөөсүн, тарбия багытындагы көйгөйлөрүбүздү ачык айттыңыз. Эми мындан ары жакшы жагына оңолобуз деген үмүт жанып тургансыйт. Кыргызстандагы таалим-тарбиянын келечегине карата кандай жыйынтык ойду айтаар элеңиз?
—Бир сөз менен айтканда, глобалдашуунун шартында биз өзүбүздүн жогоркудай мазмундагы улуттук — культурологиялык концепциябызды, тарбия стратегиябызды бекем кармануу аркылуу гана өз алдынчалыгыбызды сактап кала алабыз. Эгерде биздин окуу жана тарбия системабыз образдуу айтканда, акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономикалык инновация орун алган, ал эми дилинде, жан-дүйнөсүндө болсо Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Жаңыл мырзанын, Курманжан датканын, Исках Разаковдун гуманисттик- патриоттук, адептик-ыймандык нарктары отурган муундарды тарбиялап жетилтип турса, атуулдарыбыз өзүнүн бир боор кыртышына тамырын терең житирип турган дарак сындуу тарбияланган болсо, кеңири жалпылап кыска айтканда, эгер улуттук маданияттын түркүгү жергебизде бекем орнотулган болсо, анда калкыбыз массалык-маданияттын экспансиясына алдырбай, дүйнөлүк интеграциянын, глобалдашуунун ассимляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өзүнүн тарыхый менталитетин сактап, жалпы адамзат көчүнө татыктуу кошула алмак.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер