ТООЛУУ АЙМАКТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БУЛАГЫ
- 13.10.2025
- 0

(Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата)
Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн катарына киргендиктен, тоолуу аймактарда билим берүүнү өнүктүрүү маселеси көптөгөн ресурстарды чечүүнү талап кылат. Илимий билим берүү институттары изилдөө борборлорунун жана эл аралык коомчулуктун идеяларын, сунуштарын колдонуп, ишти илгерилетүүгө багыт алабыз. Аларды чечүү адамдан тоодой күч-аракеттерди талап кылат. Тоолуу аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө кесиптик билим менен мыкты тарбия алган жаштар келечекте чечүүчү ролду ойношот. Тоолук балдар чоң аталары, чоң энелери айткан салт санаа, улуттун уюган уңгу жолу менен тарбияланат эмеспи.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети Нарын облусундагы юридикалык жана педагогикалык адистерди даярдоочу окуу жайы болуп саналат. Факультеттин тарыхынын башталышына токтосок, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун Нарындагы борбору болуп 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык академиянын академиги Борис Кубаевдин демилгеси менен уюшулган.
Нарындагы борбор — укук коргоо органдарында, мамлекеттик кызматта жана ишкердик чөйрөдөгү юридикалык билимге муктаж кадрлардын көйгөйүн чечүүдөгү принципиалдуу жаңыча мамиле жасоонун алгачкы карлыгачтарынан болгон.
Кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Нарындагы юридикалык колледжи болуп түзүлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 12-августундагы Жарлыгы менен уюшулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелген.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы Орто Азиядагы юриспруденция багытындагы илимий потенциалдарды чогулткан юридикалык кадрларды даярдоочу бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы катары өз ордун тапкан.
2003-2005-жылдары Академияны юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев жетектеген. Академияны 2005-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридикалык илимдеринин доктору, профессор Канат Керезбеков жетектеп турган.
Нарын юридикалык колледжи 2022-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети болуп кайра түзүлүп, Кыргыз улуттук университетинин курамына кайрадан кошулду.

Факультеттин миссиясы — тоолуу аймактагы укук чөйрөсүндөгү адистерди жана педагогикалык кадрларды кесипке даярдоону жогорку деңгээлде камсыз кылуу, дүйнөлүк билим берүү жана илимий маалымат коомчулугуна интеграциялоо шартында инсандын жарандык жана адеп-ахлактык сапаттарын калыптандыруу. Факультетте теориялык жактан терең даярдыгы бар, укук коргоо органдарында практикалык тажрыйбасы мол адистер сабак беришет. Студенттерге Ж. Баласагын атындагы КУУдан тышкары Республикабыздагы ЖОЖдордон жана укук коргоо тармагында мурда кийин, азыр иштеп жатышкан тажрыйбалуу адистер конок лекцияларды байма-бай өтүп турушат.
Факультет юристтерди жана башталгыч класстардын мугалимдерин даярдайт. Бул окутуу профилдери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы талаптарына жана шарттарына толук жооп берет.
Факультеттин ишмердүүлүгү төмөнкү стратегиялык багыттардын алкагында жүзөгө ашырылат:
— билим берүү жана илимий изилдөө чөйрөсүндө профессордук-окутуучулук курамдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
— жаштардын интеллектуалдык потенциалын ачууга көмөктөшүүчү заманбап билим берүү технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү;
— факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна мониторингди уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында эмгек рыногу жана билим берүү кызматтары боюнча үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзүү;
— билим берүү процессин оптималдаштыруу жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу;
— илимий-методикалык иштин натыйжалуулугун, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу;
— студенттер менен педагогикалык жамааттын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы формаларын киргизүү аркылуу студенттердин өз алдынча башкаруусун өркүндөтүү.
Факультетти философия илимдеринин кандидаты, доцент, Ардактуу профессор, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси Сыдык Иманалиев жетектеп келет. С.Иманалиев билим берүүнүн Мамлекеттик стандарттарын түзүү иштеринин активдүү катышуучусу. Ал мындан тышкары жогорку профессионалдык билим берүүнүн бакалавриат, магистр багыты боюнча окуу-методикалык бирикмесинин мүчөсү жана түзүүчүсү.
Факультеттин курамында философия илимдеринин доктору, профессор Ж. Сыдыков, илимдин кандидаты, доценттер С.Иманалиев, С.Оторова, ага окутуучу М.Жумаев жана окутуучулар Арсарбек кызы С, З.Төлөбекова, Ж.Желденбаева, Э. Ашымов, К. Уранбекова, С. Нурсейитова, Б. Советов, Н.Жумабеков Р. Кадыров, А. Сопуева, М. Талантбекова, Н. Мамбеттоктоева ж.б. эмгектенишет.
Студенттердин саны-200дөн ашат. Факультет окуу-лабораториялык “соттук процесстик” кабинет жана “компьютердик класс” менен жабдылган.
Бүгүнкү студенттер санарип доордо ЖОЖго, колледжге кабыл алууда каттоо (https://2020.edu.gov.kg), КУУнун АВН https://avn.knu.kg /порталынан өздөрү туурасында маалыматтарды киргизүүдөн баштап, электрондук ведомость, электрондук журнал, модульдардын бааларын, контракттык төлөмдөрүн ж.б. баарын көрүп турушат. АВН тестирлөөдө, предметтик жана ар түрдүү анкеталарды да өздөрү толтуруп турушат. Электрондук китепканадан https://ebooks.knu.kg/ керектүү окуу куралдарын көчүрүп алып, кеңири колдонушат.
Факультеттин студенттери Нарын шаарындагы жаштар кыймылынын өнүгүшүнө салым кошууда. Нарын шаарындагы факультеттин студенттери ар кандай конкурстарга, олимпиадаларга, конференцияларга катышып байгелүү орундарды ээлеп келишет.
Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын жалпысынан баардык укук коргоо органдарында, сот системасында, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, ошондой эле ар багыттагы коммерциялык ишканаларда, билим берүү мекемелеринде жана уюмдарда иштешет.
Факультеттин төмөндөгү бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүнө чоң салым кошууда. Алар: Асан уулу Жумгал — Нарын облусунун, Ат-Башы райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн начальниги, Кубатбеков Руслан — КРнын Президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жардамчысы, Чагалдакова Махабат — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы, Кубанычбекова Назгүл – КР УКМКнын Секретариатында, Бишкек шаары, Черикчиев Адилет – “Мергенчилер жана балыкчылар” коомунун директору, Нарын шаардык кеңешинин депутаты, Жапаров Куштарбек Жаныбекович – Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу, Мухамбеткалыев Шадыбек – КРнын Нарын шаары боюнча Салык кызматынын юристи, Таалайбек уулу Камчыбек – КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунун Нарын облусу боюнча инспектору, Кадыркулов Акылбек – Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы, Султаналиева Медина -Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары.
Сөзүмдүн аягында улут сыймыгы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси менен агай-эжелерди, окуп жаткан студенттерди чын жүрөктөн куттуктаймын! Университетибиздин арымы мындан да кеңейип, ийгиликтери, жетишкендиктери эстафета катары улантыла берсин демекчимин!
Сыдык ИМАНАЛИЕВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультинин деканы
Комментарийлер