Тынчтыкбек ДОСМУРАТОВ, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы: “АР БИР БАЛА ЖАГЫМДУУ ЧӨЙРӨДӨ САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТИЙИШ”
- 12.03.2026
- 0
Мамлекет башчысынын демилгеси менен мугалимдердин эмгек акысынын 100 пайызга жогорулатылышы — бул жөн гана социалдык колдоо эмес, өлкөнүн эртеңки күнүн аныктай турган стратегиялык чечим. Мындай масштабдуу каржылык колдоо билим берүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин арттырып, окутуунун сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жол ачат. Ушундай материалдык стимул күтүлүп жаткан чакта билим берүү тармагынын кызматкерлери эки эселенген жоопкерчилик менен демилгелүү иштеп жаткан кез. Мектептердин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаңы билим берүү мекемелерин куруу жана окуучулар үчүн коопсуз, сапаттуу чөйрө түзүү — бүгүнкү күндүн башкы артыкчылыктарынан. Ушундан улам биз Ош шаарындагы мектептердин абалы, окутуунун сапаты жана тармактагы өзгөрүүлөр тууралуу кенен маалымат алуу максатында, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек ДОСМУРАТОВ менен ачык маек курдук.

Тынчтыкбек ДОСМУРАТОВ, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы:
“АР БИР БАЛА ЖАГЫМДУУ ЧӨЙРӨДӨ САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА ТИЙИШ”
-Тынчтыкбек Бекташович, Ош шаарындагы мектептердин жетишсиздиги туурасында кеп кылсаңыз. 2026-жылга мектеп курулушу кандай пландалган. Шаарда дагы 25–30 мектепке муктаждык бар экени айтылып келет. Шаардагы көптөгөн мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен окуп жатышат. Бул маселе жакынкы 2-3 жылда кантип чечилет?
-Экинчи борбор эсептелген Ош шаарындагы чынында эле окуучуларынын саны жыл сайын 3000-3500ге чейин өсүүдө. Учурда шаарыбызда жалпы 70 мамлекеттик мектеп, 78 жеке менчик мектеп иш алып барса, андагы окуучулардын жалпы саны 117 829га жетти. Буга чейин шаардагы жеке менчик мектептердин саны ырааттуу түрдө өсүп келген болсо, өткөн жылдан бери кескин жогорулады. Бүгүнкү күндө шаардагы айрым мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен билим алып жатканы жашыруун эмес. Сиз белгилеп кеткендей, биздин анализибиз боюнча шаарда жалпы билим берүүчү мектептердин саны жетишсиз болуп, болжол менен дагы 25–30 мектепке муктаждык бар экени эсептелген. Бул маселени чечүү максатында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте системалуу иштер жүргүзүлүүдө. 2026-жылга карата шаарда бир нече жаңы мектептерди куруу жана айрым мектептерге кошумча окуу корпустарын салуу пландалууда. Тактап айтсак, Президентибиздин тапшырмасына ылайык 10 мектептин курулушу башталды. Мындан тышкары дагы жети мектептин курулушу жүрүп жатат. Булардын ичинен айрымдары мектептердин кошумча имараттары. Мындан сырткары, учурда иштеп жаткан мектептердин кээ бирлерин капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери да жүрүп жатат. Биздин негизги максат – жакынкы 2–3 жыл ичинде үч нөөмөт маселесин этап-этабы менен кыскартып, мектептерди эки нөөмөттүү окуу форматына өткөрүү. Бул багытта Ош шаарынын мэриясы, Агартуу министрлиги жана башка тараптар менен тыгыз иш алып баруудабыз.
-Билим тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү бийликтин салымы кандай болуп жатат?
-Билим берүү тармагындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийликтин ролу абдан чоң экени талашсыз. Ош шаарынын мэриясы соңку жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп келет. Мектептерди оңдоо, жаңы окуу корпустарын куруу, мектеп аймактарын жакшыртуу, инженердик коммуникацияларды жаңылоо сыяктуу иштер жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, шаардык бийлик мугалимдерге жана мектептерге социалдык колдоо көрсөтүү, инфраструктураны жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча бир катар программаларды ишке ашырууда.

-Мугалимдердин жаңы моделдик сабактарга даярдыгы туурасында айтсаңыз. Алар жаңы моделдик сабактарды даярдоодо кандай кыйынчылыктарга туш болушууда?
-Кыргызстанда билим берүү системасын 12 жылдык моделге өткөрүү – бул билим берүүнүн сапатын дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу багытындагы эң маанилүү реформалардын бири экени талашсыз. Чындыгында бул жараянда мугалимдерибиздин ролу абдан чоң. Ош шаарында мугалимдерди жаңы моделдик сабактарга даярдоо боюнча методикалык семинарлар, тренингдер жана кайра даярдоо курстары тынымсыз уюштурулуп жатат. Албетте, жаңы система болгондуктан айрым кыйынчылыктар да жок эмес. Айрыкча, жаңы окуу программаларын өздөштүрүү, компетенттүүлүккө негизделген окутуу ыкмаларын колдонуу, сабактарды жаңы форматта пландаштыруу сыяктуу маселелер мугалимдерден кошумча аракетти талап кылууда. Ошентсе да мугалимдерибиз бул өзгөрүүлөргө жоопкерчилик менен мамиле кылып, жаңы талаптарды тез өздөштүрүп жатат. Башкармалык тарабынан методикалык колдоо жана тажрыйба алмашуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул иш-аракеттер усулдук окууларда, ай сайын өтүүчү семинарларыбызда жана атайын уюштурулган усулдук иш-чаралар аркылуу ишке ашууда.
-Мектептерде окуу китебинин тартыштыгы кандайча чечилип жатат. Жаңы муундагы окуу китептери жетиштүүбү? Ош шаарындагы мектептерде окуу китептери менен камсыздоо деңгээли канча пайызды түзөт?
-Чынында окуу китептеринин маселеси да билим берүү тармагындагы маанилүү багыттардын бири болуп эсептелет. Керек болсо негизгиси десек да болот. Учурда Ош шаарындагы мектептерде окуу китептери менен камсыздоо деңгээли 86%. Ал эми жаңы муундагы окуу китептери Агартуу министрлиги тарабынан келип, этап-этабы менен мектептерге жеткирилүүдө. Жетишпеген китептерди толуктоо максатында мектептер арасында китеп фондун оптималдаштыруу жүргүзүлүүдө. Муну менен катар электрондук форматтагы материалдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө.
-1-класска кабыл алуудагы электрондук каттоо системасы жана мектептердеги технологиялык жабдуулардын абалына токтоло кетсеңиз. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз? Мектептерде билимди санариптештирүү багыты туурасында да айта кетсеңиз? Окуучулардын оор сумка көтөрүү маселесин чечүү үчүн электрондук китептерди колдонуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
-Акыркы жылдары билим берүү тармагында санариптештирүү багыты жигердүү өнүгүп жатканы баарыбызга маалым. Айрыкча биринчи класска кабыл алуудагы электрондук каттоо системасы оң натыйжасын көрсөттү. Бул система эң ириде ата-энелер үчүн ыңгайлуулукту жаратты да, адам факторун азайтты. Кайсы бир деңгээлде ачык-айкындуулукту камсыз кылды десек болот. Билим берүү жараянын санариптештирүү жаатындагы иш-аракеттерден мектептердеги компьютердик класстарды жаңылоо, интернетке туташтыруу, интерактивдүү жабдууларды орнотуу иштерин айтсак болот. Мындан тышкары, окуучулардын оор сумка көтөрүү маселесин азайтуу үчүн электрондук китепканаларды жана электрондук окуу материалдарын колдонуу багытында да иштер башталган. Биз санариптик каражаттар менен камсыздоо менен бирге билим берүү кызматкерлеринин арасында санариптик сабаттуулукту жайылтуу жаатында да бир топ системалуу иш-аракеттерди көрүүдөбүз. Бул аракеттер — келечекте билим берүү системасын толук санариптик чөйрөгө жакындатууга өбөлгө түзөт деген ойдобуз.
-Мугалимдердин жетишсиздиги жана сапаты туурасында сөз кылсак. Шаардагы мектептерде кадрлардын жетишсиздиги, өзгөчө табигый-математикалык багыттар боюнча абал кандай? Ошто кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт? Жаш адистерди мектепке тартуу үчүн кандай жеңилдиктер каралган?
-Ош шаарындагы мектептерде бүгүнкү күндө беш миңден ашуун мугалим эмгектенет. Шаардагы мектептерде кадр маселеси салыштырмалуу туруктуу болгону менен, айрым предметтер, тактап айтканда, сиз белгилегендей табигый-математикалык багыттар боюнча мугалимдер жетишпей калган учурлар бар. Жетишпеген кадрлардын жалпы саны бүгүнкү күндө 35 болсо, анын тогузу математика, алтоо физика, бирөө биология, үчөө химия, үчөө орус тили жана адабияты, экөө география, бешөө тарых, экөө музыка жана бешөө башталгыч класс мугалимдери. Бул жерден кошумчалай кетүүчү жагдай – жетишпеген кадрлар орус тилдүү мугалимдерден. Жогорудагы маселени чечүү үчүн жаш адистерди мектептерге тартуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Алардын катарына, жаш мугалимдерди ар тараптуу колдоо, заман шартына ылайык усулдук жардам көрсөтүү, практикалык тажрыйба алмашуу, жергиликтүү деңгээлде социалдык колдоо механизмдерин түзүү сыяктуу чаралар кирет. Муну менен катар дуалдык билим берүү системасынын да аталган көйгөйдү акырындык менен чечүүгө өбөлгө түзүп жатканын кошумчалап кетким келет. Биздин максат – мектептерге кесипкөй, заманбап ой жүгүрткөн жаш мугалимдерди көбүрөөк тартуу.
-Коррупцияга каршы күрөш туурасында да сөз кылсак. Өткөн жылдарда башкармалыкта коррупциялык схемалар аныкталганы кабарланган. Жаңы жетекчи катары бул багытта кандай кескин чараларды көрүп жатасыз?
-Сиз айткан жагдай 2023-жылы болгон маселе экен. Мен бул кызматка өткөн 2025-жылы келдим. Жогорудагы маселе боюнча тийиштүү органдар иш алып барып, өз жыйынтыгын чыгарган. Мен дайыма айтып келаткан сөзүмдү бул маекте да кайталап кетким келет: Билим берүү тармагында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу — биздин негизги принциптердин бири. Башкармалыкта коррупциялык көрүнүштөргө каршы катуу жана системалуу саясат жүргүзүлүп жатат деп кесе айта алам. Бул багытта кызматтык жоопкерчиликти күчөтүү, финансылык процесстерди ачык жүргүзүү, электрондук системаларды киргизүү, коомдук көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу чаралар көрүлүүдө. Биздин позиция абдан так: билим берүү тармагында мыйзам бузууга жол берилбейт!
-Мектеп директорлорун сынак аркылуу тандоо билим сапатына кандай таасир этти? Ротация болгон директорлор жаңы жамаатка көнүп кете алыштыбы? Ош шаарында мурдагыдай эле узак убакыт бою мектепте директор болуп иштеп жаткандар барбы?
-Мектеп директорлорун ачык сынак аркылуу тандоо практикасынын киргизилиши – билим берүү системасында кадрдык саясатты жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Сынак аркылуу келген жетекчилер мектепти башкарууда жаңы ыкмаларды киргизип, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга аракет кылып жатышат. Жаңы жамаатка барган директорлор алгач адаптация мезгилинен өтүшөт, бирок көпчүлүгү тез эле жамаат менен иштешип кетишүүдө. Бул механизм башкаруу маданиятын жаңыртып, мектептерде жаңы идеялардын ишке ашуусуна шарт түзүүдө. Ошентсе да, бул сынактын жобосуна мезгил талабына ылайык улам өзгөртүү жана толуктоолор кирип туруусу зарыл деп эсептейм. Ал эми мурдагыдай эле узак убакыт бою мектепте директор болуп иштеп жаткандар албетте бар. Алар дагы жободо көрсөтүлгөн тартипте мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөгө укугу бар.
-Эң соңунда эркин суроо берейин. Дагы эмнелерди кошумчалайсыз?
-Эми жыйынтыктап айтканда, Агартуу министрлиги тарабынан башталган билим берүү тармагындагы бир катар реформаларды Ош шаарында ишке ашыруу системалуу жүрүп жатат. Албетте, чечиле турган маселелер дагы аз эмес. Бирок эң негизгиси – билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча так пландар жана конкреттүү аракеттер бар. Биздин башкы максат – Ош шаарындагы ар бир бала жагымдуу чөйрөдө, ыңгайлуу шартта сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. Билим берүү – бул мамлекеттин келечеги. Ошондуктан бул тармактагы иштерди мындан ары да жоопкерчилик менен улантабыз.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер