СЫЙЛЫК АЛЫП ШЫКТАНГАНДАР

  • 21.11.2024
  • 0

Ош шаарындагы №35 “Асан-Үсөн” бала бакчасынын тарбиячысы Махабат Калмаматова республикалык “Мыкты тарбиячы-2024” конкурсунун жеңүүчүсү катары ажобуздун колунан баш сыйлык алып чексиз кубанычта болуп турган чагы. Бала бакча адистеринин ичинен мындай сыйлыкты төрт адис алды.

СЫЙЛЫК АЛЫП ШЫКТАНГАНДАР

Үй-бүлөдө тыл бекем болсо, жеңишке жетүү оңой

Биздин кеңсебизге баш баккан Махабат айым өзүнүн толкунданган сезимдери менен мындайча бөлүштү.

— Республикалык конкурс быйыл жылдагыдан башкача өтүп, бала бакчалардан “Мыкты тарбиячы”, “Мыкты усулчу”, “Мыкты музыка мугалими” жана “Мыкты мамлекеттик тил адиси” деген төрт номинация боюнча төртөөбүз алдыга озуп чыкканбыз. Аябай толкунданып, кубанып турабыз. Айрыкча жаңы Ак үйдөн ажобуздун колунан сыйлык алганыбыз бизге өзгөчө сезимдерди тартуулады. Ушундай сый-урмат бардык эле билим берүү тармагында иштегендерге чоң стимул болору талашсыз. Президентибиз мугалимдердин эмгегин жогору баалап жатканы абдан жагымдуу жана бизге мындан ары дагы жоопкерчиликтүү, жемиштүү иштөөгө дем-күч берет. Ар бир агартуучу аракет кылса, жаңы технологияларды колдонуп, изденип иштей берсе, ушундай ийгиликтер жараларында шек жок.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизди даярдап, колдоп-сүрөп жардам берген жакындарымдын баарына, кесиптештериме, жетекчилерге терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Аялзатынын ишиндеги ийгилиги биринчи кезекте үй-бүлөсүндөгү мамиледен башталат эмеспи, андыктан мени жакындан колдоо көрсөткөн кайын журтумдун жардамын өзгөчө белгилеп кетким келет. Биздин үй-бүлөдө мугалимдер көп болгондугу үчүнбү, баарыбыз биринчи орунга билимди коебуз. Мына ушундай үй-бүлөдөн баштап мамлекет башчыларына чейин колдоо көрсөтүп турган шартта биз, мугалим-тарбиячылар шыктанып дагы-дагы ийгиликтерге умтулуп иштей бермекчибиз, — дейт Махабат Калмаматова.

Тарбиячыларга да батир берилсе

Махабат Калмаматова тарбиячылар арасындагы баш байге – 300 миң сом менен сыйланса, мыкты усулчу номинациясында алдыңкы орунду ээлеген Насип Кубаталиева 200 миң сом менен сыйланды.

СЫЙЛЫК АЛЫП ШЫКТАНГАНДАР

— Мен Бишкек шаарындагы №127 Баланы өнүктүрүү борборунда усулчу болуп иштейм. Быйылкы конкурс аябагандай талыкпаган эмгекти талап кылды десем жаңылышпайм. Айрыкча жаңы инновациялык технологияларды колдоонуу менен чыгармачылык чеберчилигибизди жайылтууга басым жасалды. Республикалык сынакта “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясынын жеңүүчүсү аталып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колунан 200 миң сомөлчөмүндөгү акчалай сыйлыктын ээси болгонума кубанып турам. Бул чоң жетишкендигим деп эсептейм. Ушундай шыктандыруучу кароо-сынактар дагы да өткөрүлүп турса деген ойдомун.

Менин сунушум — мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жеңүүчүлөрүнө да батир берилсе, абдан сонун болмок. Балким келерки жылы бала бакчада эмгектенген кызматкерлерге да батир ыйгарылып калар. Андай байге билим берүү тармагындагы ар бир адисти шыктандырып, ийгиликтерге умтулуусуна дем-күч болор эле, — деп өз оюн ортого салды.

Албетте, өлкө башчыбыз акыркы үч жылда, айрыкча, быйыл бала бакчага өзгөчө көңүл буруп, бала бакчаларды байма-бай куруп, бөбөктөрдүн мектепке чейинки билим менен камтылышын 40 пайызга жеткирүү камын көрүп жатканы, алардын да билек түрө иштөөсүнө түрткү болору анык эмеспи.

Кароо-сынактар –тажрыйба алмашуу үчүн мыкты аянтча

Бишкек шаарындагы №53 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мамлекеттик тил адиси Аида Сулайманова конкурста өзүнүн мыкты даярдыгын көрсөтө алды. Ал конкурста баардыгына бирдей шарт түзүлгөнүн баса белгиледи.

СЫЙЛЫК АЛЫП ШЫКТАНГАНДАР

— Мындай кароо-сынактарга мурда тарбиячылар гана катышып келсе, быйыл мамлекеттик тил адистери, музыка мугалимдери жана усулчулар катышып жатканы абдан жакты. Конкурста өзүбүздүн дараметибизди көргөзгөнгө бардык шарттар түзүлдү деп ойлойм. Мен мамлекеттик тил адиси катары айтарым, балдарыбыз бала бакчадан баштап кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз тилин барктаганга, эне тилин сыйлаганга үйрөнсө деп ойлойм жана ушул багытта колумдан келген аракеттерди көрөм. Бизге жардамчы биринчи кезекте ата-энелер болот. Биз бала бакчада үйрөткөндөрүбүздү үйдө бекемдеп, ата-энелер да кыргыз тилинде сүйлөсө, балдарына айтып турса, бир багытта иштеп, бир максатты көздөгөн болор элек.

Бизди алдыга сүрөгөн ушундай кароо-сынактар көп-көп болуп турса, биз башка кесиптештерибиз менен баарлашып, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып бөлүшүп дегендей, мыкты аянтча түзүлмөк, — дейт.

Музыкалык билимге терең маани берүү керек

Бишкек шаарындагы Биринчи-Май районуна караштуу №11 “Ак-Кеме” бала бакчасынын музыкалык жетекчиси Жумабек Дуйшеналиевдин жалпы педагогикалык стажы 41 жыл. Жогоруда аталган бала бакча ачылгандан бери ошол жерде бөбөктөрдү музыканын жандуу дүйнөсү менен тааныштырууга салым кошуп келет.

СЫЙЛЫК АЛЫП ШЫКТАНГАНДАР

— Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүүчү орто мектептерде музыкалык билим-тарбия берүү – учурдун эң актуалдуу маселелеси. “Жылдын мыкты мугалими-2024” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн Президентибиз өзү кабыл алып, куттуктаган сөзү жалпы мугалимдерге дем-күч берип, ого бетер шыктандырып койду. Ал өзүнүн сөзүндө мугалимдик эң түйшүктүү жана ардактуу кесип экендигин, аларга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Мен өзүмдүн методикам боюнча кыскача айта кетсем, бала бакчаларда музыкалык тарбия берүү “Төрткө чейин санайбыз” деп аталып, баланын музыкалык ыргагын өнүктүрүүгө багытталган. Балдарга музыкалык билим-тарбия берүүнү мындан да жогору өнүктүрүү керек деп эсептейм. Бул алдыда биз өтүүгө даярданып жаткан 12 жылдык билим берүү системасында дагы абдан зарыл жана маанилүү сабак, аны өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында өзүбүз деле көрүп жүрөбүз. 12 жылдык билим берүүдө музыка предметинин мектеп программасындагы орду, жаңы предметтик стандарты, окуу планынын сааттык жүктөмдөрү өтө маанилүү. Демек, жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы музыкалык билим-тарбия берүү предметинин мазмуну улуттук нарктарга, баалуулуктарга, окуучулардын чыгармачылыгына жана изилдөөчүлүккө багытталып түзүлүүгө тийиш.

Мен дагы башка кесиптештерим сыяктуу эле өзгөчө өңүттө өткөн конкурстун катышуучусу жана жеңүүчүсү болгонума, ажобуздун колунан сыйлык алганыма сыймыктанып жатканымды айтып кетпесем болбос. Балдарды тарбиялоо адегенде үй-бүлөдөн башталып, андан соң бала бакча, мектептен уланат эмеспи. Мына ушундай ары жооптуу, ары сыймыктуу кесипти аркалап келаткан кесиптештеримди алган сыйлыктары менен куттуктап кетким келет. Бизди колдоп, алдыга сүрөгөн сүрөөнчүлөрүбүзгө өзүнчө алкышыбызды билдиребиз. Келерки сыйлыктар да быйылкыдай бараандуу болсун! – деди Жумабек Дуйшеналиев.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин дээрлик баары мындан кийинки кароо-сынактардан алдыңкы орунду ээлеген тарбиячыларга да батир берүү жагы каралса деген ойлорун билдиришти. Чындыгында эле алардын түйшүгү башкалардан ашса ашар, алды кем эмес. Билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл буруп жаткан мамлекет башчысы кийинки жылы билим берүүнүн башатында турган тарбиячыларга да батирдин ачкычын өз колу менен тапшырып калар деген бала бакча кызматкерлеринин изги тилегине биз да кошулабыз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер