ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

  • 23.03.2026
  • 0

Өмүр жолубузда сейрек жолуккан устат

Өмүр жолу жогорку окуу жай менен аяктаган адам көптөгөн мугалимдерден таалим алат.  Ар бир мугалим адам тагдырына өз изин калтырат.  Педагогдор — эң оболу адам. Бирөөнүн көңүлү жумшак, бирок талабы тайыз болушу мүмкүн. Кыскартып айтканда  ар бир мугалимдин өз мүнөзү, өз үнү, өз стили бар. Жакшы мугалимдер көп бирок табигый педагогдук таланты, терең билимдүүлүгү, адилеттиги, ички маданияты, талапчылдыгы менен ишенимин айкалыштырган окуучунун акыл-эсин гана эмес, мүнөзүнүн  да калыптанышына таасирдүү из калтырган чебер устаттар сейрек.

ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

…Биздин  өмүр жолубузда ушундай сейрек жолуккан устаттарыбыздын бири — Тажибай Энназаров.

“Биздин” дегеним — 1973-жылы республиканын ар кайсы булуң-бурчунан башталгыч класс мугалими адистиги боюнча билим алуу үчүн А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына кабыл алынган курсташтарымды айтып жатам. Ал кезде биздин группада 32 студент бар эле, алардын 30у кыздар болчу. Айылдан, тоодон, өрөөндөн келген ар түрдүү мүнөздөгү, ар башка тагдырлуу жаштар бир максат — мугалим болуу тилеги менен бириккен элек.

Тажибай агай 15 жаштан эми эле ашкан бизге төрт жыл бою класс жетекчи болуп,  турмуштун жана дүйнө таанымдын булагына айланып, балдардын жан дүйнөсүнүн чебер билерманы, эң жакын жардамчысы катары кабылданды. Ошол эле учурда ал бизди педагогдук улуу кесиптин узак жолуна ишенимдүү баштаган чыныгы устат, туура багыт көрсөткөн “гид” болду.

Ошол жылдардагы окуу жайдын атмосферасы бүгүнкү күндөн кыйла айырмаланчу. 1970-жылдар — тартипке, талапка, билимге өзгөчө мамиле кылынган мезгил эле. А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы жөн гана билим берүүчү мекеме эмес, мугалимдик кесипке тарбиялаган чыныгы мектеп болчу. Башкы окуу корпусунун узун коридорлору, шыбы бийик, жарык аудиториялары, сабактардын мазмунуна ылайык жабдылган класстары — мунун баары өзүнчө бир руханий-педагогикалык мейкиндик түзчү. Бул жайга киргенде эле билимге болгон олуттуу мамиле сезилчү.

Сабактар так график менен өтүлүп, кечигүү же даярдыксыз келүү жөнөкөй көрүнүш эмес, жоопкерчилик маселеси катары каралчу. Ар бир студент мугалим болуунун жоопкерчилигин алгач өзүнөн баштоо керектигин ошондо түшүнчү. Айрыкча башталгыч класстарда окутулуучу предметтер боюнча жума сайын өндүрүштүк педагогикалык практика уюштурулчу. Бизди айылдагы мектептерге атайын автобус менен акысыз алып барып, кайра алып келишчү. Бул практикалар келечектеги кесипке даярдоонун эң маанилүү баскычы эле.  Биздин кесиптик педагогикалык даярдыгыбызды баалоого мектеп мугалимдери да катышып, кемчиликтерибизди көрсөтүп, кеңештерин беришчү. Көрсө мугалимдерди даярдоодо азыр жаңылык катары кабылданып келе жаткан  “дуалдык” (dual) — “кош”, “эки тараптуу” системасы   бизде абалтан эле болгон экен.

ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

Түзүлгөн шарттар канчалык бакубат болсо да анын таасирин арттырган Тажибай агайдай  мугалимдер болот эмеспи.   Тажибай агайдын эң башкы сабактарынын бири адилеттүүлүк эле . Агай чечимди шашпай кабыл алчу. Кандай гана кырдаал болбосун, ал эмоцияга алдырбай, акыл менен мамиле кылгандыктан студенттер анын алдында өзүн ишенимдүү сезчү.  Агайдын сырткы келбети да ички маданиятына шайкеш эле — тыкан, жөнөкөй, ашыкча жасалмасыз.  Өзгөчө сүйлөөсү так, кыймылы токтоо, көз карашы түз жана ишенимдүү болуп жүрүм-туруму менен эле тарбия берип турчу. Биз андан “кантип сүйлөө керек?”, “кантип өзүн алып жүрүү керек?” деген суроолорго жоопту түз көрүп үйрөндүк.

Окуу жайды бүткөнүбүзгө 50 жылдай убакыт өттү. Убакыт ар кимибизди ар башка жолго салды. Бирок бүгүн сыймыктануу менен айта алабыз: ошол группанын жыйырмага жакыны “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисине жана башка түрдүү мамлекеттик сыйлыктарга татып Кыргызстандын билим берүүсүнө салмактуу салым кошушту.  Бул — Тажибай агай берген тарбиянын, анын калтырган таасиринин, көрсөткөн инсандык нускаларынын жандуу жыйынтыгы. Анын бизге берген сабактары убакыт өтсө да өчпөй, бүгүнкү ишибизде, мамилебизде, мугалимдик жолубузда жашап келет. Демек, чыныгы устаттын эмгеги жылдар менен өлчөнбөйт — ал адам тагдырында, муундардын уландысында жашайт. Тажибай агай — дал ушундай тагдырыбызга өчпөс из калтырган  сейрек устат болду.

ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

Тажибай агай — эң оболу чебер математика мугалими

Тажибай агай сабакка бир гана бор кармап кирчү. Колунда папка, конспект же алдын ала даярдалган материалдарды көргөнүбүз эсте жок. Ал тактага чыгып, теманы башынан аягына чейин эркин, ырааттуу, ишенимдүү түшүндүрүп берчү. Жаңы түшүнүк кайсы жерден кирет, кайсы мисал менен бекемделет, кайсы суроо менен ойго салат — мунун баары анын ички логикасында даяр турчу. Ошондуктан сабактын агымы табигый, үзүлбөгөн, жандуу болчу. Биз үчүн мындай көрүнүш таң калыштуу эле. Бул анын теманы терең билгенинин гана эмес, математикалык ой жүгүртүүнү өзүнүн ички маданиятына айландыргандыгынын белгиси эле.

Агайдын тактага жазган ар бир формуласы — ойлонулуп чыккан логиканын жыйынтыгы болчу. Ал ашыкча сөз айтчу эмес, бирок айткан ар бир сөзү мазмундуу болчу. Сабактын башталышынан жыйынтыкталышына чейин бир да боштук болбой, бүтүндөй бир интеллектуалдык композиция түзүлчү. Мындай мугалимдерди мурда да, кийин да көп жолу көргөн жокпуз. Ошондуктан анын сабагы бизде суктануу сезимин жаратчу. Ал бизге математиканы гана эмес, мугалимдик чеберчиликтин бийик үлгүсүн көрсөттү. Агай көп жылдык илимий методикалык тажрыйбасын өзүнүн авторлугу менен жарыяланган 2 окуу китепте жана бир катар колдонмолордо жалпылап мугалимдер коомчулугуна  жеткирген

Анын нускасын жолун кайталаган Нуржан жана Мөтөбөркан  аттуу курсташтарыбыз   университеттердин математика адистигин кызыл диплом менен аякташ университет жана мектептерде эмгектенип келишет.

ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

Тажибай агай  көптөгөн курсташтарыбыздын башталгыч класстардын татыктуу мугалими болушуна салмактуу салым кошту.  Ал математика сабагы менен бирдикте «Башталгыч класстардын математикасынын теориялык негиздери», Башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы» сабактарын алып барган окутуучу катары  «Математикалык бекем билим башталгыч класстан башталат», “Башталгыч класста математика сабагынан ийгиликтүү болгон окуучу кийин да ийгиликтүү болот”,   “Башталгыч класстын мугалими — эң оболу математика мугалими”, Башталгыч класстарда математикалык түшүнүктөрдү так, ырааттуу өздөштүрсө, ал жогорку класстарда кыйынчылыкка азыраак туш болот» — деген педагогикалык тезистерди  сөздөрдү көп кайталачу.  Бул сөз алгач угулганда жөн гана методикалык эскертүү сыяктуу сезилчү. Бирок убакыт өткөн сайын анын терең маанисин аңдадык.  Чынында эле башталгыч класстагы апталык жүктөмдүн олуттуу бөлүгүн математика сабактары түзөт. Сан менен иштөө, эсеп чыгаруу, логикалык байланышты табуу — булар күн сайын кайталанып, баланын ой жүгүртүүсүнүн пайдубалын түзөт. Ошондуктан башталгыч мугалимдин математикалык даярдыгы — стратегиялык мааниге ээ. Тажибай агай башталгыч мугалимдерди даярдоодо дал ушул жоопкерчиликти даана сездирчү. Ал математиканы жөн гана предмет эмес, келечектеги окуучунун интеллектуалдык тагдырынын негизи катары карачу.

Тамаша артындагы тарбиялык талап

Тажибай агайдын педагогикалык чеберчилигинин өзгөчө бир кыры — иронияны, какшык сөз, юморду орду менен, чебер колдонуу жөндөмү эле. Ал катуу сүйлөбөй эле тартип орноткон, узун насаат айтпай эле таасир эткен мугалим болду. Анын бир көз карашы, бир кыска сөзү, бир ишарасы эле жетиштүү болчу. Бул — чыныгы педагогикалык авторитеттин белгиси.

Бир жолу группалашым Сүйүн экөөбүздүн чачыбыз бир аз өсүп кеткен экен. Өзүбүзгө деле анча байкалбаган сыяктуу сезилчү. Сабак башталар алдында агай бизди бир карап алды да, жай гана жылмайып:
— Биздин балдардын чачы өтө укмуш, бир кайрыса желкесине жетет турбайбы, — деп тамаша аралаш сөз айтты.

Класста күлкү жаңырып кетти. Бирок ал сөздүн ичинде какшык да, талап да, тарбия да бар эле. Агай катуу айткан жок, урушкан жок, бирок бизге катуу таасир этти. Сабак бүтөрү менен Сүйүн экөөбүз түз эле чач тарачка жөнөдүк. Тажибай агайдын педагогикалык чеберчилигинин өзгөчө бир кыры — иронияны чебер колдонуу жөндөмү эле. Ал эч качан окуучуну же студентти түз сындап, катуу сөз менен басмырлаган эмес. Тескерисинче, ал ирония аркылуу ойго салчу, жоопкерчиликти сездирчү, бирок инсандык кадыр-баркка доо кетирчү эмес.

Ал мезгилде башка окуу жайлар сыяктуу эле Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын студенттери да жылына үч ирет талаа иштерине чыгып турчубуз: бир жолу тоют  жыйноого, эки жолу пахта жаганалоо жана терүүгө. Булардын ичинен эң оор жумуш — пахта терүү болчу. Пахта теримде  кечинде жыйынтык жыйыны өткөрүлүп, норманы аткарбагандар эл алдында айтылып, кээде катуу сөздөр да айтылчу.

Мындай учурларда Тажибай агайдын мамилеси өзгөчө болчу. Бир жолу 10 күндүк эмгек акыны таратып жатып, норманы аз толтурган студент тарапка бир тыйындык металл тыйынды тегеретип жөнөтүп, он күндүк эмгек акың деп билинер-билинбес жылмайып койду. Катуу сөз айткан жок. Бирок ошол бир тыйын чоң сабак болду.

Бир жолу тарбиялык саатта ал кыздарга мындай суроо узаткан:
— Кыздар, силер базарды көп кыдырасыңар. Бир күнү бир нече кыз базарда жүрүп, бири-бири менен кайра кайра  учурашып калдыңар. Ошондо бири бириңерге  эмне деп суроо берет элеңер? Агай кыздардын   “Дагы эле жүрөсүңөрбү?”,  “Кете элексиңерби?” деген ж.б. жоопторуна  макул болгон жок. Ал бизден башкача ой күтүп жаткан. Анын сөзүнүн жашыруун мааниси: “Жөн эле кыдырып жүрө берсек, сабакты ким окуйт”  өз ара талапка  барып такалчу.  Студенттерге бул өрнөк окуя, кырдаалды талкуулатуу аркылуу өз бири бирине позитивдүү таасир көрсөтүүгө үйрөтүүнү көзөмөл туткан.

Ошол окуялардан соң бир нерсени түшүндүк: тарбия дайыма катуулук менен эмес, маданият менен да берилет экен. Агай бизди эл алдында уят кылган жок, бирок жоопкерчиликти өзүбүзгө сездирди. Анын сөзүндө кемсинтүү жок болчу, бирок ойго салган күч бар эле. Кийин түшүндүк: намыска тийбей туруп, юмор менен жоопкерчиликти сездирүү — чыныгы педагогдун акылмандыгы экен.

Ар бир окуучудагы  учкунду туя билген камкор мугалим

Тажибай агай окуучулардын соо кезинде да, сыркоолоп калган учурда да жанында боло билген, атадай камкор мугалим эле. Бул тууралуу курсташтарыбыздын бири Шурукан Акматкулова мындай деп эскерет: «Айрыкча алыскы райондордон келген студенттерге өзгөчө көңүл буруп, жатаканадан алдын ала орун алып берип кам көрчү. Студенттер анын ушул камкордугуна ишенип, өздөрүн коопсуз сезишчү. Эсимде, акыркы курста ооруканада жатып, операция алдында катуу коркуп, өзүмө орун таба албай турган кезим эле. Дал ошол учурда Тажибай агай келип, акыбалымды сурап калды. Аны көргөндө жүрөгүм жайланып, коркуу сезимим жоголо баштады».

Бул жөн гана көңүл сурап келүү эмес эле — бул устаттын адамдык мээрими, окуучусуна болгон чыныгы камкордугу болчу. Дал ушундай көз ирмемдерде Тажибай агайдын чыныгы жүзү ачылчу: ал мугалим гана эмес, ар бир окуучусунун тагдырына кайдыгер карабаган, жүрөгү кең, мээримдүү инсан эле.

Балким, сабакта айтылган сан миңдеген сөздөр унутулушу мүмкүн. Бирок ушундай жылуу мамиле, ушундай адамдык колдоо өмүр бою эстен чыкпайт. Устаттын чыныгы улуулугу дал ушунда.

Агай ар бир студентти  жөн гана журналдагы фамилия же аудиториядагы орун эмес өзүнчө өнүгүү чыйыры бар өзгөчө инсан катары кабылдоочу.

Ал ар бирибиздин ички мүмкүнчүлүгүбүздү көрө билчү. Кимдир бирөө сабакта кыйналса  сабыр менен түшүндүрүп өзүнө болгон ишенимин бекемдөөчү.  Кимдир бирөө математикадан, кимдир бирөө адабияттан, кимдир бирөө спорттон өзүн көрсөтсө — ал баарын тең баалап, дем берип турган устат эле. Алима аттуу курсташыбыз көркөм гимнастика боюнча секцияга катышып, шаардык жана майрамдык иш-чараларда уюштурулган параддарда өнөрүн тартуулап, окуу жайыбыздын сыймыгына айланган. Тажибай агай анын жетишкендигин жөн гана көрүп коюп тим болбой анын тренери менен да сүйлөшүп, анын машыгуудагы жетишкендигин сурап, кубаттап жүрдү.

Бул багытта өзүмө байланыштуу бир окуяны да дайыма эстеп жүрөм. Өткөн кылымдын 70–80-жылдарында биз адабий китептерди көп окуп, айрымдарыбыз көркөм чыгарма жазууга кызыгып, бара-бара гезит беттерине макалаларды жарыялай баштаган элек. Бирок мындай дымакты ар ким эле түшүнө берчү эмес. Ошондуктан чыгармачылык менен алектенген жаштар үчүн колдоо абдан зарыл экенин ошондо эле сезчүмүн.

Бир күнү күтүлбөгөн окуя болду. Гезиттен келген гонорарым тууралуу кабарламаны Тажибай агай өзү жатаканадагы бөлмөмө алып келип:
— Азаматсың! — деп жылмайып тапшырды.

Бул жөн гана кабар эмес эле — бул менин эмгегимди баалоо, ишеним жана дем берүү болчу. Мындай учурлар бир нече ирет кайталанып, айрым учурда агай аны курсташтарымдын алдында да айтып, үлгү кылчу.

Ошол бир ооз “Азаматсың” деген сөз мен үчүн опол тоодой сыйлык болду. Ал ишенимимди бекемдеп, чыгармачылык жолума күч берди. Тажибай агай студенттин ичиндеги учкунду көрө билген, аны өчүрбөй, тескерисинче, жандырган устат эле.

ТААСИРДҮҮ АГАЙ ТАЖИБАЙ: 50 ЖЫЛ ӨТСӨ ДА ӨЧПӨГӨН УСТАТТЫК ИЗ

Сөз соңу

Убакыт өтөт, жылдар алмашат, бирок чыныгы устаттын таасири өчпөйт — ал адамдын жүрөгүндө из болуп кала берет.

Эң кубанычтуусу — агай бүгүн да арабызда.  Бүгүн 85 жашка келип, даанышман аксакал болгон Тажибай агай дагы деле ошол эле — сөзү нускалуу, көз карашы терең, таасири өчпөгөн устат. Кээде чогуу, кээде топ-топ болуп кабар алып, жолугуп турабыз. Ал да бизден дайыма кабар алып, ийгиликтерибизге кубанып, дем берип келет. Анын колунда окуган мезгил менен бүгүнкү күндүн ортосундагы жарым кылымдык  аралык агайлык менен окуучулук сезимдерибизди,  агайга болгон  урмат-сыйыбыз эч кемите алган жок. Тескерисинче, убакыт өткөн сайын анын кесиптик да, инсандык да орду улам тереңирээк бааланып жатат. Агай менен ар бир жолугушууда анын көз карашынан дагы эле ошол устаттык күчтү, ошол ишенимди, ошол адамдык жылуулукту сезип турабыз.

Анткени чыныгы устат убакыт менен алыстабайт — ал өмүр бою жан дүйнөдө жашайт.

Aкматали Алимбеков

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору,

педагогика илимдеринин доктору

Бөлүшүү

Комментарийлер