ТҮРКИЯ ТААСИРЛЕРИ: БАЛА БАКЧАЛАРДАГЫ ИНКЛЮЗИВДИК ЖАНА СОЦИАЛДЫК КОЛДОО МОДЕЛДЕРИ
- 26.11.2025
- 0
Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары жана адистери тажрыйба алмашуу программасы боюнча Түркиянын Стамбул шаарында иш сапарда болуп кайтышты. «Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу уюштурган бул иш-чаранын максаты — Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасынын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу; муниципалдык кызматтардагы социалдык-маданий моделдерди изилдөө; мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери үчүн кызматтарды уюштуруу боюнча Кыргызстанга пайдубал болчу практикаларды табуу; жергиликтүү бийлик, билим берүү жана социалдык структуралар менен кызматташтыкты арттыруу.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова иш сапардан алган таасирлери менен бөлүштү.
— 10 адамдан турган кыргызстандык делегациянын курамына министрликтен тышкары “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунан, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, И.Арабаев атындагы КМУдан бир окутуучу жана жайлоо өнүктүрүү борборлорунан беш тарбиячы кирди. Биздин алгачкы таанышуу сапарыбыз Стамбул маданият университетинин мектепке чейинки билим берүү кафедрасы менен таанышуу менен башталды. Университеттин окуу планы жана практикасы жана жалпы эле өзгөчөлүктөрүн жакындан көрдүк. Студенттер “көзөмөл сабактары” аркылуу мектептерде жана бала бакчаларда окутууга байланыштуу теориялык билимин иш жүзүндө өткөрүшөт экен. Алардын айтымында, бул практика студенттерге балдардын күнүмдүк жүрүм-турумун, өнүгүү этаптарын жана окутууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мекемени аяктаган студенттер билим берүү мекемелеринде, бала бакчаларда, реабилитациялык борборлордо, муниципалдык “чоң балдар борборлорунда” жана өз алдынча уюмдарда иштей алышат. Жогорку билимге шыктангандар магистратура программалары аркылуу илимий багытта дагы иштөөгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Студенттер төрт жылдык бакалавр программасы менен билим алышат, бир жакшы өзгөчөлүгү — студенттер үчүн практикалык билим берүү жана стажга ээ болгондугу экен — дейт.
“Эне-бала” борборунда
Делегация кийинки күнү Башакшехир муниципалитетинде болуп, андагы “Эне-бала” борборунун адистери менен жолугушту. Борбордо энелер үчүн кол өнөрчүлүк жана башка бир катар курстар уюштурулган. Муниципалитетте Билим берүү министрлиги түзүп берген эки сааттык эне-бала өнүктүрүү программалары иштейт. Ага энелер жана балдар бирге катышат. Сабактарда педагогдор балдардын өнүгүү деңгээлин баалашат жана балдар энелери менен бирге окуганды жана оюндарды үйрөнүшөт. Бул программаларга кабыл алуу муниципалитет тарабынан “кезекке коюу” системасы аркылуу уюштурулат. Борбордо энелер жана балдар үчүн топторду туура, тең уюштуруу камсыздалат. Энелер балдарынын өнүгүү деңгээлин башка балдар менен салыштырып, үйдө колдоно турган окуу жана тарбиялоо ыкмаларын үйрөнө алышат. Мындай борборлор ар бир муниципалитеттин алдында уюштурулган.
Биздин адистер бул борбордун ата-энелер менен тыгыз интеграцияланган, балдардын социалдык жана когнитивдик өнүгүүсүнө багытталган моделине кызыгышты, анткени ал Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү жана социалдык колдоо системасын бекемдөө үчүн абдан актуалдуу практикага айланышы мүмкүн деп эсептешет.
— Башакшехир муниципалитетинин маданий жана инклюзивдик кызматтары өзгөчө көңүлүбүздү бурду. Муниципалитетте калкка арналган чоң ачык китепкана бар экен. Китепкана окуу маданиятын жакшыртуу үчүн ар кандай иш-чараларды уюштурарын айтышты. Мында жазуучулар менен жолугушуулар, балдар жана чоңдор үчүн окуу марафондору, талкуулар жана китеп кеңешүүлөрү өткөрүлүп турат жана ошондой эле ал жерде тамактануучу жай уюштурулуп, көп келген адамдарга бонус катары жумасына бекер тамак берилет. Балдар үчүн атайын окуу бурчтары, сүрөттүү китептер жана интерактивдүү окуу компоненттери каралган.
Дагы бир өзгөчөлүгү — муниципалитеттеги электрондук галерея залында виртуалдык көргөзмөлөр, мультимедиалык экспозициялар жана санарип инсталляциялар уюштурулуп тургандыгы. Бул жай маданият жана билим берүү багытында креативдүү сценарийлерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Муниципалитет балдарга арналган виртуалдык транспорттор, мини-машиналар жана оюн-симуляторлор менен жабдылган оюн-аймакты түзүп берген. Ал жабдуулар оюн аркылуу кыймыл-координацияны өнүктүрүүгө, логикалык ой жүгүртүүнү стимулдаштырууга жана коомдук жүрүм-турум көндүмдөрүн үйрөнүүгө багытталган. Айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик иш-чаралар ар жума сайын өткөрүлүп турат экен, ага балдар ата-энелери менен бирге катышат. Психологиялык, социалдык жана педагогикалык колдоо көрсөтүүчү программалар: оюндар, топ иштери жана машыгуулар уюштурулат. Анда коляска менен келүү мүмкүнчүлүгү каралган жана ата-энелер балдары менен бирге иш-чараларга катыша алат. Түркияда аялдардын басымдуу көпчүлүгү иштебейт, ошондуктан кол-жону бош. Бизде да китепканалардын алдында эрте өнүктүрүү борборлору ачылган, а бирок биздин энелердин колдору көп бошобой балдары менен бара алышпайт, — дейт Индира Каныбековна.

“Адилет” бала бакчасынын социалдык жана реабилитациялык модели
Иш сапардын жүрүшүндө делегация Бакыркөй районундагы “Адилет” бала бакчасынын иши менен таанышты. Бул бала бакча энеси камакта болгон үч жаштан алты жашка чейинки балдарга арналган жана анын иштөө принциби “эне-баланы ажыратпоону” жактайт. Балдар эртең менен саат сегизде бала бакчага өткөрүлүп берилет да, кечинде саат беште кайра энесинин колуна берилет. Кечинде эне менен бала бирге тамактанып, уктап, эртеси кайра бала бакчага келет. Бул ата-эненин жана баланын байланышын сактоо үчүн абдан маанилүү. Түркиянын Юстиция министрлиги бала бакчаны материалдык-техникалык жана коопсуздук жагынан камсыздайт, ал эми Билим берүү министрлиги билим берүү программасын жана методологияны иштеп чыгып, көзөмөлдөйт. Мындай стратегия балдардын эмоционалдык коопсуздугун камсыздоого жана эне-бала мамилелерин туруктуу сактоого багытталган.
— Бизге Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун жыйынына катышууга мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө ынтызар болдук. Жолугушуу учурунда мектепке чейинки билим берүүдө жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык долбоорлор, биргелешкен иш-чаралар жана тажрыйба алмашуу механизмдери жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Иш-чаранын аягында делегация мүчөлөрүнө тажрыйба алмашууга катышканы үчүн сертификаттар тапшырылды, — дейт Индира Каныбековна.
Жыйынтыктар жана сунуштар
Иш сапар учурунда биздин адистер Түркиянын муниципалдык, социалдык жана маданий түзүмдөрү мектепке чейинки билим берүү менен тыгыз интеграцияланганына күбө болушту. Айрыкча, Башакшехир муниципалитетинин, “Эне-бала» борборунун жана “Адилет” бала бакчасынын инклюзивдик жана социалдык колдоого багытталган моделдери кызыктырды. Муниципалдык маданий инфраструктурасы — китепканалар, электрондук галереялар жана интерактивдүү оюндар — бул чөйрөлөрдөгү коомдук иш-аракеттердин маанилүүлүгүн көрсөтөт.
— Муниципалдык “Эне-бала» борборлорун түзүү практикасы биз үчүн өтө маанилүү деп ойлойм. Башакшехирдин эки сааттык биргелешкен өнүгүү борборлорунун моделин Кыргызстанда да мэрия, айыл өкмөттөрдүн кол алдында ишке киргизүүгө болот. Муниципалитеттер менен кызматташып, финансылык механизмдерди изилдеп, ылайыкташкан программа иштеп чыгуу керек.
“Акыйкат” моделин социалдык борборлордо колдонуу боюнча да долбоор иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. Бизге да камактагы же башка социалдык жактан корголбогон энелердин балдарына багытталган бала бакчалардын социалдык модели керек. Бул багытта Юстиция жана Агартуу министрликтери, ошондой эле жергиликтүү бийлик менен биргеликте социалдык саясат долбоорлорун иштеп чыгууга болот.
Коомдук маданият инфраструктурасын өнүктүрүү жагы да өтө маанилүү. Айрыкча, муниципалитет деңгээлинде коомдук китепканаларды кеңейтүү жана китеп окууга тартууну жогорулатуу; санарип галереяларын жана интерактивдүү оюн аймактарын түзүү аркылуу балдардын чыгармачылыгын жана билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү; инклюзивдик маданий программаларды иштеп чыгуу, атап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери үчүн атайын кызыктуу чөйрөлөрдү түзүү. Мына ушундай бир нече багыттагы социалдык моделдерди иштеп чыгуу аркылуу биздеги эне-баланы коргоо боюнча көйгөйлөрдү чече алабыз, — дейт Индира Токонова.

Делегациянын курамына кирген Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы бала бакчанын директору Осипа Асанбекова тажрыйба алмашуу иш сапары абдан ийгиликтүү болгонун белгилеп, түрк элдеринин каада салттары, тажрыйбалары менен таанышуудан алган таасирлери менен бөлүштү.
— Мага абдан жакканы балдарды өнүктүрүүдө ата энелер менен бирге иштөө ийримдеринин уюштурулганы болду. Ошондой эле энелери абактагы балдар үчүн бала бакчанын болушу таасирлентти. Түрк элдеринин жөнөкөйлүгүнө, меймандостугуна ыраазычылык билдирем. Бизден өзгөчөлүгү — балдардын түшкү уктоо учуру аларда жок экен. Мамлекет билим берүүгө абдан чоң колдоо көрсөтөт экен. Мен ата энелер менен иштөөнүн кай бир элементтерин практикалоону өзүмдүн бала бакчадан баштоону өзүмө милдет койдум. Бош убактыбызда да экскурсия уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүүгө салым кошкон Роза Отунбаеванын эл аралык фондунун жамаатына жана Агартуу министрлигине ыраазылык билдиремин, — дейт алыскы Ат-Башыдан барган Осипа Асанбекова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер