УЛУТ ДЕМИ ЖАНА КЫРГЫЗ ДЫМАГЫ!
- 16.12.2025
- 0
Таалим-тарбия
КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уӊгужолу жөнүндө доктринасы жарыяланган. Муну жалпы Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан статегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уӊгу жолу катары карасак болот. Улуттук уӊгу жол дүйнөлүк деӊгээлдеги бийиктикке умтулган көөнө улуттук демдин өзөктүү жолу деген кеп. Эгемен Кыргызстанды өз жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бакубат, бардар турмуш тартуулоо аркылуу бакубат өлкөнү түзүү максатын көздөп, алдын ала баш багыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун азыркы доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыккан. Ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу аталды. Аны Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уӊгу жолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: барыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча окутуунун заманбап жаӊы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалууда.
Биздин өлкөнү өнөктүрөм, калк турмушун жакшыртам деген илгери үмүтүбүз менен изги тилегибиз ушундай: «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу доктринабыз дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу болуп калды. Мунун баары жоктон жарала калган нерсе эмес, анын артында далай иштиктүү камылгалар, көптөгөн көйгөйлүү көртүйшүк, ырааттуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер турары бышык. Ошентип, өнөлгөлүү Эгемен Кыргызстанды түптөө, калыптандырууну жана андан ары өнүктүрүү жагын көздөө менен, алдын ала баш багыты так аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун – улуттук уңгу жолду доор талабына жараша кайра жаратуу муктаждыгы келип чыккан.
Кыргыздын карт тарых барагында бери дегенде эле 3 миӊ жылдан ашуун мезгелден бери өзүнүн көөнө аталышын сактап келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура жана көөнө, өзүнө гана таандык асыл баалуулуктары, нарк-насил таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы, улуттук улуу дымагы, жигердүү деми олуттуу омок болду десек жаӊылбайбыз. Бул да болсо карт тарыхтын кайра кайтма мыйзамы окшоду.
Кырк уруу кыргыз журту баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө эзелки жоо жапырыгынан сактап, кут даарыган мекенин ар дайым коргоп келди. Миӊдеген жылдар мезгил сынынан тайгылбай өткөн улуттук нарк-насил баштаган жазылбаган көөнө мыйзамдары, жүрүм-турум эрежелери жамы журт ыйык туткан нукура улуттук баалуулуктары, карманган салт-санаасы, эне тили, маданияты баш-аягы белгисиз туӊгуюкка түшүп кетүүдөн сактады.
Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, мамлекет башчыбыз өз ыйгарым укуктарын жаӊыдан аткарууга киришкенде, адеп улуттук нарк жаатындагы № 1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын чыгарган эле. Ал киши чаласабат, адепсиз, алабарман, таалим-тарбиясыз, нарк-насилден куржалак, каада-салтты билбеген, улуттук дөөлөттөрдү сыйлабаган, түшүнүгү чакталуу, ой-туюму чектелүү адамдар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес экенин тетик билген, жетик түшүнгөн.
Алгачкы жарлыктын артынан эле улуттук наркты калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү жаатындагы «Кыргыз жараны жөнүндө», «Манас» эпосунун үчилтиги жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын киргизүү жөнүндө» сындуу жарлыктар топтому жарык көрдү, алардын ишке ашыруу боюнча бир катар программалар менен концепциялар иштелип чыкты.

Ага улай «Мамлекеттик тил жөнүндө, «Билим берүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» өӊдүү бир топ олуттуу мыйзамдар кабыл алынды. Айрыкча, «Алтын Казык» мамлекеттик программасы бүтүндөй өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун заманбап үлгүсүнө транформациялоо кадамына жол ачты.
Доктринада кыргыз жарандарынын таалим-тарбияга, илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу үчүн үй-бүлө, коом, мамлекеттик бийлик бутактары бирдей кам көрүүгө милдеттүү экени жөнүндө таасын-так жоболор камтылган. Мындан ары жаңы мыйзам кабыл алууда, мамлекеттик программаларды бекитүүдө уңгу жол жоболору сөзсүз эске алынууга тийиш. Өкмөт дагы өзүнүн социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда доктрина жоболорун жетекчиликке алат.
Ошентип, бардык программалык документтер улуттук уңгу жол доктринасынын жоболоруна ылайык келтирилет. Мунун баарын КР Президентинин №1 жарлыгынын логикалык уландысы жана бирдиктүү жүргүзүлгөн саясий жүрүмдүн жыйынтыгы катары карасак болот.
Маселен, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги кайра түзүмдөштүрүлүп, Агартуу министрлигине айланды. Мында жөн эле “билим берүү” деген сөзгө караганда “агартуу” деген түшүнүктүн мааниси алганча кеңири экенин туюп турган чыгарсыз. Демек, улуттук агартуу тармагына мындан ары билим берүү менен бирге, татыктуу таалим-тарбия да берип, балдарды чоң турмушка аттандыруу милдети жүктөлүүдө.
Уңгу жолдо “Таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен айкалышы керек” жана “Салттуу үй-бүлө баалуулуктарын таануу жана алардын эл, улут, өлкө биримдигин жаратуу жана сактоо күчүн пайдалануу; аны алсыратууга, бузууга багытталган, ичтен жана сырттан жасалган аракеттерге өз убагында бөгөт коет” деген сындуу жоболор камтылган.
Ошондон улам, биз төмөндө Агартуу министрлигинин жыл ичинде аткарган иши боюнча маалыматына учкай назар сала кетели.
Жалпы билим берүү уюмдарында 2000ден ашык Профилактикалык кеңеш түзүлүп, алардын курамына педагогикалык жамааттын өкүлдөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору, ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары кирген. Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин бардыгында “Профилактикалык кабинеттерин” ачуу тапшырмасы коюлуп, учурда жалпы билим берүү уюмдары жашы жете электер менен иштөө инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Министрлик тарабынан 2025-жылдын I кварталында “Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, ичине “Коркпо, билдир!” анонимдүү функциясы киргизилген. Зомбулукка жана укук бузууларга кабылган ар бир окуучу ушул мобилдик тиркемеге билдирүү жөнөткөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана жөнөтүлгөн маалыматтар Агартуу министрлигине жана Ички иштер министрлигине келип түшүп, өз ыйгарым укуктарынын чегинде кызматташтыкта иш алып барууга жардам берет. Бул функцияга келип түшкөн маалыматтар анонимдүү жана сыр бойдон сакталат.
Ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү алакаларын жакшыртуу максатында “Манас КОД” оюну боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгып, 2025-жылдын 16-сентябрында Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда бет ачары өткөрүлгөн. Оюн учурунда биримдик, колдоо жана таяныч атмосферасы түзүлүп, маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгү абдан кызыктуу формада түшүндүрүлөт. Ар бир сюжетте жакындары менен ачык сүйлөшүү жана ой жүгүртүүгө ылайыктуу маанилүү тема сунушталат. Оюн уламыш айтуу салтын улантып, катышуучуларды окуяларды айтып берүүгө жана угууга чакырат.
Мугалим, ата-эне жана баланын ортосундагы коммуникацияны жакшыртуу максатында “Ата-энелер” мектеби программасы министрликтин буйругу менен 2023-жылы киргизилген. Учурда бул программаны жакшыртуу максатында атайын модулдар иштелип чыгууда.
2025-2026 окуу жылынан бүгүнкү күнгө чейин зомбулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн 5000ден ашык лекциялар, форумдар, жолугушуулар өткөрүлгөн.
“Мен жана дүйнө”, “Адам жана коом” сабактарынын предметтик стандарттарынын мазмундук тилкеси иштелип чыгып, окуу программасына тарбиялык компоненттер кошулган. Мындан тышкары, класстык жана класстан тышкаркы иштер ырааттуу өткөрүлүүдө.
Санариптин жаңы платформалары менен (нейро тармак) зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында социалдык видеотасмалар таркатылууда.
Окуучуларга коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу максатында “Буллинг жана кибербуллингдин алдын алуу жөнүндө” буйрук чыгарылып, бардык жалпы билим берүү уюмдарына зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмалар аткарууга жөнөтүлгөн.
Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын аткаруу максатында Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги жана башка тиешелүү министрликтер менен бирге биргелешкен буйрук чыгарылып, өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барышууда. Мындан тышкары, Агартуу министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти күчөтүү боюнча тапшырма берилген.
Мындан тышкары Агартуу министрлигинин демилгеси менен 2025-2026 окуу жылынын башынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын 7 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында билим берүү уюмдарындагы зомбулук маселелери жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүп, изилдөөгө окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана 50 мектептин администрациясы катышышкан. Изилдөөнүн максаты – билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун негизги себептерин аныктоо жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2025-жылдын 20-ноябрында жыйынтыкталып, зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча иш алып барган тиешелүү министрликтердин жана ведомтсволордун катышуусунда атайын жыйын өткөрүлгөн. Учурда Агартуу министрлиги “Билим берүү системасындагы тарбия багытын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаты жөнүндө” концепциянын долбоору иштелип чыгууда.
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, алардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун жана сергек жашоо образын калыптандыруу максатында тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын, социалдык педагогдордун жана 6-11-класстын класс жетекчилерин сабаттуулугун жогорулатуу максатында 2025-жылдын 4-октябрынан 29-ноябрына чейин ар апта сайын онлайн форматта вебинар уюштурулуп, жалпы 15 000 педагогикалык кызматкер катышкан. Бул иш-чаранын алкагында төмөндөгүдөй материалдар иштелип чыгып, педагогикалык кызматкерлерге таркатылган.
Агартуу министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге жалпы билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо максатында ар бир мектепте “Мектептеги ден соолукту чыңдоо боюнча комитеттери” түзүлгөн.
2025-жылдын август айынын аягына чейин бардыгы 76 уюм өз ишин жүргүзүп келген. Агартуу министрлигинин тапшырмасынын негизинде балдарга кошумча билим берүү уюмдарын кыскартуу, кайра түзүү иш чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында учурда 70 балага кошумча билим берүү уюмдары ишин жүргүзүп, жалпы 78843 баланы камтыйт. Учурда балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын сандык жана сапаттык көрсөткүчүн жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө.
Зомбулук, укук бузуулардын алдын алуу жана балдарды коргоо маселелери боюнча 50дөн ашык радиоэфирлерине,катышып, интервьюлар берилген ж.б.лар…
Башкы максатыбыз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акылы тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат. Ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Келерки муун өкүлдөрүнүн улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, үй-бүлөгө карамдуу, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, аргандай кыйынчылыктарга тике караган улан-кыздардан болуп жетилишине тилектешпиз. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу доктринасы жамы кыргыз журтуна өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, кыйналганда демөөр, кыйчалышта дымак болоруна толук ишеним бар.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер