ОшМУда артишоктон БАД өндүрүүчү стартап иштелип чыкты
- 02.04.2026
- 0
Ош мамлекеттик университетинде тикенектүү артишок өсүмдүгүн өстүрүп, андан биологиялык активдүү кошумча (БАД) өндүрүүгө багытталган стартап-долбоор ийгиликтүү иштелип чыкты. Долбоор «Студенттик стартап – 2025» республикалык сынагында жеңишке жетип, 790 миң 850 сом өлчөмүндө грант утуп алды.

Долбоордун авторлорунун бири, медицина факультетинин фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын ассистент-стажёру Нурсейит Сатаровдун айтымында, идея студенттик изденүүдөн келип чыккан. Ал студент кезинен бери табигый азыктарды жана элдик медицинаны изилдөөгө кызыгып, бул багыттагы илимий иштерге активдүү катышып келген.
- «Артишок өсүмдүгүн тандоо кокусунан эмес. Бул өсүмдүк дүйнөлүк медицинада кеңири колдонулуп, боорду тазалоо, зат алмашууну жакшыртуу жана организмдеги токсиндерди чыгаруу касиети менен белгилүү. Долбоордун алкагында артишоктон алынган экстракт капсула түрүндө БАД катары чыгарылмакчы.»
Долбоордун өзгөчөлүгү — артишок Кыргызстанда биринчи жолу өстүрүлүп, жергиликтүү чийки заттан даяр продукция чыгаруу максатын көздөйт. Бүгүнкү күндө мындай кошумчалар негизинен чет өлкөлөрдөн импорттолот.

Стартапты ишке ашыруудагы негизги кыйынчылыктардын бири — артишок өсүмдүгү жергиликтүү климатта өспөйт деген түшүнүктү жокко чыгаруу болгон. Команда уруктарды чет өлкөдөн алып келип, өсүмдүктү жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу боюнча илимий жана практикалык иштерди жүргүзгөн.
Учурда университеттин ботаникалык багындагы сегиз сотых жерде артишок өстүрүлүүдө. Өсүмдүк апрель айында эгилип, сентябрда жыйналат. Дал ушул мезгилде анын курамындагы биологиялык активдүү заттар эң жогорку деңгээлге жетет. Жыйналган жалбырактардан экстракт алынып, андан соң фармацевтикалык технология аркылуу капсула даярдалат.
- «Жеңип алынган грант каражаты өндүрүштү баштоого мүмкүнчүлүк түздү. Азыркы учурда команда керектүү жабдууларды сатып алып, өндүрүш процессин ишке киргизүүгө даярдык көрүүдө.»
Авторлордун айтымында, продукт рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Негизги артыкчылыгы — жергиликтүү өндүрүш болгондуктан баасы жеткиликтүү. Мындан тышкары, бул Кыргызстанда чыгарылган алгачкы артишок негизиндеги БАДдардын бири болуп саналат.

Келечекте долбоорду кеңейтүү жана башка табигый биологиялык активдүү кошумчаларды өндүрүү пландалууда. Ошондой эле команда элдик медицинада кеңири колдонулган айрым продукттарды, анын ичинде койдун майын да илимий негизде изилдеп, фармацевтикалык продукцияга айландырууну максат кылууда.
Долбоордун авторлору жаштарга идеядан коркпой, изденүү жана аракет кылуу керектигин белгилешет. Алардын ишениминде, мындай демилгелер өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер