ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

  • 03.04.2025
  • 0

Ат-Башы районунун аймагындагы ата-энелер арасында  «Ата — аска зоо, эне — мөлтүр булак, бала – экөөнө шам чырак» аттуу китеп окуу сынагы өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

Сынак Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасы «Калем-Лидерлер академиясы» менен биргеликте уюштурулган.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

Маалыматка таянсак, бул сынак — ата-энелер арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, катышуучулардын адабиятка болгон  сүйүүсүн күчөтүү, балдарды тарбиялоодо керектүү билимдерге ээ болуусуна шарт түзүү, окурмандарды илим-билимге шыктандыруу жана муундар ортосундагы, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында өткөрүлдү.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

Иш-чарага  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров катышып, китептин баалуулугун баса белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

— Китеп адамды тарбиялайт, тарбиялуу адамдын баласы дагы тарбиялуу болот. Анткени бала ата-энесин көрүп тарбия алат. Ошондуктан ар бир ата-эне балдарынын илимдүү, билимдүү, тарбиялуу болуусун кааласа алгач өзүн өнүктүрүп, өзүн тарбиялоо керек. Окуган оңой, бирок аны жашоодо пайдалана билүү чоң эрк. Бүгүнкү китеп сынактын темасы дагы учур талабына ылайык болуп, келечек муундарыбызга пайдалуу экенине күбө болуп отурам. Сынакка катышкан ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирем. Сынактын негизги максаты — ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдөө болуп жаткандан кийин ар бир китептен алган билимди жашоонуздарда пайланып, уул-кыздарыңыздарга жакшы тарбия берсениздер, улутубузга, өлкөбүзгө чоң салым кошосуздар. Уюштуруучуларга, өлкө аймагын кыдырып сынак уюштуруп келе жаткан Ат-Башынын кулуну Мамбетасан Ибраевге, келечекке кайдыгер карабаган демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирем,- деди Э.Абдыдкадыров.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

Иш-чарага Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков, Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттары, Ат-Башы айыл аймактарынын өкмөт башчылары, жеке ишкерлер жана  ЖАК «Элдик банк» Ат-Башы филиалы демөөрчүлүк кылышкан.

ТАРБИЯЛУУ АДАМДЫН БАЛАСЫ ТАРТИПТҮҮ  БОЛОТ

1-орунга чыккан Айдилде Усупбаева Түркияга жолдомо алды.  2-орунга чыккан  Сезим Надырбаева (Баш-Кайыңды) менен Гүлзина Жокеевага  (Ак-Муз) Ташкентке жолдомо тапшырылды. Ал эми 3-орунду камсыз кылышкан  Гүлзат Сокеева Гүлзат (Ат-Башы), Ырысбек Мамбетов (Талды-Суу) жана Айжамал Дүйшөнбековаларга (Ача-Кайыңды)  Алматыга жолдомо берилди. Ошондой эле  20 окурман кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер