РЕСПУБЛИКАЛЫК ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ
- 13.02.2026
- 0
2026-жылдын 11-12-февралында Республикалык олимпиаданын II баскычы (райондук) өттү. Бул турдан өткөн мыктылар шаардык, облустук сынактара жолдомо алышат.

Талас
Талас облустук усулдук борборунун директору С.Бейшенованын айтымында, олимпиадага катышкан окуучулардын жалпы саны: Талас — 249 окуучу; Бакай-Ата — 254 окуучу; Айтматов — 375 окуучу жана Манас — 343 окуучу.
— Жалпы облус боюнча 1221 окуучу катышты. Тапшырмалар өз убагында келип, өз учурунда тапшырылды, эч кандай тартип бузуулар жана кечигүүлөр болгон жок. Жыйынтыгы кечке чейин чыгат, — дейт жетекчи.
Ак-Талаа району
Бул иш-чара эң зээндүү, таланттуу жана билимдүү жаштардын башын бириктирген чыныгы билим майрамы болду. Алсак, Ак-Талаа районундагы 18 жалпы билим берүү мектебинен 10 предметтен 338 окуучу катышты.
Билимдүүлөр жарышында мыктылар аныкталат.
Ош шаары
Олимпиада эки күнгө созулуп, ага буга чейинки тандоо турунан өткөн 260тан ашуун окуучу катышты. Окуучулар 17 багыт боюнча күч сынашып, билим деңгээлин көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар кийинки баскычка жолдомо алышат.
Баткен
Олимпиадага 291 окуучу катышып, предметтик комиссия, калыстар тобу өз милдеттерин так аткарышты. Окуучулардын саламаттыгын жана коопсуздугун укук коргоо органдары жана медициналык кызматкерлер көзөмөлгө алып турушту.
Баткен шаарынан тандалып алына турган окуучулар облустук, Республикалык турдан ийгиликтүү жыйынтык көрсөтөт дешет жетекчилер.
Жыйынтыгы тууралуу кошумча дагы маалымат берилет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер