ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК…

  • 31.07.2024
  • 0

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Мына ушинтип, көптөн күткөн 2024 жайкы олимпиада оюндары да башталып, мелдештер курч мүнөздө өтүп жатат. 26-июль күнү  Франциянын борбор шаары Парижде Олимпиаданын ачылыш аземи нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолоду.  Ар бир өлкөнүнү спортчулары, делегаттары Сена дарыясынан кемелер үстүндө параддан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, спорттук баяндамачы, журналист Бермет НУР Түркиянын Стамбул шаарынан атайын “Кут Билим” медиа борбору үчүн Олимпиаданын ачылыш жана кыргыз спортчуларынын даярдыктары тууралуу макала жазып жиберген.  

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Олимпиаданын ачылыш салтанат башталар алдында француз желегинин түстөрүн билдирген көк, ак жана кызыл түтүн асманга  көтөрүлдү.  Тик учактар аркылуу да желектин түстөрүн алып учушту.

Тарыхый жайларды аралаган парад, нөшөрлөгөн жамгыр

Күн мурунтан белгилүү болгондой олимпиаданын ачылыш аземи бир гана стадиондо болуп өтпөдү. Тарыхта 1-жолу олимпиаданын ачылыш аземи бир канча тарыхый        жерде өткөрүлдү. Жарык шоулар, фейерверктер жана жандуу спектаклдер укмуштуудай атмосфераны жаратып, көрүүчүлөрдү суктандырды.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Коноктор Франциянын тарыхый жана маданий байлыктарын сүрөттөгөн көргөзмөлөргө  күбө болушту. Салтанаттагы сценарийде Олимпиада оту тоскоолдуктарды ашып, тарыхый эстеликтерди, музейлерди аралап Трокадеро аянтына алынып келинди. Олимп оту Париждин Лувр музейи, Нотр-Дам короосу, Александр көпүрөсү жана Эйфель мунарасы сыяктуу белгилүү жерлеринин айланасында чагылдырылган сценарий көпчүлүктү кызыктырды.

Дүйнө жылдыздарынын шоу-концерти

АчылПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...ыш азем дүйнөдөгү эң атактуу ырчылардын, 3 миңден ашуун бийчилердин коштошуусунда жаңырды. Ырчы Леди Гага Нотр-Дам короосунун жанында өзүнүн репертуарындагы  “Кабаре” ырын тартуулады. Эстрада жылдызы, белгилүү ырчылардын бири Ая Накамуранын аткаруусу менен катарлаш француз армиясынын хору да сахнага чыкты. Париж Эйфель мунарасынан чыккан жарык шоулору жана белгилүү ырчы Селин Диондун Эйфелдин ортосунда ырдоосу менен суктандырды. Бийчилер жана ырчылар шаардагы имараттардын чатырларында өнөрлөрүн тартуулап,  салтанаттын  көркүн ачуу менен тарыхта кала тургандай репертуарлар жаратышты. Мулен Руж деп аталган бий тобу француздардын атактуу  канкан бийин көргөзүштү. Айтор Франциянын олимпиада оюндарынын уюштуруучулары эң мыкты деңгээлде, өзгөчө укмуш, таасирдүү кылып даярданышыптыр.  Заманбап мода көргөзмөсүнүн коштоосундагы ыр-бийлер ачылыштын көркүн ачты.

Кайыкта кылкылдаган спортчулар

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Стадиондун сыртындагы алгачкы парад Париждин эң атактуу имараттарынын четинде 6 чакырымдык Сена дарыясынын боюнда көрүүчүлөрдү тосуп алды. Дарыядан спортчулар  кемелер менен узун параддан өтүштү жана параддын аягына чейин көрүүчүлөргө байрактары менен кол булгалап салам беришти. Дарыядагы спортчулардын парады салттуу түрдө алгач олимп оюндарынын мекени Грекия делегаттарынын өтүшү менен башталды. Баарынан да согушка карабай олимпиадалык оюндарга катышып жаткан украиналык спортчуларды кызуу кол чабуулар менен тосуп алышты. Ал эми израилдик спортчуларын ар дайым коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрмөй болду. Бирок, айрым кемелерде 2-3 командалар биригип калган учурлар да болду. Мындай кемчиликтерден улам бир канча делегаттар байкалбай калгандыктан уюштуруучулардын сынга кабылганын байкоого болот.

Коопсуздукка кепил болгон 45 миң полиция, миңдеген жоокерлер

АйПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...рым кемчиликтерге жана нөшөрлөгөн жамгырга карабастан, олимпиаданын ачылыш салтанатын  башынан аягына чейин 300 миңдей адам күбө болушту. Ошондой эле VIP бөлүгүндөгү дүйнөлүк лидерлер да парадды бир жолу колдонулуучу жамгырдан кленкадан тигилген кийимдерди кийип көрүүгө аргасыз болду. Кандай гана тоскоолдук болбосун салтанат жаркыраган фейерберктердин, эң сонун  театралдык иллюзиялардын коштосунда мыкты деңгээлде болду десек жарашат. Ошентип, кайрадан 100 жылдан кийин олимпиада отунун Парижде жанышы, француз тарыхы жана символдоруна курчалган ачылыш аземи төрт саатка созулду. Бул олимпиаданын ачылыш аземинин өзгөчөлүгү парад мурдакыдай стадиондо эмес дарыя жээгинде, ошондой эле салтанат бир канча жерде  өтүүсү менен көпчүлүктүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.  Ачылыш аземде коопсуздукка кепил болуп 45 миң полиция кызматкери жана миңдеген жоокерлер күзөттө турушту.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Ошондой олимпиада желеги алгач Сена дарыясынын үстүндөгү Лена көпүрөсүнө жеткизилди. Ал жерден француз жандармериясы Флориан Иссер желекти колуна алып, ат үстүндө желек менен көпүрөдөн өтүп, Трокаредо аянтына келди. Желекти атактуу спортчулар коштоп алып келип, эстафета менен алып жүрүштү.

Парижде өзгөчө олимп оту жанды

Эң кызыктуусу да салтанаттын акыркы бөлүгүндө салтка айланган олимпиада отунун жанышы болду. Бул салт 1928-жылы Амстердамда өткөн Олимпиада оюндарынан бери салтанаттуу салтка айланган. Мына ошол салтанаттын эң бир сонун өзгөчөлүгү  Париж Олимпиада отун жагуу аземи суктандыруу жана таң калаарлык менен өткөрүлдү.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Олимп оту Франциянын атактуу спортчуларынын жана коомдук ишмерлеринин колунан колго эстафета менен табышмак сыяктуу өтүп,  акыры француз олимпиадачылары жөө күлүк Мари-Хосе Перек менен дзюдочу Тедди Ринер тарабынан күйгүзүлдү.  Олимпиада оту чоң аба шарында түнкү асманга акырындап көтөрүлө баштады. Негизи олимпиада оту эреже, салт боюнча оюндар өтүүчү жайдын ичинде, тагыраагы башкы стадиондо көрүнүктүү жерде турушу керек.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Бирок, бул олимпиаданын жанган оту жаңы өзгөчөлүгү менен күйгөн отказанда абада туруктуу абалда болсо да тынымсыз кыймылдап турат. Казан күндүзү Тюйллери бакчасына түшүрүлүп турууда. Кечинде кайрадан абага көтөрүлүп, 30 метр бийиктикте көкөлөп, көз жоосун алып жатат. Казандын түбүнүн тегерегинде Франция Республикасынын үч негизги баалуулуктарынын бири  бир туугандык символу болгон диаметри 7 метр шакекче орнотулган жана ошол шакекчеде Олимпиада оту жайгашкан. Бул жолку олимпиада отунун дизайны мурдагы оюндардан бир топ айырмаланып, ал күйүүчү майдын ордуна электр кубаты менен иштейт. Чоң шардын түбүндөгү шакекчеде чыныгы жалындын үлпүлдөгөнүн жана туманын (түтүн сыяктуу) эффектин чыгаруу  үчүн  200 жогорку басымдагы суунун буусун жарык кылган 40 LED чырак жайгашкан. Чындыгында бул уникалдуу казан болуп, дүйнө элин суктандырууда.

Айрым маалымат булактары Парижди мактап жана сынга алды

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Франция: «Гигант сахнага айланган борбор»

Le Mondе” гезити мактоо сын берип, шоунун балетмейстери, актер жана көркөм жетекчи Томас Жолли «алп сахнага айланган борбор калаада кызыктуу шоу тартуулоо үчүн өз чакырыгына жетишти» деп билдирген. »

Le Figaro” гезити да «керемет» деп сыпаттаган шоунун кээ бир бөлүктөрү тизгинден чыкканын айтып, мода көргөзмөсүнүн алдында Ыйса жана анын элчилери тартылган «Акыркы кечки тамак» сүрөтүнүн ачыктан-ачык жандандырганын сынга алып, керексиз чагымчылдык экенин жазып чыккан.

АКШ: «Кызыктуу, бирок катардагы көрүнүш»

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...New York Times” сыналгысында шоу «Ачылыш аземи кемени өткөрүп жиберди» деген баш сөз менен талкуулаган. Чоң салтанат бирок, дарыядагы парад  үзүндү-үзүндү болуп, тамашага айланганын жактыра бербеди. Аны катардагы күнүмдүк телекөрсөтүүгө алынганын сындап чыкты.

Washington Post” гезити шоуну мактап, уюштуруучулардын «эр жүрөктүү ой жүгүртүүсү» акыркы жылдары популярдуулугу төмөндөп кеткен иш-чараны жандандырды деп билдирди.

Кытай: “Франция революциясына таазими”

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...2008-жылы жайкы жана 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн Кытайдын расмий Синхуа маалымат агенттиги, салтанат Францияны көргөзө алганын билдирген. Канкан бийчилери, Нотр-Дамдын кайра курулуусуна салам жана француздарга таазим. Мындагы өзгөчөлүк  салтанаттуу параддан өткөн спортчулар, оюн-зоок көргөзмөлөрдүн бир учурда чырмалышы болду деп жазган.

Корея: «Таасирдүү болду бирок, түштүк Кореяга Түндүк жарабады»

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары  бүтүн шаарды көркөм колдонууда  таасирдүү фантазиясын белгилешти. Бирок, Түштүк Корея командасын Түндүк Корея деп жаңылыш тааныткан. Бул танытуу кокусунан болгон жаңылыштык экени маалым болгону менен уюштуруучулар иш-чарага кылдаттык мамиле кылбаганы  өкүндүрөт деп билдирди.

Германия: «Селин Дионго медаль»

Frankfurter Allgemeine  гезити Франция ачылыш аземинде жаңылануу жасады… Аягында жамгыр да жеңилди. Эң сонун кооз, укмушту. Tabloid Bild алтын медалын Селин Дионго ыйгарды. Дион төрт жыл ооруга каршы күрөштөн кийин сахнага кайтып келиши жана эң мыкты мезгилиндегидей ырдаганы анын алтын медалга татыктуу экендигин жазып чыкты.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Италия: «Укмуштуудай нерсе»

“La Gazzetta dello Sport” гезити эч бирине окшобогон, ал тургай өзгөчө  деп атады. Каршы пикирлер жөнүндө  «Бул сиздин көз карашыңызга жана сезимталдыгыңызга жараша сонун же узак, кызыксыз спектакль болушу мүмкүн» деди.

“Corriere della Sera” басылмасы шоуну заманбап искусствонун спектаклине салыштырды. Ал «кээ бир көрүүчүлөр тажады, кээбири көңүл ачты, көпчүлүк үчүн шоу көңүл калтырды» деп жазган.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Кандай гана сын пикирлер айтылбасын чындыгында ар бир инсандын жеке көз карашы болот. Көз караштар чектелбегендиктен олимпиада эң мыкты дэңгээлде өткөрүлсө да аны сынга алгандар сөзсүз болот.  Бул учурдан пайдаланып, мен дагы биздин олимпиадага кеткен спортчулар тууралуу пикиримди калтыргым келди.

Денис Петрашов үмүттү, ишенимди актабады

Кыргызстан командасынан мелдешке чыккан биринчи спортчу сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов болду. Суучул Петрашов 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө  8 атаандашынын ичинен акыркы болуп 1 мүнөт 0,42 секунда келип, 23-орунда калган. Брасс ыкмасындагы биринчи таймашта жеңилди жана жарым финалга да жетпей калды. Петрашовдун дагы бир шансы бар эле.  31-июлда кезектеги  200 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө деле финалга чыга албай, 25 спортчудан 14-орун менен чектелди.  Эч болбоду дегенде финалдык топко илинесе болмок! ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Белгилей кетсек, Денис Петрашовдун бул үчүнчү олимпиадасы. Ал буга чейин 2016-жылы Рио-Де-Жанейро, 2021-жылы Токио олимпиадасына катышып, байгелүү орунга жете алган эмес. Петрашовдун эң чоң ийгилиги Азия чемпиондугун жеңген.  Мындан тышкары Кыргызстанга Азияда жана эл аралык турнирлерде утушка ээ болгону менен дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында жана олимпиадада көрүнүктүү байге алып келе элек. Жайкы олимпиаданын таасирдүү таймашы сууда сүзүү. Дагы бир айта кетчү жагдай. Денисти  бала кезинен бери машыктырган Кыргызстандын башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, атасы Евгений Петрашов дагы Атланта, Сидней, Афина олимпиада оюндарына катышып, байгелүү орундарга жеткен эмес.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Чоң энеси, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Тамара Петрашова да көп жылдар боюу өлкөнүн сууда сүзүү федерациясынын башкы катчысы болгон.

Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августа кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт. Бирок, ал деле бйагелүү орундарга жетүүсү күмөн.

Быйыл Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул мелдештерге катышууда. Сууда сүзүүдөн мелдештери  Париждеги La Defence Arena спорт комплексинде өтүп жатат.

Кайдасыңар, Ысык- Көлдө балыктай сүзгөн жигиттер?

Ал эми олимпиаданын баш байге ээлери  өлкөнүн

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...

атагы, намысы, урматы. Кыргызстанда кереметтүү Ыссык-Көлдө сууда сүзүп, балыктай ойногон, шар аккан сууну жиреп чабак урган күчтүү кыргыз жигиттер чыкмак. Ысык-суук дебеген, кыраан, талантуу жигиттер ар бир айылда бар. Кымыз ичип, эт жеп чучуктары толо тайманбас эр жигит азаматтар бар кыргызда. Эмне үчүн алардын бири да сууда сүзүү ийримине тартылбайт да, аларга неге көңүл бурулбайт?!. А балким, кыргыздын асыл тукуму, тайманбас эр жүрөгү көмүскөдө калып, таанышы жок олимпиада жолдомосун алуучу мелдештерге катышпай, багы ачылбай жаткандыр. Ушунча убакыттан бери Денис Петрашовдон башка суучул даярданбадыбы же болбосо кыргыздын жигиттери сууда сүзүүдөн алыстап кеткенби?

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Же Петрашовду таптап, баардык мелдештерге жол ачып, өзгөчө камкордукка алып жүргөн атасы Евгений Перташов башкаларга тоскоолдук жаратуудабы? Олимпиадага даярдык үчүн ар бир спортчуга өзүнчө каражат бөлүнөт. Сууда сүзүү боюнча бөлүнгөн каражат акталдыбы? Себеби, мамлекеттин каражатына Денис Петрашов Америкада машыкты. Чет өлкөлөрдөгү ири мелдештерге мамлекеттин эсебинен байма бай барып турду. Бул жергиликтүү калктын өкүлдөрүн, башка улуттарды бөлүп жарып, көрө албастык, өз көмөчүнө күл тартуу эмеспи?!. Жыйынтыктын жоктугу жана үч олимпиадага (атасы да 3 олимпиадага катышкан)  жөн гана турист болуп барып, эс алып келүү эмеспи?! Күйгөндөн айттым бир сабак дегендей, катуу кетсем, кечирим сурайм… Себеби, медалдын эки жагы бар эмеспи!

Кыргызстандын атынан барган дагы бир  суучул Елизавета Печерских. Ал дагы Париждеги олимпиадалык жарыштарда  кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин сүзүүдө мелдешке чыгат. Ал сууда сүзүү боюнча эл аралык спорт чебер. Париж 2024 анын эң алгачкы олимпиадасы болот. Буга чейин 2 ирет  дүйнөлүк  чемпионатка катышып, байгелүү орунга жеткен эмес. Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган. Ал деле Парижде байгелүү орунга жетүүсү күмөн… Ушул Париж олимпиадасынан кийин спорт жетекчилери бул маселени талдоого алып, бир жыйынтык чыгараар…

Күйгөндөн айттым, бир сабак… 

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу суучул Денис Петрашовдун атасы Евгений Петрашов болгону үчүн 3 олимпиадага тең өзүнүн баласына  жолдомо алууга шарт түзүп,  алып барып жатабы? деген күмөн  ой да пайда болот экен. Эгерде кайсыл спорттун тармагында өнүгүүлөр болбой жатса анда көзөмөлгө, талдоого алуу шарт. Өлкөнүн намысын чын жүрөктөн, намысты туу кылып, жонунун тери менен коргой турган эр жүрөк кыргыздын кыраан кыз-жигиттери күрөштө ийгиликтерди жаратып жатканы кубандырат. Ысык-Көлдөй керемет көлүбүз турганда, заманбап бассейндер курулуп жатканда өлкөнү дүйнөгө тааныта турган кыз-жигиттер да чыгаарына ишенем.

Эверести багынткан Эдуард мырза олимпиадалык түргө көз салыңыз!

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Буга кошумчалай кыргыздын кыз-жигиттеринен да тоо чыккан альпинисттер чыкмак.  Себеби, аска -жоого чыккан, тоодо өскөн, тоонун сырын билгендер үчүн Париждеги Олимпиада оюндарынан баштап, быйыл жадыбалга аскага чыгуу спорту да кошулду. Ошондуктан Эверести багынтан Эдуард  Кубатов мырза Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти болгондуктан Париж олимпиадасына кыргызстандыктар жолдомо албай калгандыктан  кийинки Лос-Анжелесте өтчү олимпиадага азыртан даярдык көрүүсү, талантуу айылдык бышык, чыйрак жаштарды тандап алуусу зарыл.

Кайдасыңар, көзгө атаар мергендер?

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Дагы эмне үчүн талантуу таамай көзгө атаар мергендер Париж олимпиадасына жолдомо албай калды? Себеби, бул спортто мурда олимпиада чемпионубуз Александр Мелентьев баштаган даңазалуу мергендер болгон.  Салт уланбай, айылдагы атактуу мергендердин тукумдарына көңүл бурулбай, алар үчүн мелдештерге жол ачылбай турат окшойт. Канда бар дегендей эле, мергенчинин тукумунан сөзсүз ата-баба жолун жолдогон мергендер чыгат. Генетикага көңүл бурчу мезгил эбак жеткен. Айылдагы көзгө атаар мергендер карышкыр, кийик атканына маашыр болбой, бул спорттун дагы жүгүн көтөрүп, эл намысына жарай турган учур эбак келгенин эсине алышса…

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Жаачылар да жардамга, колдоого муктаж

Жаңыл Мырзадай жаа тарткан кыздардын багын ачууга мезгил эбак жетип, замандын шарынан калып баратабыз! Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиеванын демилгелерин колдоого алып, заманбап жаа атуучуларга башка ишкерлер дагы көз кырын салып, жардам бербесе, ийгилик, жеңиштер жаралбайт.

Олимпиада чемпиондорунун жолу, салты уланса…

Эмне үчүн учурда дагы Шериктеш өлкөлөр жете албай жүргөн даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровдой  тоо-ташты аралап, жаштык жалынын, энергиясын корото албай, элирип жүргөн жөө күлүк кыз-жигиттерге көңүл бурулбай келет?? ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Мария Кулчунова чыккан кыргыз спортунун көрөңгүсү түгөнбөсө, салт уланса дейм.  Кыргыздын керемет жаратылышында чуркап, машыккан кыз-жигиттер сөзсүз ийгиликтерди жаратмак… Эмне үчүн дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдей чоюн билек балбандар Париж олимпиадасына жолдомо албай калды? Оор атлетика мектебинин дарамети тайдыбы же ата-бабасы, урпактары балбан жаштарга жол тийбей, кол ийрисине тартып, таланттар талаада калдыбы? Же Оор атлетика федерациясынын президенти Акматбек Келдибеков сараңдык кылып, спортчуларга демөөрчү болбо албай, шарт түзүлбөй жатабы? Париж олимпиадасынан кийин өлкө жетекчилери, спорт ишмерлери талдоого алып, айрым спорт түрлөрүндөгү көйгөйлөрдү чечүүсү зарыл болуп турат. Улуттун ден соолугу энеден башталат. Ошондуктан келечекте эне болуучу кыздарга көңүл бурулуп, спорттун бардык түрлөрү үчүн аларга кеңири жол ачып, атайын мамлекеттик программа кабыл алуу зарыл.

Балбандарга гана ишеним артып турабыз

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...Кыргыздын кыздары дүйнөнү багындырып, олимпиадалык байгелерди утууга жөндөмдүү, абдан талантуу, мээнеткеч экенин  Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы далилдеп койгону кандай сыймыктуу. Эми дагы Париж олимпиадасында балбан кыздарыбызга ишеним артып,  олимпиада чемпиону болсун деп, бүт кыргыз калкы үмүт жандырып, ишенип турушат.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...

Быйыл Париж олимпиадасына кыргызстандык 10 балбан жолдомо утуп алышы жакшы саамалык. 5-августтан баштап балбандар таймашууларга чыгат. Дүйнөгө таанымал балбандарыбыз Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Амантур Исмаилов жана Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүндө намыска жарап, олимп бийиктиктерин багынтат деген ишеним зор.

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...

 

ПАРИЖ 2024: ОЛИМПИАДА САБАКТАРЫ, КҮЙГӨНДӨН АЙТТЫМ БИР САБАК...

Эркин күрөштөн Эрназар менен Бекзат Алмаз уулу дагы Париждеги таймашууларда Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, байгелүү орундарды багындырат деп ишенем. Ал эми Айаал Лазарев үч олимпиадага катышып жаткандыктан, ушул жолу ага бак айтса, спортту жеңиш менен жыйынтыктаса деген гана тилек.

Балбандарыбызга бак айтып, коңшу Казакстан, Өзбекстандай алтын медалдарды утуп, Кыргызстандын кырмызы кызыл туусу көктө, жеңиштерди даңазалап турушун тилейли, сүрөөнгө алалы!

Бермет НУР,

Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, спорттук баяндамачы, Стамбул шаары, Түркия (Атайын “Кут Билим” сайты үчүн)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер