PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ КҮЖҮРМӨН ИШТЕР

  • 01.04.2025
  • 0

Өткөн айда өлкө боюнча STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарынын бешинчи этабы аяктап,  окуу ишине 16 миңден ашуун  мугалимдер  тартылды.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ КҮЖҮРМӨН ИШТЕР

Кара-Суу райондук  билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, улуттук мастер-тренер Элеман Жанышовдун бизге берген маалыматына караганда, PISA-2025 тестирлөөсүнө даярдык көрүүдө Кара-Суу  районунан  илим багытында 752 мугалим, ал эми математика багыты боюнча 320 мугалим  кайра даярдоо курсунун 72 сааттык  программасынан  өттү.

Карасуулук улуттук мастер-тренердин айтуусунда  5-агымда билим алгандар жалпы 10 тайпаны түзүп,  райондогу  алдыңкы таяныч билим берүү мекемелери: №86 Курманжан Датка, №77 Хамза,  №88 М.Заиров,  №139 К.Эрматов, №66 К.Жакыпов  атындагы билим берүү мекемелеринин базасында өткөрүлдү.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ КҮЖҮРМӨН ИШТЕР

Бүгүн башталган эл аралык иликтөөгө райондон Жусуп Турусбеков атындагы  жана №124 жалпы билим берүү орто мектеби катышууда.

Белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги жана республикалык мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу институту менен бирге STEM сабактары боюнча чоң масштабдагы окутууну координациялап жүргүздү.

Кара-Суу районунда бөлсө тренерлер физика, биология, химия, география предметтеринин мугалимдерине химиялык элементтердин реакциясын практика жүзүндө үйрөтүштү. Курска келген окутуучулар тажрыйбаларын өнүктүрүү менен бирге эң алдыңкы эл аралык тажрыйбалар менен тааныша алышты.

Мында мугалимдер мектеп окуучуларына лабораториялык иштерди жүргүзүүдө кандай эрежелерди эске салуу  керектигине көңүл бурушту.

Аталган окуу иштери мектеп мугалимдерин 5E илимий модели менен тааныштырууну көздөдү. PISAнын компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу окуучулардын табигый сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы өтүлгөн методиканы мугалимдер кандай пайдаланып жатканына да анализ берилди.

PISA-2025: КАРА-СУУДАГЫ КҮЖҮРМӨН ИШТЕР

Бул курс «ПИЗА компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатуу» деп аталып, жалпысынан: тартуу, изилдөө, түшүндүрүү, тереңдетүү жана баалоо болуп беш этаптан турду.

Курска катышкан мугалимдер мектеп окуучуларынын STEM сабактарына кызыгуусун арттыруу, алардын сынчыл ой-жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдүүлүгүн жана топ менен иштөө көндүмүн өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды окуп үйрөнүүдө пайдалуу маалыматтарды алышканын айтышты.

— Бул семинардан жаңы 12 жылдык окутууга өтүү боюнча мазмундуу билим алдым. Биз окутууда практикага көңүл бурушубуз керек экен. Практика жүзүндө окутканда, балдар көбүнчө келечекке даяр болушат тура. Анткени балдар көзү менен көргөндө көп нерсени түшүнүп, аларда кызыгуу пайда болот, — дейт райондогу Курманжан Датка атындагы орто мектебинин директору Гүлсүн Бөрүбаева.

Эске салсак, аталган семинардын негизги максаты мамлекеттик стандарттарда каралган талаптарды так аткаруу менен мугалимдерди жаңы көндүмдөргө ээ кылуу, окуучулардын теориялык алган билимин лабораториялык жана практикалык иштер менен бышыктоо болуп саналат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер