САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯ: ЖАНДУУ БААРЛАШУУ ЖАНА АДАМДЫК ЖЫЛУУЛУК — ТАРБИЯНЫН ӨЗӨГҮ
- 26.02.2026
- 0
Бул илимий макалада азыркы санариптик доордогу балдардын социалдык тарбиясынын өзгөчөлүктөрү жана андагы негизги тоскоолдуктар талданат. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиялар жаш муундун күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, алардын инсандык өнүгүүсүнө тийгизген оң жана терс таасирлери каралды.

Жаңы педагогикалык ыкмаларды иштеп чыгуу зарыл
Азыркы коомдогу санариптик трансформация балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдашуу процессине түп-тамырынан бери өзгөртүү киргизди. Социалдык тарбия — бул баланын коомдук баалуулуктарды, жүрүм-турум нормаларын жана коммуникативдик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө багытталган татаал педагогикалык процесс. Санариптик доордо бул процесс бир гана реалдуу чөйрөдө эмес, ошондой эле виртуалдык мейкиндикте да ишке ашууда.
Смартфондор, интернет жана социалдык тармактар балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бергени менен, ошол эле учурда алардын психологиялык жана социалдык өнүгүүсүнө жаңы чакырыктарды таштоодо. Бул шартта балдардын инсандык сапаттарынын гармониялуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жаңы педагогикалык ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыгат.
Санариптик доордогу балдардын социалдык тарбиясындагы көйгөйлөр
Санариптик көз карандылык жана санариптик көзөмөлдүн чектелиши — балдар көп убактысын интернет булактарына, түрдүү программаларды колдонууга бөлүү менен, мезгилдин өтүшү алардын көз карандылыгын пайда кылып жатат. Бул жөнүндө философия илимдеринин кандидаты, доцент Э.Хасуев мындай дейт: “Акыркы жылдардагы изилдөөлөрдүн маалыматына ылайык бир эле тармактын (facebook) орточо колдонуусу күн сайын минимум бир саатты көрсөткөн. Көйгөй социалдык өз ара аракеттенүү боюнча илимий изилдөөлөрдүн көбү реалдуу социалдык тармактардын контекстинде жүргүзүлүп жаткандыгында — адамдар ортосунда бетем-бет аракеттенишүү азайып, тескерисинче, кеңири жайылган онлайн мамилелер тууралуу эмнелерди айтууга болот?” [1. 179- 180 б]. Өспүрүмдөр көп учурда социалдык тармактарда эркин жүрүшөт, бул аларды зыяндуу контенттен, кибербуллингден жана интернет-алдамчылыктан коргоо маселесин туудурат. Санариптик доордо социалдык тарбия бала үчүн чоң коркунучка айланууда, анткени көпчүлүк учурда жаштар ал маалыматтарды туура эмес кабыл алышат, анда берилген таасирлер баланын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Кибербуллинг жана санариптик изоляция — санариптик кеңейүү балдарга виртуалдык социалдык мейкиндиктерде өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Бирок бул көп учурда алардын моралдык принциптерине, психологиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Кибербуллинг, анонимдүүлүк, виртуалдык дүйнөдөгү социалдык изоляция балдарга стресстин жана депрессиянын негизги себептерине айланууда.
Кибербуллинг — бул технологияларды колдонуу менен жасалган ар кандай зомбулук. Бул тууралуу А.Бочавер жана Д.Хломов: “Социалдык ырайымсыздык, онлайн куугунтуктоо багыты аныкталды, мында атайын агрессивдүү иш-чаралар системалуу түрдө белгилүү бир убакыттын ичинде ишке ашары белгилүү болгон. Киберкуугунтук төмөндөгүлөрдү өзүнө камтышы мүмкүн: электрондук почта, ылдам келген билдирүүлөр, веб-баракчалар, блогдор, форумдар жана чаттар, SMS-каттар, онлайн оюндар жана башка маалыматтык технологияны камтыган коммуникациялар”,- деп өз оюн билдирет. [2. 180-181б].
Санариптик билим берүү жана социалдык тарбия-санариптик технологиялардын жеткиликтүүлүгү балдарга жаңы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү менен бирге социалдык тарбиянын негизги компоненттеринин бирине айланды. Бирок көп учурда маалыматтарды туура эмес кабыл алып, тарбиялоо процессин үзгүлтүккө учаратып жаткандыгы байкалып келет. Бул учурда дагы дагы бир проблема келип чыгат, ал санариптик сабаттуулуктун жетишсиздиги. Балдар жана өспүрүмдөр санариптик технологияларды колдонууда жетиштүү тажрыйбага ээ эмес. Санариптик сабаттуулукту камтыган билимдин аз болушу, жалган маалыматты таратууга же кабыл алууга, кооптуу кылдаалдарга алып келет.
Жасалма интеллект — балдардын кошумча билим алуу каражаты катары бүгүнкү күндө актуалдуулугун жогорулатып бара жаткандыгы белгилүү, бирок аларды ашыкча колдонуу балдардын интеллектуалдык деңгээлин, ой жүгүртүүсүнүн төмөндөшүнө алып келип жаткандыгы далилденип келүүдө. Аны менен биргеликте, көп колдонулушуна байланыштуу этикалык проблемалар пайда болууда, мисалы, өз алдынча чечим кабыл алуучу критерийлеринин жоктугу, жеке жашоону коргоонун бузулушу, жасалма интеллект адамдардын жүрүм-турумун, изилдөөлөрүн, интернеттеги активдүүлүгүн жыйнап, маалыматтарды жашыруун бузуп, аны башка максаттарда колдонушу мүмкүн. Жасалма интеллектин өнүгүшү көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүнө карабастан, анын терс таасирлери барган сайын көбөйүүдө. Аны колдонуу жана өнүктүрүү процессинде социалдык, этикалык таасирлерин да эске алуу зарыл болуп саналат.
Санариптик туура тарбия берүү үчүн стратегиялык кадамдар
- Балдар үчүн интернетти колдонуунун так режимин түзүү жана атайын «ата-эне көзөмөлү» фильтрлерин пайдалануу зарыл;
- Үй-бүлөдө ата-эне менен баланын ортосунда ачык ишенимдүү маектин болушу — санариптик көз карандылыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу;
- Балдарга маалыматтык этикетти, интернеттеги коопсуздук эрежелерин жана маалыматты сын көз караш менен талдоону үйрөтүү керек;
- Спорт, искусство жана китеп окуу маданиятын өнүктүрүү аркылуу баланын көңүлүн виртуалдык дүйнөдөн реалдуу жашоого буруу зарыл;
- Мектептерде жана үй-бүлөдө виртуалдык чөйрөдөгү өз ара сыйлашуу жана жардамдашуу баалуулуктарын калыптандыруу маанилүү.
Сөз соңу
Жыйынтыктап айтканда, санариптик доордогу балдардын социалдык тарбиясы — бул заманбап педагогиканын эң маанилүү артыкчылыгы. Технологияларды толук чектөө эмес, аларды баланын өнүгүүсү үчүн туура багытта колдоно билүү негизги максат болушу керек. Ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук биргеликте иш алып баруу менен гана биз санариптик дүйнөнүн терс таасирлерин азайтып, жаш муундун гармониялуу социалдашуусун камсыз кыла алабыз. Эң башкысы — технология канчалык өнүкпөсүн, жандуу баарлашуу жана адамдык жылуулук тарбиянын өзөгү бойдон калышы зарыл.

Элвиза НАРЫМБАЕВА, Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер