ПЕДАГОГДУК ШЫК ДААРЫГАН ИНСАН
- 21.11.2025
- 0
Турмушта далай адамдар менен жолдош, мамилелеш болоруң белгилүү, бирок айрымдары менен турмуш жолуң ача кетсе, кээ бирлери менен жанаша аккан суудай катарлаш болот экенсиң. Менин өмүрүмдө ошондой пикирлеш, шериктеш, замандаштарымдын катарында Мурзубраимов Бектемир өзгөчө орунга ээ экендигин белгилегим келет.

Бектемирди 1959-жылдын сентябрынан бери билем. Ал кезде биофактын жогорку курсунун студенти болсо да, өз факультетинин жана ОшПИнин коомдук иштеринин активдүү катышуучусу жана уюштуруучусу катары окутуучулар менен студенттер жамаатына таанымал болчу. Спорттук оюндарды, түрдүү
таймаштарды уюштурууда физкультура мугалимдери менен бирдикте көп иштерге аралашып жүргөнүн байкап калар элем.
Коомдук иштерге аралашып, активист катары таанылган менен сабакты экинчи планга калтырган студенттер бар эмеспи. Бектемирдин андайлардан эместигин, терең билим алууга баш оту менен киришип, мыкты окуган студент экендигин сезгем. Окуу залынан дайыма студент Бектемирдин китеп окуп отурганын көрөт элем. Ал кезде институттун окуу залы кыштын күнү деле түнкү саат 23.00 чейин иштөөчү. Күзөтүүчү китепканачылар кээде Бектемир жана ага окшогон бир топ студенттердин айынан окуу залын 20-30 минута кечирээк жабышкан учурларга туш келгеним эсимде.
“Бешиктеги баланын бек болорун ким билди” дегендей, ОшПИнин биофагын ийгиликтүү аяктап, институттун бүтүрүүчүлөрүнүн биринчилеринен болуп аспирантурага окуп, өз мөөнөтүндө кандидаттык диссертациясын коргоп, бат эле учкан уясына жогорку классификациялуу, илимий даражалуу жаш адис катары келген. Ошондон бери мен Бектемир менен чогуу иштеп келе жатам. Ошентип, Бектемир
Мурзубраимов менин көз алдымда эле студент, аспирант, илимдин кандидаты,
доцент, илимдин доктору, профессор, Улуттук иимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик даражаларына жана наамдарына эгедер болду. Иш ордунда лаборант, ассистент, ага окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, декан, проректор, ректор, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына эки жолу депутат болуп шайланды.
Мен жогоруда санап чыккан наам, даража, мансаптарга Бектемир пешене тери, ак эмгегинин үзүрү жана татыктуу жүрүш-турушу менен жеткендиги менин ичимди жылытат, ушуларды Кудайым өзүнө кут кылсын!
Учкул мезгилге арга жок экен, мына, бүгүн ал алтымышты аркалап олтурат. Бектемирди пайгамбар жашы менен куттуктаган дос-жоролору, тууган-уругу, кесиптештери анын ар кандай сапаттарып түрдүү өңүттөн алып карап, куттуктоо сөздөрүн айтышары бышык. А мен болсо анын педагогдук дидарын ачып берүү үчүн айрым сүртүмдөрдү жасоону эп көрүп отурам. Бектемир − табигый акыл-эстин уюткусу бар, тубаса педагогдук шык даарыган инсан. Куру сөздүү болбос үчүн айрым мисалдарды күбөгө тартайын. 1979-1987-жылдары мен ОшПИнин педагогика жана психология кафедрасын жетектедим. Ошол жылдары ыраматылык СССРдин өкмөтү менен КПССтин жетекчилери мектепке жана мугалимдерге чын ыкласы менен жүзүн буруп, мектеп реформасын кабыл алып, мугалим даярдоону түп тамырынан бери жакшыртууну учурундагы эң негизги маселе катары койгон эле. ОшПИнин педагогика жана психология кафедрасы Союздун алдыңкы пединституттарынын (Москвадагы, Ленин, Ленинграддагы Герцен атындагы, Украинадагы, Полтава пединституттарынын) үлгүлүү иш тажрыйбаларын үйрөнүп келип, ОшПИде жайылтууга киришкен болучу.
Бектемир биология факультетинин деканы катары кафедранын демилгечисин чын дилден колдоп, биздин кафедранын мугалимдери менен бирдикте биология, химия, география мугалими болууну каалаган абитуренттер менен кирүү экзамендерин алдындагы аңгемелешүү комиссиясын башкарган. Педагогика жана психология кафедрасы ар бир абитуриенттеги болочок мугалимге өтө зарыл касиеттер бар экендигин 12 параметр боюнча аныктай турган анкета түзүп, ошол анкетанын талабына толук жооп берген абитуриенттерге кирүү экзаменин тапшырууга мүмкүнчүлүк берүүчү комиссиялар ар бир факультетте түзүлчү. Бектемир биология факультетинин комиссиясынын ишин жогорку деңгээлде, өтө астейдил уюштуруу менен өз факультетинен профессионализм талабына толук жооп бере турган мугалимдерди даярдап чыгарууга жетишкен эле. Бүгүнкү күндө алардын баарынын тең чыгармачылык менен жемиштүү иштеп жатышканында шек жок.
Өз клиникасы жок медициналык окуу жайы жакшы врач даярдай албаган сыяктуу эле, студенттери мектепке үзгүлтүксүз барып турбаган окуу жайынан да жакшы мугалим чыкпайт. Ушул жагдайды эске алып, биздин кафедрабыз педагогикалык практиканын төрт түрүн: 1-3-курстарда үзгүлтүксүз, 3-курстун аягында пионердик, 4-курста үйрөнүүчү, 5-курста стажердук (мамлекеттик) практикаларга баруусу зарыл экендигин илимий жактан негиздеп, Союздун алдыңкы ЖОЖдорунун алгылыктуу иш тажрыйбаларына таянуу менен ОшПИнин окуу планына киргизген эле. Декандардын көбү 1-3- курстардын үзгүлтүксүз педагогикалык практикасына
тике каршы чыгышып, аны жыл бою созбой, 1-2 жумада эле жымсалдай салыш керек деген сунуштар менен чыгышкан. Бектемир 1-3-курстардагы педпрактиканы үзгүлтүксүз өткөрүүнү декан катары өзүнүн факультетинде бир жыл эксперимент иретинде байкоо ишин өзү жетектеп, кийинки жылы мындай практика болочок мугалим үчүн зарыл экендигине бүт декандарды ынандырып, педагогика жана психология кафедрасынын идеясын ишке ашырууга чоң көмөк көрсөткөн. Мугалим даярдоону
жакшыртуу идеяларынын маани-маңызына жете түшүнүп, ал идеяларды ишке ашырууга демилгечи жана активдүү жактоочу болгону Бектемирде тубаса педагогдук идиректин бардыгынан го деген ойго келем.
Жогорудагы ойлорумду толук бекемдей турган дагы бир фактыны эске сала кетейин. В.А.Сухомлинскийдин айкөлдүк идеяларына эргүү менен шыктанган Ш.А.Амонашвили баш болгон жаңычыл педагогдордун үркөрдөй тобу чыгып, окуучуларды чүнчүткөн зордук-зомбулук (авторитардык) педагогиканы күйүмдүү (кызматташтык) педагогикага айландыруу идеясын көтөрүп чыгышкан эле. Факультетти окуу-тарбия иштеринин натыйжасы боюнча да, өздүк көркөм-чыгармачылык боюнча да, пахта терүү боюнча да 1-орунга чыгарууга дайыма
далалаттанган деканда көптөгөн башка иштерге убакыт болбойт эмеспи. Бектемир болсо булардан сырткары бир топ аспиранттарга, изденүүчүлөргө илимий жетекчи, өзү да доктордук диссертациясын коргоонун алдында турган. Ошондой учурда мага телефон чалып: “Бекембай аке, мен практикант студенттер менен мектептемин.
Мектеп мугалимдери менен бирге бизге да педагогикалык кызматташтык (педагогика сотрудничества) идеясы жөнүндө лекция окуп берсеңиз. Макул болсоңуз, бул жакты даярдап коюп, эртең Сизди машинемде алып келейин”, − деди. Мен, албетте, бул сунушту жан-дилимден кабыл алып, Бектемир менен барып, мугалимдерге жана практиканттарга лекция окуп бердим. Менин лекциямдан кийин Бектемир айрым педагогикалык идеяларды комментариялап жатып, аларды ишке ашырууда конкреттүү
педагогикалык жагдайды кантип түзүү керектигин жана чыгармачылык мамиленин зарылдыгын угуучуларга өтө ынанарлык кылып айтып берди. Анын (Мурузбраимов Бектемир) улуу педагогикалык идеяларга шыктанган тубаса педагог катары чыгармачылык эргүүсү, толкуп-ташкан кыял канатын бийикке карай күүлөшү мени бир
жагынан таң калтырса, бир жагынан арыма келтирген болчу. Анткени, Бектемирдин педагогикалык кызматташтыктын идеяларын булуң-бурчуна чейин иликтеп, алардын
маңыз-маанисин ийне-жибине чейин талдоого буямасы келбей турган кырдаалда эле да, убакыт деген чектелүү да… Чынын айтайын, өмүр бою мугалим даярдоо майданында ак кызмат өтөгөн, өз адистиги боюнча жогорку деңгээлде дарс өтүп, студенттердин урмат-сыйына татыктуу болгон, өтө сыйлап мамиле кылган көп эле кесиптештерим педагогикалык кызматташтыктын идеяларынан окчун. Алар бул идеяны жек көрүшпөйт, бирок аны менен алектенүүгө пуржасы келбейт. Бектемирдин ал идеяларга дилгирлиги анын табиятынан, зади дээринен болсо керек деген ойду
бекемдегим келет.
Эсте калган дагы бир кырдаалга токтолоюн. Бектемир Мурзубраимов ОшПИнин партиялык уюмуна катчы болуп турган учурда КПСС БКнын Февраль (1988) пленуму болуп өттү. Пленумдун мугалимдерге тиешелүү саясий сунуштарын институттун профессордук-окутуучулук курамына, студенттерге жана шаардын, облустун агай-кызматкерлерине жеткирүүдөгү Бектемирдин уюштуруучулук жана пропагандисттик иши анын зоболосун республикабыздын жарымы болгон Ош
облусунун коомчулугунун астында бийик көтөрүп жиберген. Ал пленумдун мазмунунда демократиялык дух, гумандуулук өтө ачык чагылдырылган. Андагы негизги идея мугалимди кулчулуктан азат кылуу эле. Анткени, Совет өкмөтү менен компартиянын
саясатындагы императивдик-буйрукчул дух бүт совет эли менен кошо, бөтөнчө
мугалимдерди айтканды айткандай, дегенди дегендей кыңк этпей аткаруучу кулга айландырып койгон болчу. Демократиялык эркин коомду кура турган эл эң биринчи мугалимин эркин кылууга тийиш. Себеби мугалим өзү кул болсо, окутуп-тарбиялаган баласы сөзсүз кул болуп чоңоет эмеспи.
Байыркы римдиктер: “Уулуңду кулуңа тарбиялатсаң − кулуң экөө болот” – деп,
бекеринен айтышпаса керек деген ой Бектемирдин аталган пленумга арналган
партчогулушта сүйлөгөн сөзүнө кызыл жиптей тепчилип өтүп турганы али эсимде.
Ошондой эле, айтылуу пленумдагы мектеп жана мугалим текшерүүчүгө муктаж эмес, эгерде бир мугалим же мектеп жамааты кандайдыр бир педагогикалык эксперимент жүргүзүп жатса, жогорку баскычтагы билим берүү жетекчилиги же өкмөт тарабынан көрсөтмө, багыт берүүгө толук тыюу салынат деген сыяктуу жоболор институттун партчогулушунда жактырылган, бул идеяларды элге жеткирүү үчүн институттун окутуучуларын шаар, кыштак мектептерине тынымсыз жиберип турган.
Мугалимдик адистиктин табиятын таамай түшүнгөн тубаса педагог Бектемирди жана анын идеялаш кесиптештерин пленумдун чечимдериндеги демократиялык дух, гумандуулук эргитип, көптөгөн чыгармачылык иштерге дем берген. Ушундай идеяларга шыктанган жаш мугалимдерибиздин көпчүлүгү илимий-изилдөө иштерге баш-оту менен кирип кетишкен. ОшМУнун кадрдык
мүмкүнчүлүгүн жогорулатуудагы ошол мезгилдин духун эстен чыгарып коюуга эч кимибиздин акыбыз жок. Ошол учурдагы ОшМУнун жаш мугалимдеринин илимдеги багытын туура аныктап, тунук акылы, кең пейили менен жамааттагы ынтымакты жана
иштиктүү маанайды камсыз кылган маркум Сулайман Жумагуловдун жүргүзгөн жетекчилик туура саясатын да баалабай коюуга мүмкүн змес. Ректорат менен партиялык уюм бири бирин толуктап, ОшПИнин илимий-методикалык потенциалын туура багыттоо менен мыкты адис мугалимдерди даярдоо боюнча республикабыздагы биринчи
орунда турган ЖОЖ деген элдин пикирин ого бетер тастыктаган. ОшПИнин базасында түзүлгөн бүгүнкү ОшМУнун түштүктөгү жогорку окуу жайлардын флагманы, илимдин, маданияттын борбору болушуна Мурзубраимов Бектемир мырзанын жана анын идеялаш кесиптештеринин салымы өтө чоң.

Оюмду жыйынтыктап жатып, Бектемирге мүнөздүү дагы бир катар инсандык сапаттарды белгилегим келет. Ал студент кезинен эле окууга да, жашоого
да өтө олуттуу караган адам, тели-теңтуштарына да, өзүнөн улуу – кичүүлөргө да кичи пейил, сылык, мамиле жасоого аракеттенет. Сергектик, салабаттуулук анын табиятына, инсандык мүнөзүнө айланып кеткен. Бул касиеттер анын канчалык зоболо
– мансабы артса да, эч деле өзгөргөн жок. Студент кезинде спорт менен кандай
шугурланган болсо, бүгүн пайгамбар жашынын оро-парасында турганда деле ошол формасын сактап келе жатат.
Бектемирдин табият берген интеллектуалдык көрөңгөсү, акыл ишмердүлүгү толуп, тажрыйбасы такшалып-артып турган учуру. Ар бир пендеге ыроолоно бербеген мындай шык-жөндөмдү эл үчүн арнап, дагы кеминде чейрек кылым эмгек өтөөсүн чын дилден каалайм!
Бекенбай АПЫШЕВ, профессор
Редакциядан: Бул макаланын автору Бекенбай АПЫШЕВ (1932-2021) айыл мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда (1959)
педагогика жана психология кафедрасында окутуучу, кафедра башчысы, кафедранын доценти, профессору жана педагогика факультетинин деканы болуп эмгектенген.
(Булагы: Бектемир Мурзубраимов замандаштарынын көзү менен. – Бишкек: “Basmapress”, 2025. – 572 бет).
Комментарийлер