ОРОЗМАМБЕТ СОЛТОБАЕВ: «БИЗДИН БАШКЫ МИССИЯ – МУГАЛИМГЕ ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧ БОЛУУ»

  • 11.03.2026
  • 0

Нарын облустук билим берүүнүн методикалык борборуна жаңы жетекчи болуп келген Орозмамбет Солтобаевдин ишке киришкенине аз гана убакыт болсо да, аймактагы билим берүү тармагында жандуу өзгөрүүлөр байкала баштады. 12 жылдык билим берүүгө өтүү, мугалимдердин санариптик сабаттуулугу жана облустук олимпиаданын жыйынтыктары тууралуу маек курдук.

ОРОЗМАМБЕТ СОЛТОБАЕВ: «БИЗДИН БАШКЫ МИССИЯ – МУГАЛИМГЕ ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧ БОЛУУ»

 

— Орозмамбет Таштанбекович, жаңы кызматта ишти эмнеден баштадыңыз? Негизи эле борборду негизги миссиясы эмнеде?

— Борбордун негизги миссиясы — Нарын облусунда билим берүүнүн сапатын көтөрүү, педагог кадрларга методикалык жардамдарды көрсөтүү, облустук билим берүү тармагынын комплекстүү өнүгүүсү  жана мугалимдер үчүн заманбап шарттарды түзүү. Ишти биринчи кезекте 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдөгү жаңы стандарттарды, өзгөрүүлөрдү  мугалимдерге жеткиликтүү түшүндүрүүдөн баштадык. Биз жөн гана курстарды өткөрбөстөн, инновациялык технологиялары, билим берүү платформалары менен иштөө, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдерге илимий-усулдук жактан түз жардам берүүнү көздөп жатабыз.

— Январь-февраль айларында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен бир топ жолугушууларды өткөрдүңүздөр. Бул иш-чаралардын башкы максаты эмне эле?

ОРОЗМАМБЕТ СОЛТОБАЕВ: «БИЗДИН БАШКЫ МИССИЯ – МУГАЛИМГЕ ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧ БОЛУУ»

— Ооба, Автандил Жанбоев, Гүлмира Таранчиева жана Ширин Алмамбетова баштаган биздин команда райондорду кыдырып  билим берүү мекемелеринин жетекчилери  менен жолугушууларды уюштурдук. Башкы максат — реформанын маңызын түшүндүрүү. 12 жылдык окутуу системасы — бул жөн эле сан эмес, бул компетенттүүлүккө негизделген жаңы мамиле. Биз реформа учурунда жаралып жаткан көйгөйлөрдү жеринде угуп, аларды чечүүнүн практикалык жолдорун сунуштадык.

— Методист десе көпчүлүк мугалимдердин көз алдына «текшерүүчү» келет. Сиздер бул стереотипти кантип өзгөртүп жатасыздар?

— Тилекке каршы, методистти «коркутуучу» катары көргөн адаттар бар. Бирок биздин позиция так: методист — бул мугалимдин насаатчысы жана эң жакын жардамчысы. Биз мектептерге мугалимди кемсинтип, ката издөө үчүн эмес, тескерисинче, сабакты пландаштырууга көмөктөшүү, жаңы программаны чогуу талдоо жана кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн барабыз. Биздин жамаат ишенимге негизделген кызматташтыкты жайылтууда.

ОРОЗМАМБЕТ СОЛТОБАЕВ: «БИЗДИН БАШКЫ МИССИЯ – МУГАЛИМГЕ ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧ БОЛУУ»

— Санариптештирүү жана заманбап мугалимдин образы тууралуу эмне айта аласыз?

— Азыркы мугалим — бул санариптик технологияларды эркин колдонгон инсан. «Алтын Казык» программасынын алкагында облус боюнча 4696 ноутбук таратылды. Бүгүнкү күндө 5440 мугалим жана 63 710 окуучу «Э-Күндөлүк» платформасы менен активдүү иштеп жатышат. Алдыңкы мугалимдерибиз сабакка даярданууда Жасалма интеллектке негизделген компьютердик программаларды колдонушууда. Бул бизди абдан кубандырат.

— Жакында эле окуучулардын облустук олимпиадасы жыйынтыкталды. Көрсөткүчтөр кандай болду?

— Олимпиада М. Субакожоев атындагы лицейдин базасында абдан ачык-айкын өттү. Жалпы 113 окуучу катышты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча:Кочкор району — 1-орун;Ат-Башы району — 2-орун;Ак-Талаа району — 3-орун.Жалпысынан 27 окуучу республикалык IV турга жолдомо алышты. Апелляциялык арыздар да болду, биз аларды ачык жана калыс карап бердик.

— 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү абалы, көйгөйлөр жана сунуштарга токтолсоңуз?

— 2025-2026-окуу жылында Кыргызстандын билим берүү системасы тарыхый бурулуш жасап, 12 жылдык моделге өттү. Алты айдын ичинде облус боюнча жалпы 1856 педагог квалификациясын жогорулатуудан өттү. Китеп маселеси боюнча да жылыштар бар: 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн жалпы 88 321 окуу китеби жана 56 698 иш дептери келип, жер-жерлерге толук таратылды. Олимпиаданын жеңүүчүсү (командалык) Кочкор району болду. Нарын облусунун райондорунан алынган маалыматтарга таянсак,  бул реформанын алгачкы жыйынтыктарын жана жериндеги реалдуу кыйынчылыктарды көрсөттү. Мисалы,  облустун педагогдору жаңы системанын  позитивдүү жактарын белгилешти. Бул  эл аралык стандарт.  Билим берүү эл аралык деңгээлге шайкеш келип, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артат дешти. Экинчиден, инновациялык усулдар. Сабактарда 5Е, REM моделдери, интерактивдүү оюндар жана командалык иштер активдүү колдонула баштады. Санариптештирүү боюнча —  «Э-күндөлүк» системасы мугалимдердин кагаз ишин азайтып, чейректик отчетторду автоматташтырды. Ал эми көндүмдөрдү өнүктүрүүдө  окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, өз оюн эркин айтуусу жана презентациялоо жөндөмдөрү жакшырууда. Ошол эле кезде мугалимдер окуу китептеринин сапаты жана физикалык абалы, салмак маселесине да басым жасап жатат. Анткени китептер жана иш дептерлери абдан көлөмдүү. Берилген сунуштарга көз чаптырсак, китептердин көлөмүн оптималдаштыруу керек окшойт.  Кийинки басылыштарда китептердин салмагын жеңилдетүү (бөлүктөргө бөлүү же жумшак мукаба колдонуу), котормолорду жөнөкөйлөтүү керек экенин айтышууда. Окуу материалдарын баланын тилине ылайыктап, илимий тилден карапайым, түшүнүктүү тилге өткөрүү. Мугалимдер үчүн предметтик стандарттар боюнча кошумча колдонмолорду жана видео-сабактарды көбөйтүү. Жаңы программаны ата-энелерге түшүндүрүүчү кыскача нускамаларды же видеороликтерди даярдоо керек деген сунуштарды беришти. Мектептерди заманбап лабораториялар жана техникалык жабдыктар менен камсыздоону улантуу зарыл.

ОРОЗМАМБЕТ СОЛТОБАЕВ: «БИЗДИН БАШКЫ МИССИЯ – МУГАЛИМГЕ ИШЕНИМДҮҮ ТАЯНЫЧ БОЛУУ»

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгы жана аны ишке ашыруу максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде Нарын облусунун билим берүү усулдук борбору тарабынан жыл сайын педагогикалык кызматкерлер үчүн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынактарынын облустук туру уюштурулуп өткөрүлөт. Аталган сынактар педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган.

Борбор тарабынан билим берүү уюмдарына усулдук колдоо көрсөтүү, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Биздин эшигибиз ар бир мугалим үчүн ачык. Максатыбыз — Нарындын билим берүү деңгээлин жаңы бийиктикке чыгаруу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер