СӨЗ БАККАН ААЛЫМ

  • 24.11.2023
  • 0

(Академик Сыртбай Мусаевдин кыргыз тил илимине кошкон салымы жөнүндө)

СӨЗ БАККАН ААЛЫМ

Окумуштуунун ким экенин аныктаган кыргыз тил илиминдеги кризис.

Төгөрөктөп эсептегенде, жалпы жарым кылымдык илимий чыгармачылык ишмердигинде академик Сыртбай Жолдошевич Мусаев кыргыз тил илимине эмне жаӊылык алып келди? Кандай жетишкендиктерге жетишип, кандай бийиктиктерге көтөрүлө алды? Кыргыз илимине кандай салым кошо алды? Мына ушул маселелерди так аӊдап түшүнүү үчүн жалпы эле дүйнөлүк тил илиминдеги теориялык маселелер тууралуу ой бөлүшүүгө мажбур болобуз. Анткени академик Сыртбай Жолдошевич – кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта жаӊы лингвистикалык концепцияны баштап, түптөгөн, чоӊ теоретик-окумуштуу. Ошондуктан бул окумуштуу багынткан теориялык бийиктиктерди дүйнөлүк лингвистиканын илимий-теориялык маселелеринин фонунда, контекстинде түшүндүрүү туура жана орундуу. Анда сөз башынан болсун.

Дүйнөлүк тил илиминин тарыхында тилдик көз карашты туюндуруунун, грамматика түзүүнүн эки башка жолу, эки түрдүү принциби иштелип чыккан.

1-принцип – грамматика түзүүнүн чыгыштык принциби. Мында тилдик түшүнүк-категориялар жалпыдан (сүйлөшүүдөн) жекени (тилдик каражаттарды үйрөнүүнү) көздөй таанып билинет, сыпатталат. Маселен, эң алгач сүйлөшүү, сүйлөшүүнүн түзүлүш өзгөчөлүктөрү, ага катышкан айтуучу (адресант) жана угуучу (адресант), сүйлөшүүгө себеп болгон максат-мүдөөлөр, себептер, каражаттар, факторлор иликтенип, андан соӊ сүйлөшүүнү ишке ашыруучу тилдик каражаттар: сүйлөм, сөз айкашы, сөз, сөз түркүмдөрү, сөздүн грамматикалык формалары, эӊ аягында тыбыш жана анын табияты анализге алынат. Тилдик көз карашты туюндуруунун чыгыштык принциби байыркы Индиядагы Панинин грамматикасында, байыркы араб тил илиминдеги Сибовейхинин «Алькитаб» деген грамматикасында [караӊыз С.Ж.Мусаев Жалпы тил илими. – Б., 1999.], ошондой эле тилди таанып билүүнүн байыркы мезгилдеги кыргызча жол-жоболорунда практикаланып келген [Т.С.Маразыков Текст таануу жана анын айрым маселелери I китеп: – Б.: 2005.].

2-принцип – грамматиканы түзүүнүн батыштык принциби. Мында тилдик түшүнүк-категориялар жекеден (тилдик каражаттарды өздөштүрүүдөн) жалпыны (сүйлөшүү маселелерин үйрөнүүнү) көздөй таанып билинет, мүнөздөлөт. Маселен, эң алгач тилдик каражаттар: тыбыш, сөз, сөз түркүмдөрү, сөз мүчөлөрү, сөз айкашы, сүйлөм анализге алынат да, андан соӊ сүйлөшүү маселелери иликтенет. Мындай грамматика байыркы Грек-Латын грамматикалык салтында Э.Доната, Прициян тарабынан түзүлгөн. Буга Октябрь революциясынан кийин түзүлгөн азыркы кыргыз тилиндеги грамматикалардын баарын кошууга болот. (Бирок аталган багытта түзүлгөн кыргыз тилинин грамматикалары жарым-жартылай мүнөзгө ээ. Тактап айтканда, азыркы кыргыз тилинин грамматикалары тилдик каражаттарды: тыбыш, сөз, сөз түркүмдөрү, сөз мүчөлөрү, сөз айкашы, сүйлөмдү анализдөө менен чектелет.)

Кыргыз эли – байыркы эл. Байыркы эл болгон соӊ, анда тилди таанып билүүнүн тиешелүү жол-жоболору, ык-амалдары да болбой калышы мүмкүн эмес. Кыргыздардын тилди таанып билүүнүн жол-жоболору турмуштук шарт-жагдайларга байланыштуу байыртадан бери өзгөчө нукта иштелип чыккан. Бул жагынан караганда, Октябрь революциясына чейин кыргыз тил илиминде тилдик көз карашты туюндуруу чыгыштык принципте ишке ашкан.

Бирок тарыхый шартка байланыштуу 1917-жылкы Октябрь революциясынын натыйжасында кыргыз жергесинде кеӊеш өкмөтү уюшулду. Мурдатан бери чыгыштык принципте өзгөчө нукта өздөштүрүлүп келген тил таануу маселеси батыштык принципте мектептерде окутула баштады. Ошого ылайык кыргыз элинин тунгуч профессор, тилчи-окумуштуусу К.Тыныстанов баш болгон жоон топ кыргыз тилчи-окумуштуулары грамматиканы түзүүнүн батыштык принцибине негизделген кыргыз тилинин грамматикаларын түзүп жазышты. Кеңеш өкмөтү бийлик жүргүзгөн 70 жылдык мезгилде кыргыз тил илиминде кыргыз тилинин тилдик каражаттары жана алардын түзүлүшү, мааниси, ар кыл классификациясы ар тараптан изилдөөгө алынды.

Ошондой болсо да, кыргыз тил илиминин келечегин аныктоочу, анын эртеңки өнүгүш багытын көрсөтүүчү негизги маселе кыргыз тилинде сүйлөшүү (коммуникация) маселелери атайы изилдөөгө алынбады. Кыргыз тил илими тилдик каражаттардын деңгээлинен, сүйлөмдүн деңгээлинен өйдө көтөрүлбөй бугуп токтоп калды. Ошентип, XX кылымдын аягында илимий-теориялык багытта кыргыз тил илиминде чоң кризис абал түзүлдү.

Илимий-теориялык өңүттөн алып караганда, тил илиминин негизги максаты тилдин түзүлүш табиятын изилдөө менен эле чектелүү эмес. Тилдик каражаттарды өздөштүрүү аркылуу сүйлөшүүнүн табиятын аныктоо, сүйлөшүүнүн сырларын, мыйзам ченемдерин, нормативдерин, этномаданий, улуттук-менталитеттик өзгөчөлүктөрдүн негизинде кыргыз коомчулугунда буга чейин миң жылдап түзүлгөн кыргыздардын сүйлөө өнөрүн, мыкты, маданияттуу сүйлөшүүнүн технологияларын, ык-амалдарын таанып билүү кыргыз тил илиминин түпкү философиясы болуп саналат.

Өз заманына ылайык жетик ойлонгон, табиятынан таланттуу, дилгир окумуштуу катары Сыртбай Жолдошевич жогоруда биз сөз кылган кыргыз тил илиминде түзүлгөн кризис абалды жаш кезинде эле акыл-парасатында кылдат аӊдап, жүрөгү менен илгиртпей туйган экен. Ошондуктан ал кыргыздардын сүйлөшүү өзгөчөлүгүн изилдөөгө баш оту менен сүӊгүп кирип, ушул багытта алдын ала жол издеп, ушул тармакка адистешиптир. 1980-ж.ж. ичинде коммуникативдик багытта жазылган илимий-теориялык адабияттарды окуп, бул тармактын ой-кырларын өздөштүрүп, негизги илимий-теориялык категорияларын таанып билип, боюна сиӊирип, өзүн өзү чоӊ даярдыктан өткөрүптүр. Бул өзгөчөлүк Сыртбай агайдын 1993-жылы жарыкка чыгарган “Кеп маданиятынын маселелери” деген монографиясынан жана анда көтөрүлгөн урунттуу илимий-теориялык маселелерден ачык байкалат.

Албетте, сүйлөшүү процессинин табият-сырын аныктоо, ага талаптагыдай, тереӊ илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жеӊил-желпи иш эмес. [Г.П.Почепцов Теория и практика коммуникации. (От речей президентов до переговоров с террористами). – М.: Изд. «Центр», 1998.] Бул маселе окумуштуунун табияттан берилген жөндөм-шыгын, талантын, көп жылдык даярдыгын, ийкемдүү, аналитикалуу жана масштабдуу ой жүгүртө билүү мүмкүнчүлүгүн, тил илиминин маселелери жана ага тиешеси бар, канатташ башка илимдердин табияты тууралуу да көп багыттуу билимин, чоӊ камылгасын талап кылары белгилүү.

Сыртбай Жолдошевич көп жылдык илимий-изилдөөсүнүн негизинде сүйлөшүүнүн илимий-теориялык урунттуу маселелерин кыргыз тил илиминде биринчи жолу системалуу түрдө ачып түшүндүрүп берген окумуштуу. Ошонусу менен ал кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта жаӊы лингвистикалык концепцияны баштады, түптөдү, жаӊы багытта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө теориялык жактан дыӊ бузар окумуштууга айланды. Бул монографиянын жарыкка чыгышы жана анда коммуникативдик багыттагы жаӊы илимий-теориялык маселелердин биринчи жолу көтөрүлүп, сөз болушу кыргыз тил илими үчүн илимий-теориялык жактан да, илимий-практикалык жактан да чоӊ мааниге ээ. Анткени ушу монографияда сүйлөшүү (коммуникативдик) процессинин негизги өзгөчөлүктөрү, табияты, өзөктүү белгилери, сүйлөшүү маданиятынын урунттуу, жеке жана универсалдуу маселелери, түшүнүк-категориялары биринчи жолу теориялык деӊгээлде илимий багытта ар тараптуу ачып түшүндүрүлгөн. Кыргыз тил илиминин акыркы 30 жылдык өнүгүү таржымалына сереп салып, артка кылчайып карасак, Сыртбай агайдын 1993-жылы жарыкка чыккан дал ушу “Кеп маданиятынын маселелери” деген монографиясынан баштап, кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта илимий-изилдөө иштери активдүү жүрө баштаганын байкоого болот. Бул эмгек эмнеси менен айырмаланат? Анын баалуулугу эмнеде? Биздин оюбузча, “Кеп маданиятынын маселелери” монографиясынын илимий баалуулугу жана өзгөчөлүгү коммуникативдик багытта өзүнөн кийин жазылган илимий эмгектерге анын теориялык негиз болуп бере алгандыгында жана аталган багытта жаӊы жол баштап, дыӊ бузуп бере алгандыгында.

Маселеге дагы тереӊирээк үӊүлө карасак, XX кылымдын аягында кыргыз тил илиминде илимий-теориялык жактан түзүлгөн кризис Сыртбай Жолдошевич Мусаев, Сүйүмкан Өмүралиева, Бейшебай Усубалиев сыяктуу жаӊы форматтагы, жаӊы көз караштагы чоӊ окумуштууларды жаратты.

Бул кризис Сыртбай Жолдошевичтин мезгилдин, коомдун талабына ылайык актуалдуу илимий-изилдөө иштерин илгиртпей таанып биле алган, аларга өз бетинче илимий-изилдөө иштерин жүргүзө билген, кыргыз тил илиминин келечек-тагдырын алдын ала көрө алган, таанып билүүсү бийик, билимдүү, көрөгөч, даанышман окумуштуу экенин аныктаган кризис болду.

Сыртбай агайдын “Кеп маданиятынын маселелери” (Б., 1993-ж.) монографиясында илимий-теориялык кандай урунттуу маселелер көтөрүлгөн? Алар кыргыз тил илими үчүн кандай маани-маӊызга ээ?

Аталган илимий монография кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта теориялык нукта, системалуу жазылган биринчи эмгек болуп саналат. Бул эмгекте сүйлөшүү процесси, сүйлөшүү маданияты жана ага байланыштуу тилдик норма, стилдик норма маселелери алгач ирет системалуу түшүндүрүлүп берилген. Албетте, бул ишти жазууда автор дүйнөлүк тил илиминде, орус лингвистикасында жана түркологияда ага чейин жарык көргөн илимий-теориялык, илимий-практикалык бай тажрыйбаларды, ой-пикир, концепцияларды кылдат өздөштүргөн жана аларды методологиялык таяныч катары ишинде орундуу пайдалана алган. Ошондуктан “Кеп маданиятынын маселелери” монографиясында кыргыз тил илими үчүн ошо учурда (азыр деле) чоӊ мааниге ээ болгон, көптөгөн жаӊы илимий-теориялык маселелер көтөрүлгөн. (ушул же кийинки абзацка чейин гезитке берип, толук текстти сайтка чыгарса болот го)

Маселен, мындай жаӊы багыттагы изилдөө ишин жүргүзүү үчүн эӊ алгач сүйлөшүү процессин кылдат таанып билүү, анын бүтүндөй табият-сырын ар тараптан түшүнүү жана түшүндүрүү ошо 1990-ж.ж. кыргыз тил илими үчүн илимий зарылдык болчу. Сүйлөшүү деген эмне? Анын негизги өзгөчөлүктөрү, түшүнүк-категориялары кайсылар? деген сыяктуу маселелер аталган монографияда биринчи жолу илимий-теориялык жактан конкреттүү тилдик факт-материалдардын негизинде, сүйлөшүү маданиятынын фонунда алгач ирет аныкталып, баяндалгандыгы менен баалуу. Маселен, монографияда: “…принцибинде, кеп маданиятына тиешелүү тилдик реалдуу процесстерди алардын тышкы өнүгүш өзгөчөлүктөрүнөн тартып, ички закон ченемдүүлүктөрүнө чейин изилдеп чыгууга толук мүмкүнчүлүк болгону менен, иш жүзүнө келгенде жандуу тил тажрыйбабыздын, тил колдонуу, тил пайдалануу, кептешүү-сүйлөшүү практикабыздын көп кырдуу, карама-каршылыктуу процесстерин жалпыга бирдей, алгылыктуу мүнөздө аныктоо өтө оор, чын-чынына келгенде мүмкүн да эместей… Бул оорчулук… кеп маданияты маселелеринин басымдуу көпчүлүгүнүн жетесинен шарттуулукка негизделип, тиги же бул жеке адамдын субъективдүү көз карашына байланышкан факторлор аркылуу аныкталгандыгында…” – деп Сыртбай Жолдошевич сүйлөшүү маданиятынын жана сүйлөшүү процессинин көп кырдуу, карама-каршылыктуу, диалектикалуу табият-өзгөчөлүгүн теориялык жактан таамай түшүндүрүп берген. [С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 3-бет.]

Чечмелеп айтсак, анын ою боюнча, сүйлөшүү процесси – “тил колдонуу, тил пайдалануу, кептешүү-сүйлөшүү практикабыздын негизинде жаралган көп кырдуу, карама-каршылыктуу процесс”. Сүйлөшүү процесси “шарттуулукка негизделип, тиги же бул жеке адамдын субъективдүү көз карашына байланышкан факторлор аркылуу аныкталат”. Бул лингвистикалык жаңы көз караш ошо 1990-жылдарда кыргыз тил илиминде сүйлөшүү процессин илимий-теориялык багытта изилдөө үчүн методологиялык негиз болуп берди. Анда сүйлөшүү процессинде бир эле учурда объективдүү, коомдук факторлор болору жана ошол эле учурда сүйлөшүүдө жеке, субъективдүү факторлор да аракетте болуп турары көрсөтүлгөн. Сүйлөшүү процесси өзгөрүлмө, кубулма, көп кырдуу, диалектикалуу табият-сырга ээ кубулуш катары туура аныкталган. Тактап айтканда, сүйлөшүү процессинин объективдүү, коомдук фактору жана ошол эле учурда анын жеке, субъективдүү, диалектикалуу табияты реалдуу баяндалган. Ошентип, сүйлөшүү маданияты маселесинин фонунда деги эле сүйлөшүүнүн өзгөрүлмө, кубулма, кыймылдуу, диалектикалуу табият-өзгөчөлүгүнүн ачылып түшүндүрүлүшү жана анын себеп-жагдайларынын көрсөтүлүшү кыргыз тил илими үчүн ошол мезгилде теориялык жаӊылык болгон.

70 жылдан бери сүйлөмдүн чегинде бугуп, сүйлөмдөн чоң бирдиктер изилденбей келген кыргыз тил илими үчүн мындай адаттан тыш идеялар коммуникативдик багытта илимий-изилдөө иштерин жаңыдан жүргүзүп жаткан, жаңы муундагы биз сыяктуу изилдөөчүлөргө өз мезгилинде идеялык аккумуляция да боло алган. Маселен, Сыртбай агайдын ушул көз карашынын негизинде биз 2005-жылы жактаган “Тексттеги интеграция” деген темадагы докторлук диссертациябызда: “… тил информацияны туюндуруу жана аны туюнуу каражаты эле эмес, тил – адамдардын, ошол тилде сүйлөгөн жалпы элдин, коомдун рухун, жан дүйнөсүн, маданиятын, акыл-эсин, буга чейин топтогон тажрыйбасын жана бүтүндөй өнөрүн сактап, өнүктүрүп, өөрчүтүп турган көөнөргүс дөөлөт.” “… Ошентип, сүйлөшүүнүн теориясын, закон ченемин, буга чейин ата-бабаларыбыз тарабынан түзүлүп, өнүктүрүлүп келген сүйлөшүүнүн жол жоболорун, адат-салттарын, сүйлөө маданиятын комплекстүү изилдөө кыргыз тил илиминин келечектеги негизги маселелери болуп каралышы зарыл…” – деген көз карашыбызды сунуш кылганбыз. [Т.С.Маразыков Тексттеги интеграция. 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражаны алуу үчүн жазылган диссертация. Бишкек., 2005. 51-57-б.б.] Мындан ачык көрүнүп тургандай, сүйлөшүү процессинде объективдүү факторлор жана субъективдүү факторлор гармониялуу иш аракетте болору белгиленди.

Сүйлөшүү маданиятынын табиятын ачып түшүнүү, таанып билүү үчүн эӊ алгач сүйлөшүү процессине тиешелүү илимий түшүнүк-категорияларды так аныктоо ошо мезгилде зарыл болгон. Анткени ага чейин аталган маселелер тууралуу толук кандуу илимий маалыматтар билдирилбеген, атайы иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Мезгил талап кылган, мына ушул өтө актуалдуу маселени чечүү максатында Сыртбай Жолдошевич “сүйлөшүү” (“коммуникация”, бул терминди С.Ж.Мусаев “кептешүү-сүйлөшүү”, “пикир алышуу” деген терминдер менен да атайт.), “тил”, “кеп” (сүйлөө) деген терминдик аталыштар туюндурган түшүнүктөргө илимий аныктама берген. [С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 13-14-бет.] Натыйжада, “сүйлөшүү” (“коммуникация”, “пикир алышуу”) айтуучу (адресант) менен угуучунун (адресанттын) ортосунда ой-пикирдин алмашылышы катары түшүндүрүлгөн. “Тил” – кепти (сүйлөөнү) ишке ашырган каражат-белги. Ал эми “кеп” (сүйлөө) – айтуучунун (адресанттын) угуучуга (адресантка) кандайдыр бир маалыматты, ой-пикирди туюндурушу катары так аныкталган. Минтип коммуникация процессинин түшүнүк-категорияларынын аныкталышы ушу багытта андан кийин жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштерине чоӊ өбөлгө болгон жана бул идеялар кийинки иликтөөлөргө методологиялык, теориялык негиз да боло алды.

Ошентип, “Кеп маданиятынын маселелери” монографиясында көтөрүлгөн маанилүү илимий-теориялык биринчи маселе катары сүйлөшүү процессинин түшүнүк-категориялары, табият-сыры, негизги белгилери, өзгөчөлүктөрү алгач ирет комплекстүү аныкталып берилишин эсептейбиз.

“Кеп маданиятынын маселелери” монографиясында сүйлөшүү (коммуникация) процессине байланыштуу адабий тил, анын нормасы, адабий тилди нормалдаштыруу принциптери илимий-теориялык олуттуу маселе катары биринчи ирет көтөрүлгөн. Коммуникация процессине байланыштуу адабий тил маселесинин күн тартибине коюлуп, теориялык жактан иликтөөгө, изилдөөгө алынышы ошо 1990-ж.ж. кыргыз тил илими үчүн өтө маанилүү илимий-теориялык маселе болгон. Бул маселе кыргыз тил илими үчүн тагдыр чечүүчү маани-маӊызга да ээ эле. Ошо мезгилде Сыртбай Жолдошевич коммуникативдик өӊүттө адабий тил маселесине кайрылып, аны ар тарабынан изилдеп, ага чоӊ маани бериши илимий-теориялык, методологиялык жактан да логикалуу. Анткени сүйлөшүү маданияты, деги эле сүйлөшүүнүн сапаты барып келип эле адабий тил маселесине түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан сүйлөшүү маданиятын өздөштүрүүнүн биринчи, алгачкы баскычы адабий тилди, анын нормасын, нормалдаштыруу жол-жоболорун ар тараптан таанып билүү, өздөштүрүү болуп саналат. Демек, коммуникативдик өӊүттө адабий тил маселесинин табият-сырын, маани-маӊызын, бүтүндөй өзгөчөлүктөрүн кыргыз тилинин конкреттүү фактылык материалдарынын негизинде системалуу түшүндүрүп берүү 1990-ж.ж. башында абдан зарыл илимий маселе болгон. Ага чейин академик Б.М.Юнусалиев тарабынан адабий тил маселесинин айрым бир маселелери тууралуу идеялар лингвистикалык өӊүттө туюндурулган. [караӊыз Б.М.Юнусалиев Адабий тилдин кээ бир маселелери. – Ф. 1958., Адабий тилибиздин диалектилик базасы жөнүндө. 1962., Тандалган эмгектер. – Ф., 1985.] Ал эми “Кеп маданиятынын маселелери” деген монографиясында Сыртбай Жолдошевич коммуникативдик өӊүттө адабий тил маселесинин табият-сырын, маани-маӊызын алгач ирет системалуу түрдө түшүндүрүп сунуштаган. [С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 15-24-бет.]

Аталган монографияда тилдик норма белгилүү бир коомдо, белгилүү бир доордо макулдашылган тилдик талаптардын сакталышы катары илимий-теориялык жактан туура түшүндүрүлгөн. Адабий тилдик норманын бир эле учурда туруктуулугу жана ошо эле учурда мезгилдин, доордун, коомдун өнүгүү, өзгөрүү абалына жараша өзгөрүлмөлүү, кыймылдуу, диалектикалуу табият-өзгөчөлүктө болору далилдүү көрсөтүлгөн. [С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 93-бет.] Кыргыз баласы жашап турганда адабий тилди сактоо, адабий тилдик нормада сүйлөшүү маселеси түбөлүктүү маселе экени да адилет белгиленген. Бул Сыртбай Жолдошевич тарабынан сунушталган 1990-ж.ж. кыргыз тил илими үчүн олуттуу мааниге ээ болгон экинчи урунттуу теориялык маселе болуп саналат.

Сыртбай Жолдошевичтин “Кеп маданиятынын маселелери” монографиясында көтөрүлгөн үчүнчү маанилүү теориялык маселе катары сүйлөшүү маданияты менен стилистиканын карым-катышы тууралуу маселенин көтөрүлүшүн атап айтууга болот. Ал: “…кеп маданияты тилдин өнүгүп-өркүндөшүнө, коомдук кеӊири функциясына, стилдик жиктелүүсүнө… тыгыз байланыштуу” деген көз карашын атайы белгилеген. [караӊыз: С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 5-бет.] Бул лингвистикалык концепция кыргыз тилин коммуникативдик багытта изилдөөдө методологиялык мааниге ээ болгон концепция болуп саналат. 1990-ж.ж. башында сүйлөмдүн деӊгээлинен өйдө көтөрүлө албай калган, кризис абалда турган кыргыз тил илими үчүн мындай идея чындыгында эле теориялык мааниге ээ болгон, жаӊы идея эле. Мында негизги маселе эмнеде? Эмне үчүн бул көз караш баалуу, маанилүү? Анын сыры эмнеде катылган? Бул лингвистикалык концепциянын илимий жактан маанилүүлүгү анда тилдин өнүгүп-өркүндөшү, анын коомдо колдонулуш маселеси стилдик жиктелүү маселесине түздөн түз байланыштуу экени, сүйлөшүү процессин стилдик призмадан карап изилдөө зарылдыгы илимий-теориялык өтө маанилүү маселе катары ошо мезгилде туура жана так белгиленгендигинде. Ошондуктан бул көз караш 1990-ж.ж. кыргыз тил илими үчүн теориялык жаӊылык болгон. Анткени кыргыз тил илиминде 1990-ж.ж. чейин тилдик каражаттар жана алардын структурасы гана изилденген. Сүйлөшүү (коммуникация) маселелери атайы изилденбеген. Тилдик каражаттар стилдик өӊүттөн иликтенген эмес. Анда стилдик маселелер эске алынбаган. Ушундай жагдайда Сыртбай Жолдошевич: “…Пикир алышуунун мүнөзүнө, анын коммуникативдик максаттуулугуна чөйрө да чоӊ таасир эткен сымал, тилдик каражаттарга, чөйрөгө ылайык аксиологиялык мамиле жасоо да кеп ишмердигинин, кептешүү-сүйлөшүүнүн формасын жана түрүн аныктап, айгинелейт. Тилдик норманы кеп аспектисинен кароо, аны лингвостилистикалык планда аныктоо норманын стилистикалык категория экендигин көрсөтөт…”, – деген идеяны сунуштаган. [караӊыз С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж. 107-бет.] Мында сүйлөшүү маданияты стилдик жиктелүүгө, тактап айтканда, функционалдык стилдин кайсы түрүндө сүйлөшүп жатканга тыгыз байланыштуу экени, ар бир функционалдык стилдин өз максаты, алдына койгон милдети, маалымат туюндуруу жана туюндурулган маалыматты кабыл алуу өзгөчөлүктөрү болору, ошондой өзгөчөлүктөргө ылайык биздин сүйлөшүүбүздө тилдик каражаттар тандалып, иргелип колдонулары, ар бир сүйлөшүүдө функционалдык стилдин мыйзам ченемдери талап кылган жагдайлар болору жана аларды дайыма эске алуу зарылдыгы билдирилген. 1990-ж.ж. сүйлөшүү процессин кантип изилдейбиз? Анда кандай маселелерге көӊүл буруу керек? Мында олуттуу, негизги маселелер кайсылар? деген ж.б.у.с. кыргыз баласы үчүн али белгисиз, буга чейин таанылып, иликтене элек, баш катырма миӊ түрдүү суроолорго тушугуп турган мезгилде Сыртбай Жолдошевичтин “сүйлөшүү процессин стилдин мыйзамына байланыштуу изилдеш керек” деп сунуш кылган көз карашы ошо учурда сүйлөшүүнү изилдөө багытында жаӊы нукту аныктады. Кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта андан кийин жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөрдө Сыртбай агайдын бул концепциясы теориялык таяныч катары колдонулду жана азыр да ийгиликтүү колдонулуп жатат. Анткени бул концепция – сүйлөшүү процессин изилдөөдө кыйгап кетүүгө мүмкүн эмес, олуттуу мааниге ээ, теориялык маселени ичине камтыган концепция. “Кандай гана сүйлөшүү болбосун, ал стилдин мыйзамына баш ийип түзүлөт, уюшулат, ишке ашат. Биздин сүйлөшүүбүздө стилдин мыйзамы чечүүчү мааниге ээ болуп, анда негизги кызматты аткарат. Сүйлөшүү болгон жерде стиль бар. Ар бир сүйлөшүү стилден сырткары болбойт. Сүйлөшүү маданияты да стилдин табиятына байланыштуу аныкталат.” [Т.С.Маразыков Экстралингвистикалык факторлордун тексттеги интеграциясы II китеп: – Б.: 2005. ] Ушу сыяктуу биздин бүгүнкү күндө тутунган көз карашыбыздын башаты 1990-ж.ж. башында Сыртбай Жолдошевич тарабынан сунушталган “сүйлөшүү процессин стилдин мыйзамына байланыштуу изилдеш керек” деген көз карашка тыгыз байланыштуу. Ошентип, 1990-ж.ж. башында буга чейин изилдене элек, жаӊы маселе, жаӊы объект катары сүйлөшүү процессине Сыртбай Жолдошевич тарабынан аныктама берилиши, “сүйлөшүүнү стилдик жиктелүүдө ар өӊүттөн иликтөө, таанып билүү зарыл” деген көз караштын сунушталышы кыргыз тил илиминин теориялык жактан жаӊы багытта, жаӊы форматта өнүгүшүнө өбөлгө болду. Мындай көз караш коммуникативдик багытта андан кийин илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн бир нече адистердин калыптанышына да түрткү болду деп ойлойбуз. Мына ушул жагдай академик Сыртбай Жолдошевичтин кыргыз тил илиминин илимий-теориялык жаӊы баскычта өнүгүшүнө кошкон дагы бир теориялык салымы жана жаӊылыгы катары каралышы зарыл.

“Сүйлөшүү маданияты тилдик эмес (экстралингвистикалык) факторлого да көз каранды” деген Сыртбай Жолдошевичтин көз карашы “Кеп маданиятынын маселелери” эмгегинде көтөрүлгөн төртүнчү урунттуу теориялык маселе болуп саналат. 1990-ж.ж. чейин жүргүзүлгөн структуралык багыттагы изилдөөлөрдө тилдик эмес факторлор эске алынбаган. Бул маселеге анча деле маани берилген эмес. Ошондой шартта айтылган “… Кеп маданияты жөнүндөгү маселе – татаал маселе. … анын лингвистикалык маани-маӊызы, жетеси, экстралингвистикалык табият-жаратылышы аркылуу шартталат…” деген Сыртбай Жолдошевичтин идеясы 1990-ж.ж. башында күтүүсүз жаӊылык болду. [караӊыз С.Ж.Мусаев “Кеп маданиятынын маселелери” Б., 1993-ж., 10-бет.] Бул көз караштын түпкүрүндө “сүйлөшүү процессин анда катышкан тилдик эмес факторлордун коштоосунда изилдеш керек” деген идея сунушталган. Ошондуктан бул идея ошо мезгилдеги кыргыз тил илими үчүн адаттан тыш көрүнүш, концепция болгон. Ошондой эле бул лингвистикалык концепцияда коммуникативдик багытта мындан кийин жүргүзүлүүчү изилдөөлөр, иликтөөлөр буга чейинки лингвистикалык изилдөөлөрдөн кескин айырмаланары, буга чейин тилди изилдөөдө колдонулган ык-амалдардан, изилдөө методдорунан башка, жаӊы методдор, жаӊы принциптер колдонулары, ошентип, кыргыз тил илими өнүгүүнүн бир тилкесинен экинчи бир жогорку тилкесине көтөрүлүп жатканы алдын ала кабарланган. Натыйжада, сүйлөшүү процесси жалаӊ эле тилдик каражаттар менен ишке ашпай турганы, анда тилдик эмес факторлор катары: сүйлөшүп жаткан чөйрө, андагы жагдай-шарттар, коомдун жалпы маданияты, улуттук аӊ сезимдин өнүгүш деӊгээли, адамдардын билим деӊгээли, маалымдуулугу, жеке маданияты, кызыкчылыгы, мамиле-катышы чоӊ мааниге ээ болору Сыртбай Жолдошевич тарабынан илимий-теориялык маанилүү маселе катары кыргыз тил илиминде биринчи жолу көтөрүлгөн. Бул жагдай кыргыз тил илиминде сүйлөшүү процессин системалуу, комплекстүү изилдөө боюнча жаӊы лингвистикалык концепциянын, буга чейинки изилдөөлөрдөн кескин айырмаланган, жаӊы көз караштын түптөлүшүнө түрткү болду. Ошентип, сүйлөшүү процесси тилдик жана тилдик эмес (экстралингвистикалык) факторлордун гармониясынан түзүлгөн объект катары жаӊы нукта тааныла баштады.

“Кеп маданиятынын маселелери” эмгегинде көтөрүлгөн бешинчи өтө маанилүү теориялык да жана практикалык да меселе катары сүйлөшүү процессин, сүйлөшүү маданиятын ар тарабынан иликтөө, изилдөө үчүн жаӊы коммуникативдик метод-принциптердин алгач ирет колдонулушун баса белгилөө керек.

Сүйлөшүү процессин жана ага байланыштуу маданий процесстерди, тилдик эмес (экстралингвистикалык) факторлорду, стилистикалык, коммуникативдик, прагматикалык көрүнүш-кубулуштарды комплекстүү изилдөө 1990-ж.ж. кыргыз тил илими үчүн жаӊы маселе болгондуктан, аталган маселени иликтөө да жаӊы ык-амалдарды, мурда кийин бизде колдонула элек, жаӊы, коммуникативдик методдорду колдонууну талап кылган. Алдыда жаӊы илимий-теориялык принциптерди колдонуу зарылчылыгы туулган. Илим-изилдөө багытында жаӊы объектини көрүп, таанып, анын маани-маӊызын баалап-билүү бир теӊ, ал объектини талапка ылайык иликтеп, негизги табият-сырын аныктоо бир теӊ болуп саналат. Сүйлөшүү процессинин табият-сырын, сүйлөшүү маданиятынын кыргыз баласына мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн талапка ылайык аныктоо үчүн кыргыз тил илиминде буга чейин колдонулбаган коммуникативдик жаӊы ыкмаларды, объектини системалуу, комплекстүү, ар тараптуу таанып билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн, жаӊы илимий метод-принциптерди, түшүнүктөрдү ийге келтирип колдонуу 1990-ж.ж. кыргыз тил илиминде зарыл болгон. Бул маселенин чечилиши ар тараптуу, көп тармактуу билими бар, таланттуу адистин болушун да талап кылган. 1990-ж.ж. ар тараптуу билими, илимий-теориялык түшүнүк-баамы, жөндөм-шыгы, зиректиги, ынтызарлыгы, жаштык жигери, баар-баары төп келген Сыртбай Жолдошевич бышып жетилген адис катары аталган маселени чечүүгө көп салымын кошо алды. Чындыгында, кыргыз тил илимине жаӊы лингвистикалык концепцияны, жаӊы илимий метод-принцип, түшүнүктөрдү киргизүү ал үчүн деле оӊой-олтоӊ болбоду. 1980-83-ж.ж. дүйнөгө белгилүү Москва лингвистикалык мектебинде аспирантурада окуду. 1983-жылы кыргыз тилиндеги атоочтук түрмөктөр боюнча жаӊыча жазылган, оригиналдуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Чыныгы илимдин казанында кайнады. Структуралык багыттагы изилдөөлөрдү мыкты өздөштүрдү. Ошондой эле коммуникативдик багытта сүйлөшүү маданияты, текст таануу, стилистика, прагматикалык лингвистика салааларында жүргүзүлүп жаткан илимий-теориялык изилдөөлөрдү активдүү өздөштүрүп, он жыл аталган багытта өзүн өзү таптап, чоӊ такшалуудан, даярдыктан өттү. Бел чечпей, тынымсыз жол издеп, жигердүү эмгектенди. Ошонун натыйжасында гана Сыртбай Жолдошевич сүйлөшүү процессин, сүйлөшүү маданиятына байланыштуу маселелерди жаӊы илимий метод-принциптердин негизинде иликтеп, андагы негизги өзгөчөлүктөрдү, буга чейин кыргыз элинде калыптанган сүйлөшүү маданиятына байланыштуу салт-жөрөлгө, мыйзам ченемдерди, талап-нормаларды, нарк-насил маселелерин ар тарабынан системалуу аныктап түшүндүрүп бере алды. Ошентип, Сыртбай Жолдошевич 1990-ж.ж. башында сүйлөшүү маданиятына байланыштуу жаӊы лингвистикалык концепция менен кошо сүйлөшүү процессин, сүйлөшүү маданиятын изилдөөнүн жаӊы метод-принциптерин, жаӊы ык-амалдарын кыргыз тил илимине сунуш кылды. Айта салганда жеӊил көрүнгөнү менен, бул маселе – адистен өтө көп күч-кубатты, тынымсыз аракетти, кажыбас кайратты, жигерди, көзүн таап, ыгы менен аракет кылчу акыл мээнетин, ичте буркан-шаркан түшкөн жан дүйнө күүсүн, ийкемдүүлүктү, чыгармачылыкты, такшалууну, жетилүүнү талап кылган маселе. Ансыз сүйлөшүү (коммуникация) маселесинин миӊ кырдуу, миӊ сырдуу өзгөчөлүктөрүн, шарт-кырдаалга жараша анын улам кубулуп, өзгөрүлүп турган кыймылдуу, карама-каршылыктуу, диалектикалуу табиятын системалуу түшүнүү да, таанып билүү да, ал процесстерге туура баа берип, аныктоо да, иликтөө да мүмкүн эмес.

Натыйжада, кыргыз тил илиминде сүйлөшүү процессин, андагы бүтүндөй өзгөчөлүктөрдү, бири-бирине шартташкан, бирисиз бири аныкталбаган диалектикалуу көрүнүштөрдү мурда кийин кыргыз тил илиминде колдонулбаган коммуникативдик, лингвопрагматикалык, лингвопсихологиялык, лингвостилистикалык, этномаданий, этнопсихологиялык жаӊы ыкма, жаӊы илимий метод-принциптерди колдонуу менен системалуу иликтөө иштери Сыртбай Жолдошевич тарабынан анын “Кеп маданиятынын маселелери” деген эмгегинде биринчи жолу ишке ашырылды. Албетте, коммуникативдик багытта илимий-изилдөө иштерин системалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен, ар тараптуу, толук кандуу адис катары анын бышып жетилиши жана аталган багытта кыргыз тил илимине жаӊы лингвистикалык концепцияны сунушташы Сыртбай Жолдошевичтин илимде жеӊип алган дагы бир бийиктиги катары каралышы зарыл.

Ошентип, сүйлөшүү процессин, сүйлөшүү маданиятын ар тараптан таанып билүү, ал процесстердин негизги табиятын аныктоо үчүн коммуникативдик жаӊы метод-принциптерди, жаӊы ык-амалдарды кыргыз тил илиминде сунуш кылышы Сыртбай Жолдошевичтин “Кеп маданиятынын маселелери” монографиясында көтөрүлгөн дагы бир урунттуу илимий-теориялык маселе болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта илимий-изилдөөлөрдүн илимий-теориялык, методологиялык жактан туура багытта жүргүзүлүшүнө академик Сыртбай Жолдошевичтин жогоруда сөз болгон лингвистикалык көз карашы чоӊ таасирин тийгизе алды. Ырас, жогоруда биз Сыртбай агайдын “Кеп маданиятынын маселелери” деген эмгегинде анын кыргыз тил илимине сунуштаган айрым гана теориялык жаӊы идеялары, концепциясы тууралуу азыноолак сөз кылдык. Бул окумуштуунун илимге алып келген жаӊылыгы, көтөрүлгөн бийиктиги арбын. Алар тууралуу сөз алдыда, изилдөөлөр да али алдыда. Ошондуктан Сыртбай Жолдошевичти кыргыз тил илиминде коммуникативдик багытта жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөрдүн баштоочу-демилгечиси, анын теориясын негиздөөчүсү катары таанып билүүбүз зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер