САДЫР ЖАПАРОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ — МАМЛЕКЕТТИ КУРУУНУН ЭҢ МААНИЛҮҮ НЕГИЗДЕРИНИН БИРИ”
- 25.12.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү абал, мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги маселелери боюнча элге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана IV Элдик Курултайдын делегаттарына кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы Курултайдын алдында “Улут деми — Уңгужол” гобелени менен таанышты. Бул чыгарма көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин жана ынтымагын символдоштуруп, тарыхый эстутумду, азыркы учурду жана өлкөнүн келечек образын бириктирет. Өлкө башчы билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө да токтолуп, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин айлыгы 100% жогорулайт деп жагымдуу жаңылыкты айтты.


Министрликке делегаттардан 350гө жакын кайрылуу түштү
IV Элдик курултай 2025-жылдын 25-декабрында жаңыланган форматта өттү.
Курултайдын делегаты, Кыргызстандын Пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаковдун айтымында, курултайга 690 делегат катышты.
— Мурдагы курултайларда көптөгөн делегаттар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн издеп фойеде чуркап жүрүшүп, суроолоруна жооп алууга аракет кылып, жыйындын айрым бөлүгүн өткөрүп жиберишчү. Белгилүү болгондой, курултайда өлкө Президенти отчет берет жана бардык делегаттар залда отуруп, сүйлөп жаткан адамдарды тынч угушу туура болот, — деди Эсенгул Исаков.
Бул жолу биринчи жолу 24-декабрда Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, ар бир делегат суроосун жазып же түз берип, жооп ала алышты.

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева тармактык орун басарлары менен бирге Курултайдын делегаттарын кабыл алып, алардын маселелерин угуп, суроолоруна жеринде жооп беришти.
Министрликке жалпы 350гө жакын кайрылуу келип түштү, алардын басымдуу бөлүгү аймактарда билим берүү уюмдарын курууга байланыштуу.
“Эки ыйык кесип ээлеринин баркын көтөрүп, баштапкы кадырын кайрып беришибиз керек”
— Мугалим менен дарыгерди урматтоо – кубаттуу өлкөнүн өзөгү. Мугалим улуттун келечегин калыптандырса, дарыгер анын ден соолугун жана өмүрүн коргойт. Бирок бүгүнкү күндө аларга карата орой мамиле, сыйлабастык, кээде ал тургай зомбулук көрүнүштөр орун алып жатат. Бул – маданиятсыздыктын жеткен чеги. Биз бул эки ыйык кесип ээлеринин баркын көтөрүп, баштапкы кадырын кайрып беришибиз керек, — деди өлкө башчысы.
Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө – мугалим менен дарыгердин аброюн көтөрүүгө милдеттүү экенин, анткени балдардын кат-сабатын ачып, жалпы элди дарылагандарга сый-урмат болмоюнча, маданияттуу жана өнүккөн өлкө боло албастыгыбызды айтып, ошол себептен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет көтөрүлө тургандыгы боюнча жагымдуу жаңылыкты билдирди.
Мугалимдердин айлыгы апрелден тарта 100% көтөрүлөт
— Кечээ жакында, Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылды эле. Биз кеңешип, Өкмөттүн чама-чаркын кайрадан карап чыгып, эмгек акыга кошумча бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен эмгек акыларын орточо 100 пайызга көтөрөлү деп чечтик. Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат. Шаар жергесиндеги орто билим берүү мектебинде педагогикалык орто билими бар, бирок педагогикалык стажы жок жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 200 сомдун тегерегин алат, — деди Президент.

Райондук коэффициенти 1,8 болгон, тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сом, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акысы 97 600 сомду түзөт. Ошондой эле, техникалык жана тейлөөчү персоналдын 2026-жылдын 1-апрелинен тарта көбөйтүлүүчү эмгек акысына кошумча бир ставкага 5 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм кароо менен орточо 80%га эмгек акылары көбөйтүлөөрүн белгиледи.
Мамлекет башчысы билим берүүнү өлкөнүн келечегин аныктаган башкы багыт катары белгилеп, мугалимдин эмгегин татыктуу баалоо улуттук приоритет экенине токтолду. Бул кадам агартуучулардын кадыр-баркын көтөрүп, билим сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү талашсыз.
12 жылдык: модернизациялоо уланат
Өлкө башчы өз сөзүндө билим берүү – мамлекетти куруунун эң маанилүү негиздеринин бири жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизги элементи экенине токтолуп, жаштарга дүйнөлүк өнүгүүнүн артынан ээрчибестен, андан ашып кетүүгө мүмкүндүк бере турган билим берүү керек экенин баса белгиледи.
Андан соң ал 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы менен катар эле билим берүү инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базаны ар тараптуу модернизациялоо уланарын айтты.

— “Алтын Казык” билим берүү программасы – биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Ал билим берүүнүн келечектеги өнүгүү багытын аныктайт. Заманбап 12 жылдык моделге өтүү, жаңыртылган окуу китептери, XXI кылымдын компетенцияларына негизделген тиешелүү программаларды ишке киргизүү – Кыргызстандын жаңы муунун дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жасалган кадамдар. Ошентип, биз билим берүү тармагында фактылардын жыйындысы эмес, ой жүгүртүү, чечүү жана түзүү жөндөмү болгон системаны түзүп жатабыз, — деди өлкө башчы.
Инфратүзүм жаатында масштабдуу кадамдар жасалып жатканына токтолду. Алсак, 53 мектеп типтүү мектептердин деңгээлине чейин модернизацияланат; 220 мектеп STEM лабораториялары жана тиешелүү жабдуулар менен жабдылат; алыскы жана тоолуу аймактарды кошкондо бала бакчалардын 50 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат; мугалимдердин кеминде 85 пайызы ноутбук жана заманбап санариптик окутуу куралдары менен камсыздалат.

— Бирок билим берүү мектептер менен гана чектелбейт. Бул бирдиктүү экосистема. Биздин максатыбыз – университеттерди өлкөнүн билим экономикасына өтүүсүнө түрткү берүүчү билимдин, изилдөөлөрдүн жана инновациялардын борборлоруна айландыруу. Жогорку окуу жайлардын алдында инновациялык хабдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор пайда болот. Анда жаштар стартаптарды түзүп, иштеп чыгууларды патенттеп, технологияларды киргизип, идеяларды коммерциялаштыра алышат. Натыйжада кечээги кыялдагы ойлор эртең конкреттүү түрдө ишке ашуусу керек. Биз жогорку квалификациялуу адистерди жана жумушчу кесиптерди даярдоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бул жерде ачык айтуу керек, Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана билим берүү системасы менен экономиканын реалдуу керектөөлөрүнүн ортосундагы олуттуу ажырымга туш болууда. Ошондуктан дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү биз үчүн каалоо же эксперимент эмес. Бул – мезгилдин, эмгек рыногунун, мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарынан улам келип чыккан объективдүү зарылчылык. Биз бул тармакты системалуу түрдө жана кечиктирбестен бекемдешибиз зарыл, — деди Президент.
Дуалдык модель
— Дуалдык модель – жаштардын билимди чыныгы эмгек менен айкалыштырууга, кесиптик чеберчиликке ээ болууга, тартипти чыңдоого, жоопкерчиликти күчөтүүгө мүмкүндүк берген билим берүү формасы. Жаштар практикалык натыйжаны көрүп, окуу учурунда эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга жана келечекке ишенимдүү бара тургандай билим алууну каалашат. Дуалдык билим берүү – аларга дал ушундай мүмкүнчүлүк берет. Студент убактысынын бир бөлүгүн өндүрүштө, сервисте, инженердик компанияда, курулуш объектилеринде же IT-долбоорлордо өткөргөндө, ал кесип жөнүндө теориялык түшүнүк эмес, чыныгы профессионалдык чеберчиликти да өздөштүрөт. Иш берүүчү кадрларды даярдоо багытына чогуу катышкан убакта, экономикага керектүү адистерди ошол жерден алууга шарт түзүлөт. Билим аркылуу акыл-эсти жана инсанды калыптандыруу жөнүндө сөз кылгандан кийин, спорттун күчүн баалабай коюу мүмкүн эмес. Билим менен спорт бири-бирине шайкеш келип: билим акылды калыптандырса, спорт – эрк жана күч берет; экөө гармониялуу болуп, күчтүү жана өзүнө ишенген улутту түзүп, ар бир жаран өз потенциалын толук ачууга мүмкүндүк алат, — деди С.Жапаров.

Мындан башка диний билим берүүдө да маселелер бар экенине токтолду. Мисалы, өлкөдө 200дөн ашуун диний окуу жайлары бар болсо, анын көбүнүн сапаттары өтө төмөн, бирдиктүү стандартка жооп бербейт жана салттуу диний баалуулуктар баардыгында бирдей окутулбайт.
— Ошондуктан диний окуу жайларды борборлоштуруу, бардыгына бирдей бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана салттуу исламдын сапаттуу өнүгүүсүн камсыздоо – мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болот, — деди ал.
Сөзүнүн аягында ал өлкөбүздүн эң ийгиликтүү этабы, өнүгүп-өскөн мезгили алдыда экендигине терең ишенерин билдирди.
— Элибизде ынтымак, биримдик болуп турса, бардык тоскоолдуктарды, эн жогорку бийиктиктерди багындырабыз. Биз биргеликте ар тараптан күчтүү, гүлдөп өсүп-өнүккөн Жаңы Кыргызстанды курабыз деген кыялыбыз алдыга жетелеп, ийгиликтерге жеткирсин! — деп кайрылуусун жыйынтыктады.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер