ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА — БИЛИМ САПАТЫНЫН КӨРСӨТКҮЧҮ
- 18.02.2026
- 0
Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы билим сапатын жогорулатуунун маанилүү механизмдеринин бири болуп саналат. Ал окуучулардын интеллектуалдык потенциалын аныктоого, чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектеги кадрларды тандоонун натыйжалуу системасын түзүүгө өбөлгө түзөт. 2026-жылдын 11-12-февралында Республикалык олимпиаданын II баскычы (райондук) болуп өттү. Бул турдан өткөн мыктылар шаардык, облустук сынактара жолдомо алышты. Олимпиаданын III баскычы 2026-жылдын 27-28-февралда өтөт.

21844 окуучудан 1606 гана 3-этапка өттү
Агартуу министрлигинин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын башкы адиси О.А.Брызгалованын берген маалыматы боюнча, республикалык олимпиаданын биринчи этабында жалпы билим берүү уюмдарынын — мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик мектептердин 21 844 окуучусу 1-этапта катышты. 1-, 2- жана 3-орунду ээлегендер сынактын 2-этабында билим боюнча күч сынашып, 1606 окуучу жеңүүчү деп алдыга суурулуп чыгышты жана кийинки этапка жолдомо алышты. Олимпиада 12 предмет боюнча өткөрүлдү.
— Математика, физика, химия, биология жана англис тили боюнча базалык жана тереңдетилген сабактарга бөлүү мектептердин өтүнмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт, — дейт башкы адис.
Бишкек шаары
Окуучулардын Республикалык (райондук) олимпиадасынын II этабына шаардын билим берүү уюмдарынан 2807 окуучу катышты. Олимпиада 11 предмет боюнча эки турда өткөрүлдү: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых, география, биология, англис тили, химия, математика, физика, информатика предметтери боюнча.
Жалпы билим берүүчү предметтер боюнча окуучулардын Республикалык (райондук) олимпиадасынан 1-2-орунду ээлеген 146 жеңүүчү Республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабына катышат.
Чүй
Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Султановдун берген маалыматына таянсак, олимпиаданын тапшырмалары өз убагында алынган. Олимпиаданын жүрүшүндө жалпысынан одоно укук бузууларга жол берилген жок.
— Уюштуруучулар менен мектеп администрациялары катышуучулардын ден соолугун, коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү деңгээлде иш алып барышты. Жалпысынан райондук турга 3797 окуучу катышып, облустук турга жеңүүчүлөр деп эсептелген 253 окуучу тандалды. Олимпиаданын бул жолку өзгөчөлүгү — окуучулардын алган баллдары Э-Күндөлүк системасына жүктөлүп, автоматтык түрдө эсептелинип таза өтүүгө чоң өбөлгө түздү, — дейт жетекчи.
Нарын
Нарын облусунун билим берүү методикалык борборунун директору О.Солтобаевдин берген маалыматына таянсак, олимпиаданын өтүшүнө коомчулуктун, айыл өкмөттөрдүн, айылдык депутаттардын өкүлдөрү, Нарын облусунун билим берүүнүн методикалык борборунун кызматкерлери байкоочу катары катышты.
— Олимпиаданын материалдары саат эртең мененки 7де келип түшүп, байкоочулардын катышуусунда окуучулардын санына жараша көбөйтүлүп чыгарылды. Саат 10.00дө тапшырмалар окуучуларга таратылып, старт берилди. Саат 14.00дө тапшырмалардын жооптору, нускамалары келип, комиссия мүчөлөрүнө берилди. Олимпиадага жалпы облус боюнча 2090 окуучу катышты. Алардын ичинен 59 окуучу 1-орунду, 56 окуучу 2-орунду, 63 окуучу 3-орунду камсыз кылышты. 1-2-орунду ээлеген 115 окуучу олимпиаданын облустук III туруна катышууга жолдомо алышты, — дейт директор.
Ар бир район боюнча карап көрсөк, Ак-Талаа району боюнча жалпы 322 окуучу катышып, алардын ичинен 12 окуучу 1-орунду, 12 окуучу 2-орунду, 14 окуучу 3-орунду ээлешти. 1-2-орунду ээлеген 24 окуучу облустук III турга катышууга жолдомо алышты. Ат-Башы району боюнча жалпы 373 окуучу катышса, алардын ичинен 13 окуучу 1-орунду, 13 окуучу 2-орунду, 9 окуучу 3-орунду ээлешти. 1-2-орунду ээлеген 26 окуучу облустук III турга катышат. Жумгал району боюнча жалпы 304 окуучу катышты. Алардын ичинен 9 окуучу 1-орунду, 8 окуучу 2-орунду, 7 окуучу 3-орунду ээлешти. 1-2-орунду ээлеген 17 окуучу облустук III турга катышууга жолдомо алышты. Ал эми Кочкор району боюнча жалпы 575 окуучу катышты. Алардын ичинен 11 окуучу 1-орунду, 10 окуучу 2-орунду, 9 окуучу 3-орунду ээлешти. 1-2-орунду ээлеген 21 окуучу облустук III турга катышат. Ошондой эле Нарын шаары, району боюнча жалпы 516 окуучу катышты. Алардын ичинен 14 окуучу 1-орунду, 13 окуучу 2-орунду, 24 окуучу 3-орунду ээлешти. 1-2-орунду ээлеген 27 окуучу облустук турда күч сынашмакчы.
Ошондой эле 2025-жылы КРнын Агартуу министрлиги тарабынан олимпиада өткөрүү боюнча кабыл алынган жаңы Жобонун 3-пунктуна ылайык максималдуу сандык упайдан 40% же андан төмөн балл алган окуучуларга орундар, сыйлыктар берилген жок жана III турга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.
Албетте, биринчиден, бул жетишкендик мугалимдердин талыкпаган эмгегинин, ата-энелердин колдоосунун жана окуучулардын тынымсыз аракетинин, алган билимдин предметке болгон сүйүүнүн, кызыгуунун жыйынтыгы десек болот.
Талас
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан олимпиада Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы N2 орто мектебинин жана «Манас Ата Талас» билим берүү мекемесинин базасында уюштурулду. Олимпиадага жалпы 249 окуучу катышып, 54 окуучу байгелүү 1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышты. Алардын ичинен 1-, 2-орун алган 37 окуучу олимпиаданын облустук этабына катышат.
— Олимпиаданын талапка ылайык, тынч, таза, калыс, ачык-айкын өттү. Бул этап окуучулардын предметтик даярдыгын тереңдетүүдө, алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо жана билим берүү системасынын сапатын баалоодо маанилүү роль ойнойт. Облус боюнча райондук этапка жалпы 1221 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулардын аймактар боюнча көрсөткүчтөрүн алсак, Талас шаары жана району — 249 окуучу; Бакай-Ата району — 254 окуучу; Айтматов району — 375 окуучу жана Манас району — 343 окуучу. Бул көрсөткүчтөр аймактардагы окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун жана интеллектуалдык активдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин айгинелейт.
Предметтик олимпиадалар окуучулардын теориялык билимдерин гана эмес, практикалык ой жүгүртүүсүн, логикалык талдоо жөндөмүн жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн текшерүүгө багытталган. Мындай комплекстүү баалоо окуучулардын билим деңгээлине жана интеллектуалдык туруктуулугуна жогорку талаптарды коёт, — дейт Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.
Анын айтымында, райондук этаптын жыйынтыгында 139 окуучу мыкты жыйынтык көрсөтүп, облустук этапка жолдомо алышты. Анын ичинде: Талас шаары — 37 окуучу; Бакай-Ата району — 35 окуучу; Айтматов району — 39 окуучу жана Манас району — 28 окуучу.
— Бул жетишкендиктер билим берүү уюмдарынын системалуу ишинин, мугалимдердин кесипкөйлүгүнүн жана окуучулардын үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат. Облустук этапка өткөн 139 окуучу эми регионалдык деңгээлдеги интеллектуалдык атаандаштыкта күч сынашат. Бул баскыч алардын билим сапатын тереңдетүүгө, потенциалын кеңейтүүгө жана республикалык олимпиадаларга даярдыгын чыңдоого багытталат. Райондук этаптын жыйынтыктары аймактагы билим берүү мекемелеринин потенциалы жогору экенин далилдеп, окуучулардын илим-билимге болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүп жатканын көрсөттү, — дейт Салтанат Бейшенова.
Тогуз-Торо
Билим таймашына райондогу мектептерден жалпы 267 окуучу катышып, ар түрдүү сабактар боюнча өз билим деңгээлин сынап көрүштү.
— Олимпиаданын максаты — окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, таланттуу жана шыктуу жаштарды аныктоо жана колдоо. Катышуучулар математика, физика, химия, биология, кыргыз тили жана адабияты, орус тили, англис тили, тарых жана башка предметтер боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 20 окуучу облустук этапка жолдомо алышты. Эми алар Жалал-Абад облусунда өтө турган олимпиадада райондун намысын коргошот. Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине райондук билим берүү бөлүмү тарабынан грамоталар тапшырылды, — дейт райондук бөлүмдүн башчысы Б.Таалайбеков.
Баткен шаары
Олимпиадага 291 окуучу катышып, предметтик комиссия, калыстар тобу өз милдеттерин так аткарышты. Окуучулардын саламаттыгын жана коопсуздугун укук коргоо органдары жана медициналык кызматкерлер көзөмөлгө алып турушту.
Баткен шаарынан тандалып алынган 38 окуучу облустук этапка жолдомо алышты. Жалпы Баткен облусу боюнча 1487 окуучу катышып, анын ичинен 181 мыкты деп табылды. Республикалык турдан ийгиликтүү жыйынтык көрсөтөт дешет жетекчилер.
Ош облусу
— Олимпиада окуу жылынын ичинде төрт этап менен өткөрүлөт: 1-баскыч – мектептерде (январь) өткөрүлдү, 2- баскыч – райондук деңгээлде. Быйылкы олимпиадада тапшырмалар жылдагыдай эле “Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору» тарабынан түзүлүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн электрондук даректерине келип түштү. Тапшырмаларды алууда эч кандай көйгөйлөр болгон жок. Быйылкы олимпиаданын жылдагыдан өзгөчөлүгү ар бир окуучу Е-Күндөлүк аркылуу катталды. Жалпы облус боюнча 2418 окуучу өз билимдерин сынашты. Алардын ичинен байгелүү орундарды алышкан 231 окуучу 3-баскычка катышуу укугун алышты. Азыркы учурда даярдыктар жүрүүдө, — дейт Ош билим берүү институтунун директору С.Аматов.
Ошентип, райондук турдан өткөн 1606 окуучу 3-этапка жолдомо алышты. III этап 2026-жылдын 26-27-февралда облустук/шаардык сынак старт алат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер