СОВЕТБЕК АМАТОВ: «ТАПТАКЫР БАШКА САПАТТАГЫ УСУЛЧУЛАРГА МУКТАЖБЫЗ»

  • 19.02.2026
  • 0

Ош облустук билим берүү институту мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууда  жана кесиптик даярдыгын өнүктүрүүдө союздан калган насаатчылыкка эмес, менторлукка басым жасайт. Бул тууралуу бизге аталган институттун директору Аматов Советбек Маширапович айтып берди.

СОВЕТБЕК АМАТОВ: "ТАПТАКЫР БАШКА САПАТТАГЫ УСУЛЧУЛАРГА МУКТАЖБЫЗ"

— Советбек Маширапович, он эки жылдык окутууга багыт алып жатып, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин мугалимдерге усулдук жардамды заман талабына жараша уюштура албай келебиз. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Туура айтасыз. Биздин системада усулчулар мугалимдерге усулдук колдоо, коштоо, жардам көрсөтүү функцияларын аткаруудан мурун, инспекторлук милдетти аткарып калган учурлар жок эмес. Буга эң негизги себеп —  усулчулардын эмгек акысынын аздыгы. Айлык акынын жетиштүү эместигинен мыкты усулчулук жөндөмү бар мугалимдер бул жакка келбейт, тескерисинче көпчүлүк учурларда мектепте өз ордун таба албай, жакшы иштей албай жүргөндөр ушул усулдук кабинеттерде иштеп калган учурлар арбын учурайт.

— Мугалимдерге көрсөтүлчү усулдук кызматтын эң башкы максаты эмнеде деп ойлойсуз?

— Усулдук кызматтын эң башкы максаты дейбизби, эң негизги функциясы дейбизби, анын көздөгөнү мугалимдерге усулдук коштоо, усулдук жардам берүү эмес, ал  баарынан мурда мугалимдерге ментордук маданияттын көндүмдөрүн, элементтерин үйрөтүүгө багытталышы керек. Сөздүн ачыгын айтканда, ушундай ниеттеги усулчу өзү баш болуп ментордук маданиятка ээ болушу кажет.

—  Жаңы жагдайлардан улам усулчуларга карата сиздерде кандай талаптар коюлууда?

— Биздин институттун негизги иш багыттарынын бири болгон — усулдук колдоо, коштоо көрсөтүү функциясын аткаруу максатында биз бардык кызматкерлерге катуу талап коюп жатабыз. Биз аларга жер-жерлерге усулдук жардам берүү максатында барган учурда союздан калган насаатчылыктан ментордук мамилеге өткүлө деп атабыз.

СОВЕТБЕК АМАТОВ: "ТАПТАКЫР БАШКА САПАТТАГЫ УСУЛЧУЛАРГА МУКТАЖБЫЗ"

— Бул иштер институтта кандай формада ишке ашууда?

— Ар бир айдагы курстарда биз курстардын старосталарын топтоп, алар менен жолугушуу өткөрүүнү салтка айланттык. Ушул эле жолугушуу курс бүтөөрүнө бир күн калганда кайра дагы уюшулат. Бул жолугушууларды уюштуруу аркылуу биз кызматкерлердин курс угуучуларына, өзүнүн ишине жасаган мамилесине, институтта окуу үчүн түзүлгөн шарттарды анализдөөнү көздөйбүз. Ошондуктан старосталар өз группасында орун алган ыраазычылык, нааразычылык көрүнүштөрүн, ой-пикир, сунуштарын топтоп, жыйынга келишет. Биз старосталарга «Бизге мактоо керек эмес, бизге конструктивдүү сын пикирлер керек. Бизге өнүгүү үчүн конструктивдүү сунуштарды берсеңер» деп айтып жатабыз. Мындан тышкары  дагы мурда угуучулардан курсту аяктап жаткан учурда чыгуу анкеталарын кагаз жүзүндө алсак, азыр алар бизге курс боюнча ойлорун онлайн форматта да билдире алышат. Анткени ар бир группа үчүн шилтемелер түзүлөт, ошол жерде ар бир группага өтүлгөн лекциялардын темасы жана лекторлордун аты-жөнү жазылган. Буларга жооп берүүдө курстанттардын жанында эч ким болбойт, кааласа үйүнө барганда деле анкетаны жөнөтсө болот.

СОВЕТБЕК АМАТОВ: "ТАПТАКЫР БАШКА САПАТТАГЫ УСУЛЧУЛАРГА МУКТАЖБЫЗ"

— Угуучулардын курс боюнча ой-пикир, сунуштарын дароо эле талдап чыгасыздарбы?

— Албетте, ошонтебиз. Бул бир жагы өзүбүзгө да кызык. Мугалимдердин жоопторун, биз, администрация, карап чыгып, эмне иштерди жакшыртыш керек, кайсыл лектордун мугалимдерге жасап жаткан мамилесинде эмнелерди оңдоп-түзөө керектигин жалпы сунуш катары институттун жамаатына жарыя кылабыз. Бул бизге  бир топ өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Андыктан мен жетекчи катары, биздин кызматкерлердин курсанттарга жасаган мамилеси көз көрүнө жакшы жагына өзгөрдү деп ишенимдүү айта алам. Буга жанагы курс бүтөөрдөгү старосталар менен жолугушуулардагы айтылган пикирлер негиз болууда. Экинчиден,  ар бир курс угуучуларына жок дегенде 10-15 мүнөткө кирип, алдарда болуп жаткан көйгөйлөр, ошолорду чечүү жолдору боюнча аңгемелешүүлөрдү өткөрүп турабыз.
Мындан сырткары, биздин институттун ичинде да кызматкерлерге арналган  ментордук маданиятты жакшыртуу боюнча атайын окуулар бар. Мен өзүм да четте калбайм. Бардык кызматкерлер тегиз катышат. Мурдатан түзүлгөн графикке ылайык күндүн актуалдуу темаларынан бирди алып, тренерлик чеберчиликти, ментордук маданиятты жакшыртуу боюнча кызыктуу талкууларды уюштурабыз. Ушундан улам бүгүн биздин институттун кызматкерлеринин бири-бирине жасаган мамилеси, өз ара кызматташуусу, ишти биргелешип пландаштыруусу бир топ жакшы жакка өзгөрүп баратат.

СОВЕТБЕК АМАТОВ: "ТАПТАКЫР БАШКА САПАТТАГЫ УСУЛЧУЛАРГА МУКТАЖБЫЗ"

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер