Сүлүктүдөгү устат мугалимдин жаратман эмгеги

  • 04.02.2026
  • 0

Бүгүнкү татаал жана өзгөрүлмөлүү заманда чыныгы баатыр деп кимди айтабыз? Ар ким ар кандай жооп бериши мүмкүн, бирок элдин эртеңин ойлоп, келечек муунга билим менен таалим-тарбия берген мугалимден өткөн каарман жок десек ашыкча болбойт.
Санарип доорундагы ою бир жерге турбаган, гаджеттен көзүн албаган Z муундагы балдарга улуттук көрөңгөлүү билим-тарбия берүү азыр чыныгы эрдикке тете иш. Ошондуктан бүгүн ар бир ата-эне жана коом мугалимдин эмгегинин баркына жетип, алардын сабырдуулугуна, мээримине, жан дүйнө байлыгына таазим этиши керек. Мына ушундай сөз менен коомдун алдыңкы өкүлү, мыкты педагог, алыскы Сүлүктү шаарынын насаатчы мугалими Хализа Жумабаева жана анын ишмердиги жөнүндө айтсак жарашат.

Сүлүктүдөгү устат мугалимдин жаратман эмгеги
Айылдык кыздын кыялы
Бала кезинен мугалим болууну кыялданып, эңсеп жүргөн кичинекей айылдык кыз мектепти ийгиликтүү бүткөндө, 1982–жылы Фрунзедеги Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы» адистигине тапшырып, 1986-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 орто мектепте баштаган. Хализага убагында педагогикалык кесипке багыт берген анын устаты, даанышман педагог М. Рахимова. Ошондон тартып он үч жылдан ашуун мектепте тыным албай, каруусун казык, акылын азык кылып эмгектенди. Устат мугалимдин деңгээлине жетти.

Сүлүктүдөгү устат мугалимдин жаратман эмгеги
Болочок мугалимдердин устаты
Анын өмүрүндөгү өзүнчө жаңы этап –1996-жылы Сүлүктү педагогикалык окуу жайынын ачылышы болду. Хализа педагогика жана психология багытындагы окутуучу катары кирип, болочок мугалимдерди даярдоо ишинде устаттык милдетин баштады. Көз алдына өзүнүн устаттары М.Рахимова, Ы.Ысыкеев, Б.Өмүралиев, С. Кондучалова тартылып, алардын сабактары жана кеңештери дем-күч берди. Ааламдашуу күч болуп турган мезгилде Баткен областы үчүн заманбап мугалим кадрларды даярдоо абдан олуттуу маселе болуп турду.

Тынымсыз жаңылануу
Ошол эле убакта алып учкан мезгил устат мугалимдин өзүн дагы кесиптик деңгээлин, чеберчилигин улам-улам жаңылап, көтөрүп турууга камчылап жатты. Ошондуктан Ош педагогикалык институту менен кызматташып, «Окутуунун активдүү формалары», «Эрте жаштагы балдардын аң-сезимин өнүктүрүү», «Наристе» программалары боюнча, ошондой эле «Единство в многообразии» жана «Заманбап окутуу технологиялары» боюнча курстардан окуду. 2024-жылы «Педагогдун кесиптик компетенттүүлүгү» курсунда билим деңгээлин жогорулатты жана азыркы күндө да талыкпай изденүүнүн үстүндө.

Устатынан шакирти өтүп…
Мээнеткеч педагогдун тынымсыз изденүүсү текке кеткен жок. Анын студенттери Баткен областынын булуң-бурчтарына барып эмгектенип, жергиликтүү мектептерди сапаттуу кадрлар менен толукташууда. Атап айтсак, Худайбердиева Айнура, Бекмуратова Лилия Эшматова Зулайка, Халбекова Мархамат сыяктуу анын окуучулары азыр камчы салдырбай иштеп, «Билим берүүнүн мыктысы» деген атакка ээ болушту.
Айрымдары мектеп жана бала бакчанын башындагы бакыйган жетекчи болушту. “Мурас» балдар бакчасынын директору Амирова Үрнисаны, балдар искусство мектебинин директору Исабекова Надирабегимди, Сүлүктү шаардык маданият сарайынын башкы эсепчиси Эшанкулов Азаматты, “Балалык” балдар бакчасында директор Саипава Буухалды, А. Шамаев атындагы мектептин директору Мааназарова Кыйматайды, балдар бакчасынын директору Саматова Максатайды айтсак жетиштүү болот.

Ачык сабактар жана курч маселелер
Насаатчы мугалим болочок мугалимдер менен студенттерге туура жол көрсөтүп, аларды кесиптик жана инсандык жактан таптап өстүрүп келатат.Ал өткөргөн ар бир семинар, ар бир тренинг жаш адистер үчүн жаңы ойго жетеленген, тарбиялык терең маани камтыган сабак болуп саналат.Устаттын демилгеси менен ар түрдүү семинар-тренингдер, конференциялар, тегерек столдор жана ачык сабактар уюштурулуп, жаш муундун билимге болгон кызыгуусу артууда.Анын өткөргөн сабактарынын темаларын эле айтсак жетиштүү: “Эмоционалдык интеллект”, “Диний экстремизм жана анын кесепеттери”, “Мектеп рекети”, “Кыргыздын ыйык сандары”, “Зет муундун балдары” сыяктуу коомдук курч маселелерди көтөрүп, жаштарды ой жүгүртүүгө, талдоого жана туура багыт табууга үйрөттү.
Ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган талкуулар да студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, алардын улуттук нарк-насилди терең түшүнүүсүнө өбөлгө болду. Анын ар бир иш-чарасы жөн гана билим берүү эмес, жаш муундун акыл-эстүү, адептүү жана жарандык жоопкерчилиги жогору инсан болуп жетилишине салым кошкон баа жеткис эмгек.

Сүлүктүдөгү устат мугалимдин жаратман эмгеги
Ак эмгектин сый-урматы
Хализа Увайдуллаевна окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн билим беръъ министрлигинин Ардак грамотасы (2003), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси (2008),” Насаатчы» эл аралык коомдук фондунун «Ардактуу мугалим» төш белгиси (2021), БатМУнун, Баткен шаарынын ардак грамоталары менен сыйланган.
Болочок мугалимдерге өсүп-өнүгүүгө дем берген, кесиптештер үчүн таяныч болгон Жумабаева Хализа бүтүндөй Баткен жергесинин урмат-сыйына татыктуу болгон насаатчы мугалими. Кесипке берилгендик, тынымсыз изденүү анын эмгегинин өзөгүн түзөт. Ар бир кадамы билимге, адамдык наркка жана тарбияга кызмат кылган мээнеттин үлгүсү. Ошондуктан жакында Хализа Жумабаеваны Педагогика жана коммуникациялар колледжинин жетекчилиги жана эмгек жамааты Бишкек шаарына Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган республикалык салтанатка ардактуу өкүл катары жиберишти. Эми,эрдик кылсаң-сүрө кыл демекчи, жергиликтүү бийлик органдары кадырлуу-сыйлуу устат мугалимдин эмгегин акыйкат баалап, “Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына көрсөтсө, эң туура иш болот эле.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер