СҮЙЛӨӨ КЕБИ КЕЧИККЕН БАЛДАР КӨЙГӨЙҮ

  • 14.03.2026
  • 0

Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү тармагында сүйлөө кеби кечиккен балдардын көбөйүшү актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Коомдун өнүгүшү, технологиянын кеңири колдонулушу жана балдардын жашоо шарттарынын өзгөрүшү алардын тилдик өнүгүүсүнө да таасир этүүдө.

СҮЙЛӨӨ КЕБИ КЕЧИККЕН БАЛДАР КӨЙГӨЙҮ

Бүгүнкү күндө билим берүү системасынын негизги талаптарынын бири – баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Айрыкча мектепке чейинки куракта баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү маанилүү. Анткени сүйлөө кеби баланын:

  • ой жүгүртүүсүн
  • баарлашуу жөндөмүн
  • социалдык адаптациясын
  • билим алуусун түздөн-түз аныктайт.

Мектепке чейинки курак – баланын психикалык, интеллектуалдык жана тилдик өнүгүүсү эң активдүү жүргөн мезгил болуп саналат. Бул мезгилде баланын сүйлөө кеби калыптанып, анын ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы жана социалдык байланыштары өнүгөт. Сүйлөө кеби баланын айлана-чөйрө менен карым-катнаш түзүүсүнүн негизги каражаты болуп эсептелет.

СҮЙЛӨӨ КЕБИ КЕЧИККЕН БАЛДАР КӨЙГӨЙҮ

Бирок айрым балдарда сүйлөө кебинин өнүгүшү өз курагына салыштырмалуу жайыраак жүрөт. Мындай көрүнүш сүйлөө кеби кечигүү деп аталат. Сүйлөө кеби кечиккен балдардын акыл-эси нормада эле болот, бир гана тилинин кеч чыгышы же болбосо тыбыштарды бурмалап айтуусу активдүү жана пассивдүү сөз байлыгы аз болуп, сүйлөмдөрдү туура түзө албашы же үндөрдү так айта албашы мүмкүн.

Андыктан биз балдардын тыбыштарды туура, так айтуусу боюнча мониторингди үзбөй жүргүзүп, салыштырып турушубуз керек.

Бул көрүнүшкө гаджеттерди көп колдонуу, ата-энелердин бала менен аз баарлашуусу жана социалдык факторлор, кош тилдүүлүк да себеп болуп атат.

Сүйлөө кеби жетишсиз өнүккөн бала мектепке барганда окуу материалын түшүнүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан бул маселени мектепке чейинки куракта чечүү педагогикалык жактан маанилүү болуп эсептелет.

Максатыбыз — мектепке чейинки курактагы сүйлөө кеби кечиккен балдар менен иштөөнүн педагогикалык жана логопедиялык ыкмаларын колдонуп, ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, балдардын тилинин так чыгышына ар кандай  көнүгүүлөрдү жасатып туруу.

Негизги иш ыкмалары

  1. Артикуляциялык көнүгүүлөр – тил, эрин жана жаак булчуңдарын машыктыруу.
    2. Логоритмикалык көнүгүүлөр – музыка, кыймыл жана сөздүн айкалышы.
    3. Дидактикалык оюндар – «Аталышын тап», «Кайсынысы ашыкча?» сыяктуу оюндар.
    4. Сүрөт менен иштөө – сүрөт боюнча окуя айтып берүү.
    5. Жомок жана ыр колдонуу – сөз байлыгын көбөйтөт.

Анан албетте ата-энелер менен туруктуу кызматташуу керек. Ата-энелер бала менен күн сайын сүйлөшүп, китеп окуп берип, суроолорду берип, жооп берүүгө үйрөтүшү керек. Ошондой эле гаджеттерди колдонуу убактысын чектөө сунушталат.

СҮЙЛӨӨ КЕБИ КЕЧИККЕН БАЛДАР КӨЙГӨЙҮ

Жыйынтыгында тарбиячылар дайыма балдар менен иштөөдө көптөгөн оюндарды колдонуп келет. Артикуляциялык көнүгүүлөр, логоритмика, дидактикалык оюндар жана жомок менен иштөө баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Учурда адистердин жетишсиздиги да бар. Натыйжада сүйлөө кеби кечиккен балдарга өз убагында жардам көрөтүү кыйын болууда.

Үмүт БЕГАЛИЕВА,

Нарын шаарындагы №1 «Ататүрк» бала бакчасынын методисти, логопед-психолог

 

Бөлүшүү

Комментарийлер