ТОБОКЕЛЧИ ТОО АШАТ

  • 04.04.2025
  • 0

Жакында КР Президентинин жарлыгы менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук уңгужол доктринасы кабыл алынганын, анын алкагында Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы иштелип чыгып, жалпы жарандардын талкуусуна коюлганын жакшы билебиз. Ага улай, улуттук билим берүү тармагын заман талабына трансформациялоо максатында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясы кабыл алынды. Анын жоболоруна ылайык, мыйзамдарды кабыл алууда, мыйзамдык укук актылары менен мамлекеттик программаларды бекитүүдө, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда Уңгужол жоболору сөзсүз эске алынууга тийиш. Кыскасы, мамлекеттик деңгээлдеги бардык ченемдик укук актылары менен программалык документтер Улуттук уңгужол жоболоруна ылайык келтирилет. Албетте, анын ичинде көптөн бери сөз болуп жана ошол багытта ырааттуу аракеттер жасалып жаткан Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңы улуттук моделге трансформациялоо маселеси да четте калган жок. Ырас, калк арасында Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңы улуттук үлгүгө өткөрүү жаатында көптөгөн кайчы пикирлер менен кыйчалыш ойлор айтылууда.

Ошентип, Улуттук уңгужол доктринасын мамлекеттин, жамы кыргыз журтунун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүүсүнүн олуттуу жолу катары карасак болот. Аны дүйнөлүк бийиктикке умтулган накта улуттук демдин өнөлгөлүү өзөк жолу, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уңгужолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: баарынан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун заманбап жаңы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалууда. Билим берүү тармагын өзүнүн жеке менчик базарына айлантып алган шылуундардын мамлекеттик билим берүү тармагынын бутуна туруп, андан ары азыркы заман талабына жараша өнүгүп-өсүшүнө каршы чыгары турулуу нерсе: андайлар болгон, болуп турат, мындан ары боло берет. Бул турмуштун жазылбаган мыйзамы. Арабызда оңду-солду оолукмалар менен олку-солку немелер дагын жок эмес. Оолукмалар качандыр бир кайрылат дечи, бирок жанагы олку-солку немелердин жосуну жанга батат. “Оолукмалар ойлогуча, тобокелчи тоо ашат” дейт, биз алдыга жыла берүүгө тийишпиз. Ал үчүн саясий эрк жана ички ынанымга таянган анча-мынча тобокелчилик да керек. Ансыз болбойт…

ТОБОКЕЛЧИ ТОО АШАТ

Адегенде эле айта кетиш керек, азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу доорундагы ар кандай кыйыр таасирлер менен кыңыр иштерден, тымызын ички-тышкы кийлигишүүлөрдөн улам, кыргыз элинин өткөн мезгил аралыгында кылымдап тутунуп келген уламалуу уңгужолдон саал четтей түшкөнү кашкайган чындык. Илим, билим, маданият, акыл-эс туюму, улуттук баалуулук, нарк-насил, салт-санаа сындуу уңгулуу журттун башкы билгелери баркталбай, мамлекеттик жана коомдук институттар туңгуюкка кептелди. Муну моюнга алыш керек.

Мамлекет башчыбыз өз ыйгарым укуктарын жаңыдан аткарууга киришкенде эле чаласабат, адепсиз, алабарман, таалим-тарбиясыз, нарк-насилден куржалак, каада-салтты билбеген, улуттук улуу дөөлөттөргө анчалык маани бербеген, түшүнүгү чакталуу, ой-туюму чектелүү жарандар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес экенин тетик билген, жетик түшүнгөн. Анын демилгеси менен өз ара өзөктөш улуттук наркты калыптандыруу, аны андан ары өнүктүрүү жаатындагы мыйзамдар топтому жарык көрдү, жарлыктар чыкты, аларды ишке ашыруу боюнча бир катар программалык документтер менен концепциялар иштелип чыкты.

Андан тышкары, «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө», кыргыз жарандарынын аты-жөнүнүн улуттук салтка ылайык туура жазылышына багытталган «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» өңдүү бир топ олуттуу мыйзамдардын жаңы редакциясы кабыл алынды. Айрыкча, билим берүү тармагында кайра курумдарды жүргүзүүгө багытталган мамлекеттик «Алтын Казык» программасы бүтүндөй өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун улуттук жаңы заманбап үлгүсүнө трансформациялоо кадамына жол ачты.

Ушу тапта 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясынын талаптарына ылайык, улуттук билим берүү тармагын заман талабына трансформациялоо камылгалары көрүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, буга чейин мектепке жыл сайын 125 миңге жакын бала кабыл алынып келсе, жаңы окуу жылында 250 миңге чукул бала кабыл алынат деген божомол бар. Демек, калк жыш жайгашкан жерлерде аларды толугу менен жайгаштыруу жаатында көйгөйлөр жаралары бышык. Ошондон улам, бул багытта азыртан эле алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдө 193 өлкө болсо, азыр анын ичинде өнүккөн 150 мамлекет 12 жылдык билим берүүгө өткөнүн айтат. “Дүйнөлүк технология кескин өнүгүп жаткан шартта, балдарды заманбап эмгек рыногуна ылайык даярдоо жаатына келгенде, Кыргызстан жалпы тизменин акырында калды. Көрсө, биздин окуучулар мектеп программасына киргизилген жалаң күндөлүк турмуштан алыс материалдарды жадыбалдай жаттоо жана кайра-кайра караманча кайталоо менен алектенип калыптыр. Мындай усул азыркы заман талабына жооп бербейт. Биз эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө тийишпиз. Азыркы талап дагы, милдет дагы ушундай”, — дейт ал.

Ал эми министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2012-жылы эл аралык уюмдардын кысымы менен Кыргызстан билим берүүнүн Болон системасына өткөнүн, ага ылайык өлкөнүн бүтүндөй билим берүү тармагын өзгөртүү милдети коюлганын эске салды. “Бирок анын баары ишке ашпай калды. Эми, мунун себептери да көп, себепкерлери да толтура. Анын кесепетин эстен чыгарбай, азыртан билим берүү баскычтарынын баарын бири-бирине шайкеш келтирүүгө тийишпиз”, — деген пикирин жарыя кылды. Албетте, андагы “бармак басты – көз кысты” же “мезгил өттү – сөз бүттү” дымагынын этегин жамынган немелер азырынча аман-эсен өз арбайын согуп жүрөт.

Албетте, тепкедей балдарды алты жаштан мектепке тартуу жана билим берүү мөөнөтүнүн 12 жылга созулушу айрым ата-энелер арасында, ал тургай адистер арасында да кыйла кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Эми, бул турулуу нерсе: ар бир жаңыча жаратман кадам кайчы пикирлерди жаратып келген, жаратып жатат, жарата берет. Менимче, мындай каралоо кампаниясынын аттуу-баштуу айгайчыларына азырынча анча капа болууга илгинчектүү негиз деле жок. Алардын басымдуу бөлүгү узак жылдар мамкызматта иштеп, өз алдынча кайра курумдарды жасай албаган, ал арада өздөрүнүн жеке окуу мекемелери менен борборлорун ачып, ары дегенде азыткы акырына, бери дегенде жеке жембаштыгына айлантып алган немелер экени байкалып турат.

Мына ошол каршылаштардын пикиринде, алты жаштагы балдар физикалык жактан да, психологиялык жактан да мындай кошумча жүктү көтөрө албайт имиш. Биринчиден, билим берүү мөөнөтү бир жылга узартылды деген пикир туура эмес, тек гана мурдагы 0-класс 1-класс аталды. Демек, окуу мөөнөтү таптакыр өзгөргөн жок. Экинчиден, мектеп программасы заман талабына жараша ыңгайлаштырылып, өтүлчү сабак мөөнөтү да, өлчөмү да, көлөмү да кыйла жеңилдетилүүдө. Үчүнчүдөн, биз азыр баштагы окутуу санынан билим берүү сапатына өтүп жаткан чагыбыз.

Буюрса, жаңы окуу жылында алты жаштагы балдар 1-класска барат, ал эми 480 сааттык мектепке чейин даярдоо боюнча “Наристе” программасынан өткөн жети жаштагы балдар дароо эле 2-класска отурууга тийиш. Андан тышкары, 3-классты бүткөн окуучулардын 5-класска, 6-классты бүтүргөн окуучулардын 8-класска отуруусу күтүлүүдө. Алар жаңыланган программа боюнча окутула баштайт. Маселен, химия, физика, биология сабактары илим сабагына бириктирилип, башталгыч класстарда табигый илимдер багытындагы мен жана дүйнө сабагы өтүлмөкчү.

Кыргыз билим берүү академиясынын маалыматына караганда, илим сабагы 1-9-класстар аралыгында окутулат. Ал эми 10-12-класстарда ал химия, физика, биология сабактары адис-мугалимдер тарабынан билим берүү багытына жараша бирдиктүү “Илим” китебинин негизинде өз-өзүнчө ажырым окутулмакчы.

Дагы бир белгилей турган нерсе, алты жашар бала үчүн 1-класс менен бала бакчанын мектепке чейинки “Наристе” программасынын анча деле айырмасы жок: ошол эле бала бакчанын имаратында окуйт, академиялык окуу мөөнөтү – баштагыдай 45 мүнөт эмес, 35 мүнөт, сабак арасындагы эс алуу мөөнөтү – 10-15 мүнөткө чейин. 1-2-3-класстарда сабак баалары коюлбайт, апталык сабактарынын саны – 20 академиялык саат. Анткени эң башкы максат жеткинчектерди социалдык чөйрөгө аралаштыруу, жаңы жагдайга көндүрүү, өз курбалдаштары жана агай-эжейлери менен тил табыша билүүгө үйрөтүү, мугалимдер менен ата-энелердин байланышын чыңдоо болуп саналат.

Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңы улуттук моделге трансформациялоо демилгесине каршы чыккандардын арасында 12 жылдык окутууга өтүү ЮСАИДдин демилгеси болчу, муну ошолор каржыламак, ал уюм жоюлуп кетти, эми эмне кылышат деп, караламан калктын калың катмарына кабатыр оюн таңуулагысы келген немелер да болгон. Андайларга жооп катары, КР Президенти Садыр Жапаров “Алтын Казык” программасын жүзөгө ашыруу жүрүмү негизинен бюджеттен каржылана турганын билдирди. Азия өнүктүрүү банкы дагы 40 млн доллар өлчөмүндө кошумча каражат бөлүп бермекчи. Колкабыш кылчу дагын башка тараптар деле жок эмес.

Ошондой эле жаңы окуу жылына чейин кошумча 3 миңден ашуун окуу бөлмөсүн даярдап, 3 миңден ашуун мугалимди кайра даярдоо зарыл. Биз билгенден, мугалимдер эки багытта даярдалат: жаңы окуу жылы башталганга чейин, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү каникул учурларында. Кайра даярдоо форматтары: онлайн – негизги формат, Офлайн – мугалимдердин суроо-талабына жараша, аралаш формат – адегенде бетме-бет окутуу менен баштап, бара-бара офлайн форматына өтүү, анан маселелерди онлайн форматында талкуулоо. Ушу тапта келечек мугалимдерди даярдай турган окуу жайларында кайра даярдоо программалары ачылган. Мындай курстардын бүтүрүүчүлөрүнө атайын дипломдор тапшырылат.

Келерки жылдан тарта педагогдорду даярдаган жогорку окуу жайлары дуалдуу окуу таризине өткөрүлмөкчү. Эми, жалпак тилге салганда, болочок мугалимдерди күндөлүк турмушка эртелеп аралаштыруу деген эле кеп. Мисалы, жогорку курстарынын студенттери өздөрүнүн окуу жүрүмүн практикалык иштер менен тыгыз айкалыштыра алат. Мейли, алардын азыртан тажрыйба топтой бергени жакшы. Менимче, акыркы курстун студенттери жарым-жартылай сабак бере баштаса андан бетер мыкты болмок: маяна тапмак, стажы топтомок, түмөн түйшүк мектеп турмушун ичинен көрүп, көзү каныкмак, мугалимдердин жетишсиздиги кыйла кыскармак дегендей…

Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкө аймагында 2,5 миңден ашуун майып бала бар экен. Эми, бул расмий каттоодон өткөндөрү эле, жалпы тизмеден жалкы калгандары канча. КР Президентинин жарлыгы менен социалдык кызматкерлердин кошумча 550 штат орду ачылууда. Албетте, бул жетишсиз. Ошентсе да, билим берүү тармагынын жөнгө салынышына көмөкчү болоруна ишеним артып турабыз.

Ошентсе да, балдарды бутуна тургузуунун дагы башка алгылыктуу жолдорун издөөгө тийишпиз. Кыргыз Республикасынын бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (бизде кызмат аталыштарын ушинтип жөнү жок эле чубалжытып салмай адатыбыз качан калар экен) Асел Чыныбаеванын айтымында, мугалимдер күнү-түнү ар баланын тагдыры үчүн жооп бере албайт, милдеттүү да эмес. “Бул жерде ата-энелердин жоопкерчилигин унутта калтырууга болбойт. Ал турсун, балакайлардын кетирген күнөөсү менен кетилген тагдырында алардын да үлүшү бар. Муну эстен чыгарууга болбойт”, — дейт ал.

Кемел Белек, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер