Онлайн агрессия: изилдөө жана практикалык чечимдер
- 12.03.2026
- 0
Кыргызстанда “Таалим-форум” уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, окуучулардын 15-18% онлайн агрессияны туруктуу түрдө баштан өткөрүп жатканын белгилешкен. Кибер куугунтукка кабылгандар соңку жылы 50% түзгөн, б.а. ар бир экинчи окуучу.
«50% — бул абдан чоң көрсөткүч. Мындай көрсөткүчтөр эл аралык изилдөөлөрдө да катталууда. Бул балдар дайыма агрессивдүү контентке туш болууда деген кеп»,-дейт изилдөөчү Жылдыз Доолбекова.
Жынысына карап кемсинтүү коркутуулар — 21,3% көрсөткөн. Ал эми кыздардын 11,3% онлайн тийишүүгө туш болушкан.
Интернет платформаларда физикалык зомбулук, опузалоо менен байланыштуу билдирүүлөр да абдан көп болуп жатканын да айта кетүү керек.
«Биз баарыбыз мектепте окуганбыз, буллинг мурда да болгонун түшүнөбүз. Азыркы өзгөчөлүгү эмнеде? Эгерде мурда бул негизинен мектепте болсо, азыр биз мектепте болуп жаткан нерселердин баары санариптик мейкиндикке өтүп, маалымат заматта тарап, ого бетер күчөп жатат»,-дейт изилдөөчү.
Кастык тили, кемсинтүү, жек көрүүчүлүк интернет мейкиндигинде жайылган көрүнүш болуп калды. Респонденттердин 21% кеминде бир жолу кемсинткен контентти өздөрү да жарыялаганын белгилешкен.
Санарип психологдор керек
Эксперттердин айтымында, санариптештирүүнүн натыйжасында балдар Google for Education, STEM, информатика сыяктуу программалардын жардамы менен көптөгөн заманбап санарип көндүмдөргө ээ болушат. Бирок санарип коопсуздукту камсыздооого бул жетишсиз, мындан башка спецификалык материалдар керек. Мисалы, мектептеги кадыресе психологдордон тышкары, спецификасы санариптик чөйрө менен түздөн түз байланышта болгон өзүнчө психологдор керек.
«Эл аралык практикада «Теңге-тең» окутуу абдан жакшы иштейт. Санариптештирүү шартында, тез өзгөрүп жаткан маалымат шартында ушундай көйгөй менен иштеп жатып, биз азыр жаштардын санариптик маданият элчилеринин тармагын өнүктүрүү зарыл экенин түшүнүп жатабыз»,-дейт Жылдыз.
Таалим-форум» уюму өзүнүн аракети менен айрым бир форматтарды сынап жатканын билдирүүдө. Мисалы, азыр Бишкек мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунда болочок мугалимдерге семинарларды өтүүдө.
«Бизде ушул аптада киберкуугунтукка каршы күрөшүү жумалыгы өтүп жатат жана дал ушул жаштар арасында тең-теңге окутуу сыяктуу дагы бир катар иш-чараларды пландаштырып жатабыз, анда биз жаштарды, болочок IT-кызматкерлерин, болочок педагог болууга даярданып жаткандарды окутабыз. Бул баарлашуунун жүрүшүндө мастер-класстар өткөрүлөт, өзүңдү кантип коргоо керек, бул чөйрөнү кантип коопсуз кылуу керек деген сыяктуу окутуулар өткөрүлөт. Ишеним инфраструктурасы, анонимдүү кайрылуу үчүн ишеним кабинеттери керек».
Жалаң эле жазалоо эмес, алдын алуу да маанилүү
Бул көйгөйгө каршы күрөшүү стратегиясына келсек, мамлекетте мындай зыяндуу контентке бөгөт коюу, жазалоо, жоопко тартуу дегенден ары кетпей жатканыбыз да ачуу чындык.
«Биз келечектеги педагогикалык кызматкерлер арасында тренингдерди өткөрүп жатып, өзүбүз да таң калдык, кечээ ролдук оюндар болуп, аягында алар эмне кылуу керек десе, жазалаш керек, эмне кылуу керек десе, айып пул салуу керек, милицияга кайрылуу керек деп айтышканына ынандык. Бирок биз балдарга түшүндүрүп жатабыз, жабырлануучулардын баары эле өздөрүнө түшкөн көйгөйдү ачык айтышпайт. Ошондуктан, азайтуу үчүн бул иш системалуу түрдө коюлуп, жүргүзүлүшү керек»,-дейт Ж. Доолбекова.
Санариптик чөйрө жогорку тобокелдик зонасына айланып баратканын азыр баары эле көрүп турат, оффлайнда эмне болуп жатса, онлайнда да ошол болуп жатат. Ошондуктан бул системалуу көйгөй комплекстүү жоопторду талап кылат, демек системалуу чаралар керек.
«Биринчи стратегия, ал саясатка жана билим берүүгө, ченемдик базага тиешелүү. Биз мамлекеттин аракеттери жазалоого, бөгөт коюуга басым жасоо менен жүрүп жатканын көрдүк. Контентти жазалоого, бөгөт коюуга багытталган бул ыкма бүгүнкү күндө күтүлгөн натыйжаны бербей жатат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мектептердеги профилактикалык программалар 80% натыйжа берет. Азыркы этапта профилактика жок. Биз ченемдик базанын алкагында карап чыгып, координация, интеграция зарыл экенин белгилейбиз».
«Киберкуугунтук деген эмне экени тууралуу юридикалык аныктама биздин ченемдик базада азырынча жок. Ал эми киберкуугунтук боюнча азыр да изилдөө жүргүзүп жатып, баары эле киберкуугунтук деген эмне экенин жана анын кадимки травмалардан же ушул сыяктуу аракеттерден эмнеси менен айырмаланарын түшүнө бербесин түшүнүп жатабыз. Биз муну санариптик чөйрөнүн социалдык жана психологиялык көйгөйү катары көрүп жатабыз, ал бир аз башка саясатты талап кылат».
Ырас, бүгүн интернетте зыяндуу контентке каршы күрөшүү жөнүндө соз болгондо. баарыбыз эле санарип сабаттуулук керек деп аргумент айтабыз. Ал эми эксперттер санариптик сабаттуулук бул компьютерде иштөө жана жалпысынан шаймандарды колдонуу көндүмдөрү экенин белгилеп, ал эми зыяндуу контенттин күчөп жайылышынын алдын алууда эң оболу санариптик коммуникация этикасы, онлайн жоопкерчилик боюнча модулдар керектигин айтышууда.
«Медиа сабаттуулуктан тышкары, өзгөчө материалдар болушу керек»,-дейт эксперт. — Муну орто класстардан башташ керек, балким андан да эрте. Балдардын онлайн коопсуздугу боюнча улуттук стратегиянын жоктугу көрүнүп турат. Эл аралык тажрыйбада биз белгилүү бир стратегиялар бар экенин көрүп турабыз, мисалы, улуттук онлайн стратегиялар, тармактар бар, киберкуугунтук, кибер агрессия маселесине көңүл бурулган укуктук алкактар бар. Ошондуктан биз бул жерде улуттук мониторинг зарыл экенин белгилейбиз. Инцидентке мониторинг жүргүзүү куралдарын иштеп чыгуучу жана ээлик кылуучу психологиялык колдоо кызматы керек».
Мугалимдерге колдонмо
Кибербуллинге каршы күрөштө, окуучулардын коопсуздугун коргоодо, албетте, биринчи кезекте мугалимдердин ролу чоң. Ошондуктан аталган уюм мугалимдер үчүн өзүнчө колдонмо иштеп чыкканын билдирүүдө.
«Мугалимдер үчүн колдонмонун үстүнөн иштей баштадык, ал бизде негизинен даяр. Биз максаттуу аудитория катары класстын жетекчилерин, мектеп психологдорун, администрацияны аныктадык. Ошондой эле болочок мугалимдерди да эске алуу керек. Башкача айтканда, биз мугалимдерди даярдаган институттарга барабыз, алар мектепке куралданып келишсин»,-дейт Алмакүл Осмонова.
«Колдонмодо мугалимдер агрессияны кантип таанууну үйрөнүшөт. Андан кийин окуучулар, ата-энелер менен бул маселелерди кантип талкуулоо керек жана албетте, ата-энелер менен кызматташтыкты кантип бекемдөө керектиги боюнча көптөгөн куралдарды берилет. Мындан башка дагы көп практикалык материалдар бар, мисалы, чыр-чатактуу кырдаалдар, жооп кайтаруу алгоритмдери, ошондой эле ата-энелер үчүн даяр эскертмелер, класстык жетекчилер үчүн кыска нускамалар.
«Биз көптөгөн шаблондорду, документтерди беребиз. Мисалы, мектепте ар бир окуу жай, ал тургай университет, гуз дагы өзүнүн санариптик жүрүм-турум кодексин иштеп чыгышы керек деп сунуштайбыз. Бул документ, албетте, кандайдыр бир юридикалык күчкө ээ болбойт, бирок бул санариптик жүрүм-турум кодекси. Башкача айтканда, ар бир окутуучу, ар бир студент бул кодекске кол коет, ал өзүн кантип алып жүрөт, анын санариптик чөйрөдөгү маданияты, жүрүм-туруму кандай болот. Эгер бул мектепте жасалса, анда окуучулар башынан эле санариптик чөйрөдө байланышты кантип куруу керектигин билишет, ал эми ата-энелер, педагогдор дагы бул кодекстин негизги маанисине кулак салышат деп ойлойм»,-дейт А. Осмонова.
Агартуу министрлигинде өткөн жыйында онлайн агрессия боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн мааниси чоң экени белгиленди жана аны мектеп турмушуна киргизип, тийиштүү көндүмдөр менен мугалимдерди, ата-энелерди куралдандыруу жөнүндө сунуштар айтылды.
К. Чекиров, «КБ»
Комментарийлер