НАРЫН: ДЕМОГРАФИЯЛЫК МАСЕЛЕДЕН КЛАСС-КОМПЛЕКТИ КЫСКАРДЫ
- 27.11.2025
- 0
Нарын облусунун билим берүү тармагында 2025-2026-окуу жылында 140 мектепте 63696 окуучу окуп, аларга 5445 мугалим билим берүүдө. Быйылкы окуу жылында облус боюнча 218 мугалим кызматтан бошоп кеткен, анын ичинде пенсияга чыгып кеткени 136, өз каалоосу менен бошоп кеткендер 36, класс-комплектиге толбой жана саат жетпей калгандыгы үчүн 46 мугалим кыскарган.

Дүрбөлөңгө салган маалымат
Өткөн аптада социалдык түйүндөрдө Нарын облусунда 222 мугалим бошогондугу тууралуу маалымат тараган эле. Биз түз эле Нарын облустук усулдук борборуна чыкканыбызда, мындай маалыматты беришпегенин, 222 мугалим эмес, 46 гана бошогондугу тууралуу билдиришти.
Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары А.Жанбоевдин берген маалыматына таянсак, Ак-Талаа районунда жалпы 21 мугалим бошогон. Алардын ичинен 13 мугалим пенсияга кетсе, 8 мугалим өз каалоосу менен кеткен, анын ичинен 1 мугалим жаш мугалим болуп эсептелет. Бошоп кеткен мугалим жок.
— Ат-Башы районунда бошогон 36 мугалимдин 24 пенсияга, 6 өз каалосу менен кетсе, 6 мугалим кыскарган. Жумгал районун алсак, 58 мугалим кеткен. Мунун ичинен 34 мугалим пенсияга, 11 мугалим өз каалоосу менен кеткен. 13 мугалим кыскарган. Ал эми Кочкор районунда 51 мугалим бошогон. Мындан 46 мугалим пенсияга кетсе, 5 мугалим кыскарган, анын ичинен 1 мугалим жаш мугалим. Ошондой эле Нарын районунда бошогон 26 мугалимдин 16 пенсияга, 3 өз каалоосу менен кетсе, 7 мугалим кыскарган. Мындан сырткары Нарын шаары боюнча 20 мугалим бошогон, булардын ичинен өз каалоосу менен кеткени 5, кыскарганы 15, анын ичинен 2 мугалим жаш мугалим, — дейт орун басар.
Ошондой эле академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук жатак-мектебинин 4 мугалими бошогон, мындан 3 пенсияга, 1 өз каалоосу менен кеткен. Кыскарган мугалим жок. Ал эми М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинен 2 мугалим өз каалоосу менен бошоп кеткен. Жалпылап айтканда 136 мугалим пенсияга чыккандыгына байланыштуу, өз каалоосу менен 36 мугалим кетсе, 46 мугалим кыскарган. Облуста физика, англис тили, математика, тарых, технология, музыка предметтери боюнча 13 мугалим жетишпейт. Бир гана Ат-Башы жана Нарын райондору мугалим кадрлар менен 100% камсыз болгон.
Демография жана жаңы чакырыктар
— Акыркы жылдары өлкөдө калктын өсүү темпинин төмөндөшү айрым аймактарда окуучулардын санынын азайышына алып келди. Ушул себептен быйыл бир катар мектептерде класстар ачылбай калган учурлар да кездешти. Бул көрүнүш билим берүү системасына жаңы стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылат: кадр бөлүштүрүү, педагогдордун жүгүн туура коюу, оптимизациялоонун укуктук моделдерин кароо ж.б. Бирок бул көрүнүш – кырсык эмес. Бул демографиялык реалдуулукту туура анализдеп, келечекке карай жаңы моделдерди түзүү үчүн мүмкүнчүлүк, — дейт Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетова.

Тогуз-Торо районундагы №2 Асан Абдраимов атындагы мектептин математика мугалими Айнагүл Кожомамбетованын айтымында, бир класста 36 окуучудан ашса, экинчи классты ачууга болот.
— Эгер 36 окуучуга жетпесе, ал классты бириктирүүгө туура келет. Ошентип, бир класстагы 20 окуучуга, экинчи класстагы 18 окуучуну бириктирип, бир класска чогултканда, бир класс жабылып, анда иштеген мугалимдердин сааттары кыскарып калды. Ошондуктан сааты кыскарган мугалимдер мектептен кетип калышты. Айрымдары пенсияга чыгышты. Биздей мектепти таштагысы келбеген пенсиядагы мугалимдер 8, 12 саат менен иштеп жатабыз. Бирок бир класста 34 бала менен иштөө кыйынчылыкты жаратууда. Себеби балдардын көбүнчөсү телефон менен отурушат. Тапшырманы жасалма интеллекттен көчүрүп алып, ойлонбой калышты. Жасалма интеллекттин да балдардын ой жүгүртүүсүнө зыян келтирчүдөй, — дейт элеттик мугалим.
Келечекке шам чырак жаккан ардагер мугалимдер
Ардактуу пенсияга узап жаткан улуу муун – кыргыз билим берүүсүнүн алтын багбандары.
— Алар өмүр бою чырак кармап, бүгүнкү муунга жол көрсөтүп келишти. Бүгүн болсо ошол чыракты жаш мугалимдерге өткөрүп берип, билим дүйнөсүндө өз изин калтырып татыктуу эс алууга кетүүдө. Ардагерлердин эмгеги – реформанын өзөгү. Аларсыз жаңы муунга таяныч болчу рухий жана кесиптик негиз түзүлбөйт. Бүгүнкү билим берүү – өзгөрүүгө бет алган, заман менен баарлашып жаткан, жаңы деми бар жандуу система. 12 жылдык билим берүү стандарты, «Алтын Казык» программасы, жаңы китептер, санариптештирилген куралдар – баары бир максатка биригүүдө: баланын өнүгүүсү, улуттун интеллектуалдык өсүшү, коомдун ийгиликтүү келечеги, — дейт жетекчи Мирзат Мамбетова.
Ырас, өзгөрүүлөрдүн жолунда кыйынчылык болбой койбойт. Бирок эң негизгиси – реформаны түшүнүү, колдоо жана бирге ишке ашыруу зарыл экенин ар бир жетекчи, ар бир мугалим жакшы түшүнөт. Кыргыз билим берүүсүнүн жаңы доору башталды жана бул доор элдин колдоосу менен гана толук баасына жетээрин жетекчи баса белгиледи.
— Кочкор районунда 2025-2026-окуу жылында 35 жалпы билим берүү мектептерде 1238 мугалим иштеп жатат. 250 мугалим пенсияга чыгып иштеп жаткандар. Азыркы учурда 5 мугалим жетишпейт: Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебине орус класстарга тарых мугалими; И.Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебине орус класстарга тарых жана химия мугалими; Т.Сагымбаева атындагы жалпы билим берүү мектебине математика жана физика мугалими (окутуу кыргыз тилинде).
2025-2026-окуу жылынын башталышы менен 37 мугалим ардактуу эс алууга кетишип, 4 мугалим кыскарууга кеткен. Алсак, О.Айбашов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Ашырова Таалайкүл 2025-2026-окуу жылында кыскарууга кеткен, себеби бул мугалим даярдоо классын окутуп, иштеп келген. Бул айылда тѳрѳлүү коэффициенти аз болгондуктан, быйылкы окуу жылында 1-класска 22 окуучу келип 1 класс-комплект гана ачылды. Кызыл-Дѳбѳ жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими Жаныбек уулу Шатман 2025-2026-окуу жылында кыскарууга кеткен, себеби класс-комплект кыскаргандыгына байланыштуу бир жумалык окуу жүктѳмүнүн босого кѳлѳмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн сааттын санына жетпегендиктен. Мындан сырткары Т.Курткаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанбеков Тынчтык кыскарууга кеткен, себеби класс-комплект кыскаргандыгана байланыштуу бир жумалык окуу жүктѳмүнүн босого кѳлѳмүндѳ кѳрсѳтүлгѳн сааттын санына жетпегендиктен. Азыркы учурда Т.Асанбеков аталган мектепте 0,5 ставкада убактылуу социалдык педагог кызматында иштеп жатат. Ал эми Соң-Кѳл жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Чодубаева Раушан 2025-2026-окуу жылында кыскарууга кеткен, себеби 2024-2025-окуу жылында 4-классты окутуп, бүтүргѳн. Бул айылда тѳрѳлүү коэффициенти аз болгондуктан, быйылкы окуу жылында 1-класска 24 окуучу келип 1 класс-комплект гана ачылды, — дейт Мирзат Мамбетова.
Ошентип, учурда класс-комплекти толук болбогондуктан, мугалимдердин да сааттары кыскарган. Аз саатка иштегиси келбеген мугалимдер өз каалоолору менен бошоп кетишүүдө. Бирок ар бир мектепте сабак үзгүлтүккө учурабай, жакшынакай окуу процесси уланып жатат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер