РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ  

  • 05.03.2026
  • 0

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   Билим берүү менен илимдин айкалышкан чөйрөсүндө өзүнүн таза эмгеги, чынчылдыгы жана адамдык бийик сапаттары менен сыймыктанылып айтылчу инсандар көп эмес. Адамдарда  сейрек кездешкен тунук мүнөздүү, терең билимдүү, жаратылышынан жөнөкөй, бирок өзгөчө жандуу, принципиалдуу, талантуу окумуштуу-педагогдордун  бири, кыргыз педагогика илимий  коомчулугуна таанымал  болгон окумуштуу,  педагогика илимдеринин  кандидаты, доцент Исаева Рапия Уркасымовнаны мен көп жылдардан бери билем, ал тургай анын  окумуштуу-педагог,  мыкты мугалим-насаатчы, мыкты уюштуруучу жана жетекчи катары көп кырдуу  ишмердүүлүгүнө күбө болуп келем.

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   

Педагогика илиминде баланын инсан болуп калыптанышына төрт фактор  таасирин тийгизет деп айтабыз: тукум куучулук менен байланышкан табигый фактор, тарбия фактору, социалдык фактор жана жеке активдүүлүк. Мына ушул төрт фактор бириккенде гана коомго керектүү инсан калыптанат.  Алыскы касиеттүү  Ысык-Көлдүн  жери кооз болгон Түп районун Арал айылынын жаратылышынын кооздугу,  жогорку билимдүү жана эл башкарган адамдардын кызы  болуп төрөлгөндүгү, ата-энесинин билим алуусуна койгон катуу талабы, жашоодо чынчыл, адамгерчиликтүү жана маданияттуу болсун деген   тарбиялары  кичинекей кезинен баштап эле көп нерсеге милдеттендирип, алдыга карай умтулууга жол көрсөтүп турган.

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   

Ушул макалада Исаева Рапия Уркасымовнанын 60 жаш кутман курагында өзүм баам салган бейнесин ачып берейин дедим.

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   

Рапия Исаева мугалим катары жөн гана педагог эмес, өз кесибин сүйгөн мыкты, талантуу кесипкөй адис. Физика илимин окутуунун  сырларын, технологиясын   студенттерге жеткирүүдө, алардын келечектин  мыкты мугалимдери болушуна өбөлгө түзүүдө талбай эмгектенип келет. Анын лекцияларында – физика илиминин илимдин кызыктуу дүйнөсүн ачуунун, билим алуунун эң жогорку баскычын үйрөнүүгө болот. Студенттери баалап, анын берген билиминин натыйжаларын көп белгилеп келишет. Мисал катары,  студенттери менен бүтүүчүлөрүнүн айткан, жазган сөздөрүн келтирсек: “эженин лекцияларынан физикалык түшүнүктөрдүн мазмунун жана маңызын түшүндүк”, “эже дайыма кызыктуу өтөт, кантип убакыт өткөнүн билбей калабыз”, “эжей бизге дайыма айтчу эле: “Мектепке барганда жок эле  дегенде беш жыл аябай жан дилиңер менен, кесибиңерге берилип күнү-түнү иштегиле, билимиңерди өстүргүлө, сабакка аябай даярдангыла, балдарды сүйгүлө, анан силерге жакшы  имидж калыптанат, силерди баалап башташат, ошол имидж силер үч үчүн өмүр бою иштейт”, — эженин ушул сөзү дайыма эсимде”, “физика предметин ушундай бир кызыктуу кылып, турмуш менен байланыштырып айтып берет дейсиң, физика илими кызыктуу болуп калат, ошону эстеп окуучуларга айтып берем”, “мугалим  класска киргенде артист. Сахнага чыгып роль ойногондой болуш керек, т.а. артист көрүүчүлөрдү каармандын  образына киргендей, же ошол  абалга түшүнгөндөй (ыйлата же күлдүрө, кубанта же кейите алгыдай), тыянак чыгара алгыдай аткарса, мугалим да теманы түшүндүргөндө окуучуларды физикалык кубулушту элестете алгандай,  аны түшүндүргөн теория жана закондордун мазмунун, маанисин терең өздөштүргөңдөй абалга жеткириши керек. Мугалимдин чеберчилиги мына ушунда”  ж.б.  Бул ойлор бекеринен келип чыккан жок. Жогоруда айткандардын баарына толук кошулам жана мен да эженин таза, ак ниет, билимдүү, тажрыйбалуу педагог, билим берүүнүн чыныгы күйөрманы экендигин белгилейм.

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   

Рапия Исаева 30 жылдан ашык убакыттан бери аталган факультетте иштеп, анын окуу иштерин уюштурууга, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун ченемдик-укуктук документтерин, башкача айтканда. билим берүү стандартын, базистик окуу пландарын, билим берүүнү компетенциялык негизде жүргүзүүнүн жоболорун, ар кандай формадагы практикаларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоого активдүү катышып келген.

РАПИЯ ИСАЕВА – ҮЛГҮЛҮҮ ИНСАН, ТАЛАНТТУУ ОКУМУШТУУ ПЕДАГОГ АЙЫМ   

Рапия Исаева – илимий ишмердүүлүгү жактан айтсак: илимге берилгендиктин жаркын үлгүсү. Дайыма илимий изденүүдө жана  илимий чөйрөдө активдүү. Ар кандай илимий-практикалык конференцияларга катышып, мазмундуу докладдарды окуп жүрөт.

Ушул жерден илимий ишмердүүлүгүнө анын илимий жетекчиси, профессор, азыркы кыргыз педагогикасынын атасы Эсенбек Мамбетакуновдун жазган баалоосун келтирсек, жетиштүү болот го деп ойлойм: “Рапия Исаеванын орто мектепте физиканы окутуунун теориясы менен методикасы тармагы боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү менен студенттерди окуучулардын физикалык түшүнүктөрүн калыптандырууга даярдоонун психодидактикалык маселелери боюнча даярдаган жана ийгиликтүү коргогон диссертациясы илимий-теориялык жана практикалык жактан өзгөчө мааниге ээ болгон эмгек болуп калды. Аны мектептин мугалимдери, студенттери өзгөчө кызыгуу менен колдонуп жүрүшөт. Акыркы жылдары чет элдик журналдарга жарыялаган макалалары илимий чөйрөнүн кызыгуусун жаратууда жана ага көптөгөн шилтемелер берилүүдө. Бул көңүлгө ала турган жана колдоо таба турган жетишкендик. Ошону менен баарыбыз сыймыктанабыз.”

 Илимий-методикалык эмгектеринин саны жалпы саны 110дон ашык,  анын ичинен тогуз окуу, окуу-методикалык куралдар,  эки окуу-методикалык-комплекс, үч макала Скопус журналдарында жана айрымдары чет мамлекеттерде   (Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Украинада, Иранда) жарык көргөн.

Илимдеги  жетекчиси профессор Эсенбек Мамбетакуновду өтө терен урматтап келгендигин да өзгөчө белгилеп кетким келди. Эже дайыма айтып  калат: «Мен агай менен илимий жактан байланышканыма, анан да  илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун теориясы боюнча илимий тема бергенине (анткени, ал мага физика илимин терең түшүнүүгө, деги эле жашоону түшүнгөнгө  жардам берип келет), агайдан бардык жагынан  көп тарбия алганыма жана  анын жанында болууга мүмкүнчүлүк   алганыма   өтө ыраазымын жана сыймыктанам. Агайдын ар бир кыймыл-аракети, жазганы, иштөө стили, убакытты туура пайдаланганы, ар бир жыйында айткан сөздөрү, насааттары, кеңештери, эскертүүлөрү, керек болсо… уяткаргандары… мага аябай чоң мектеп болуптур». Эженин дагы бир өзгөчөлүгү жана адамгерчилиги, бул өзүнүн өмүр жолунда кезиккен, анын  окутуучу катары, уюштуруучу катары дараметин ачкан жана мүмкүнчүлүк берип келген,  учурда көзү өтүп кеткен  адамдарды, мектепте жана студенттик кезде окуткан, физика факультетинде чогуу иштешкен агай-эжейлерин дайыма таазим кылуу менен эскерип жүрөт.

Рапия Исаева профессор Эсенбек Мамбетакуновдун илимий мектебинде орду чоң окумуштуулардын бири. Агай  менен бир кафедрада иштеп, ар дайым жеңилин жерден, оорун колдон алып, мектептин илимий отчетторун, илимий иш-чараларын, эмгектерин даярдоого жардам берип, илимий жетекчиге эле эмес, мектептин бардык мүчөлөрүнө жардам берип келе жатат.

Рапия Исаеваны инсан катары  өтө чынчыл, туура эмес көрүнүштөрдү бетке айткан, дайыма жардамын аябаган, таза ниет, ак көнүл, мүнөзү ачык, адамдарга тегиз бирдей, маданияттуу мамиле кылган, айткан сөзүнө турган, берилген  ишти же суранычты жоопкерчиликтүүлүк менен так аткарган, адамгерчилиги жогору, өзү иштеген улуттук университетке өтө берилген  инсан катары тааныйм жана баалайм.

Рапия Уркасымовна социалдык жаткан да өтө активдүү. Республикалык масштабдагы, улуттук университеттеги  ар кандай коомдук, саясий иштерге да активдүү катышып, коомчулукка билимдүү, объективдүү жана принципиалдуу инсан катары таанымал болгон инсан.  Анын илимий-методикалык,  коомдук-социалдык, уюштуруучулук ишмердүүлүгү көп кырдуу: КРнын Президентинин алдындагы АДСтин мүчөсү (2021-ж. бери); “Кыргызстандын физиктери” коомунун окумуштуу катчысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин    лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча эксперти (2018-2025-жж.); КРнын Президентин, жергиликтүү жана Жогорку кеңештерге депутаттарды шайлоо, референдумдарды өткөрүү боюнча УИКтин төрайымы (2010, 2011, 2016, 2017, 2020, 2021-жж.); КРнын окуу жайларына этникалык кыргыздарды, Кытай Эл Республикасына, Венгрияга КРнын окуу жайларынан  студентерди, магистранттарды, докторанттарды  тандоо боюнча конкурстук комиссиянын төрайымы жана мүчөсү (2022, 2023, 2024, 2025-жж.); КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы билим берүү уюмдарын лицензиялоо боюнча кеңештин мүчөсү (2023-2025); КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Улуттук аккредитациялык кенешинин мүчөсү (2025-ж. бери); КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы “Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын Камкорчулар кеңешин тандоо боюнча комиссиянын” мүчөсү.

Рапия Уркасымовна жаштарга билим берүүдө, КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн  бир топ мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (20.12.2022-ж.); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2025-ж); КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы; Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси; Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Мыкты лектору”; КРнын Президенттинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төш белгиси; КРнын ББжИ министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси; КР Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ардак   грамотасы; КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык кеңешинин Ардак  грамотасы жана “Антикоррупциянын мүчөсү” медалы; Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталары; Ж. Баласагын атындагы КУУнун “мыкты илимий изилдөөчүсү” наамы; университеттин Ардак грамоталары; Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Илимий эмгектердин жарыяланышы боюнча ТОП-15 рейтингине” киргендиги  боюнча ректордун Ыраазычылык каты.

Рапия Исаева кесиптик жана илимий квалификациясын дайыма жогорулатуунун үстүндө жүрөт. Акыркы беш жылда эле квалификациясын  жогорулатуу максатында катышкан курстардын, семинарлардын, тренингдердин 20 сертификаты жана илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын  апробациялоо максатында катышкан эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференциялардын, тегерек столдордун 28 сертификаты бар. Илимий-практикалык конференциялардагы окулган мыкты докладдары үчүн биринчи  даражадагы беш дипломго ээ болгон.

Рапия  эже ишенимдүү жар,  мээримдүү эне, чоң эне. Илимпоздордон турган үлгүлүү үй- бүлөнүн куту. Эже өзүнүн үй-бүлөсүнө, бир туугандарына кылган аяр мамилеси, уул-кызын билимдүү, интеллигенттүү тарбиялаганы башкаларга үлгү боло алат. Өзгөчө, эже өзү айткан “кичинекей ийгиликтерине” жетишине себепкер болгон пенсиясына окуткан ата-энесине, тээ 90-жылдары замандын оор кездеринде “илиминди таштаба” деп, бардык жагынан  колдоо көрсөткөн бир туугандарына жана өмүрлүк жолдошуна ыраазычылык билдирип келет.

Жыйынтыктыгында, Рапия Исаеванын бейнесинде адамдык ак ниеттиги, билимдин тереңдиги, тажрыйбасынын молдугу бирдей камтылган. Анын ар бир жасаган иши – терең ойлордун, изилдөөчүлүктүн күзгүсү. Алардын жыйынтыктарынан карай турган болсок, кесибине жана илимге болгон чексиз сүйүүсү, кумары сезилет. Рапия Уркасымовнанын басып өткөн жолунан мезгилдер бою чогулган илимий тажрыйбанын, билимди жайылтууга арналган өмүрүнүн чагылышын байкасак болот.

Бул жылы Рапия эже 60 жаштын бийик өрүнө чыгып, өмүр жолунун, илимий жана педагогикалык эмгегинин дагы бир маанилүү этабын белгилеп жатат. Анын көп жылдык эмгеги, чынчыл мүнөзү жана таза жүрөгү жаштарга өрнөк.

Рахат СУЛАЙМАНОВА, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер