НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

  • 04.03.2024
  • 0

Бала бакчанын тарбиячысы үч жаштан жети жашка чейинки балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү менен  алектенет.  Он төрт жылдан бери жалаң бөбөктөр менен иштеген дасыккан адис, кесипкөй тарбиячы Чолпонай Дербишалиева борбор калаадагы айтылуу “Креатив-Таалим” ББКсынын бала бакчасында 2017-жылдан бери тарбиячы болуп иштеп келет.  Заман менен арымдаш келаткан Чолпонай эжей ар бир балага мээримин төгүп, көзөмөлдөөдөн сырткары  бөбөктөрдү өнүктүрүүдө ар кыл ыкмаларды пайдаланып келет.

 

НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

Таң эрте жакшы маанай тартуулаган эжей

Чолпонай Дербишалиева И.Арабаев атындагы КМУ аяктагандан кийин 2010-2011-жылдары Орловка шаарындагы “Сказка” бала бакчасында, 2011-2017-ж. Бишкек шаарындагы №44 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячы болуп иштеген.  Тажрыйбалуу адис 2017-жылдан баштап “Креатив-Таалим” ББКсынын бала бакчасына да тарбиячы болуп орношкон. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Чолпонай эжей бир эле балдардын эмес, ата-энелердин да сүймөнчүлүгүнө арзыды. Ал ар бир балага өзүнүн баласынан артык мамиле кылган үчүн бөбөктөр аны жан дили менен жакшы көрүп, үйдө да алар Чолпонай эжейинин мыйзамы менен жашашат.

Таң эрте келип, балдарды кучагын жайып тосуп алган эжейдин кабагын бүркөгөнүн дегеле көрбөйсүң. Жайдары мүнөзү менен балдарды кабыл алууда кучактап, эркелетип, анан тайпасына балдар менен кошо жарышып, чуркап жөнөйт. Мындай мамилени көргөн ата-энелердин да жүрөгү жылып, баласы жакшы колго түшкөнүн көрүп, ыраазы болушат.

НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

— Күн сайын өз тобубуздагы балдарды кабыл алуу, айрым ата-энелерден баласынын ден соолугу жөнүндө суроо, күнүмдүк режимди катуу көзөмөлдөө, пландалган сабактарды өткөрүү, балдардын топто кандайча адаптацияланып жаткандыгын такай байкап, балдарга кеп-кеңеш берип туруу — биздин милдетке кирет. Кесипкөй адис ар бир тарбиялануучусуна жекече мамиле табууга аракет кылат. Үнүбүз да бийик чыкпашы керек. Тарбиячы белгилүү бир баланын мүнөздөрүн кылдаттык менен изилдеп, аныкталган инсандык сапаттардын негизинде окуу процессин курат. Мындан тышкары, балдардын ден соолугу жөнүндө башкы медайымга жана бала бакчанын башчысына маалымат берүү дагы биздин милдеттин бири. Өзүм негизи китеп окуганды жакшы көрөм. Тарбиялануучуларыма дагы инсандык өсүүсүнө көмөк көрсөтүүдө, туура жана татыктуу билим-тарбия берүүдө тарбиялык мааниси зор китептерди, жомокторду окуп бергенден тажабайм, — дейт Чолпонай.

НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

Чолпонай Дербишалиева  өз тобундагы ар бир балага аяр жана кылдат мамиле кылат, педагогикалык сылыктык жана туруктуулук менен балдар менен гана эмес, алардын ата-энелери менен да баарлаша билет.

Эрежени так аткаруу – милдет

— Бала бакчада балдарды уктоо бөлмөсүнө жаткыруу салтка айланган. Муну эреже катары ар бир тарбиячы таза абада сейилдөөнү уюштургандай эле көзөмөлдөп турат. Балдар ойноп, спорт менен да машыгыш керек. Ачык оюндар сейилдөө аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Мына жаз айы да кирип келди. Балдарга көрктөндүрүү, жазында гүл отургузуу, андан кийин сугаруу боюнча сабактар өткөрүлөт. Эң жакшы ыкма – бул нейрогимнастика. Бөбөктөрдүн моторикасын өнүктүрөт.  Дегеле моториканын жакшы өнүгүшү баланын сүйлөө речине түздөн-түз таасир этет. Ал эми майда моториканы өнүктүрүү боюнча тапшырмалар кызыктуу оюндар аркылуу аткарылат. Алсак, бала топту алакандын түбүнөн манжалардын аягына чейин алып келип, кандайдыр бир аракет менен жасаарын текшерүү керек. Башка нерселердин катарында тарбиячы педагогикалык иш-чараларды пландаштырып, отчетторду жазып, педагогикалык деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жана семинарларга катышат. Ошондой эле баланын укуктары жөнүндө конвенциялар, уюмдун уставы, кызматтык нускамалар жана ички эмгек эрежелери, негизги мамлекеттик мыйзамдар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежелери, алар менен иштөө процедуралары, балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген кырдаалдар, тарбия иштеринин методикасы жана теориясы, өнүгүү физиологиясы, педагогика, психология жана гигиена ж.б. билип, анан аткарышыбыз керек, — дейт кесипкөй тарбиячы.

НУКУРА ТАРБИЯЧЫ

Ч.Дербишалиеванын педагогикалык кредосу – эгер тарбиячы кесибин сүйсө, ал жакшы тарбиячы. Эгер балдарга ата-энедей мээрим төксө, анда ал андан да жакшы тарбиячы. Ал эми кесибин да, балдарды да сүйсө, анда ал чыныгы тарбиячы!

Эмгек жерде калбайт дегендей, тажрыйбалуу адистин эмгеги бааланып, мектептин жана бала бакчанын бир нече диплом, грамота менен сыйланган. “МЧББнүн теориясы жана методикасы” (2016), “Компьютердик сабаттуулук” (2021) сертификаттардын ээси.

Ч.Дербишалиева үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыз, эки неберенин мээримдүү энеси, жолдошунун жароокер жары.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер