СТУДЕНТТИК СҮЙҮҮ БАЯНЫ
- 12.03.2026
- 0
Сентябрь айынан баштап бюджеттик негизде окуган студенттер ротацияланат. Президент С.Жапаров 10 миң абитуриентке бөлүнгөн бюджеттик орундун беш миңи түштүктүк абитуриенттерге, беш миңи түндүктүк абитуриенттерге берилерин, алар үчүн ар бир облус борборлорунда жатаканалар куруларын айтууда. Өлкө башчыбыздын сунушу боюнча ротация жолу менен аралашып окуган студенттер регионалдык бөлүнүүгө гана бөгөт койбостон, алардын арасында үй-бүлө кургандар көбөйүп, келечекте түндүк-түштүк оорусу жок болот деген ишеним чоң.
Кыялга жеткирбеген жарым балл
Союз мезгилинде ошондой эмес беле, түштүктүк кыздар өздөрү айтмакчы аркалык жигитке баш кошуп, бапырап бүлө күтүп бактылуу жашап келатышканын көп эле көрүп жүрөбүз. Ошондой эле түндүктөн түштүктүк жигитке арзып, артынан ээрчип кетип очор-бачар бала-чакалуу ордолуу шаар болгондор андан көп.
Биздин каарманыбыз Салима Мааданбекова учурда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чаңгыр-Таш айылынын эли ардактап сүйгөн ак пейилдүү колу жеңил дарыгери. Ал 1974-жылы Кемин районундагы Быстровка шаарчасында (азыркы Кемин) орус тилдүү мектепти аяктаган соң, ак халатчан дарыгер болууну кыялданып борбор шаарыбыздагы көзгө басар медициналык институтка келет. Тилекке каршы, кыялына жетүүгө жарым балл жетпей калып, маанайы пас үйүнө кайтат.
Ал кезде Кыргызстандын ар бурчунда союздук масштабдагы завод-фабрикалар күрүлдөп иштеп турчу эмес беле, Салима Кемин шаарчасындагы ошондой заводдордун бири БТЗга (Быстровка техникалык заводу) ишке кирип, туура бир жыл өткөндө кайра эле мединституттун эшигин кагат. Ак халат кийип бейтаптарды айыктырууну эңсеген кыздын бул жолку аракети жолдуу болуп өзү эңсеген окуу жайдын студенти болуп калат. Өзү менен окуган студенттерден бир көйнөк эрте жырткандык кылдыбы, аны тайпасыснын комсоргу жана курулуш бригадасынын бригадири шайлап коюшкан эле. Анын үстүнө республикабыздын булуң-бурчтарынан келген студенттердин ичинен орус тилинде тың сүйлөгөнү да көмөкчү болуп кетсе керек. Салима иштеген курулуш бригадасы азыркы кадимки эле №3 балдар ооруканасын курууга көмөктөшкөнүн сыймыктануу менен эскерди.
— Менин балалык чагым ак халатчандардын курчоосунда өттү. Балким ошондон болсо керек, мектепти аяктап кесип тандоого келгенде, көпкө ойлонуп турбай медицина тармагын тандагам. Бирок өмүрлүк жолдошум да врач болсо деп деле ойлонбоптурмун. Ал кезде жогорку окуу жайда окуунун өзү бир чети чоң сыймык, бир чети чоң жоопкерчилик эле. Айрыкча медициналык окуу жайда билим алгандар жакшы билишсе керек, китеп менен уктап, китеп менен ойгончубуз. Бизди окуткан эжей-агайларыбыз да талапты катуу койгон өтө сүрдүү окутуучулар эле. Бир чети ошол эң туура болчу, себеби адамды дарылоо, адамдын өмүрүн сактоо эң жооптуу милдет, — деди студент кезин эстеп.
Студенттик жылдар ай, кандай сонун кез! Медде окуйсуңбу, педде окуйсуңбу, жаштык кездин эч нерсеге ээ-жаа бербеген, эч кандай алкакка баш ийбеген таттуу да, кызыктуу да, шаттуу да кезеңи эмеспи. Салима эжебиз ошондой окуу менен бий кечелер тең тайлашкан студенттик күндөрдүн биринде азыркы жолдошу Расул менен таанышкан. Ага себепкер комнатадагы бирге жаткан токтогулдук курбусу Лариса болгонун эстеди.
— Бир күнү эле комнаталаш курбум мени жатакананын оозунда бирөөлөр чакырып жатат деп калды. Эч нерсе оюмда жок сыртка чыксам эки жигит туруптур. Мен окуган институттун стоматология факультетинин студенттери экен. Экөө тең “көлдүкпүз” деп таанышканы эсимде. Кийин уксам, эч кандай көлдүк эмей эле, жалал-абаддык экен, жанындагы берки көлдүк жолдошуна кошулуп чоочутпайын деп мен да көлдүкмүн десе керек. Ал кезде чынында региондордун алыс-жакыны менен деле ишибиз жок эле, мен колунда чоңойгон атамдын эжеси “Алыс жакка күйөөгө кетпегиле, айрыкча Ош жакка кетсеңер маасы-көлөч кийип, башыңарга нан көтөрүп каласыңар” деп айткандарын тамаша катары эле кабыл алчубуз, — дейт күлүп.

Сүйүүнүн курмандыгы болгон паспорт
Бир факультетте болбосо да, бир окуу жайда окуган эки жаш ошентип бара-бара кантип жакын болуп кеткенин сезбей да калышты. Ал кезде бир кызды киного чакырыш үчүн комнатадагы төрт кызды тең алып барууга туура келер эле. Ошентип күн алыс шарактаган топ кыздарды киного алып барып жүрүп тамашакөй, аста сүйлөгөн кичи пейил, кер мурут сыпаа жигит Расул Салима менен комнатада бирге жашаган кыздардын тилин тез эле таап алат. Анан калса экөө жашаган жатакана да маңдай-тескей жайгашканы аз келгенсип, терезелери да бири-бирин карап турчу. Жигит колу бир пас бошой калса эле терезеден күзгүсүн жаркылдатып чагылдырып келип калчу. Анын андай адатын жакшы билген курбулары Салиманы дароо терезеге карай шыкактап турушчу.
— Мен анын кайсы жердик экенин, мени менен таанышканда көлдүкмүн деп таанышканын деле унутуп калыптырмын. Мени сыйчылдыгы, камкордугу менен багындырып алса керек деп ойлойм. Биз айыл чарба жумуштарына кайсы жерге барсак да, ошол жакка сөзсүз артымдан барып жолугуп кетчү. Ал кезде чөнтөк телефон деген жок, алыста жашагандар ата-энелери, жакындары менен телеграфка барып сүйлөшчү эмес беле. Биз бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, мен 3-курсту, ал 4-курсту аяктаганда баш коштук. Ошондой бири-бирин издеп жүрүп табышкандардын сезими мезгил сынынан өтүп, туруктуу болот окшобойбу деп ойлоп калам. Расул экөөбүз бир жылда, 1956-жылы төрөлгөнүбүз менен мен андан алты ай улуумун. Менден кичүү экен деп макул болбой койбосун деген ойдо паспортундагы алты деген санды бешке оңдоп, менден бир жаш улуу болуп алганын кийин билдим, — дейт Салима Мааданбекова.
Ал 1982-жылы медициналык институтту аяктап борбор шаарыбыздагы №2 клиникалык оорукананын терапия бөлүмүндө дарыгер, жолдошу №6 стоматологиялык поликлиникада тиш догдур болуп иштеп жүрүштү. Ал кезде эки кыздуу болуп калышкан эле. Улуу кызы Аиданы төрөгөндө академиялык отпуск алууга туура келген. Экинчи кызы Зарина да студент кезинде төрөлгөндүктөн, кайра-кайра академотпуск албай эле койсун деп аны кайненеси эки-үч айынан багып чоңойтту. Ошентип бир кызын өзүнүн төркүнү, экинчи кызын кайын журту бакканга кол кабыш кылышты.
— Экөөбүз тең борбордо иштеп жүргөндө, кайнатам жана кичүү кайним ооруп калып үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1984-жылы жолдошумдун айылына көчүп кеткенбиз. Айылга келгенден кийин эки уулдуу болдук. Азыр кудайга шүгүр, эки кыз, эки уулдан 14 небере күтүп, эл катары бакубат турмуш кечирүүдөбүз. Экөөбүз тең саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жүрдүк, азыр жолдошум ден соолугуна байланыштуу үйдө. Мен кудай өзү дем-күч берсин деп иштеп жүрөм. Ак эмгек эч качан талаага кетпейт тура, Саламаттык сактоонун мыктысы төш белгисинин ээсимин жана Сузак районунун ардактуу атуулумун. Колубузда кичүү уулубуз Бабур үй-бүлөсү менен турат. Ал атасынын жолун жолдоп азыр тиш догдур. Кыздарыбыз Россияда иштейт. Маал-маалы менен келип-кетип турушат. Союз тарап, элдин баары борборго, андан да алыс чет өлкөлөргө ооп кетишти. Биз ата журтубузду кыя албай, ушул жерди байырлап калдык, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Алыс жакынга, керек болсо ар улутка карабаган жана баш ийбеген сүйүүнүн формуласы качан пайда болгону, аны ким ойлоп тапканы белгисиз, эң негизгиси эки адамдын жүрөгүндө өнгөн сүйүү данеги ушинтип кайсы жерде болсо да тамыр жайып бутактап бүрдөп, адамзаттын жашоосун көрктөп, тукумун улап бакытка бөлөп келатканына шүгүрчүлүк…
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер