НАРЫНДАН ТАПКАН МАХАБАТ

  • 04.03.2026
  • 0

Орозгүл Осумбекова жолдошу Асанкул Буудайчиев менен борбор калаабыздагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы университетте (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) окуп жүргөндө таанышып, баш кошкон. Түштүктүк кыздын аркалык жигитке арзуусуна адегенде эле кош колдоп колдоо көрсөткөндөр аз болгон. Балким Орозгүлдүн атасы ошондо чечүүчү сөздү айтып чекит койбогондо, 40 жылдан ашык эриш-аркак келаткан экөөнүн сүйүү баяны балким Асанкулдун ырларында гана калмак беле, ким билет.

НАРЫНДАН ТАПКАН МАХАБАТ

Тоң моюн нарындык жигиттин назик сезими

Калп айткан менен болобу, тамыры кайдан чыкканын ким билсин, Түндүк-Түштүк менталитети нечен жаштардын сүйүү дарагынын бүрдөбөй соолушуна себепкер болуп, далай-далай ашыктар баш кошпой арманда калышпады беле. Алардын арзуусу акын-жазуучулардын чыгармаларында кайгылуу каарман болуп, аны окуганда биз да далай көз жашыбызды төккөнбүз. Мисалы, мен ушул кезге чейин Зуура Сооронбаеванын “Астра гүлүндөгү” Гүлсүн менен Сулаймандын арман сүйүүсүн көз жаш албай окуй албайм…

Союз учурунда борбор калаабызда бир гана университет, бир гана медициналык институт жана бир гана политехникалык институт менен айыл чарба институту бар эмес беле, ошол жогорку окуу жайларга өлкөбүздүн Түндүк-Түштүгүнөн догдур, айыл чарба адиси, инженер, журналист болгусу келген жаштар агылып келип, акырында колдоруна диплом менен кошо нике күбөлүктөрүн да ала кетишчү. Баарынан кызыгы, Түндүктүн кыздары Түштүккө же тескерисинче Түштүктүн балдары Түндүктүн кыздарына арзып калса, алардын үй-бүлөлүк жашоосу бир нече катаал сыноолордон өтүүгө тийиш эле.

Мына ошондой турмуштун элегинде эленип, арзыганы менен ынтымакта түтүн булатып келаткан Оштун кызы, Нарындын келини Орозгүл Осумбекова учурда Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбеков атындагы мектептин директору болуп иштейт. Ал өмүрлүк жолдошу Асанкул Буудайчиев экөө окуусун аяктаганда ошол кездин шартына ылайык Тажикстандын Тоолуу Бадахшанында эки жыл иштеп келген.

Кесиптеш жубайлардын алгачкы эмгек жолунан мурда, экөөнүн кантип арзышып калганы кызыктуу болду. Алгач сөз тизгинин Асанкул агай алды.

— Мен 1978-жылы азыркы Актан Тыныбеков атындагы мектепти аяктап, аяш атам Нургазиев Зарылдыктын кеңеши менен досум Рысбек экөөбүз Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырганбыз. Мен биринчи экзаменден эле өтпөй калдым. Чынымды айтсам, өтпөй калганыма сүйүндүм. Себеби менде мал чарбачылыгына жөндөм да, каалоо да жок эле. Советтик Армиянын катарына кызмат өтөп келгенден кийин борбор шаарыбыздагы машина куруу заводунда иштедим. Бир аз тажрыйба топтоп 1983-жылы ошол кездеги жалгыз университеттин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине окууга кирдим. Бешенеге ошол окуу жайда окуу эле эмес, өмүрлүк жар табуу да буюрган экен, болочок жубайымды биринчи экзаменде олтуруп көрүп калгам. Дилбаян жазып олтуруп артымдагы ак жуумал кызга көзүм түшүп калды. Ал кезде кыздарга сөз айтуу, таанышуу өтө эле кыйын болчу, таанышып калсаң да, сүйлөй албай сүрдөп-сүрдүгүп турчусуң. Мен Орозгүл менен үчүнчү экзаменде араң таанышкам, чынымды айтсам, аны көлдүк кыз го деп ойлогом. Көрсө, Оштон, болгондо да Кара-Суудан экен — дейт күлүп.

НАРЫНДАН ТАПКАН МАХАБАТ

Помидор талаасында бүр ачкан сүйүү

Ал кезде окууга өткөндөрдү дароо эле айыл чарба жумуштарына алып кетчү. Окууга өткөнүнө сүйүнгөн жаштар кара жумушка бекер күч катары “айдалып” баратканына карабай шадыраңдаган боюнча жөнөп кетишер эле. Чындыгында элеттен келгендерге ал жумуштар кеп да болчу эмес. Ошол жактан алгачкы сүйүүлөрү ачылып, алар иштеген айыл чарба талааларына нечен ашыктардын көз жаш төгүлгөн…

Бир көрүп жактырган кызы өзү менен окууга өткөнүнө, ал тургай өзү менен айыл чарба жумушуна бирге барганын көргөндө сүйүнгөнүн айтпаса да түшүнүктүү чыгар.

— Биз айыл чарба жумуштарына Пригородное айылына помидор тергенге барганбыз. Бизди жетектеп барган агайыбыз Калыбек Байжигитов мени “Балдар-кыздардын аксакалы эле сен окшойсуң” — деп бригадир шайлап койгон. Агай ошондо кандидаттык ишин жактаганы жүрүптүр, күндүр-түндүр китеп окуп бирдемелерди жазып, бөлмөсүнөн чыкчу эмес. Кез-кезде эле помидор аянтына барып кандай иштеп жатканыбызды совхоздун жетекчилигинен сурап койчу.

Орозгүл менен адегенде ага-карындаш болуп ал мени “Асан аке” деп, мен аны “карындашым-каралдым” деп тамашалап койчумун. Экөөбүздүн сүйүү баяныбыз экинчи курсту аяктап жатканда күч алды окшойт. Айтмакчы, биринчи курстун аягында фольклордук элдик оозеки чыгармачылык практикасына агайыбыз Үсөнбек Асаналиевдин жетекчилигинде Нарын районунун бир нече айылына, анын ичинде менин айылыма барганбыз. Арасында Орозгүл да бар болчу, — деп, сөз учугун Орозгүл айымга узатты.

— Түштүктө негедир нарындыктарды аркалыктар деп коюшчу. “Нарындын эли тоң моюн келет, негизинен малчылык менен алектенет” дегендерин кулагым чалып калчу. Бирок он беш күн практикада жүргөндө элдин тоң моюндугун байкабадым. Кайсы айылга барбайлы, бардыгы жылуу кабыл алып, санжыра, жомок, элдик дастандарды жазып алууга жан дили менен жардам берип жатышты. Асандын айылында үч күн болдук. Байкеси кой союп, апасы, жеңелери болуп бир дасторкондо олтурдук. Жеңеси бизди көрсөтүп тамашалап: “Апа, кайсы кыз жакты, кимисин келин кылып алалы?” десе, ал мени көргөзүп жатпайбы. Бирок менин оштук экенимди укканда “Кой, Ош алыс, эли соодагер, кызыл кулак деп угам, анда болбойт” дегени эсимде. Кийин экөөбүз үйлөнөбүз дегенде, апам: “Нарын алыс экен, биз менен катташпай каласың” деп аябай каршы болгон, а бирок атамдын “Мейли, кайда жүрсө да ынтымактуу болсо, келип-кетип турушат да” дегени чечүүчү сөз болгон, — деди Орозгүл экөөнүн түтүн булаталы деген тилектерин билдиргендеги ата-энесинин айткандарын эстеп.

— Менин атам 1984-жылы 86 жашында дүйнөдөн өтүп кеткен эле, — деп сөзгө аралашты Асанкул агай. — Апам жана бир туугандарым да “Оштун кыздары күйөөлөрүн алып кетет, айлыбызда кыздар толтура, баланчанын кызы окуусун аяктап келип мектепте иштеп жатат, ошону эле ал” деп мени көндүрүүгө далай аракет жасашты. Бир гана Жекшенбек байкем жана Үсөнаалы байкем мени колдоп, Ошко барып Ороздун колун сурап келишкен.

“Акыры оштук кыз ээрчитип кетти…”

Ошентип баш кошкон эки жаш окууларын аяктаганда ал кездин шарты боюнча кайсы жерге бөлсө, ошол жерге эки жыл иштеп келүү милдет эле. Экөө Тоолуу Бадахшандын Мургап районуна чектелет. Негедир ошол жылкы бүтүрүүчүлөрдүн көбүн алыскы район-шаарларга жиберишкен эле. Факультеттин деканы Сансызбай Иманалиев Асанкул Буудайчиевди өзүнчө чакырып алып “Келинчегиңди алып Мургапка иштеп кел, келгениңерде жумуш тапканга жардам берем” дегенине ынанып, экөө чемоданын жыйнап алыскы Тоолуу Бадахшанга жөнөп кетет. Асанкулдун туугандары: “Оштук кыз балабызды акыры Ошуна алып кетти” деп капа болуп кала беришет.

НАРЫНДАН ТАПКАН МАХАБАТ

Тоолуу Бадахшандан — Теңир-Тоого

Бөтөн жер, бөтөн элге барган жаш адиске жаңы жердин шартына көнүп кетиш оңойго турган жок. Бирок үстүндө үйү, алдында иштеген иши болгондуктан кыйналышкан жок. Орозгүл айымга болгон кыргыз тили жана адабияты сабактарын, Асанкул агайга сүрөт, кол эмгек, дене тарбия сабактарын жүктөп беришти. Бир гана кыйынчылыгы – движок менен иштеген электр жарыгы кечки саат алтыдан түнкү саат он экиге чейин эле күйчү. Суу да тартыш болгондуктан, суу ташыган машина менен үч күндө бир жолу алып келишчү. Сууну болгон идиштерге толтуруп, үнөмдөп пайдаланууга туура келер эле. Өз ишине так, жоопкерчиликтүү жубайлар кыска убакыт аралыгында урмат-сыйга татып, Асанкул агай алты айдан кийин директордун орун басары, Орозгүл айым профсоюз уюмунун төрайымы шайланып, коомдук иштерди да аткарып жүрүштү. Элинин меймандостугу, “Кыргызстандан атайын биздин балдарды окутканы келген агай-эжейибиз” деген сый-урматы эмдигиче эстеринен чыга элек.

Арадан эки жыл өтүп, өз милдетин так аткарып келген жаш адиске берген убадасы боюнча мурунку деканы Асанкулду Илимдер академиясынын тил адабияты институтунун фольклор бөлүмүнө, жубайын Илим изилдөө институтуна ишке орноштурат. Чоң шаарда ошентип оңой жумуш таап иштеп жүргөн жубайлар үй шартына байланыштуу Нарын районунун Миң-Булак айылына которулуп келүүгө аргасыз болгондо, айылдан иш таппай убара тартканы кызык болгон. Асанкул агай балдардын кичүүсү катары жалгыз калган энесин багууга милдеттүү эле да, ошол себептүү айылга которулуп келгенде, мектептен орун чыкпай күтүп жүрүп, ишке араң киргенин эстеди.

Андан бери нечен таңдар атты, суулар акты дегендей, ээрчишип бирге окуган жубайлар ээрчишип бир мектепте бирге иштеп жүрүштү. Ал ортодо бир уул, бир кыздуу болушту. Баса, кызы Махабат Памирде төрөлгөн, ал азыр Ошто турмушта, ата-энесинин кесибин жолдоп кыргыз тили, адабияты мугалими. Уулу Бексултан үйлөнүп, өздөрү менен чогуу турат, уул-келини жеке ишкердик кылат. Кызыгы, келини да Оштон.

— Апабыз көзү өткөнчө биз менен жашады. Экөөбүз кайнене келиндей эмес, эне-кыздай болдук. Кайненем “Оштон айланайын, тарбия көргөн үй-бүлөдөн” деп эле бата берип отурчу. Бейишин берген кайненем 96 жашында өтүп кетти. Асанкул 2020-жылы өз каалоосу менен жаштарга ордун бошотуп берген. Ал өзүм окуткан кыздар кайра кыргыз тилчи болуп окууларын аяктап келип, кезекке туруп калышыптыр, бир чети чыгармачылыгыма кеңири убакыт болсун деди. Ырларын топтоп, кезеги келгенде ыр жыйнактарын чыгарып дегендей, ара-чолодо балдарга чарба жүргүзүүгө жардам берип үйдө, — дейт Орозгүл айым.

Айтмакчы, Асанкул Буудайчиевдин бир нече ырлар жыйнагы жарык көрүп, өз окурмандарынын текчесинен орун алган. 2012-жылы чыккан “Жан дүйнө” ырлар жыйнагына баш сөздү Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазып берип, элдик акындын ак батасын алган жайы бар. Экинчи “Шамал учурган жылдар” деген жыйнагы 2016-жылы жарык көргөн. Эми кийинки ырлар топтому да көз жарууга мезгил жетип калса керек.

Билим берүүнүн мыктылары, бири Нарын районунун ардактуу атуулу, бири Нарын районунун ардактуу айымы, агартуу тармагынын ардактуу мугалимдери Асанкул Буудайчиев менен Орозгүл Осумбекованын сүйүү баяны ушундай.

НАРЫНДАН ТАПКАН МАХАБАТ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер