Он эки жылдык билим берүүгө өтүүдөн эмне пайда көрөбүз?

  • 08.04.2024
  • 0

Бүгүнкү күндөгү билим берүүтармагындагы коомчулукту козуткан, ар кандай пикир жараткан маселе Кыргыз Республикасынын билим берүүжана илим министрлиги сунуштап, өлкө башчысы колдогон мектеп билим берүүсүн он эки жылдыкка өткөрүү. Жумушчу топтор түзүлүп, жол картасы, концепсиясы ишелип чыгууда.

«Кембридж «- окуу моделине өтөбүз, окуу китептерин Сингапурдан алабыз, этап-этап менен быйыл эле баштайбыз» деп шымаланып турабыз. Негизи кош — колдоп колдой турган маселе.

Он эки жылдык билим берүүгө өтүү маселеси бүгүн эле чыга калган жок. Менин Кыргыз билим берүү академиясында иштеген отуз жылдык тажырыйбамда бул жолкусу үчүнчүсү. Жакшы баштап келип эле орто жолго таштап салмай адатыбызды коюп ишке ашырып алсак, өлкөбүз үчүн да, өлкөнүн келечеги жаш муундар үчүн да бир чоң иш кылган болоор элек.

“Он эки жылдыкка өтүүдө — окуу жүктөмдөрү азаят, билим сапаты жакшырат, бүтүрүүчүлөр кесип алы чыгат” — дегенге басым жасалууда. Туура буга чейин деле орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн коомго эрте аралаштыруу максатында СССР учурунда, 1964- жылы он бир жылдык билим берүү системасына өтүп, “ Өндүрүштүк окуу”- сабагы кирген. Мектеп бүтүрүүчүлөрү “ тракторист-механизатор”, “саанчы- вет.фелдшер” жана талаачылыкка байланыштуу региондук өзгөчөлүк эске алынган алгачкы кесиптик күбөлүктөрдү алып чыгышкан жана чарбаларда иштеп калышкан.

Мында эске ала турганыбыз, ушул учурда физика, химия, биология сыяктуу табигый билим берүүнүн сапаты бир топ жогорулады. 1986- жылы мектептерде “нөлөвой» класс дегендер уюштурулуп, алты жаштан билим берүүгө өтүү, ал эми жогорку класстарда “коомдук пайдалуу эмгек”- сабагы киргизилген.”

Жаштарды эмгекке тарбиялоо, кесип тандоо, ар бир кесип ардактуу деген чоң масштабдуу саясат жүргөн. Союз тарап кетпегенде үзүрү жакшы эле болот болчу. Мектептерге эң акыркы үлгүдөгү кийим тигүүчү машинелер, кондитердик жана ашкана мештери, жабдыктары, муздаткычтар,мастерскойлорго жаңы жабдуулар берилип, эмгек сабагы кадимкидей жанданып, окуучулардын колунан чыккан буюмдар, салаттар, тамак-аш түрлөрү ар кандай иш чараларда көргөзмөгө коюлуп калган эле.

Жогорудан көрүнүп тургандай билим берүү тармагы эзелтен эле өз “продукциясын” (бүтүрүүчүлөрүн) коомго ашка жүк, башка жүк кылбай, өз жолун таап кетсе деген аракет ар кайсы мезгилде, ар кандай түрдө ишке ашырылып келген. Бүгүнкү он эки жылдыкка өтүү саясаты да, бүгүнкү күндүн талабы экени талашсыз. Андыктан ар түрдүү шылтоо таап, бут тосо бербей колдоого алуубуз шарт.

Жогоруда айтпадымбы, эки жолу жолу болбой калганына өзүбүздүн эле ичибиздеги пикир келишпестиктер себеп болгон. Андыктан азыр министирлик алдына окуу методикалык борбор түзүп, жеке көзөмөлүнө алып, атайын адистер тобу менен аягына чыгарбаса ара жолдо калат. Бүгүн он эки жылдыкка өтүү менен билим берүү тармагында көп көйгөлүү маселелерди чечип алууга мүмкүнчүлүк болуп турат. Ушундан улам эске келет, мындан туура отуз эки жыл мурун 1992-жылы мурунку “Себат”, азыркы “Сапат” билим берүү мекемелерин ачуу учурунда биздин мектептерде билим берүүдөгү жетишпеген жактары катары төмөндөгү төрт жагдайды белгилеген.

(Котормодон маанисин бузуп албайын деп орусчасын бердим.)

  • Теоретический уровень учителей не сочетается в должной степени с их нравственным потенциалом, это приводит к тому, что книжные слова учителя расходятся с его жизненными поступками.
  • Со стороны общества нет конкретной поддержки системе образования, для обеспечения этого требуется изменить содержательной часть системы путем установления триединой связи “ учитель-родитель-спонсор».
  • Возникла черезмерная политизация образования и науки, а также есть социальное расслоение в учебном заведении, и такая атмрсфера не позволяет воспитывать учащихся в духе правды, справедливости и равенства.
  • Нет диалектического сочетания сердца и ума, веры и логики, светского образования и религии. Исходя из этого, необходимо устранить расхождения между исламом и наукой.

Менимче жогорудагы жагдай бүгүн да актуалдуу, ошондуктан жаңы системага өтүүдө эске ала турган жагдайлар го. Учурдан пайдаланып мен да төмөндөгүлөрдү сунуштайт элем.

  1. Мектеп мугалимдерин даярдоону жаңы деңгээлге көтөрүү. Мугалимдерди даядоочу окуу жайлардын билим берүү стандарттары менен окуу пландарын оңдоп иштеп чыгуу жана МУГАЛИМ деген кесиптик квалификация ыйгаруу.
  1. Билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, он эки жылдык билим берүүнү жана мектептин типтерин мыйзам аркылуу бекитүү.
  2. Бакалавр жана магистр билим берүүдөгү академиялык даража, квалификация эмес. Андыктан бүтүрүүчүлөрдүн дипломун мыйзамга шайкеш келтирүү зарыл.
  1. Улуттук квалификациялык алкакка өзгөртүү киргизүү, бакалаврды орто кесиптик билим берүүдөн чыгарып жогорку кесиптик билим берүү алкагына которуу керек.
  2. Мыйзамдагы педагогикалык кызматкер дегендин катарына МУГАЛИМ деген терминди кошуп жазуу керек. Президенттин “Эмгек сиңирген мугалим” — деген жарлыгы, чыгармачыл мугалим менен биринчи мугалимим дегендер мыйзамсыз болуп калабы? Мыйзамда мугалим деген сөз жок.
  3. Кыскасы он эки жылдык билим берүүгө өтүү заман талабы. Колдойлу ошону менен бирге мыйзамды, стандарттарды, окуу пландарын көп созбой оңдоп түзөп алалы. Көч бара- бара түзөлөт деп он эки жылдык билим берүүгө ак жол каалайлы, себеби келечекте көптөгөн жаңы-жаңы ийгиликтерди алып келет.

 

Сейитбек Жаанбаев, ардагер мугалим-педагог

Бөлүшүү

Комментарийлер