ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫН ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН МОДЕЛИ

  • 19.11.2025
  • 0

Таалим – үлгү көрсөтүү, билим үйрөтүү. Тарбия – балдардын адептүү, маданияттуу болуу, билим алуу, туура багытта өсүп-өнүгүү жагын камсыз кылуучу жалпы аракет. Тарбиялоо – жаштарды жакшылыкка үндөө, жетелөө, жакшылык жасоонун үлгүсүн көрсөтүү, жакшылык жасоонун жакшылыгына жаштарды ишендирүү.

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫН ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН МОДЕЛИ

Интеграция – ар кандай айрым элементтерди, бөлүктөрдү бир бүтүндүккө бириктирүү. Билимдерди интеграциялоо – ар кандай предметтерден алган билимдерди бири бири менен байланыштыруу, практикалык маселелерди чечүү максатында жалпылап колдонуу. Модель – табияттын же коомдун кубулуштарынын жалпыланып идеалдаштырылган сүрөттөлүшү, схемасы.

Тарыхый-философиялык, психолого-педагогикалык адабияттарды, ошондой эле агартуу уюмдарынын иш тажрыйбасын, айрым педагогдордун жасаган кесиптик-методикалык жетишкендиктерин талдоонун натыйжасында таалим-тарбиянын төмөнкүдөй моделдерин белгилөөгө болот.

1. Илимий-практикалык мазмундагы маалыматтарды ар кандай булактардан (мугалимден, окуу китебинен, табияттан, жашоо-турмуштан) алуу жана аларды коюлган талапка жараша кайталап айтып берүү, көргөзүү модели. Бул модель жаштарды бир нерсеге үйрөтүүнүн биринчи күнүнөн ушул кезге чейин колдонулуп жүрөт. Анын такталган формасы – бирдей жаштагы балдарды бир класска чогултуп сабак өтүү. Мугалим окуучуларга окуу материалын түшүндүрөт, ага окуучулар өздөштүргөндөрүн айтып берет. Көрсөткөндөрүн кайталып жасап берет.

2. Балдардын билим-билгичтиктерин калыптандыруу модели. Бул баланын акыл аракеттерин, илимий түшүнүктөрүн этап-этабы менен калыптандыруунун психодидактикалык теориясына (П.Я.Гальперин, Н.А.Менчинская, А.В.Усова, Э.Мамбетакунов ж.б. ) негизделген.

Мында мугалим менен окуучунун биргелешкен аракеттери төмөнкү амалдардан турат: баланы кайсы бир нерсеге кызыктырып, баланы иш аракетине багыт берүү; баланын материалдашкан объект менен иштөөсү; жасаган аракеттерди, кабыл алган билимдин элементтерин үн чыгарып айтуу, кайталоо, көнүгүү; ошол аракеттерди оюнда элестетип, ичинен кайталоо; алынган натыйжаны дептерине кыскача жазып алуу, блок-схема же график түрүндө чийип алуу.

Илимий түшүнүктү калыптандыруу процесси төмөнкү этаптардан турат:

— турмуштук мисалдарга кайрылып, окуучулардын көңүлүн негизги материалга буруу, кызыктыруу;

— илимий түшүнүктүн жалпы белгилерин тактап, алардын ичинен маңыздуу белгилерин бөлүп алуу, анын ар бирин талдап өздөштүрүү;

— маңыздуу белгилерин синтездеп, түшүнүктүн аныктамасын берүү;

— түшүнүктүн маңыздуу белгилерин ар кандай жагдайларда тактоо;

— жаңы түшүнүктүн мазмунун мурда өздөштүрүлгөн окшош түшүнүктөрдөн айырмалоо;

— жаңы түшүнүктүн башка түшүнүктөр менен болгон байланышын аныктоо;

— түшүнүктү жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткарууга, маселе чыгарууга колдонуу;

— түшүнүктү башка түшүнүктөрдүн системасына кошуу, жалпылоо.

Бул ыкманы мектептик предметтердин бардыгынын түшүнүктөрүн калыптандырууда колдонууга болот.

3. Билим берүүнүн балдардын акыл аракеттерин өнүктүрүүчү модели.

Мындай модель балдардын алган илимий билимдерин теориялык жактан жалпылап, акыл аракеттеринин өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган. Булар таанып билүүнү адамдын аракети катары караган психологдор Д.С.Выготский, В.В.Давыдов, Пиаже Жан, А.А.Смирнов жана башкалардын эмгектерине негизделет. Чындыгында бул моделден келип чыккан методикалык ыкмалар мектеп практикасында бардык балдар үчүн колдонууда ыңгайсыздыкты жаратат. Алар ой жүгүртүүсү жогору болгон жөндөмдүү окуучулар үчүн натыйжалуу болуп эсептелет.

4. Балдардын таанып-билүүсүн активдештирүүчү модель. Бул учурда балдар билим-билгичтиктерди даяр түрүндө эмес, өз алдынча изденүүнүн натыйжасында алат. Ал проблемалуу окутуу деп аталып (М.М.Махмутов), негизинен үч түргө бөлүнөт: окуу материалын проблемалуу баяндоо; проблеманы чечүүгө балдарды катыштырып издетүү; билимдерге өз алдынча изилдөө жүргүзүү аркылуу ээ болуу. Айрым предметтерди окутууга арналган методикалык ыкмалар, проблеманы программалап чечүү жолдору сунушталган (И.Бекбоев, К.Иманалиев, Э.Мамбетакунов, С.Рысбаев ж.б.).

5. Балдардын билим-билгичтиктерге ээ болуусун оптималдаштыруу модели (Ю.К.Бабанский). Бул берилген шартта билим алуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуунун ыңгайлуу жолун тандап алуу жана колдонуу менен мүнөздөлөт. Балдардын интеллектуалдык деңгээлине, окула турган материалдын жөнөкөйлүгүнө же татаалдыгына, мектептин техникалык жактан камсыздалышына жараша ар кандай методдор, каражаттар, окутуу формалары, ошондой эле мотивациялоочу ыкмалардын оң натыйжа берүүчү түрлөрү колдонулат.

6. Балдардын билим-билгичтиктерин интеграциялоо модели. Мындай моделди ишке ашыруунун практикада сыналган жолу тектеш предметтерди байланыштырып окутуу (И.Д.Зверев, В.Н.Максимова, А.В.Усова, Э.Мамбетакунов ж.б.). Тектеш предметтердин жалпы түшүнүктөрүн, закондорун, теорияларын бири бири менен байланышта окутуу, окуучуларды предмет аралык мазмундагы практикалык маселелерди чыгарууга көнүктүрүү аталган моделдин негизги милдети болуп эсептелет.

7. Инсанга багыттап билим берүү модели. Бул моделдин маани-маңызы: ар бир окуучуга анын жеке өзгөчөлүктөрүнүн, турмуштук баалуулуктарынын, умтулууларынын негизинде өзүнүн өнүгүү жолун өзү тандап алууга укуктун берилиши менен мүнөздөлөт; баланын оригиналдуулугун, өзүнө гана тиешелүү болгон каситтерин, кайталангыс уникалдуулугун өзүндөй кабыл алуу, таануу; ошого жараша дифференцирленген, ар түрдүү деңгээлде билим берүү технологияларын түзүү жана окуу жайларында колдонуунун жолдорун иштеп чыгуу (И.Бекбоев).

8. Балдарды окутуунун маалыматтык-коммуникативдик модели. Билим берүүнүн бул модели кийинки учурларда пайда болду. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: билим берүүнү маалыматташтыруу, компьютерлештирүү, санариптештирүү, жасалма акыл. Бул болсо адам баласынын акыл аракети менен практикалык аракетин автоматташтыруунун жана технологиялаштыруунун жолдорунун көп түрдүүлүгү менен коштолот.

9. Балдардын жеке кызыкчылыктарын, муктаждыктарын эркин-канааттандыруу модели. Мында эч кандай мамлекеттик стандарт жок. Биринчи орунда бала менен ата-эненин биргелешкен кызыкчылыгы, баланын жеке мүдөөсү, жөндөмү, шыгы, каалоосу турат. Бул моделди ишке ашыруучулар: репетиторлук, кружок-ийримдер, ар кандай предметтер боюнча терең билим алуу, ЖРТга даярдануу, музыкалык, дене-түзүлүштүк билим-билгичтикке ээ болуу, билим алуунун экстернат формасы, ар кандай курстарга катышуу жана кошумча билим берүү уюмдары. Мисалы, эстетикалык таалим-тарбия берүүчү Республикалык окуу-методикалык борбору “Балажан” жана регионалдык уюмдар. Мына ушулар мектептен тышкаркы учурларда балдарды эркин окутуп, тарбиялашат.

10. Таалим-тарбиянын этнопсиходидактикалык модели (А.Э. Измайлов, А.Алимбеков, С.Иптаров, А.Муратов ж.б.).

11. Таалим-тарбиянын көп маданияттуулук модели (Н.А.Асипова).

Жогоруда келтирилген моделдер кыйла убакыттан бери илимий жактан тастыкталып, ар кандай сыноолордон өткөрүлүп билим берүү уюмдарынын практикасына киргизилген. Алар өздөрүнүн тийиштүү натыйжаларын берип келе жатат.

Ошол эле учурда биздин мугалимдер, айрым методисттер сырттан кирген ар кандай окутуу ыкмаларын колдонушуп, салттуу болуп калган методикалык жолдорду жектеп, чанып келишет. Мисалы, биздин педагогикалык лексикондо төмөнкүдөй терминдер пайда болду: Блумдун таксомониясы, Блумдун таажы гүлү, инсерт ыкмасы, чечимдер дарагы, кейс методу, Венндин диаграммасы, зиг-заг методу, галерея ыкмасы, старттык эксперимент ыкмасы, Скаффольд карточкалар топтому, STEM технологиялары, 5Е ыкмасы ж.б.

Булардын колдонушуна менин эч кандай каршылыгым жок. Бирок, аларды билим берүүнүн жаңы жолу, бизде колдонулуп келген методдор менен формалардан баалуу деп эсептөо туура эмес экендигин эскертким келет. Булар эч качан өзүнчө модель болуп, дидактикалык максаты боюнча жогоркулар менен тең тайлаша албайт. Алардын ар бири тигил же бул моделдин айрым учурларында колдонуулучу элементтер катары гана кызмат кылышы мүмкүн. Жогорудагы таалим-тарбиянын моделдеринин мазмунун так өздөштүрбөгөндөр, аларды ишке ашыруунун методикалык жолдорун билбегендер үчүн алар жаңы жана колдонууга оңой көрүнүшү мүмкүн. Эгер талдап көрсөк алар жогорку моделдердин курамына кирген эле ыкмалар. Болгону алар башкача аталып, конкреттүү мисалдар менен коштолгону. Ушул жерде белгилеп кетүүчү бир жагдай бар. Ал биздин педагогикалык иштерибиздин теориялык жагынан өскөндүгүн жана аларды пайдалануунун технологиялык маселелеринин толук иштелбегендигин көрсөтөт. Бул педагог-методисттердин эске ала турган, кечиктирбей чече турган көйгөйлөрүнүн бири.

Таалим-тарбиянын традициялуу моделдери менен жаңыдан пайда болгон технологияларды бири бир менен айкалыштыруучу “Инсанга багытталган таалим-тарбиянын интеграцияланган моделин” түзүүнү максат кылып койдук. Анын мазмуну биринчиден, инсандын ар кандай түрдөгү сапаттарын калыптандыруунун, экинчиден ар кандай методикалык ыкмаларды интеграциялап колдонууну камтыйт. Мындай моделдин түзүлүшү, дидактикалык максаты, формалары, колдонуу методикасы жөнүндө өзүнчө сөз болот. Бул макалада ошол моделдин айрым эдементтеринен гана мисал келтирүүнү туура көрдүк.

1. Окуучулардын илимий түшүнүктөрүн калыптандыруунун психодидактикалык этаптары. 1-сүрөттө мугалимдин жол көрсөтүүчү, ал эми окуучунун аткаруучу аракеттеринин мазмунун логикалык удаалаштыкта пирамида түрүндө көрсөтүүгө аракеттендик.

ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫН ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН МОДЕЛИ

1-сүрөт

Таанып-билүүнүн бул психодидактикалык этаптарын мугалимдерге сунуштаганда, алар “анализ, синтез кайда?”, – деп сурашат. Ошондо мен алардын Блумдун таксомониясын өздөштүрүп алганым байкадым. Мында анализ менен синтез эки жерде ишке ашат. Биринчиси ойлонуу этабында. Экинчиси ишенүү этабында. Ойлонуу процесси анализ, салыштыруу, синтезсиз жүрбөйт. Алган билиминин тууралыгына ишенүү үчүн да бала анализ, салыштыруу, синтездөө амалын аткарышат. Ансыз, биринчиден оюн туура корутундулай албайт, экинчиден билиминин тууралыгына ишене албайт.

Кай бир мугалимдер “Сиздин моделдин батыштан келген 5Е ыкмасы менен байланышы барбы?”, – деп сурашат. Чындыгында бул экөөнүн максаттары бирдей эле. Болгону 5Е балдардын таанып-билүүнүн дүңүнөн айтылган кыска жолун көрсөтөт. Ал эми биз тарабынан сунушталган таанып-билүүнүн психодидактикалык этаптары мугалим менен окуучунун аракетиндеги ар бир кадамды калтырбай басып өтүүнү сунуштайт. Анда аткарылуучу амалдар мугалимдин жетекчилиги менен уюштурулат да, окуучулар максаттуу иштерди аткарышат. Таанып-билүүнүн аталган этаптары өздөштүрүлгөндөн кийин балдар аны ар кандай жагдайларда колдонуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Турмуштук маселелерди чечүүдө булар балдарга жол көрсөтүүчү жарык жылдыз болуп берет. Акыл аракети системалаштырылып, амалдарды аткаруунун удаалаштыгы сакталат. Баланын ишиндеги баш аламандык, чар жайыттык жоюлат.

2. Табият жөнүндөгү предметтерди балдардын келечектеги жашоо-турмушунда пайдаланууга ылайыктап окутуу азыркы күндөгу актуалдуу маселелердин бири. Табигый илимдердин изилдеп, үйрөтүүчү предмети — материя, анын кыймылы, өз ара аракети, ар кандай түрдөгү энергия жана алардын күндөлүк жашоодогу колдонулушу. Бирок табият жөнүндөгү илимдер материянын ар кандай касиеттерин, кубулуштарын, законченемдерин ар түрдүү багыт боюнча изилдейт. Мисалы, биология жандуу жаратылышты изилдесе, физика менен химия жансыз жаратылыштын кубулуштарын, ал эми астрономия асман телолорун, физикалык география жер бетинин түзүлүшүн изилдейт. Адамдын жашоо-турмушундагы бул кубулуштар өз өзүнчө эмес, бири-бири менен тыкыз байланышта, бири-бири менен жуурулушуп, аралашып кеткен. Ошондуктан мектептик тектеш предметтерди өз ара байланыштырып окутуу зарылдыгы келип чыккан. Турмуштук ар кандай маселелерди чечүүдө окуучулар интеграцияланган билимдерге ээ болушу керек. Бул максатты ишке ашыруунун бирден бир жолу орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында предметтердин ички байланыштары менен кошо предметтер аралык байланыштарды тактап, аларды биринчи класстан 12-класска чейинки уланышын изилдөө талап кылынат. Бул сөздүн толук маанисиндеги предметтер аралык байланыш болот. Буларды ийгиликтүү ишке ашыруу предметтик стандарт менен окуу программаларын түзүүгө система-структуралык жана мазмундук-аракеттик мамилелерди айкалыштыра колдонуу талап кылынат.

Чындыгында биздин окуу китептеринде теориялык материалдарга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын турмуштук шартка ылайыкталган прикладдык маанилери көмүскөдө калып калган. Ошондуктан табигый предметтердин жашоо-турмушка багытталган мазмунун аныктоо, андан кийин билимдерди пайдалануунун технологиясын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгууда. Бул багытта биздин чөйрөгө STEM деген термин кирди. Бул табият жөнүндөгү илим, технология, инженерия, математика терминдеринин англисче аталышынын баш тамгаларынын кошулуп айтылышы. Аны англисче атабай эле кыргызча аталыштарынын баш тамгаларын бириктирип ТИТИМ деп атоону сунуштайм: табигый илим, технология, инженерия, математика.

Бул жерде илим термини негизинен табигый илимдерди билгизет. Табигый билимдерди күндөлүк турмушта пайдалануу үчүн анын технологиясын түзүү жана балдарга түшүндүрүү зарыл. Ошол максатта инженердик илимдин принциптери менен математикалык методдорду колдонулат. Инженердик билимдин принциптери төмөнкүлөр:

1. Дүйнөнүн илимий-техникалык-технологиялык сүрөттөлүшү жөнүндөгү билимдерди интеграциялоо принциби;

2. Сабаттуулук принциби: илимий, маалыматтык, компьютердик, санариптик сабаттуулук;

3. Инженердик ой жүгүртүү (чийки зат – технология – продукт) принциби;

4. Эмгектин түрлөрүн жана аткаруучуучуларга бөлүштүрүлүшүн имитациялоо принциби;

5. Технологиянын адам эмгегин жеңилдетүүгө багыт алуу принциби;

6. Технологиянын экономиканын талабына туура келүү принциби;

7. Бири-бирине өтүп кетүүчү компетенцияларды (практикалык аракеттерди уюштуруу; коммуникацияларды колдонуу; кол менен жасалуучу аракеттерди акыл аракети менен байланыштыруу) ишке ашыруу принциби.

Билимдерди практикада колдонуу боюнча балдарга арналган методикалык көрсөтмөлөр өтө эле аз. Ошон үчүн мугалимдер, методисттер бул багытта көп иштешибиз керек. Башта колдонуп келген айрым ыкмаларды жандандыруубуз зарыл. Мисалы, физика сабагында “Ылдамдык” темасын өткөндө окуучуга мындай маселе берчүбүз: “Автобус Бишкектен Токмокко чейин бир саатта барат. Ылдамыгын тапкыла.”. Мындай караганда бул практикалык эле маселе. Бирок окуучу аны ылдамдыктын формуласын колдонуп, 60 километрди 1 саатка бөлүп эле чыгарып коет. Окуучунун аң-сезиминде байкаларлык деле өзгөрүү болбойт. Ал эми ушул эле маселени баланын өзүнүн дүйнөсү менен байланыштырсак, натыйжа бир нече эсе жогорулайт. Мисалы, “Сен саат 16.00 дө Токмоктогу конкурска катышууң керек. Азыр саат 14.00 болду. Бишкектен кечикпей жетүү үчүн сен кандай транспортко түшүшүң керек?”. Мында окуучу ылдамдык, жол, убакыт жөнүндөгү билимдер менен катар автобус, такси сыяктуу машиналар, алардын ылдамдыгы, автобекет, ага баруунун жолу жана башкалар жөнүндө ойлонуп, ал маселени чечүүгө чыгармачыл мамиле жасайт. Мындай көнүгүү, маселе, тест түрүндөгү тапшырмаларды түзүп колдонуу биз койгон талапка жооп берет деп ишенебиз. Ушул сыяктуу көнүгүүлөр системасы физика предмети боюнча түзүлгөн, илимий жактан концетуалдык методикасы да бар, аны мугалимдерге жеткирүү жолун табуу гана керек.

Кыргыз педагогикасында, анын ичинде айрым предметтерди окутуунун теориясы менен методикасында көңүлгө аларлык бир топ маселелер иштелип чыккан. Аны жалпы мугалимдер жана окуучулар массасына жеткирүү маселеси колго алынбай келе жатат. Методисттердин мугалимдер менен байланышууга шарты жок. Методикалык эмгектери массалык нуска менен чыгарылбайт. Ошол эле учурда сырттан келген методиканы таратуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондуктан методикалык жактан терең иштелип чыккан көрсөтмөлөр көмүскөдө калып, унутулууда. Эгер ушул маселени колго алсак педагогика илиминин өнүгүшүнө жана окутуу технологияларынын натыйжалуу колдонулушуна ыңгайлуу шарт түзүлөт эле. Албетте, булар балдардын жашоо-турмушка керек болгон сапаттуу билим-билгичтиктерге ээ болушун камсыз кылат болучу.

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, профессор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер