ЦИВИЛИЗАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ БАСКЫЧ
- 24.03.2026
- 0
![]() |
ХХI-кылымдын технологиялык революциясы маалыматтык технологиялардын тез өнүгүшүнө алып келди. Бул процесс өлкөбүздө да байкалууда. Мунун аркасында биз дүйнөнүн өз ара байланышы күчөгөнүнө күбө болуп жатабыз. Өзгөчө маданий алакалашууда, экономикалык интеграция жаатында, өлкөбүздүн аймактарындагы айыл чарбасынын өнүгүшүнө байкаларлык түрткү берүүдө. Бул элдин салттуу, калыптанган баалуулуктары жаңы технологиялык куралдар менен шайкеш айкалышып, инсандык өсүп-өнүгүү жолун туура аныктоодо бекем пайдубал болушу кажет. Биз аң-сезимдүү тандоону талап кылган көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн алдында турабыз. Байланыштын (коммуникациянын) жакшырышы менен бирге, маалыматтык технологиялар педагогдорго мурда болуп көрбөгөндөй сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, студенттердин өз алдынча иштерин баяндоо үчүн сөз байлыгын кеңейтүү зарылчылыгын жаратты, бул болсо плагиаттан качууга көмөктөшөт. Кесиптик өсүүдө жаңы технологияны туура колдоно билгенде гана ар кандай кырдаалдарга ыңгайлашуу (адаптация) жөндөмүн иш жүзүндө өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Биздин реалдуулукту өзгөртүүнүн жогоруда айтылган алгоритмдери, баарынан мурда, педагогдун аң-сезимдүүлүгүн талап кылат жана көбүнчө анын ой жүгүртүү образына көз каранды. Себеби билим берүү ыкмалары тынымсыз эволюцияланууда. Педагогикалык ишмердүүлүк баалуулуктарды жана жүрүм-турум этикасын калыптандырат, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана инновацияларды өнүктүрөт.
Негизинен бардык жогорку окуу жайларыбызда студенттер мектепти аяктагандан кийин лицей топторунда, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү бөлүмдөрүндө билим алышат. Бул куракта инсандын иденттүүлүгү (Мен киммин? деген суроого жооп) — жарандык (улуттук) жана жеке инсандык (өзүн — өзүнчө инсан катары кабыл алуу) өнүгүү баскычында жүрүүдө. Кесиптик иденттүүлүктүн калыптанышы келечектеги жумуш жана карьералык өсүш менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө айтылган алгоритмдерди карап чыгуу менен, педагог бул түшүнүктөрдүн жаңыча аңдалышына жана трансформацияланышына салым кошот. Бул педагогдун пайдалуу аракет коэффициентин аныктайт. Канчалык парадоксалдуу угулбасын, маселени чечүүнүн натыйжалуулук деңгээлин моюнга алуу керек.
Технологиялык революция менен коштолгон глобализация процесси жашообузга бир түрдүүлүктү алып келип, улуттук жана этникалык тилдерди, кайталангыс салттарды сүрүп чыгарууда. Аларды Батыштын жана Американын маданиятынан алынган стандартташтырылган үлгүлөр менен алмаштырууда. Бирок бизде дагы деле «Биз эмнени көздөп жана кайда баратабыз?» деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда, убакыт тарабынан берилген медалдын экинчи тарабы да бар. Ал- It технологияларын сабаттуу колдонсок, бизге баа жеткис кызмат көрсөтө алат. Улуттук маданиятыбызды жана мамлекеттик тилибизди да дүйнөгө жайылтууга, кызыктуу жана жагымдуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
Биздин милдетибиз — айрым постсоветтик өлкөлөрдөгүдөй дүйнөдөн обочолонуп алып өз иденттүүлүгүбүздү коргоо эмес, тескерисинче, маданий иденттүүлүгүбүздү башка элдердин жана маданияттардын контекстинде атаандаштыкка жөндөмдүү, алгылыктуу жана жагымдуу кылуу болуп саналат.
«Автопилоттон» (инерциядан) «аң-сезимдүүлүккө» өтүү зарылчылыгы
Негизинен постсоветтик мамлекеттерде байкалуучу сенектик заманда өмүрүбүздүн басымдуу бөлүгүн биз «автопилотто» (стереотиптерге таянып, инерция менен) жашап келдик. Глобализация маселелерине жана өзүбүздүн индивидуалдуулугубузду сактап калууга аң-сезимдүү мамиле жасоо убактысы келди. Бул аң-сезимдүүлүк коомду гумандаштыруу жаатындагы мамлекеттик кайра түзүүлөр менен бекемделип, расмий календарыбызда жаңы даталар («Энелер күнү», «Аталар күнү», «Манас эпосунун күнү») менен толукталууда. Алар биздин жашоодогу баалуулуктарды калыптандырууну активдештирет.
Көрүнүп тургандай, жаңы маалыматтык технологиялардын келиши менен цивилизациябыз түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Толук кайра түзүлүү процесси жүрүп жатат, анын натыйжасында ички реалдуулукту, дүйнө таанымды жана жашоо ыкмаларын өзгөртүү зарылчылыгы- сапаттык жаңы абалга алып келди. Мурда адам туруктуу чөйрөгө ыңгайлашкан болсо, бул заманда «динамикалык билим берүү» зарылчылыгы келип чыкты. Башкача айтканда, билим алуу мектептин же жогорку окуу жайдын дубалдары менен эле чектелбейт.
Илимий техникалык революция- дүйнө, окуу китептери жазылганга караганда, тезирээк өзгөрүп жатканын көрсөтүүдө. Динамикалык билим берүү, жаңы технологиялар алып келген «белгисиздик» шартында кантип ойлонууну жана аракеттенүүнү үйрөтөт. Азыркы учурда билим берүүнүн артыкчылыгы (приоритети)- даяр жооптор жок болгон жерде кандайча жашоону жана аракеттенүүнү үйрөтүү болуп калды. Биздин коом өнүгүүнүн жаңы цивилизациялык дооруна кадам таштады.
Табият менен адамдын өз ара көз карандылыгы
Адамдын табияты башынан эле өзүн-өзү өнүктүрүүчү жана өзүн-өзү жөнгө салуучу тутум катары жаралгандыгы айкын болууда. Бул үчүн адам баласында, башка жандыктардан айырмаланып, өзгөчө бир “акыл”, “каалоо” болушу табият берген чындык. Ушул сапаттар бүгүнкү күндө адамды эң өнүккөн жасалма интеллект тутумдарынан(AI) айырмалап турат.
Мындан тышкары, адам байкоо жүргүзүү жөндөмүнө ээ. Адамга гана таандык болгон «байкоочунун эффектиси» (эффект наблюдателя) коомдогу өзгөрүүлөргө жана табияттагы тартипке таасир этүүчү зор күч. Бул терминди жөнөкөйлөштүрүп айтканда: адам жөн гана жашоочу эмес, ал өзүнүн көз карашы жана иш-аракети менен реалдуулукту өзгөртө алган күч. ЖИ (Жасалма Интеллект) эсептей алат, бирок адам гана сезип жана өзгөртө алат.
Жараткандын эрки аркылуу адам менен табияттын өз ара көз карандылыгы жашоого багытталган. Бүгүнкү күндө адам баласы табияттын бузулган экосистемаларын калыбына келтирүүгө жана табият менен адамдын ортосундагы жоголгон тең салмактуулукту кайтарууга канчалык аракет кылып жатканын байкоого болот. Мисалы, биздин өлкөдө жарандардын жашоо шартын жакшыртуу максатында мамлекетибиз көп кабаттуу турак жай комплексин куруп, пайдаланууга берүүдө. Бул өлкөнүн бардык аймактарында шаар калкынын өсүшүнө шарт түзөт.
Табияттын аң-сезимдүү бөлүгү катары адам анын күчүн колдонууну жакшы үйрөндү. Бирок бул кадамдар адамдык фактордун жана табигый процесстердин таасири астында биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна, жаратылыштын бузулушуна алып келди. Бүгүнкү күндө адам менен табияттын жуурулуп жашоосу глобалдык маселе болуп кала берүүдө. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө адам менен табиятты интеграциялоо (лат. integratio — калыбына келтирүү, толуктоо) маселесин чечүүнүн башка жолдору барбы? Кайтарылгыс процесстер жүрүп кетелегинде, кантип биз шарты келишкен шаарларда жашап, ошол эле учурда биологиялык ар түрдүүлүктү, ден соолугубузду, жашыл зоналарды сактап кала алабыз?
Жаңы келген заманга байланыштуу “интеграция” сөзүнүн мааниси- бул жөн эле кошулуу эмес, бул калыбына келтирүү болуп эсептелет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул маселе кылдат мамилени талап кылган мезгил. Демек, адам менен жаратылыштын ортосунда тең салмактуулукту сактоо- бүгүнкү күндүн эң актуалдуу чакырыгы.
Ачык жана жабык коом Бир кезде социологдор тарабынан болжолдонгондой, бүгүнкү күндө биздин коом «жабык» абалынан «ачык коомго» өтүүдө. «Жабык коомго» мүнөздүү болгон догмалардын жана авторитаризмдин үстөмдүгү, бардык нерсеге карабастан, постсоветтик мамлекеттерде узак убакыт бою практикаланып келди жана көп жагынан дагы деле уланууда. Тарбия берүү процессинде ачык коомдун көндүмдөрүн сиңирүү аракеттери эбак эле башталган, бирок практикада тамыр жайган турмуштук кырдаалдар педагогдун аракеттерин жокко чыгарып келген.
Алардын ичинен эң кеңири таралганы — ой жүгүртүүнүн стереотиптүүлүгү. Мында адамдын өз оюн ишенимдүү билдирүүсү ага карата шаблондук мамилени жаратып, натыйжада инсанды этибарга албоо (игнорирование) менен коштолот. Ар кайсы элдердин маданияты тууралуу дүйнө таанымдын кеңейиши инсандын трансформацияланышына шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө педагог үчүн дагы бир маанилүү нерсе- адамды шыктандыруу жана анын ачык коомдун жашоосуна аралашуу көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат. Дал ушул жерде натыйжалуу коммуникация жана кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Өлкөдөгү технологиялык прогресс маалымат эркиндигин, диалогду жана плюрализмди алып келди. Жаңы келген технологиялар ачык коомдун куралы болуп калды. Мунун өзү адамдар өз оюн айтуудан коркпогон, ой-пикир жана сөз эркиндигине өбөлгө түзөт. Тилекке каршы, студенттерибиз, дагы деле, аудиторияда же коомдук жайларда өз ойлорун ачык айтуудан тартынышат.
Салыштырмалуу айтканда, монизм (бир гана чындыкка ишенүү) түшүнүгү көбүнчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн коомунда кездешет. Бүгүнкү күндө ачык коом концепциясын иш жүзүндө активдештирүү, “угулбай калам”,-деген коркунучтан арылуу маселеси дагы деле күн тартибинде турат.
Бул коомдун цивилизациялык өнүгүүсүндө жана инсандын турмуштук ишмердүүлүгүндө өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыт берген жаңы этап болуп калды. Ал эң оболу өзүбүздөгү өзгөрүүлөрдүн зарылчылыгын аңдап билүүдөн башталат. Илимде «өзүн-өзү өнүктүрүү» адамдын табиятына гана мүнөздүү десек жаңылышабыз. Бирок адам гана дүйнөнү өзгөртүүчү катары хаостон иреттүүлүккө (тартипке) баруучу жолду таба алат.
Азыркы учурда биз, маданият маалыматтык мейкиндик аркылуу өзүн-өзү уюштурууга жөндөмдүү, динамикалуу өнүгүп келе жаткан коом болоруна толук ишеним артабыз. “Ачык коом”концепциясы бүгүнкү күндө адамдын жана мамлекеттин иденттүүлүгүнө болгон сый мамиле менен жаңыча толукталууда.

Цивилизациялар ортосундагы алтын көпүрө
«Дүйнөнүн борбору» (Махмуд Кашгаринин картасы боюнча) деп аталган Кыргызстандын идеясы бүгүн жаңы мааниге ээ болууда. Борбордук Азия мамлекеттеринин гана эмес, «маданияттардын кесилишинде» жайгашкан Кыргызстан Евразия континентинин жана Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнүн маданияттары менен цивилизацияларынын ортосундагы символдук көпүрөгө айланууда. Анткени Борбордук Азия чөлкөмү — Евразия континентиндеги Чыгыш менен Батышты байланыштырган тарыхый муун (звено) болуп саналат.
Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен мамилелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга болгон позитивдүү маанайы Тажикстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн практикасында байкалууда. Бул жагынан алганда, Кыргызстан картадагы жөн гана бир чекит эмес, ал глобалдык дүйнөдөгү диалогдун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташтыктын борборуна айлана алат деп айтсак жаңылышпайбыз. Чындыгында, дүйнө барган сайын бири-бири менен тыгыз байланышкан жана өз ара көз каранды абалга келүүдө.
Глобализация. Маалымат агымына айлабыз барбы?
Глобализация биздин реалдуулукка болгон мамилебизди өзгөртүүдө. Биздин замандашыбыз дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгүнө айланууда. Коомдогу өз ролун түшүнүү, өзүнүн төл маданиятына таандык экенин сезүү- улуттардын көп түрдүү маданият калейдоскобунда өзүн жоготуп албоого жардам берет. Ошол эле учурда окумуштуулар бул алгоритмдин адамдын психикалык саламаттыгы үчүн маанилүүлүгүн белгилешет.
Адамдын дүйнө таанымына тийгизген глобализациянын таасири -маалыматка эркин жетүү мүмкүнчүлүгү менен аныкталууда. Бул анын ааламын кеңейтүүдө. Маданий алмашууну, маданий баалуулуктардын, музыканын жана искусствонун жайылышын шарттайт. Башка элдердин жаңы салттары менен таанышуу- мурда болуп көрбөгөндөй өзүн-өзү көрсөтүүгө жана сынчыл ой жүгүртүүгө өбөлгө түзгөн оригиналдуу, өзгөчө идеялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет!
Бирок маалыматтын ашыкча көптүк агымы, фактыларды текшерүүнү, ар кандай көз караштарды салыштырууну талап кылат, бул болсо адамдын сынчыл талдоо жөндөмүн машыктыруучу жагдайга түрткү берүүдө. Өзгөрүүлөрдү алып келген зор маалымат агымы өнүгүү үчүн маанилүү маалыматтарды жана баалуулуктарды жекече издөөнү жана тандоону талап кылары шексиз. Мунун баары окутуу көндүмдөрүн калыптандырууда педагогдун башкы милдеттеринин бирин түзөт. Инсандын өсүү жана өнүгүү процессине басым жасоо менен, биз жаштардын позитивдүү келечегине ишеним артабыз!
Социалдык кубулуштардагы адамдын жүрүм-туруму же
дүйнөдө тынчтык болобу же жокпу?
Социалдык кубулуштардагы адамдын жүрүм-турумун түшүнүү үчүн биз кванттык физикага кайрылабыз. Анда салттуу физикалык формулаларга баш ийбеген көптөгөн суроолорго жооп табылат.
ХХ-кылымдын башында жаралган кванттык физика ааламды микродеңгээлде (молекулалар жана атомдор деңгээлинде) таануу аркылуу жаңы билимдерди ачууну улантууда. Дал ушул деңгээлде бардык татаал тутумдар калыптанат. Татаал тутумдарды, анын ичинде социалдык тутумдарды таануу процесси -бул жөн гана бейтарап байкоо эмес. Адам өзүнүн рефлексиясы (ой жүгүртүүсү) аркылуу бул татаал тутумдун калыптанышына жана өнүгүшүнө жигердүү катышат. Биздин аңдап билүү процессибиз, албетте, келечекти аныктоочу фактор болуп саналат.
Кванттык физика жана Синергетика (өзүн-өзү өнүктүрүүчү тутумдар жөнүндөгү илим)- илимдин дисциплиналар аралык багыттары катары реалдуулуктун ар кандай өңүттөрүн изилдесе да, педагогикада кесиптешкен чекиттери бар. Окумуштуулардын айтымында, Синергетика методология катары татаал ачык тутумдардын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн талдоого мүмкүндүк берет, ал эми жабык сызыктуу тутумдарда тышкы чөйрө менен алмашуу жок болгондуктан, система деградацияга ыктайт. Ачык тутумдар курчап турган чөйрө менен энергия, зат жана маалымат алмашып турат. Синергетиканын принциптери социалдык топтордун динамикасын түшүнүү үчүн колдонулуп келет. Алар тирүү материядагы, биздин учурда — адамдагы жана коомдогу өзүн-өзү уюштуруу, ыңгайлашуу жана өнүгүү процесстерин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүн дүйнөлүк коомчулук өтө маанилүү суроолордун алдында турат:
- Адам тынч жашап, жаратмандык сапаттарын өнүктүрө алабы же жокпу?
- Глобалдык өзгөрүүлөрдүн азыркы кылымы адамзатка кайрадан агрессия менен согуштарга кайрылбай, маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүк береби?
- Бул кылым «дүйнө кожоюндарын» башкалардын тандоо эркиндигин күч колдонуу менен тартып алууга эмес, аны түшүнүүгө багыттай алабы?
Кванттык физика реалдуулук жана себеп-натыйжа тууралуу классикалык түшүнүктөрдү күмөн астына коёт. Глобалдык масштабдагы окуяларда кванттык ой жүгүртүү бир гана себеп-натыйжаны эмес, көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү карайт. Молекулярдык жана атомдук деңгээлде далилденген кванттык логика ар башка кубулуштардын ортосундагы салттуу чечмелөөлөрдөн алда канча кеңири. Адамдын табияты ушундай: коомдогу ар бир жаңы көрүнүш каршылык жаратат, алар дароо эмес, балким, жылдар өткөн соң гана кабыл алынат. Кванттык ой жүгүртүү принциби— адамга ийкемдүү болууга, бардык окуяларды көзөмөлдөөгө умтулбай, жаңыны кабыл алууга жардам берет.
Инсандын жаңы кубулуштардан мүмкүнчүлүктөрдү көрө билүү жөндөмүн өнүктүрүү — бул биздин педагогикалык милдетибиз. Эсиңиздерде болсун, аң-сезимдин жана кунт коюунун жогорку деңгээли кванттык ой жүгүртүүгө ээ адамдарга мүнөздүү. Кванттык ой жүгүртүүнүн элементтерин биз студенттерибизден да көрүп жатабыз. Ал адамга өзүнүн эгосунан, сокур ишенимдеринен жана ашыкча эмоцияларынан арылууга жардам берет.
Корутунду
- Санариптик технологиялар биздин баарлашуу, иштөө, окуу жана дүйнө менен болгон мамилебизди түп-тамырынан өзгөртүүдө.
- Жаштардын кванттык ой жүгүртүү чөйрөсүндөгү изилдөөлөрү эл аралык кызматташтыкка, билим жана технология алмашууга өбөлгө түзүп, өлкөнүн цивилизациялык өнүгүүсүн байытат.
- Жакын арада мектеп партасынан баштап эле робототехника, маалыматтар менен иштөө, веб-дизайн, киберспорт, жасалма интеллект архитектурасы сыяктуу өзгөчө предметтер киргизилет. IT-көндүмдөр чөйрөсүндө кванттык технологиялар окутула баштайт.
А.БЕКНАЗАРОВА,
И.Абдраимов атындагы КАИнин мамлекеттик тил методологиясы
бөлүмүнүн адиси, Билим берүүнүн мыктысы

Комментарийлер