Советбек АМАТОВ: «ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ»

  • 11.02.2026
  • 0

— Советбек Маширапович, учурда 12 жылдык билим берүүгө багытталган көп аракеттер мугалимдердин кесиптик даярдыгына барып такалууда. Анткени мектепте кандай жаңылык же инновация болбосун, аны биринчи иретте мугалим ишке ашырат эмеспи?

Советбек АМАТОВ:  "ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ"

— Туура айтасыз. Сапаттуу билим берүүнү максат кылган өлкөбүздүн жалпы билим берүү системасында болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн ийгиликтүүлүгү баарынан мурда мугалимдердин кесиптик даярдыгы жана кесиптик өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. Ошол мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү менен түздөн-түз иш алып барган биздин 64 жылдык тарыхы бар Ош билим берүү институту педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу; алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу; педагогикалык кызматкерлерге усулдук колдоо, коштоо көрсөтүү; Ош облусунун билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн координациялоо сыяктуу милдеттер боюнча иш алып барууда. Албетте, аталган милдеттерди заманбап талаптар жана чакырыктарга ылайык ишке ашыруу институт кызматкерлеринен бийик интеллектуалдык дееңгээлди, мыкты теориялык, усулдук даярдыкты, санариптик даярдыкты, өзгөрүүлөргө даяр болуу, коммуникабелдүүлүк, ийкемдүүлүк сыяктуу бир топ маанилүү  сапаттарды талап кылаары бышык. Ишмердүүлүгүбүздегү негизги басымды ушул маанилүү сапаттарды өнүктүрүүгө жасоо менен гана биз ийгиликтерге жетип, педагогикалык кызматкерлердин суроо-талаптарын толук канааттандыра алабыз.

Советбек АМАТОВ:  "ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ"

Сандар сүйлөйт

Ош облусунда 531 мектеп бар. Аларда 20282   мугалим иштейт. Мунун 2702 – агайлар, 17580 – эжейлер. Анын ичинен: жогорку билимдүүлөр — 17112,  бүтпөгөн жогорку билимдүүлөр — 1047, атайын орто билимдүүлөр — 1947, орто билимдүүлөр — 1176. Ал эми 3425  мугалим пенсия курактагылар болуп саналат. 1903 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» болсо, 34 педагог «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамына татыган.
Азыркы күндө облус боюнча 45 мугалим жетишпейт. Атап айтсак, Алайда 3, Араванда  3, Кара-Сууда 12, Кара-Кулжада 3, Ноокатта 3, Өзгөндө 17 мугалимдик орун бош.
Облустун 656 балдар бакчасында  10855  кызматкер иштейт. Жалпы тарбиячылар ·  4527.  Анын ичинен: Алай районунда 278,  Араван районунда 403, Кара-Кулжа районунда 207 ,  Кара-Суу районунда 1772, Ноокат районунда 897, Өзгөн районунда 759, Чон-Алай районунда 211 тарбиячы эмгектенет.

Советбек АМАТОВ:  "ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ"

— Сиз жетектеген институт өз алдына айкын милдеттерди коюп иштеп жатканы албетте, бизди, коомчулукту, кубандырат. Курс мезгилинде уютурулган иш-чараларга да токтоло кетсеңиз….

— Жакшы болот. 12 жылдык билим берүүгө өтүү бул абдан дыкат даярдыкты талап кылган узак процесс. Бизде угуучулар курска келген күндөн баштап ушул процесске аралаша башташат. Курс мезгилинде мугалимдердин методикалык, санариптик жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды жалпыга жайылтуу, усулдук колдоо көрсөтүү максатында  иш-чаралардын Жоболору иштелип чыгып өткөрүлүп жатат. Мисалы, «Мыкты мастер-класс» иш-чарасы мугалимдердин заманбап окутуу технологияларын, активдүү жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуудагы тажрыйбасын аныктоо жана жайылтуу максатында уюштурулат. Бул сынакта катышуучулар сабак өтүүдө компетенттүүлүккө багытталган усулдарды, практикалык тапшырмаларды жана окуучулардын кызыгуусун арттыруучу ыкмаларды, окутууну жакшыртууга багытталган алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүшөт. Эксперттик комиссиянын жогорку баасын алган катышуучулар ЭлТРдин “Илим жана билим” каналынын “Эксперимент” берүүсүнө тартылып, алардын тажрыйбасы жалпы коомчулукка жайылтылып жатат. Ал эми «Сабактын мыкты фрагменти» иш-чарасынын алкагында 12 жылдык билим берүүнүн мазмунуна ылайык түзүлгөн сабактардын кыска, логикалык жана натыйжалуу фрагменттери, STEM предметтерин окутуудагы өзгөчөлүктөр, окуучуларда предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган тапшырмалар талапкерлер тарабынан  сунушталып, эксперттик комиссиянын баалоосу менен мыктылары аныкталып келет. Бул иш-чара мугалимдердин сабакты максаттуу пландаштыруу, окуу натыйжаларын так аныктоо жана баалоо көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзгөндүгүн угуучулардын калтырган пикирлеринен байкоого болот. «Мыкты санарип мугалим» сынагы болсо мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү процессинде санариптик ресурстарды натыйжалуу колдонуу тажрыйбасын жайылтуу максатында уюштурулат. Мында  талапкерлер электрондук окуу платформаларды, электрондук документ алмашууну, жасалма интеллекти,  санариптик куралдарды, онлайн баалоо системаларын колдонуудагы практикалык иштерди аткаруудагы тактык, компьютердик сабаттуулук, кесипкөйлүгү менен ат салышат. Бул сынакка катышкан талапкерлердин көпчүлүгү мыкты ийгиликке жетүүдө  бир топ кыйналып жаткандыгы сынак мезгилинде байкалып жаткандыгы, мындан ары да билим берүү кызматкерлеринин санариптик көндүмдөрүн жакшыртууга көңүл бурууга чакырык таштайт. Кийинки «Мыкты класстан тышкаркы иш-чара» багытындагы иш-чаралар аркылуу окуучулардын социалдык, жарандык жана руханий-адептик баалуулуктарын өнүктүрүүгө багытталган тарбиялык иштердин заманбап формалары ар бир айда аныкталган тема боюнча үч түрү сунушталып, талапкер тарабынан тандалып, уюштурулуп, өткөрүлүп, жалпыга  көрсөтүлүп жатат. Бул иш-чараларда  окуучулардын коомдогу көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандык  активдүүлүгүн жогорулатууга, чечим кабыл алууга, инсандагы баалуулуктарды калыптандырууга  жана мектеп менен коомчулуктун кызматташуусун чыңдоого шарт түзүп келет. Жогоруда айтылган эки жумалык курс мезгилинде уюштурулган курстан тышкаркы иш-чаралар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө, 12 жылдык билим берүүнүн негизи талаптарын практикада ишке ашырууга жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды облустук деңгээлде жайылтууга оң таасирин тийгизип, педагогдорду усулдук жактан колдоого көмөктөшүп келет.

Советбек АМАТОВ:  "ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ"

— Сиз жетектеген Ош билим берүү институту үстүбүздөгү окуу жылында  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу иштерин  кайсыл багыттарда жүргүзүүдө?

— Ош билим берүү институту 2025-2026- окуу жылында билим берүүнү трансформациялоонун “Алтын казык” программасынын, КРнын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын талаптарын ишке ашырууга  багыт алды. Себеби окуу жылынын башында Агартуу министри Д.Ш.Кендирбаева айткандай: “Быйылкы жылы биз бүткүл билим берүү системасын жана анын негизги бөлүгүн масштабдуу трансформациялоонун башатында — 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн шарттарында биринчи окуу жылын тосуп жатабыз”.
Бүгүн биз мектепте өзүн тынымсыз өнүктүрүп турган мугалимди – тагыраагы өзүн-өзү үйрөткөндөн тажабаган, жаңы ыкмаларга ачык, өзгөрүүдөн коркпогон мугалимди калыптандырууга көмөк көрсөтүүбүз керек. Ошондуктан ОшБИнин жаңы окуу жылындагы бардык иш аркеттеринин пландары дал ушул максатта түзүлүп, иш алып барылууда.      Мурдагы жылдарда план-графикте 130 курс пландалып, анда 3120 мугалим өз билимдерин өркүндөтүшсө, быйылкы жылы 135 курста 3240 педагогикалык кызматкерлер өз билимдерин өркөндөтүшөт. Ошондой эле пландан сырткары коңшулаш Баткен, Жалал-Абад облустарынын мугалимдери да эч тоскоолдуктарсыз курска кабыл алынып жатат. Муну менен эле чектелип калбастан, мугалимдердин кесипкөйлүгүн окутуунун түрдүү ийкемдүү формалары: онлайн, дистанттык, дистанттык- модулдук, кыска мөөнөттүү окутуу, акы төлөнүүчү окутуу, тематикалык окутуулар аркылуу  ишке ашыруу каралып, сентябрь айынан бери Диндердин өнүгүү тарыхы боюнча 128 мугалим онлайн курстардан өтүштү. 77 мугалим көчмө курстан, 24 мугалим “Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруунун алкагында предметти окутуунун теориясы жана методикасы” деген аталыштагы онлайн курстан өтүштү.                                                                          Институтта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында 4 кафедрада  16 кабинет башчысы жана усулчулар  26 багытта курс иштерин жүргүзүшүп жатышат. 2025-2026-окуу жылынын 1-жарымында пландалган 66 курс толук өткөрүлүп, анда 1440 мугалим, онлайн жана көчмө курстардан 229 мугалим билимдерин жогорулатышты.

Советбек АМАТОВ:  "ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАЙЛАНЫШТУУ"

— Мезгил талабына ылайык жаңыдан иштелип чыккан курстар да барбы?

— Албетте, бар. Жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу, окутуунун сапатын  жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү багытында жалпысынан 26 курста 52 аталыштардагы лекциялар иштелип чыгып, курстарга окуу үчүн киргизилди.
Андан сырткары, 12 жылдык билим берүүнүн  башталгыч класстарында Кембридж математиканы жана табият таанууну окутуунун методикасы боюнча 12 группага төрттөн лекция т.а. 24 сааттык лекция окулуп жатат. Бул 288 мугалим Кембридж башталгыч класстын математика жана табият таануусун окутуунун методикасы боюнча жаңы маалыматтарды алды дегендик. Ошондой эле ОшБИнин курстарына атайын “Кембридж башталгыч класстын математиканы окутуунун методикасы” жана “Кембридж башталгыч класстын табият таанууну окутуунун методикасы” боюнча эки толук көлөмдүү курс киргизилди.

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер