ТАРБИЯЧЫ ТАНДАГАН ЖОЛ
- 25.02.2026
- 0
Айжамал Жаныбекова кичинекей бөбөктөр менен иштегенди жакшы көрүп, айрыкча адамдардын психологиясын изилдөөгө бала кезинен кызыккандыктан кесип тандоого келгенде көпкө ойлонуп олтурган жок. Көрсө, көп балалуу үй-бүлөдө ата-энесинин мээримине, улуу ага-эжелеринин камкордугуна каныгып өскөн Айжамалдын ар бир адам жылуу мамилеге татыктуу деген ынаным менен чоңойгону анын келечек жолуна да оң таасирин тийгизген экен.

Ал 2007-жылы Каракол шаарындагы №6 А.П.Чехов атындагы мектепти артыкчылык менен аяктап, билимин улантуу максатында Украина өлкөсүнүн Киев шаарындагы Н.П.Драгоманов атындагы Улуттук педагогикалык университетинде педагог-психолог адистиги боюнча беш жыл бюджеттик негизде окуп билим алган. Окуусу бюджеттик негизде болгондуктан стипендия алып окуду.
— Мен 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ыймандуу, ынтымактуу, мээримге толгон үй-бүлөдө төрөлүп-өстүм. Үй-бүлөдөгү үч агамдын, эки эжемдин эң кенжесимин. Биздин үйдө ар дайым сый-урмат, биримдик жана бири-бирине болгон камкордук жогору бааланчу. Дал ошол тарбия, жылуу мамиле жана руханий баалуулуктар менин мүнөзүмдүн калыптанышына, адамдарга, айрыкча балдарга болгон мээримимдин терең болушуна чоң таасир тийгизди. Украинанын борбору Киев шаарындагы Улуттук педагогикалык университетте билим алдым. Ал жакта окуу процесси украин жана англис тилдеринде жүргүзүлчү. 2012-жылы колума дипломумду алып өзүмдүн туулуп-өскөн мекениме кайтып келгенден кийин логопедия багыты боюнча экинчи жогорку билимге ээ болдум. Бул билимдер мага балдардын өнүгүүсүнө комплекстүү, ар тараптуу мамиле кылууга кеңири мүмкүнчүлүк берди, — дейт.
Айжамал Жаныбековнанын мектепке чейинки билим берүү тармагындагы алгачкы эмгек жолу 2014-жылы башталган. Бул кесипке кокусунан келбегендиги анын эмгек жамааты менен тез эле ишенимдүү алака түзүп иштеп кетишине өбөлгө түздү десек болот. Анын үстүнө биз жогоруда белгилеп өткөндөй, үй-бүлөлүк баалуулуктарга сугарылып өскөн жаш адис үчүн улуулардын акыл-насааттарын угуу, кичүүлөргө кам көрүү аны өз ишине жоопкерчиликтүү болууга, сабырдуу жана боорукер мамиле жасоого тарбиялады.
— Бул кесипти аң-сезимдүү тандап, балдар менен иштөө жөн гана жумуш эмес экендигин, ал өтө чоң жоопкерчиликти талап кыларын алгачкы күндөрдөн тартып түшүндүм.
Алгач эмгек жолумду “Умняшка” жеке менчик бала бакчасында баштадым. Бул жерден мен кесиптик жактан калыптанып, баалуу тажрыйба топтодум. Кийинчерээк биздин филиал болгон “Гениум Кидс” бала бакчасына которулдум. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы “Гениум Кидс” бала бакчасында жетекчи жана тарбиячы катары эмгектенип жатам. Бала бакчабыз төрт жылдан бери ийгиликтүү иш алып барууда. Балдар менен түз мамиле түзүп иштөө мен үчүн абдан маанилүү. Бул билим берүү процессин ичинен көрүп, туура чечимдерди кабыл алууга, ар бир баланын муктаждыгын терең түшүнүүгө жардам берет.
Убакыт өтүп, тажрыйба, ишеним жана бала бакча жөн гана жумуш эмес, чоң миссия экенин түшүндүм. Мен балдар үчүн коопсуз, кызыктуу жана жылуу мейкиндик түзүүнү, ал эми ата-энелер үчүн ишенимдүү чөйрө калыптандырууну максат кылдым. Бүгүн “Гениум Кидс” — бул сапаттуу билим, заманбап ыкмалар, камкордук жана баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган бала бакча, — деп өзү эмгектенген эмгек жамаатынын ийгиликтерин белгилеп өттү.

Айжамал Жаныбековна өзүнүн жамаатын жакын таянычы, колдоочусу катары көрөрүн жашырбайт. Ал бала бакчанын ийгилик башаты – жамаатынын биримдигинен башталарын жакшы билет.
— Бала бакчанын ийгилиги — бул жамааттын биримдиги деп эсептейм. Мен жетектеген “Гениум Кидс” бала бакчасында өз ишин чын жүрөктөн сүйгөн, балдарды камкордук менен тарбиялаган кесипкөй команда эмгектенет. Биз бири-бирибизди колдоп, дайыма өнүгүүгө умтулган бир максаттагы адамдарбыз. Балдар жана ата-энелер үчүн жылуу, ишенимдүү атмосфера түзө алганыбыз менен сыймыктанам. Биздин жамаат — бардык жетишкендиктердин негизи, — дейт ал сыймыктануу менен.
Жетекчилик кызмат балким бирөөлөргө жеңилдей сезилер, а бирок аялзат үчүн жетекчи болуу сабырдуулукту, чечкиндүүлүктү жана чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айрыкча кичинекей балдар менен иштөөнүн көкүрөк тиреген сыймыктуу жагы да, күнү-түнү түйшөлткөн түйшүктүү жагы да бирдей экенин жакшы билет. Айжамал Жаныбековна үчүн өзү тандаган бул жол жеңил болбогонун жашырбайт. Кандай кыйынчылыктар болсо да, баарын туруктуулук менен жеңүүгө үйрөнүп, ошол татаалдыктар тескерисинче анын мүнөзүн бекемдеп, такшалтты. Бул жолдо ага үй-бүлөсү, өзүнүн ишине болгон сүйүүсү, бирге иштеген кесиптештери чыныгы тыл болуп, өз ишине болгон ишенимин күчөттү.
Анын көп жылдардан бери бирге иштешип келаткан кесиптеши, англис тили мугалими Гүлжан Гиясованын айтымында, Айжамал Жаныбековнанын өз ишине тактыгы, тыкандыгы башкаларды алдыга сүрөп, кандай кырдаал болсо да, кандай жүк болсо да ийиндеш бирге көтөрүүгө үндөп, үлгү болуп турат.
— Мен Айжамал Жаныбековнаны өз ишине так, тыкан, жоопкерчиликтүү жана кесипкөй тарбиячы жана бала бакчанын жетекчиси катары жогору баалайм. Балдарга татыктуу тарбия берүүдө чоң аракеттерди жумшап келатат, айрыкча, ар бир баланын өнүгүп-өсүүсүнө кандай жаңы ыкмалар, жабдыктар керек болсо, дайыма таап келип, креативдүү заманбап иш алып барууга умтулат. Ал эмгек жамааты менен жакшы мамиле түзүп, кызматкерлерге колдоо көрсөтүп, ишти туура уюштура билет. Ата-энелер менен тыгыз байланышты түзүүнү биринчи орунга койгондуктан, эки ортодо өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген мамиле калыптанган. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал жетектеген эмгек жамаатынын ынтымагы, ийгилиги артып, эң маанилүү жана эң биринчи вазийпабыз болгон балдарды тарбиялоо ишинде көрсөткүчтөрү дайыма алдыда болушуна тилектештигимди билдирем, — дейт Гүлжан Гиясова.

Айжамал Жаныбековна өзү жаш болсо да өз кесибин сүйгөн, эмгекчил жана үлгүлүү жетекчи катары кесиптештеринин арасында кадыр-барктуу, тажрыйбалуу адис. Ал мындай кадыр-баркка ары татаал, ары жооптуу жолду басып келип анан жетип отурат. Кесиптик жолунда устаттары мыкты болгон үчүн да өзүн бактылуумун деп эсептейт.
— Артыма кылчайып караганда, басып өткөн жолума ыраазычылык менен карайм. Албетте алдыда дагы көптөгөн идеялар, максаттар жана жетишкендиктер бар. Анткени мен тандаган жол — бул жөн гана жумуш эмес, өмүрлүк иш. Кесиптик жолумда өзгөчө орунду ээлеген бир адам бар, ал адам — бала бакчанын негиздөөчүсү, насаатчым жана жетекчим Рыскүл Курманбековна Жумабекова. Анын акыл-насааты, туруктуу колдоосу жана мага болгон ишеними менин кесиптик калыптанышыма чоң таасир тийгизди. Дал ушул жетекчинин жанында мен тажрыйба топтоп, өз ишиме болгон ишенимди бекемдедим, — дейт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер