САНАРИПТИК ДООРДОГУ ҮЙ-БҮЛӨ: НАРЫНДЫН ЖАҢЫ КАДАМЫ
- 13.03.2026
- 0
СААМАЛЫК
САНАРИПТИК ДООРДОГУ ҮЙ-БҮЛӨ: НАРЫНДЫН ЖАҢЫ КАДАМЫ
Нарын шаарында өспүрүмдөрдүн тарбиясына жана коопсуздугуна багытталган жаңы долбоор башталды.
Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен шаардагы мектептерде “Тарбия үйдөн башталат” аталышындагы масштабдуу иш-чаралар сериясы старт алды. Аталган демилгенин алкагында Бишкек мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова окуучулар жана ата-энелер үчүн өзүнчө баяндамаларды жасап, эркин баарлашуу болду. Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүм курактагы балдар менен ата-эненин байланышын чыңдоо, санариптик алдамчылыктан сактануу жана үй-бүлөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, сабакка кызыгуусу жоголгон балдардын маселесин чечүү болуп саналат. Анын дагы бир максаты бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө бала тарбиялоо -бул жөн гана тамак берүү же кийинтүү эмес, бул биринчи кезекте анын ички дүйнөсүнө жана виртуалдык чөйрөсүнө жоопкерчилик менен кароо. Нарын шаарында старт алган «Тарбия үйдөн башталат» масштабдуу иш-чаралар сериясы дал ушундай максаттарды көздөйт.
Жыл башында эле шаардын мэриясында мектептен качкан өспүрүмдөрдүн маселеси талкууланып, бул көйгөйдүн алдын алуу максатында тарбия багытында кескин чараларды көрүү талабы коюлуп, уюштуруу иштери мерчемделген.
Борбордон келген тажрыйбалуу психолог ата-энелерге баланын ички дүйнөсүн түшүнүү жана санариптик коркунучтардан коргонуу жолдорун айтып берди. Эми мындай жолугушуулар салттуу түрдө ар үч ай сайын туруктуу өткөрүлүп турмакчы.
-Өспүрүм балдарга арналган иш чаралар өтүп эле жүргөн. Бирок, айда, жылда бир өткөрүп койгон жетишсиз экендигин көрсөттү. Ушундан улам Нарын шаарынын мэриясы тарбия маселесине өзгөчө көңүл бурууну көздөп, балдар менен иштөө боюнча жылдык аткара турган иш-планыбызга атайын киргизгенбиз. Эми жалпы форумдан тышкары балдар менен жекече иштөө маселесин да колго алууну пландап жатабыз. Буга ылайык Бишкек шаарынын Балдарга жардам берүү борбору менен биргеликте иш алып барабыз. Психологдорго муктаж, өтө проблемалуу балдарды ата-энелеринин каалоосу болсо аталган борборго жиберебиз. Колунда бар ата-энелер өздөрү алып барышат, шарты жокторду мэриянын жардамы менен алып барабыз, -дейт Нарын шаарынын вице-мэри Асангазы кызы Элнура биз менен болгон маегинде.
Вице-мэр андан ары өз сөзүндө чукул арада мэриянын каржылоосунда муниципалдык балдардын реабилитациялык борбору ачылуусу пландалып жатканына, анда сөзсүз түрдө психологдун штаты да каралаарын, мектептерде балдардын тагдырын социалдык педагогдорго жүктөп коюу туура эместигин, өспүрүмдөрдү тарбиялоодо мугалимден тышкары ата-эненин ролу зор экендигине токтолуп өттү.
Учурда сабакка кызыгуусу жоголгон балдардын маселесин чечүү үчүн биринчи кезекте үйдөгү атмосфераны жакшыртуу зарыл. Эгер бала үйдөн колдоо тапса, ал сырттан (же интернеттен) «жасалма жылуулук» издебейт. Нарын мэриясынын бул кадамы — коомдун өзөгүн түзгөн үй-бүлө институтун чыңдоого багытталган маанилүү иш аракет деп бааласак болот.
-Балдар 5-класска жеткенде эле ата-эне болду чоңойду деп таштап коёт. Тескерисинче ушул мезгил өзгөчө маанилүү экенин биле беришпейт. Бул куракта балада кандай психологиялык өзгөрүү болот, кантип башталат, гормоналдык өзгөрүү деген эмне, мындай учурда бала кандай өзгөрөт, ошого ата-эне даяр болуш керек. Баланы 15 жаштан эмес, бала бакчадан баштап тарбиялаш парз. Кийин, чоңоюп кеткенде тарбиялаган кыйыныраак болуп калат, -дейт Бишкек мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова. Андан ары Г.Исабекова бала тарбиясында үй-бүлөнүн, ата-эненин ролу зор экендигине, алар бул багытта сабаттуу болуусу керектигин баса белгилейт. Тарбиянын сапаты — «Ата-эне — Мектеп — Окуучу» үчилтигинин ортосундагы байланыштын бекемдигине көз каранды. Эгерде бул чынжырдын бир жери үзүлсө, баланын окууга болгон кызыгуусу төмөндөп, коомдук тартипти бузууга же жат агымдарга кирүүгө жол ачыларын билип турсак да, айрым үй-бүлө тарабынан аракетсиздиктин жоктугу көйгөйдү андан ары көбөйтүп жиберери турулуу иш эмеспи.
Ооба, заман да, адам да бир оорунда турбайт экен. Акыркы жылдары коомдогу тез өзгөрүүлөр, өзгөчө технологиянын өнүгүшү жана миграциялык процесстер бала тарбиялоодогу салттуу ыкмаларды кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Улам жаңыланган дүйнөдө чоңдор менен бирге балдардын да дүйнө таанымы болуп көрбөгөндөй өзгөрүп жатат. Нарын шаардык мэриясы тарабынан демилгеленген «Тарбия үйдөн башталат» долбоору -бул жөн гана маалымат берүү эмес, заманбап коомдун кооптуу чакырыктарына каршы турууга багытталган стратегиялык кадам десек жаңылышпайбыз.
Азыркы өспүрүмдөр — «санариптик муун». Алардын жашоосу смартфон жана интернет менен тыгыз байланышкан. Бирок бул чөйрөдөгү санариптик алдамчылык, кибербуллинг (интернеттеги мазактоо) жана зыяндуу маалыматтар баланын психологиясына терс таасирин тийгизип келет. Психолог Гүлзат Исабекова белгилегендей, ата-энелер балдарынын интернетте эмне менен алек болуп жатканына көз салып гана койбостон, аларга санариптик сабаттуулукту үйрөтүүсү зарыл. Балага «чоочун кишиге өздүк маалыматтарды бербөө», «күмөндүү шилтемелерди ачпоо» сыяктуу жөнөкөй эрежелерди түшүндүрүү -аны чоң кырсыктардан коргойт.
Долбоордун психологдорду тартуу менен иш алып барганы бекеринен эмес. Анткени өспүрүм менен ата-эненин ортосундагы ишенимдүү мамиле — баланы ар кандай терс таасирлерден (диний экстремизм, баңгилик, зордук-зомбулук) сактоонун эң күчтүү куралы. Көп учурда ата-энелер балдардын материалдык муктаждыктарына басым жасап, моралдык-психологиялык абалын экинчи планга калтырып коюшат. Иш-чаранын жүрүшүндөгү эркин баарлашуулар мына ушул «байланыш үзүлгөн» жерлерди калыбына келтирүүгө жардам берет.
Алгачкы форумда белгиленгендей, санариптик алдамчылыктан сактануу маселеси бүгүн өтө курч турат. Социалдык тармактар аркылуу өспүрүмдөрдү ар кандай кооптуу оюндарга, виртуалдык алдамчылыкка же кылмыштуу топторго тартуу оңой болуп калды. Долбоор балдарга гана эмес, ата-энелерге да интернет коопсуздугу боюнча билим берүүсү- бул санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу коопсуздукту камсыздоо дегенди билдирет.
Сабакка кызыгуусу жоголгон балдардын маселеси көбүнчө ички стресстен же максаттын жоктугунан келип чыгат. Психолог Гүлзат Исабекованын катышуусундагы баяндамаларда, эркин баарлашууларда окуучулардын ички дүйнөсүн түшүнүүгө, алардын мотивациясын табууга багытталган. Бул жерде маанилүү маселе, баланын окууга болгон кызыгуусу үчүн бир гана мектеп эмес, үй-бүлөдөгү атмосфера да жооптуу. Ошондуктан психолог ата-энелерди да өзүнчө чогултуп, сабак өткөргөн. Г.Исабекованын айтымында тарбия сабагына катышкан ата-энелер баласы менен сүйлөшмөк түгүл, мектеп менен да байланыштары үзүлүп калганын моюнга алышкан. Алар баласы менен ачык сүйлөшүп, ага сырдаш болуп, мээрим төгүш үчүн өздөрү да ага даяр болуш үчүн ушундай окуулардан өтүү зарылдыгына ынангандарын билдиришкен. Демек, акыйкатта баланын жүрүм турумуна мектеп эмес, эң алды ата-эне жооп берерин, тарбия үй-бүлөдөн, ата-эненин мамилесинен башталарын коомчулук жакшы билип турса да буга кош көңүл карап келишкени жашыруун деле эмес. Мындай ата-эненин балага болгон салкын мамилеси, мектеп менен байланышпаганы-бул баласынын тагдырына балта чапкандык менен барабар десек ашыктык кылбас.
Нарын шаарындагы бул масштабдуу иш-чаралар сериясы башка аймактарга да үлгү боло турган демилге. Маселени жашырбай, ачык талкууга алып чыгуу жана адистердин көмөгү менен чечүүгө аракет кылуу- коомдун дени сак өсүшүнө өбөлгө түзөт. «Тарбия үйдөн башталат» долбоорунун ийгилиги анын туруктуулугунда жана ата-энелердин бул процесске канчалык жигердүү катышуусунда болот деген ойдобуз. Жыйынтыктап айтканда, заманбап тарбия — бул көзөмөл эмес, бул түшүнүү жана багыт берүү. «Тарбия үйдөн башталат» деген ураан бүгүн ар бир үйдүн босогосунан өтүп, ата-энелердин аң-сезимине жетиши керек.
М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер