ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА: «МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ — АЙЛЫГЫНЫН КӨПТҮГҮ МЕНЕН ГАНА ЧЕНЕЛБЕЙТ»
- 04.03.2026
- 0
Мугалимдин сыйлыктары анын кесипкөйлүгүн, эмгегин жана билим берүүгө кошкон салымын таануунун маанилүү куралы. Сыйлыктар мугалимдерди сапаттуу билим берүүгө, инновациялык ыкмаларды колдонууга жана кесипкөй өсүүгө шыктандырат.
Сыйлыктар — бул жөн гана мактоо эмес, бул мугалимдин коомдогу ордун жана кадыр-баркын көтөрүүчү маанилүү фактор. Мугалимдин статусу, коомдогу орду жана заманбап билим берүүдөгү көйгөйлөрдүн чечүү жолдору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Токтобүбү АШЫМБАЕВА менен маек курдук.

— Токтобүбү Абасовна, ириде Сизди эл өкүлү болуп шайланып келгениңиз менен куттуктайбыз! Сиз билим берүү системасынын бардык тепкичтерин басып өткөн адам катары, бүгүнкү күндө бул тармактагы эң негизги маселе эмнеде деп ойлойсуз? Депутат болоруңуз менен ишти эмнеден баштадыңыз?
— Мен үчүн эң маанилүүсү — бул мугалим жана анын коомдогу статусу. Мугалимге мотивация берүү үчүн бир гана айлык акы жетишсиз. Анын коомдогу кадыр-баркын, сый-урматын көтөрүүчү башка кадамдар да болушу керек. Тилекке каршы, 2017-жылы “Эл мугалими” деген эң жогорку наам алынып салынган экен. Элестетсеңиз, эгемендүүлүк алгандан бери бул наамды 25 гана адам алган болсо, бүгүнкү күндө ошол инсандардын жетөөсүнүн гана көзү тирүү. Биз бул наамды кайра калыбына келтирүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледик. Анткени мугалимди коом, ата-эне жана окуучу сыйлаганда гана билим берүүдө жылыш болот. Кичинекей кадамдардын бири – мугалимге наамдарды, сыйларды байма-бай жасап туруу зарыл. Коомчулук ушундай кадыр-барктуу мугалимдерди билип, атын атап, сыйлаш керек. Мен биринчи ушул багытта мыйзам долбооруна сунуш киргизип, азыр коомчулуктун талкуусунда турат.
— Эмне себептен бул наам убагында алынып салынган? Бул боюнча иликтеп көрдүңүзбү?
— 2017-жылы ошол кездеги Президенттин жарлыгы менен кыскарып кеткен деген гана маалымат бар. Балким, ошол кездеги Билим берүү министрлиги кош көңүл карагандыр же көңүл чордонунан чыгып кеткендир. Кандай гана министрлик болбосун, өз кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргошу керек. Биз азыр бул боштукту толтуруунун үстүндөбүз.
— Кызыктуу жагдай, жаңы “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда “мугалим” деген түшүнүк жок болуп, “педагогикалык кызматкер” деп жалпыланып калыптыр. Бул мугалимдин кадыр-баркына шек келтирбейби?
— Ооба, мыйзам иштелип жатканда ушундай болуп калган. Учурунда бул мыйзам ЖКнын 33 депутаты жана коомдук ар түрлүү өкүлдөрдүн катышуусунда иштелип чыккан. Мен дагы бир аз чеке жагын камтып калгам эле. Балким, сиз айтып жаткандын дагы өз чындыгы бардыр. Мыйзам – рамкага салынган документ. Ал механизм сыяктуу баарын толук жазбайт. Механизмдер мыйзам алдындагы актылар менен бекитилиши керек. Балким, “педагогикалык кызматкер” дегенден башка дагы көп түшүнүктөрдү карап чыгуу маселесине, менимче, “мугалим”, “тарбиячы”, “окутуучу” деген түшүнүктөрдү да тактоо мезгили жетти.
— Ооба, тактоо керек. Ушул түшүнүктөр так жазылса деген пикирлер коомчулукта да айтылып жүрөт. Ал эми “Мугалимдин статусу” мыйзамы эмнеге жокко чыккан?
— Беш мыйзам бириктирилип, бир эле “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга кирген. Азыр юристтер менен дагы аны карап жатам. Ошонун ичинде мугалимге тиешелүү болгон статустан эмнелер жана кайсы түшүнүктөр кирбей калган боюнча иш жүрүп жатат. Мыйзамдарды ирилетиш, балким, туурадыр. Бирок, бириккен мыйзамда мугалимдерди жер участоктору менен камсыз болуу деген сыяктуу бир катар түшүнүктөр кирбей калыптыр. Ошонун үстүндө да иштеп жатабыз. Биз жалпы мыйзамды карап чыгышыбыз керек. Кайсы гана мыйзам болбосун эл мүдөсүн аткарган, ошол адамдардын ишин жеңилдеткен кадамдар бар болуш керек. Бул жагынан да иш жүрүп жатат.

— Акыркы кезде мугалимдерге карата зордук-зомбулук, же тескерисинче, мугалимдин этиканы бузган учурлары социалдык тармакта көп талкууланууда. Бул маселе кантип жөнгө салынышы керек?
— Мугалимдин этикасын мыйзамга киргизүүнүн кажети жок, аны Министрлик өз деңгээлинде бирдиктүү Жобо катары иштеп чыгышы керек. Мугалим — өтө аярлуу кызматкер. Анын бир катасы жалпы коомдун негативдүү реакциясын жаратат. Бирок акыркы кезде коомчулукта “мугалимге аяр мамиле керек” деген түшүнүк кайрадан ойгоно баштаганы кубандырат.
— Азыркы “Зумер” же “Альфа” муунун тарбиялоо кыйын экенин ата-энелер да, мугалимдер да айтып келишет. Алар менен кантип тил табышуу керек?
— Биз бул муунду “жаман” же “татаал” дебесек. Алар интернеттин ичинде төрөлгөн балдар. Биз 7 жашта арип таанысак, санарип доорундагы балдар 3-4 жашында эле дүйнө таанымы бизден терең болуп жатат. Азыркы ата-энелер — 90-жылдары төрөлгөндөр. Алар өздөрү мээримге канбай калгандыктан, балдарын аша чаап коргоп, баарын акча менен чечүүгө аракет кылышат. Мугалим бул муундан артта калбай, жаңы технологияны мыкты билиши шарт. Эгер мугалим эски ыкма менен иштей берсе, балага кызыксыз болот. Кесипкөй мугалимди бала ар дайым сүйөт жана урматтайт.
Мындан 30 жыл мурда интернет, ыкчам маалымат алуу, соцтармак деген түшүнүктөн алыс элек. Бүгүнкү күндө кандай гана маалымат болбосун чагылгандай тарайт. Азыркы муундун кабыл алуусу, кыймылы, ой жүгүртүүсү да өтө тез. Интернеттен бала өзүнө керектүү маалыматты таап алганга жөндөмдүү. Биз эч убакта ушул муун татаал, жаман деп айтпашыбыз керек. Себеби бул муун замандын өзгөрүшүнө шайкеш, кадамдаш бараткан муун. Алар бизге караганда дүйнөнү тез анализдеп, ыкчам маалыматты таап, кандайдыр бир кризистен чыгуу жолдорун табууну, резервдик жолдордон чыгууну тез сунуштай алышат. Ошондуктан баланын тарбиясы акча менен же өтө камкордук көрүү менен чектелбесин, кайсы бир мезгил өткөндө алар түшүнөт.
Зумер муунга тарбия берүүдө дагы биз өтө кылдаттык менен, психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кабыл алуусуна шайкеш болушубуз керек. Бул муундан кем калбай жаңы технологияны мыкты билүү зарыл. Мугалим өмүр бою окуйт. Андыктан ал өзү окутуп жаткан муун менен шайкеш кадам ташташы керек. Эң башкысы окуучудан бир топ алдыда жүрүү абзел.
— Бала түнкүсүн көчөдө жүрсө же тартип бузса, дароо эле мектепти күнөөлөгөн адат бар. Ата-эненин жоопкерчилиги кайда?
— Мыйзамда ата-эненин жоопкерчилиги каралган. Бирок, тилекке каршы, бала бир нерсе болсо эле мектепти, класс жетекчини издей калышат. Негизи, балдарды коргоочу орган — бул Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги. Ар бир орган өз ишин так аткарышы керек. Мугалим — тергөөчү же тартип сакчысы эмес, ал — билим берүүчү. Мугалим өтө аярлуу кызматкер. Себеби ал бир иш кылса жалпы коомчулук тескери, негативдүү нерселерди айтып ийиши мүмкүн. Ошондуктан мугалим — коомдун күзгүсү.
— Мугалимдерди социалдык жактан колдоонун кандай жакшы үлгүлөрү бар?

— Жакшы мисалдар бар. Мисалы, Чүйдүн Аламүдүн районун С.Чокморов айыл өкмөтү жана Ысык-Ата райондорунда айыл өкмөттөрү жергиликтүү бюджеттен мугалимдер үчүн батирлерди куруп, бардык эмеректерин алып берип, төлөмдөрдү дагы өз моюндарына алышкан. Ага жаш же жаңы көчүп барган мугалимдерге берилет. Бул — башка аймактарга үлгү. Эгер дотацияда отурбаган айыл өкмөттөрү мугалимге ушундай шарт түзүп берсе, бул мамлекеттик саясатты туура колдоо болмок.
— Мектептердеги дин маселеси, хиджаб талаштары боюнча оюңуз кандай?
— Биз Конституция боюнча суверендүү, светтик мамлекетпиз. Ар бир адамдын укугу, дин тутуу эркиндиги Баш мыйзамда так жазылган. Бул — бир эле билим берүү системасынын эмес, комплекстүү маселе. Мектеп курагындагы балдарга бул нерсени ата-энеси таңуулабашы керек. Биз түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүшүбүз зарыл. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарды башка мыйзам менен чектей албайбыз, бирок коомдун тереңдеп бөлүнүп кетпөөсү үчүн мамлекеттик органдар биргелешип иштеши керек.
Маалымат үчүн:
Мугалим – бул өсүп келе жаткан муунга билим жана тарбия берип, коомдун руханий-интеллектуалдык өнүгүүсүн камсыз кылган ыйык кесип ээси. Ал билимдин булагы гана эмес, жашоодо жол көрсөткөн устат, адамдык касиетти бийик кармаган тарбиячы жана улуттун келечегин түптөөчү инсан. Педагог (гр. paidagogos – тарбиялоочу, баланы жетектөөчү) — балдарды жана жаштарды окутуу, тарбиялоо, алардын инсандык өнүгүүсүн калыптандыруу менен алектенген кесипкөй адис. Бул түшүнүккө мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, педагогика илиминин изилдөөчүлөрү кирет эмеспи. Мектептен тышкаркы мекемелерде иштегендерди дагы педагог деп айтабыз. Ал эми окутуучу — бул билим берүү мекемелеринде (университет, колледж, атайын орто окуу жайында) билим берүү, илим-изилдөө жана тарбиялоо иштерин жүргүзөт эмеспи. Ал кесиптик билим берип, алардын илимий дүйнө таанымын калыптандырат жана заманбап талаптарга ылайык адистерди даярдоо менен алектенет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим
Комментарийлер