Электрониканын татаал дүйнөсүнө сүңгүгөн окумуштуу
- 16.02.2026
- 0
Миңдеген чырмалышкан зымдардын, көзгө көрүнбөгөн электрондордун жана татаал схемалардын тилин табуу — ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Бул үчүн терең билим гана эмес, өзгөчө бир интуиция жана зор ынтаа керек. Биздин каарманыбыз электроника илиминин татаал лабиринттеринен жол таап, аны турмуштун керегине жарата алган ошондой сейрек инсандардын бири. Кеп өмүрүнүн жарым кылымын ушул тармакка арнаган, талыкпаган эмгеги менен өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүргөн окумуштуу, КУУнун доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Сагынтай Кадышев жөнүндө.
Залкарлардын шакирти
1948-жылдын 7-январында Талды-Суу айылында туулган. 1966-жылы Мукай Элебаев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы №20 кесипчилик техникалык окуу жайында “Радиотелемеханика” кесиби боюнча билим алган. Окуу жайын бүтүргөндөн кийин, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетине окууга өтүп, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын болочок академиктери: Жаныбек Жеенбаев, Аманбек Жайнаков, Советбек Токтомышев, мүчө-корреспонденттери: Өзгөрүш Шаршекеев, Асанбек Табалдиев, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер-профессорлор: Ташамат Карашев, Айтыгул Иманкулов, Лев Аронович Спекторов, Сулайман Жумагулов, Николай Фёдорович Трапицын, Маамет Койчуманов сыяктуу таланттуу илимпоз-окутуучулардан билим алган.
1975-жылы окууну аяктагандан кийин көрөңгөлүү жаш адис университеттин жалпы физика кафедрасынын улук лаборант кызматына кабыл алынган. Улук лаборант, инженер (1975–1979-жылдары), молекулярдык физика кафедрасында окутуучу (1979–1986-жылдары), жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасында окутуучу (1986–1990-жылдары) болуп үзүрлүү эмгектенди.
Кризисти беттеген аспирант
Сагынтай агайдын илимге аралаша баштаган мезгили СССРде кризис курчуп, илимге жакшы көңүл бурулбай калган учурга туш келди. Ошого карабай илимий жолдон четтеген жок, көшөрүп илимий окуусун улантты.

1989-жылы жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын аспирантурасына сырттан окууга өтүп, Украина ССР илимдер академиясынын жарым өткөргүчтөр физикасы институтунун күндүзгү аспирантурасын кванттык өлчөмдөгү структуралар лабораториясында аяктады. (1990–1993-жылдар). 1993-жылдын январынан 1995-жылдын сентябрына чейин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенди.
1995-жылдын 30-майында “Лазер нурунун жардамы менен A4B6 жарым өткөргүчтөрүндө өздүк жана кошулма дефекттерди өзгөртүп түзүү жана лазердик эпитаксия” аталыштагы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына талапкер диссертациясын физика-математика илимдеринин доктору, Украина Улуттук илимдер академиясынын (УИА) корр.-мүчөсү, профессор Фёдор Фёдорович Сизов жана физика-математика илимдеринин кандидаты, Украина УИАнын жарым өткөргүчтөр физикасы институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Сергей Владимирович Пляцконун жетекчилигинде ийгиликтүү жактады.

Лазер, нейтрон жана электрондорду изилдөө
Окумуштуунун изилдөөлөрү бир гана Кыргызстан менен чектелген эмес. 2000-2002-жылдары Киев шаарындагы Украина УИАнын Жарым өткөргүчтөр физикасы институтунда кванттык өлчөмдөгү структуралар лабораториясында лабораториянын окумуштуулары менен биргеликте ИК-лазер нурунун, нейтрондордун жана ылдам кыймылдагы электрондордун таасиринде А4В6, А4В6 жарым өткөргүчтөрүндөгү физикалык өзгөрүү процесстерин таасирин изилдеп, материалдардын жука эпитаксиялык структураларын өстүрүп, алардын физикалык касиеттерин ар түрдүү ыкмалар менен изилдөөгө катышкан
Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгында “Известия высших учебных заведений, Физика” илимий журналында (Томск шаары) авторлош 4 илимий статья жарык көргөн.
Бүгүнкү күндө анын илимий-метрикалык көрсөткүчү болгон Хирш индекси (h-index) 4кө жетип, эмгектери Scopus сыяктуу эл аралык базаларга кирген журналдарда жарыяланып келет.
Факультеттин деканы
2003-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин электроника жана микроэлектроника кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болуп эмгектенди.

КУУнун Физика факультетинин деканы катары (2006-2016-жж.) эки мөөнөт катары менен иштеп, факультеттин билим берүү жана илимий деңгээлин көтөрүүгө чоң күч жумшады. Анын демилгеси менен уюштурулган эл аралык конференциялар Россия, Украина, Польша жана башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын башын бириктирип келет.
Факультеттин деканы болуп иштеп турган мезгилде Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен физика жана электроника факультетинде “Механика”, “Молекулярдык физика”, “Электричество” жана ”Электрониканын физикалык негиздери” курстарын окутууда пайдалануучу, 10000 доллар турган лабораториялык комплекстерди алуу үчүн келишим түзүп, Россия Федерациясынын Новосибирск шаарынан жеткирүүгө көмөкчү болгон.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү тапшырмасы боюнча “Физика”, “Электроника жана наноэлектроника” багыттары боюнча стандарттарды факультетте иштеп чыгып, жүзөгө ашырууну уюштуруп, жетектеген.
2016-жылдын июль айынан бери электроника жана теориялык физика (кийин электроника жана наноэлектроника) кафедрасынын доценти кызматында эмгектенет
Окуу китептери – баа жеткис мурас

Агайдын эң чоң жетишкендиктеринин бири — мамлекеттик тилде жазылган фундаменталдык окуу китептери. Ал 250дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыккан 3 окуу китебинин жана бир нече тарыхый-библиографиялык эмгектердин автору. Университеттин 100 жылдыгына карата 2025-жылы жарык көргөн «Электроника» аттуу көп томдук окуу китеби бүгүнкү күндө техникалык багытта билим алып жаткан миңдеген студенттер үчүн баа жеткис курал болуп калды.
«Миниатюризациялоонун жана нанотехнологиянын доорунда жаштарга заманбап билим берүү — биздин эң башкы милдетибиз», — дейт Сагынтай агай. Бүгүн ал өзү иштеп чыккан «Электрониканын физикалык негиздери», «Схемотехника» сыяктуу татаал курстарды студенттерге чеберчилик менен окутуп, илимдин жаңы бийиктиктерине жол көрсөтүп келет.
Сагынтай Кадышев сыяктуу илимдин чыныгы патриоттору бар кезде, Кыргызстандын интеллектуалдык келечеги ишенимдүү колдо деп айтууга толук негиз бар.
Кубат Чекиров, «КБ»
Комментарийлер