САЛАМАТТЫК  — КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

  • 26.12.2025
  • 0

МЕКТЕПТЕР-2030

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

«Мектептер-2030»  билим берүүнү изилдөөгө жана өркүндөтүүгө багытталган он жылдык глобалдык жаңы долбоор Кыргызстанда беш жылдан бери ийгиликтүү иштеп келатат. Ал балдар менен жаштардын билимин, көндүмүн, көз карашын жана баалуулуктарын калыптандырууда мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга жардам берет.  Бишкек шаарынын Ак-Ордо  жаңы конушунда жайгашкан № 96 жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан ишке ашырылган “Саламаттык — келечекке инвестиция” инновациялык чечими окуучулар арасында ден соолукка зыян алып келүүчү заттардан арылуу адаттарын калыптандырышууда.

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

Окуучулардын окуп түшүнүү жана сынчыл ойлом көндүмдөрүн өнүктүрүү

“Саламаттык — келечекке инвестиция” инновациялык чечими — азыркы учурдагы окуучулар арасында адатка айланып бараткан арзан, зыяндуу кошулмалары бар азык-заттар менен тамактануу жана ден соолукка зыян алып келүүчү заттарды колдонбоо адаттарын калыптандыруу.

Инновацияны ишке ашыруу учурунда окуучулар  кириешки, чипсы, арзан баадагы таттуулар, энергетикалык суусундук, электрондук сигарет, насвай сыяктуу заттар тууралуу маалыматтык тексттер менен  иштеп, кесепеттерин анализдеп, алардын түзүмүн лабораториялык шартта изилдеп, ден соолукка келтирген залалдарын тастыктап, мектеп окуучулары жана коомчулук арасында бул нерселерди колдонуудан алыс болууну далилдер аркылуу жайылтуу иштерин аткарышат.

Аныкталган көйгөй

Баштапкы изилдөөнүн жыйынтыктары 4-класстардын маалыматты окуп түшүнүүсү 30,7% , сынчыл ойлом көндүмдөрү 46,5% берсе, 9-класстардын окуучуларынын арасында окуп түшүнүүсү 44,2%,  ал эми сынчыл ойлом көндүмдөрү 40,9%ды түздү.

 

Ал эми көйгөйдү тереңирээк изилдөө учурунда төмөндөгүдөй маалыматтар алынды. Алсак, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда ички миграция күчтүү болгондуктан, окуучулар мектепти тез-тез алмаштырышат. Көбү базарда иштеген, тигүүчү же куруучу үй-бүлөлөрдөн, андыктан бат-бат көчүп турушат. Көптөгөн балдар жалгыз бой энелердин же чоң ата, чоң энелеринин колунда билим алып, тарбияланууда. Ата-энелердин түнгө чейин иштеши балдардын күн тартиби менен тамактануусунун көзөмөлсүз калышына алып келет. Натыйжада, окуучулар көчөдөн же дүкөндөрдөн арзан, зыяндуу тамак-аш сатып алып пайдаланышат. Түнкүсүн кеч жатышат. Бул алардын күнүмдүк күн тартибин жана тамактануусун туура уюштурууга тоскоолдук жаратат.

Мындан сырткары, окуучулар арасында тамеки, насвай чегүү, энергетикалык суусундуктарды ичүү сыяктуу зыяндуу адаттарга чалдыккандар да бар экендиги сурамжылоо учурунда тастыкталды.

Натыйжада, балдар зыяндуу тамак-ашты көп колдонуп, зыяндуу адатты «мода» катары көргөндүктөн, ден соолукка залал келтирген маселелер чыгууда. Күн тартиби туура уюштурулбаган соң, баланын уйкусу канбайт, ден соолугу начарлайт жана зыяндуу адат окуу натыйжаларына, академиялык көрсөткүчтөрүнө, жумшак көндүмдөрүнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт.

Сергек жашоого үйрөтүү

«Саламаттык — келечекке инвестиция» долбоорунун негизги максаты — окуучулардын маалыматтык тексттерди окуп түшүнүүнү, талдоону жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу алардын ден соолук маданиятын калыптандырууну көздөйт. Ошону менен бирге STEM предметтери (биология, химия) менен интеграцияланган иш-аракеттер аркылуу окуучуларды өз турмушунда алынган билимди колдонууга, сергек жашоо образын тандап алууга үйрөтүү.

Көйгөйдү чечүүдөгү идеянын өзөгү төмөнкүлөргө таянат: маалыматтык тексттерди окуу жана талдоо аркылуу окуучулар зыяндуу азыктардын курамын өз алдынча түшүнүп, анализ жүргүзүүгө үйрөнүшөт; STEM предметтери менен практикалык иштерди айкалыштыруу (эксперименттер, лабораториялык иштер) аркылуу билимдин турмуштук маанисин түшүнүшөт; изилдөө жана презентация көндүмдөрү аркылуу окуучуларда өзүнө болгон ишеним, жоопкерчилик жана демилгечилдик өнүгөт; ден соолук темасындагы изилдөөлөр окуучуларды сергек жашоо образын тандап алууга, зыяндуу азыктардан жана адаттардан баш тартууга түрткү берет; туура эмес тамактануунун үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасирин математикалык жол менен эсептеп чыгышат жана жекече жыйынтык чыгарышат; туура тамактанууну адатка айландырып, зыяндуу адаттардан арылуу же алдын алуу багытындагы иш-чаралары окуучуларды маалыматтарды анализдөөгө, өздөрүнө жоопкерчилик алууга көнүктүрөт.

Чечимдин өзгөчөлүгү жана инновациялуулугу

  • Интеграцияланган предметтер аралык ыкма:Биология, химия, математика жана окуп түшүнүү сабактарын айкалыштырып, билимди турмуштук шарттарда колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
  • Инсанга багытталган дизайн:Окуучулардын реалдуу жашоо шарттарын эске алып, алардын кызыгуусу жана турмуштук көйгөйлөрү менен тыгыз байланышкан;
  • Практикада колдонулуучу изилдөөлөр жана лабораториялык иштер:Калория эсептөө, зыяндуу азыктардын курамын аныктоо, алардын адамдын ден-соолугуна тийгизген таасирин жана кесепеттерин изилдөө;
  • Академиялык көндүмдөрдү калыптандыруу: Окуучулар окуп түшүнүү, математикалык эсептөөлөр, анализдөө, салыштыруу сыяктуу негизги көндүмдөрдү жана сынчыл ойлом жана жоопкерчилик сыяктуу маанилүү «жумшак көндүмдөрдү» өздөштүрүшөт.

Ишти уюштуруу формалары жана ыкмалары

  1. Сабактар/STEM сабактары

а) Теориялык маалыматтар: Сабак учурунда окуучулар зыяндуу заттар (арзан чипсы, кириешки, Кытайдын арзан баадагы витаминдери, насвай, энергетикалык суусундуктар, электрондук сигарет ж.б.) тууралуу маалымат алып, алардын ден соолукка тийгизген таасирлерин анализдөө жана жыйынтык чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

б) Интеграцияланган STEM  сабактары: Интеграцияланган STEM  сабактарында зыяндуу заттардын химиялык курамдарын изилдеп, лабораториялык эксперименттерди, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүшөт. Химия, биология сабактарынын мугалимдеринин жардамы менен уюштурулган мындай окутуулар окуучулардын зыяндуу заттар боюнча түшүнүктөрүн, предметтер аралык байланышты чыңдап, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандырат жана өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөйт.

Изилдөө иштери

Балдар арасында сурамжылоо анкеталарын жүргүзүү  аркылуу зыяндуу заттарды колдонуп жаткан окуучулардын сандык көрсөткүчүн жана колдонуунун масштабын аныктап, иш-чаралардын планын түзүшөт.

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

Ал эми ата-энелер, мугалимдер, мектептин коопсуздук кызматкери жана мектеп тегерегиндеги дүкөндөрдүн сатуучулары арасында окуучулардын зыяндуу заттарды колдонуусу боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоо иштери реалдуу маалыматка негизделген анализ жүргүзүп, статистика түзүүнү жөнгө салат

Конкурстар/ Жайылтуу акциялары

Зыяндуу заттарды жана адаттарды жоюуга карата ролдоштурулган сценкалардын сценарийлерин жазуу, сүрөт тартуу боюнча конкурстар уюштурулуп, сынакта жеңген сценарий боюнча сахналаштырылган сценка тартууланды.  Мындан сырткары мектеп окуучулары арасында жана жалпы коомчулукка зыяндуу азыктарды колдонуудан жана зыяндуу адаттан арылуу жолдорун сунуштаган  акциялар, сергек жашоону пропагандалаган спорттук иш-чаралар уюштурулду.

Мындай иш-аракеттер окуучулардын креативдүү жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүп, чыгармачылык жазуу дараметтерин көтөрөт. Ошондой эле академиялык жана жумшак көндүмдөрүнүн өнүгүүсүнө чоң таасир берет.

Натыйжалуулуктун далилдери

Зыяндуу заттардын химиялык курамдарын лабораториялык изилдөөлөрдөн өз көздөрү менен көргөн окуучулардын изилдөөлөргө болгон кызыгуулары артты. Алар зыяндуу заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча маалымат таратуучулар болгондуктан, балдардын көпчүлүгү зыяндуу тамак-ашты колдонууну азайтышты жана айрымдары таптакыр токтотушту.

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

Үй-бүлө ичинде да зыяндуу заттарды колдонуудан баш тартууга үндөгөн аракеттер болду. Маселен, аларды сатып алууга кеткен чыгымдар эсептелип, үй-бүлөнүн бюджетине тийгизген терс таасири аныкталган соң, окуучулар бири-бирин терс адаттан коргоо иш-аракеттерин башташты.

Маалыматты талдоо, жыйынтык чыгаруу боюнча көндүмдөрү кыйла жогорулады. Жыл аягындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, 4-класстын окуучуларында окуп түшүнүү 30.7%дан 47%  көтөрүлүп,  билимин 16.3%га жакшыртышты. Ал эми сынчыл ойлом көндүмдөрү 46.5%дан 68.5%га, тактап айтканда  22.0 % көтөрүлүп, жакшы жыйынтык көрсөтүштү.

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

9-класстын окуучуларынын окуп түшүнүү боюнча жыйынтыгы 44.2%дан  52%ге өсүп,  7.8 %га  жакшырса, сынчыл ойломдору 40.9% дан 53.0% жогорулап,  12.1% га жакшырган.

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

САЛАМАТТЫК  - КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ 

Аталган инновациялык чечимди  ар бир эле мектептин деңгээлинде уюштурууга болот.  Презентациялар үчүн проекторлор, компьютер, лабораториялык STEM куралдары, химия биология мугалимдеринин жардамдары керек болот.

Чечимдин элементтерин сабактарда, класстан тышкаркы иш-чараларда, STEM  кружоктору түрүндө уюштурууга болот

Чечим “Алтын Казык” программасынын талаптарына, предметтик стандарттарга  дал келүү менен STEM-билим берүүнүн өнүгүүсүнө жана функционалдык сабаттуулукту калыптандыруудагы мамлекеттик приоритеттерди колдойт.

Жыпаргүл ЖАПАРОВА, №96 мектептин математика мугалими, Бишкек шаары

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер