Окен Сулайманова
- 13.12.2024
- 0
2024-жылдын 8-декабрында «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери», орто мектептин 10-классынын окуучулары үчүн физика китебинин автору Сулайманова Окен дүйнөдөн кайтты.
88 жаштагы Окен апа 50 жылдан ашык педагогикалык багытта эмгектенип, анын 42 жылын Бишкек шаарындагы №5 орто мектепте мугалимдикке арнаган. Акыркы иштеген жери – Эл аралык башкаруу укук, каржы жана бизнес академиясынын (МАУПФиБ) табият таануу кафедрасынын доценти.
1936-жылы 15-июлда Нарын облусунун Нарын шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 14 жашында Фрунзедеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен Нарындан окууга кеткен. Фрунзедеги Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун алдындагы орто мектепте окуп, аны 1953-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
1953-1955-жылдары В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда окуп жүрүп, турмушка чыккандыгына байланыштуу 1955-1957-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна которулуп, аны артыкчылык диплому менен аяктап, физика жана астрономия боюнча мугалимдик дипломго ээ болгон.
1957-1961-жылдары – Ош педагогикалык институтунун физика кафедрасында окутуучу.
1961-2003-жылдары Бишкек шаарындагы №5 орто мектепте 42 жылдан ашык физика жана астрономия мугалими болуп иштеген.
1986-1987-жылдары СССР Билим берүү министринин 1986-жылдын 25-ноябрындагы буйругу менен физика багыты боюнча мектеп окуу китептери боюнча Бүткүл союздук комиссиянын мүчөсү болуп дайындалган.
Узак мезгилдер бою Кыргыз ССРинин, кийин Кыргыз Республикасынын Эл агартуу министрлигинин методикалык кеңешинин мүчөсү болгон.
О.Сулайманованын иш тажрыйбасы №5 орто мектепте физика курсун окутуу үчүн негиз катары алынып келген, анын ичинен автоматтык модулдук класстын (АМК-1) жаңы иш тажрыйбасынын уюштуруучусу жана жетекчиси катары алдыңкы катарда турат. Ал 20 жылдан ашык №5 орто мектептин физика секциясын жетектеген.
О.Сулайманованын окуучулары бир нече жолу республикалык жана шаардык деңгээлдеги олимпиадалардын жеңүүчүсү болуп, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланган. Кийинчерээк алардын көбү Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери болушкан.
2011-жылы жолдошу Өмүралиев Ашимкан каза болгон, тарых илимдеринин доктору, профессор, көп жылдар СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, ОшМУнун үчүнчү ректору болуп иштеген. Алардын төрт уул-кыз, 9 небере, 10 чөбөрөсү бар.
Окен апанын, мугалимдин жана окумуштуунун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын илимге жана билимге кошкон салымы келечек муундарга кызмат кылат.
Жаткан жери жайлуу болсун!
Кесиптештерден,
достордон, туугандардан…
Басылып чыккан эмгектери:
— “Методика преподавания физики 10 классе” кыргыз тилине которулган / “Орто мектепте физика окуусунун методикасы: Молекулалык физика. Электродинамика: мугалим үчүн колдонмо. Котор. О.Сулайманова,
Ы.Шамырканов — Б.: Мектеп, 1993. — 268 б.
— «Задачи тестирования с решениями для выпускных классов (1020 задач)»/ “Бүтүрүүчү классттар үчүн тестирлөө менен маселелер (1020 маселе)» — орус жана кыргыз тилдеринде. Бишкек, 2001.
-«7-11-класстар жана техникумдар үчүн физика боюнча колдонмо”. Бишкек, 2003, кыргыз тилинде жарыяланган.
— профессор М.Койчуманов менен авторлош болгон кыргыз тилиндеги “Физика окуу китеби – 10-класс”.
16 п.л. 52 000 нуска, 2008-ж.
— «Техникумдар үчүн физика боюнча окуу куралы» орус жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн (2005-2006-окуу жылы).
— “Физика боюнча кыска курсу (КРСУнун абитуриенттерине, жаш мугалимдерине жардам берүү үчүн)” кыргыз тилине которулган.
— “Физика тарыхынын кыскача курсу” А.В.Усовдун лекциялар цикли кыргыз тилине которулган.
М.:Педагогика, 2003.
Сулайманова Окен билим берүү тармагындагы сиңирген эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде:
— Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1967);
— СССР Элге билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы (1983);
— СССР Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Ардак грамотасы (1985);
— Кыргыз ССР Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы (1989);
— «Эмгек ардагери» медалы (1989);
— Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы (1989);
— «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери» (№2412, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы 29.09.2008-ж. №349)
— «Кыргыз тили» төш белгиси (Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясыт 23.12.2010-ж. (№117)
— «Тенир-Тоо айымдары» медалы Тенир-Тоо аялдары коомдук бирикмесинен.Нарын ш. (11.01.2016 г. №1);
— “А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын Ардагери” төш белгиси (15.10.2016-ж. №142);
— «Ардактуу Асыл Апа» төш белгиси «Асылзат нуру» Коомдук фонду (5.10.2019 №1);
Комментарийлер