САНАРИП ДООРУ МУГАЛИМДИН МИЛДЕТТЕРИН ӨЗГӨРТҮҮДӨ

  • 24.04.2025
  • 0

Санариптик билим берүү – бул заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүү процесстерин жакшыртуу максатын көздөгөн багыт. Технологиялардын өзгөчөлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөргө алып келди. Бул макалада санариптик технологиялардын башталгыч класстарга тийгизген таасири, мүмкүнчүлүктөрү, кыйынчылыктары жана ошондой эле келечектеги тенденциялар каралат.

САНАРИП ДООРУ МУГАЛИМДИН МИЛДЕТТЕРИН ӨЗГӨРТҮҮДӨ

Санарип платформалары жана куралдар сабактарды кызыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Өзүмдүн иш тажрыйбамда колдонуп келген Wordwall, Flippity, Educaplay, 3D Mozaik, Seesaw, Quizlet, nearpod жана To Teach AI сыяктуу платформалар окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, мотивациясын жогорулатат. Маселен, Wordwall аркылуу интерактивдүү тест жана оюндарды түзүп, окуучулардын билимин текшерем. интерактивдүү оюндарды түзүүгө Educaplay тиркемеси жардамга келет. 3D Mozaik платформасы мен жана дүйнө сабагында 3D моделдерди көрсөтүп, окуучуларга чыныгы дүйнөнү изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Окуучуларым 1-класс болгонуна карабастан ар бири компьютерди, планшетти жана башка электрондук түзмөктөрдү колдонуу боюнча кыйынчылыктарга кабылбайт.

Биздин №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаш мугалимдери да санариптик технологияларды колдонууда ийгиликтерди багындырууда.  Алар ар кандай инновациялык жана санариптик билим берүү конкурстарына активдүү катышып, коңшу мамлекеттерге чейин  жолдомолорду алып, мектептер арасында санариптик билим берүү тармагында жакшы тажрыйба алмашууда. Мындай ийгиликтер мектептеги жалпы билим берүү процессин дагы да жандантууга чоң таасир тийгизүүдө. Санариптик билим берүүнү өнүктүрүүдө жергиликтүү жетекчилердин, коомдук ишмерлердин жана мектеп жетекчилигинин да колдоосу чоң мааниге ээ. Маселен, Атай айыл өкмөтүнө караштуу Бирдик айылынын депутаты жана эл агартуунун отличниги Бүбүсара Кураналиеванын демилгеси менен Атай айыл өкмөтү тарабынан 150 000 сомдук сенсордук электрондук панель саттылып алынды. Бул белек мугалимдер үчүн сабакты кызыктуу, жандуу жана интерактивдүү өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, окуучулардын активдүүлүгүн арттырууда.

САНАРИП ДООРУ МУГАЛИМДИН МИЛДЕТТЕРИН ӨЗГӨРТҮҮДӨ

Жаңы технологиялар башталгыч класста билим берүүнүн негизги куралына айланат  

Башталгыч класстарда санариптик билим берүүнү колдонуу келечекте дагы да чоң өзгөрүүлөргө учурайт. Өнүгүп келе жаткан технологиялар жана жаңы билим берүү платформалары билим алуунун ыкмаларын түп-тамырынан өзгөртөт. Виртуалдык чындык (VR), толукталган чындык (AR) жана жасалма интеллект (AI) сыяктуу жаңы технологиялар башталгыч класстарда билим берүүнүн негизги куралдарына айланат.

Виртуалдык чындык аркылуу окуучулар сабакта гана эмес, үйдө да дүйнөнүн ар кайсы бурчтарына саякат жасап, илимий эксперименттерди жүргүзө алышат. Мисалы, 3D Mozaik сыяктуу платформалар менен дүйнөнү көрүп, тарыхый жерлерди, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү өз көзү менен изилдей алышат. Толукталган чындык  билим алууну дагы да кызыктуураак кылат. AR технологияларынын жардамы менен окуучулар билимди чыныгы дүйнө менен байланыштырган интерактивдүү материалдар аркылуу үйрөнүшөт.

Жасалма интеллект окуучуларга жеке чөйрөсүн түзүүгө жардам берет. Мугалимдерге ар бир окуучунун билимин баалап, кайсы жерлерде жардам талап кылынарын көрсөтөт. Мисалга алсак, AI мугалимдерге сабактарды даярдоодо окуучулардын артыкчылыктарын жана сунуштарын анализдеп, билим берүү мазмунун иштеп чыгууга жардам берет.

САНАРИП ДООРУ МУГАЛИМДИН МИЛДЕТТЕРИН ӨЗГӨРТҮҮДӨ

Башталгыч класстарда санарип технологияларды колдонуу мугалимдер менен окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бирок муну менен кошо бир катар кыйынчылыктар жаралууда. Себеби, учурда айыл жергесиндеги мектептерде санариптик жабдуулардын жетишсиздиги, интернет байланышынын туруксуздугу, мугалимдердин IT-технологияларды колдонуусуна байланыштуу методикалык колдоонун аздыгы сыяктуу көйгөйлөр бар. Кээде окуучулардын үйүндө жеке гаджеттердин жоктугу, ата-энелердин бул жааттагы билиминин төмөндүгү дагы тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу педагог жана изилдөөчү Сеймур Паперт: «Технология билим берүүдө керемет жаратпайт, бирок туура колдонулса, балдардын дүйнө таанымын өзгөртүүгө өбөлгө болот» — деп айткан.

Мугалим катары мен дагы бул процесстин активдүү катышуучусумун. Жаңы технологияларды өздөштүрүп, окуучуларымды замандын талабына ылайык окутууга умтулам. Санариптик сабактар балдардын өз алдынча ойлонуу, логикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт. Бул багытта заманбап платформаларды өздөштүрүүнү күндөн-күнгө өнүктүрүүнү токтотпой келем. Ошондой эле санариптик билим берүү толук кандуу өнүгүшү үчүн: айыл мектептерин жогорку ылдамдыктагы интернет жана заманбап техникалык каражаттар менен  камсыз кылуу, мугалимдер үчүн үзгүлтүксүз санарип сабактарды уюштуруу,
окуучулар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз онлайн билим берүү чөйрөлөрүн түзүү сунуштарын киргизем. «Мугалим өзү эмнени сүйсө, ошону үйрөтөт, өзү эмнеге жетсе, ошол чекте калат» — деп бекеринен айтылган эмес. Демек, мугалимдердин заманга ылайык жаңыланып турушу билим берүү сапатын жогорулатууда негизги фактор болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, санарип технологиялары билим берүүдө чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Аларды туура колдонуу— келечектеги сапаттуу билимдин кепилдиги. Биз, башталгыч класстын мугалимдери, дал ушул өзгөрүүнүн башында турушубуз керек. Анткени санариптик билимге багыт алуу — бул бүгүнкү эмес, эртеңкинин талабы.

САНАРИП ДООРУ МУГАЛИМДИН МИЛДЕТТЕРИН ӨЗГӨРТҮҮДӨ
12 жылдык – билим сапатынын жаңы багыты

Азыркы учурда Кыргызстандын билим берүү системасында чоң өзгөрүү болуп, 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси каралууда. Мугалим катары мен бул жараянга өз көз карашымды билдиргим келет. Биз, мугалимдер, бул жаңылануунун баштапкы баскычында турабыз жана анын ийгиликтүү ишке ашуусу биздин даярдыгыбызга байланыштуу.

Улуттук билим берүү — бул баланын билим алып, жетилүүсүнө көбүрөөк убакыт берүү менен анын жеке өнүгүүсүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Ар бир бала башталгыч класстан баштап өзүнүн жөндөмүнө жараша билим алып, коомдо өз ордун табууга даяр болушу керек.

Менин оюмча, 12 жылдык билим берүү форматы балдарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ар бир сабактан алган билими окуучунун өздүгүнүн калыптанышына таасир этүү менен бирге, логикалык өнүгүүсүнө багыт берет. Муну менен катар мугалимдерге да талап жогорулап, жаңы методдорду өздөштүрүү зарылчылыгы жаралат. Биз заманбап технологияларды, санарип платформаларды колдонуу менен бирге бул жаңыланууну колдоого тийишпиз.

Ошондой эле ата-энелер менен тыгыз байланышты түзүп, аларга да улуттук билим берүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү – биздин милдетибиз. Бул жаңылыкка карата коомчулуктун оң көз карашын калыптандыруу билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

 

Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик жалпы билим берүүчү

орто мектебинин башталгыч класстар мугалими,  Замирбек кызы Фатима

Бөлүшүү

Комментарийлер